Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 9-марты № 138
Евразия экономикалык бирлигинин алкагында иштерди уюштуруу жөнүндө
2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимди жана Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 2014-жылдын 23-декабрындагы № 98 чечими менен бекитилген Евразия экономикалык комиссиясынын иш регламентин жүзөгө ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары - ЕАЭБ) алкагында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга бекитип берилген иш чөйрөлөр, 1-тиркемеге ылайык;
2) Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин, Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин жана Коллегиясынын жыйындарында документтерди (материалдарды) кароо, позицияларды даярдоо тартиби, 2-тиркемеге ылайык;
3) ЕАЭБ органдарынын жыйындарында кароо үчүн сунуштарды даярдоо тартиби, 3-тиркемеге ылайык;
4) Евразия экономикалык комиссиясынын (мындан ары - ЕЭК) Коллегиясы кабыл алган чечимдерди жокко чыгаруу (өзгөртүү) жөнүндө сунуштарды даярдоо тартиби, 4-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) ЕАЭБдин алкагындагы иштерди координациялоону, ошондой эле ЕАЭБ органдары кабыл алган чечимдердин (буйруктардын сунуштардын) аткарылышына жалпы мониторинг жүргүзүүнү Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги ишке ашыра тургандыгы;
2) ЕАЭБдин алкагындагы милдеттенмелердин жана кабыл алынган чечимдердин аткарылышын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын ЕАЭБ маселелерин координациялоочу түзүмдүк бөлүмү контролдой тургандыгы;
3) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар:
- ЕАЭБ органдары кабыл алган чечимдерге мониторинг жүргүзө тургандыгы;
- ЕАЭБ органдары кабыл алган чечимдерди (буйруктарды, сунуштамаларды) аткарууга кабыл алып, аларды өз учурунда аткарууга жоопкерчилик тарта тургандыгы;
- ЕЭКтин Коллегиясынын алдындагы консультативдик органдын курамына киргизүү үчүн түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисинен же анын орун басарынан төмөн болбогон кызмат ордун ээлеген талапкерди көрсөтө тургандыгы;
4) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жетекчилери жана алардын орун басарлары Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын эске алуу менен позицияларды даярдоо үчүн жеке жоопкерчилик тарта тургандыгы;
5) ЕЭКтин Коллегиясынын алдындагы консультативдик органдын курамына ЕЭКтин Коллегиясынын алдындагы консультативдик органдын компетенциясына кирүүчү маселелер боюнча тиешелүү квалификацияга ээ болгон бизнес-коомчулуктун, илимий жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү, башка көз карандысыз эксперттер кириши мүмкүн экендиги.
3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар:
- ЕАЭБдин алкагындагы иштер үчүн жооптуу болгон жетекчинин орун басарын, ал эми жетекчинин орун басары кызмат орду каралбаган мамлекеттик органдарда - түзүмдүк бөлүмдүн жооптуу жетекчисин аныкташсын;
- болгон штаттык бирдиктин эсебинен ЕАЭБдин алкагында өз ара аракеттенүү үчүн жооптуу түзүмдүк бөлүмдү түзүшсүн жана/же аныкташсын;
- мамлекеттик органдын расмий сайтында ЕАЭБдин алкагындагы иштерге арналган атайын бөлүмдөрдүн түзүлүшүн камсыздап, ай сайын маалыматты жаңылап турушсун;
- актуалдуу маалыматтарды жана ЕЭКтин сайтына жайгаштырылган өздөрүнүн карамагына таандык болгон ЕАЭБ органдарынын чечимдерине (буйруктарына, сунуштамаларына) шилтемелерди жайгаштырышсын.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-июнундагы № 396 "Евразия экономикалык союзуна Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланышкан тобокелдиктерге адаптациялоо жана ыкчам чара көрүү боюнча штаб жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-ноябрындагы № 772 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-июнундагы № 396 "Евразия экономикалык союзуна Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланышкан тобокелдиктерге адаптациялоо жана ыкчам чара көрүү боюнча штаб жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-майындагы № 263 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын Евразия экономикалык комиссиясы менен өз ара иштешүүсүнүн тартиби жөнүндө" токтому.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
М.Д. Абылгазиев |
|
| 1-тиркеме |
Евразия экономикалык бирлигинин алкагында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга бекитип берилген ИШ ЧӨЙРӨЛӨР
Иш чөйрөлөр | Жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана тең аткаруучулар |
Макроэкономикалык саясат | |
ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин макулдашылган макроэкономикалык саясатын жүргүзүүнү координациялоо | ЭМ, ФМ, КРУБ (макулдашуу боюнча) |
ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин макроэкономикалык саясатынын негизги багыттары | ЭМ, ФМ, КРУБ (макулдашуу боюнча) |
ЕАЭБдин экономикалык өнүгүүсүнүн негизги багыттары | ЭМ, ФМ, КРУБ (макулдашуу боюнча) |
ЕАЭБдин негизги социалдык экономикалык көрсөткүчтөрү | ЭМ, УСК (макулдашуу боюнча), ФМ, АЧТММ, ӨЭЖМК, МБК, МСК, ТжЖМ, КРУБ (макулдашуу боюнча) |
Кезектеги финансылык жылга жана пландык жылга ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин социалдык экономикалык өнүгүүсүнүн расмий болжолдорун даярдоо үчүн болжолдордун тышкы параметрлеринин интервалдык сандык маанилерин макулдашуу | ЭМ, ФМ, КРУБ (макулдашуу боюнча) |
Евразия экономикалык бирлигинин коллективдик азык-түлүк коопсуздугунун концепциясын ишке ашыруу | АЧТММ |
Агроөнөр жай комплексинин өнүгүүсүнүн болжолдук индикативдик көрсөткүчтөрүн, айыл чарба продукциясы, азык-түлүк, зыгыр буласы, булгаары сырьесу, пахта буласы жана жүн боюнча ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин сурамдарынын жана сунуштарынын балансынын болжолдорун иштеп чыгуу | АЧТММ, ЭМ, УСК (макулдашуу боюнча) |
ЕЭК Коллегиясынын алдындагы Макроэкономикалык саясат боюнча консультативдик комитеттин ишине катышуу | ЭМ, ФМ, КРУБ (макулдашуу боюнча) |
ЕАЭБдин бюджетинин маселелери | |
ЕАЭБдин бюджетинин маселелери боюнча иштерди жүргүзүү | ФМ, ЭМ, КРУБ (макулдашуу боюнча) |
Интеграциялык саясат | |
Интеграциянын негизги багыттары | ЭМ, ТИМ, ЮМ, ФМ, тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
Эл аралык иштин негизги багыттары | ТИМ, ЭМ, тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
ЕАЭБдин жөнүндө келишимдин жоболорун өркүндөтүү | ЭМ, ТИМ, ЮМ, ФМ, тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
Тышкы жана өз ара сооданын статистикасы | |
Товарлар менен тышкы жана өз ара сооданын статистикасы | УСК (макулдашуу боюнча), ЭМ, МБК, МСК, КРУБ (макулдашуу боюнча) |
ЕАЭБдин мүчө мамлекеттердин өз ара соодасынын статистикасын жана тышкы сооданын бажы статистикасын жүргүзүү | МБК, МСК, УСК (макулдашуу боюнча), тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
ЕЭКтин расмий статистикалык маалыматты берүү | УСК (макулдашуу боюнча), МБК, МСК, КРУБ (макулдашуу боюнча), ЭМ, расмий статистикалык маалыматтарды түзүү функциялары жүктөлгөн тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
ЕАЭБдин расмий статистикалык маалыматтарды түзүү методологиясы | УСК (макулдашуу боюнча), ЭМ, ФМ, МБК, МСК, КРУБ (макулдашуу боюнча) |
ЕАЭБдин статистикалык иштеринин программасы | УСК (макулдашуу боюнча), ЭМ, МБК, МСК, КРУБ (макулдашуу боюнча), ФМ |
ЕАЭБдин расмий статистикалык маалыматын таркатуу | УСК (макулдашуу боюнча), ЭМ, ФМ, МБК, МСК, КРУБ (макулдашуу боюнча) |
Статистика чөйрөсүндө интеграцияны өнүктүрүү программасы | УСК (макулдашуу боюнча), ЭМ, МБК, МСК, КРУБ (макулдашуу боюнча) |
ЕАЭБдин мүчө мамлекеттердин ортосунда өз ара сооданын абалы жөнүндө докладдар | ЭМ, УСК (макулдашуу боюнча), КРУБ (макулдашуу боюнча), АЧТММ, ФМ, МБК, МСК, ӨЭЖМК, Ветфитосанинспекция |
ЕЭК Коллегиясынын алдындагы Статистика боюнча консультативдик комитеттин ишине катышуу | УСК (макулдашуу боюнча), ЭМ, ФМ, КРУБ (макулдашуу боюнча), СФ |
Калкты каттоо | УСК (макулдашуу боюнча) |
Ички рыноктордун иштеши | |
Тоскоолдуктарды аныктоо жана жокко чыгаруу боюнча иштер | ЭМ, бардык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
ЕЭК Коллегиясынын алдындагы Ички рыноктордун иштеши боюнча консультативдик комитеттин ишине катышуу | ЭМ, бардык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
Атаандаштык, монополияга каршы, баалык жөнгө салуу жана мамлекеттик жана (же) муниципалдык сатып алуулар | |
Атаандаштыктын жалпы эрежелери | ЭМ, Монополияга каршы агенттик |
Атаандаштыктын жалпы эрежелери жана принциптери жөнүндө протоколдун (Келишимдин № 19 тиркемеси) жана Келишимдин "Атаандаштыктын жалпы принциптери жана эрежелери" XVIII бөлүмүнүн аткарылышын контролдоо | ЭМ, Монополияга каршы агенттик |
ЕАЭБдин башка мүчө мамлекети тарабынан баалык жөнгө салууну киргизүү жөнүндө чечимге каршы чыгым талашуу жөнүндө ЕАЭБ мүчө мамлекеттердин кайрылууларын карып чыгуу | ЭМ, Монополияга каршы агенттик |
Мамлекеттик (муниципалдык) сатып алууларды ишке ашыруу маселелери, анын ичинде сатып алууларды ишке ашыруу аяктаганга чейин потенциалдуу жеткирүүчүлөр жөнүндө жашыруун маалыматтарды сактоо зарылдыгына байланыштуу сатып алууларды ишке ашыруунун өзгөчөлүктөрүн, ошондой эле мамлекеттик сатып алуулар жаатында товарлардын, иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн айрым түрлөрүн сатып алуунун өзгөчөлүктөрүн ЕАЭБ мүчө мамлекеттери белгилеген улуттук режимден алып салууларды жокко чыгаруу, милдеттерди бузууларды жокко чыгаруу | ФМ, ЭМ, Монополияга каршы агенттик |
ЕЭК Коллегиясынын алдындагы Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу, баалык жөнгө салуу жана мамлекеттик (муниципалдык) сатып алуулар боюнча консультативдик комитеттин ишине катышуу | ЭМ, Монополияга каршы агенттик, тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
Энергетика | |
ЕАЭБдин жалпы электр энергетикалык рыногунун концепциясы | ӨЭЖМК, ОЭКМА |
ЕАЭБдин жалпы электр энергетикалык рыногунун программасы | ӨЭЖМК, ОЭКМА |
ЕАЭБдин жалпы электр энергетикалык рыногун түзүү | ӨЭЖМК, ОЭКМА |
ЕАЭБдин мунай жана мунай продуктуларынын жалпы рынокторун түзүү | ӨЭЖМК, ОЭКМА |
ЕАЭБдин жалпы газ рыногун түзүү | ӨЭЖМК, ОЭКМА |
Газга, мунайга жана мунай продуктуларынын индикативдик (болжолдук) баланстарын түзүү | ӨЭЖМК, ОЭКМА |
ЕЭК Коллегиясынын алдындагы Электр энергетика боюнча консультативдик комитеттин ишине катышуу | ӨЭЖМК, ОЭКМА, |
ЕЭК Коллегиясынын алдындагы мунай жана газ боюнча консультативдик комитеттин ишине катышуу | ӨЭЖМК, ОЭКМА |
Транспорт жана инфратүзүм | |
Координацияланган (макулдашылган) транспорттук саясатты ишке ашыруу | ТжЖМ |
ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин биринин аймагында катталган ташуучулар ЕАЭБдин башка мүчө мамлекетинин аймагында жайгашкан пункттардын ортосунда жүктөрдү автомобиль менен ташууларды жүргүзүүсүн этап менен либералдаштыруу | ТжЖМ |
Автомобилдик транспорт жана транспорттук (автомобилдик) контроль, темир жол, аба жана суу транспорту бөлүгүндө ЕАЭБ жөнүндө келишимдин жоболорун ишке ашыруу | ТжЖМ |
2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин "Табигый монополия" XIX бөлүгүнүн аткарылышын контролдоо | ӨЭЖМК, ОЭКМА, Монополияга каршы агенттик, ТжЖМ, ЭМ |
ЕЭКтин Коллегиясынын алдындагы Транспорт жана инфратүзүм боюнча консультативдик комитеттин ишине катышуу | ТжЖМ, тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
ЕЭКтин Коллегиясынын алдындагы табигый монополиялар боюнча консультативдик комитеттин ишине катышуу | ЭМ, Монополияга каршы агентгик, ТжЖМ, ӨЭЖМК, ОЭКМА |
Транспорт жаатында ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилеринин кеңешине катышуу | ТжЖМ |
Өнөр жай жана агроөнөр жай саясаты | |
Өнөр жай кызматташтыгынын негизги багыттары | ӨЭЖМК, АЧТММ |
ЕАЭБдин алкагында өнөр жай субсидиялары | ӨЭЖМК, АЧТММ, ФМ |
Өнөр жай кооперациясы жана субконтрактациянын Евразия тармагын түзүү | ӨЭЖМК, АЧТММ, МТБМК |
Евразия технологиялык платформалары | ӨЭЖМК, МТБМК, АЧТММ, |
Технологиялардын трансферинин Евразия тармагы | ӨЭЖМК, АЧТММ, Кыргызпатент |
Үчүнчү өлкөлөрдүн рынокторуна мүчө мамлекеттердин биргелешип өндүрүлгөн өнөр жай продукциясын илгерилетүү | ӨЭЖМК, АЧТММ, Инвестиция агенттиги |
ЕЭК Коллегиясынын алдындагы Өнөр жай боюнча консультативдик комитеттин ишине катышуу | ӨЭЖМК, АЧТММ |
Агроөнөр жай саясатынын маселелери | АЧТММ |
Макулдашылган (координацияланган) агроөнөр жай саясатынын негизги багыттары жана айыл чарбасын мамлекеттик колдоонун чаралары | АЧТММ, ФМ |
ЕЭК Коллегиясынын алдындагы Агроөнөр жай комплекси боюнча консультативдик комитеттин ишине катышуу | АЧТММ |
Агроөнөр жай саясаты боюнча кеңештин ишине катышуу | АЧТММ |
Техникалык жөнгө салуу. Санитардык, ветеринардык-санитардык жана карантиндик фитосанитардык чаралар | |
ЕАЭБдин техникалык регламенттерин иштеп чыгуу пландары (программалары), мындай пландарга (программаларга) өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү | ЭМ, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечими менен техникалык регламенттерди ишке ашырууга жооптуу катары аныкталган тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
Стандарттарды иштеп чыгуу программалары жана мындай программаларга өзгөртүүлөрдү киргизүү | ЭМ, тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
Бажы бирлигинин, ЕАЭБдин техникалык регламенттерин кабыл алуу, өзгөртүүлөрдү киргизүү жана жокко чыгаруу | ЭМ, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечими менен техникалык регламенттерди ишке ашырууга жооптуу катары аныкталган тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
ЕАЭБдин техникалык регламенттерин ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгуу жана бекитүү | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечими менен техникалык регламенттерди ишке ашырууга жооптуу катары аныкталган тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
Бажы бирлигинин, ЕАЭБдин техникалык регламенттерин ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планынын аткарылышын координациялоо | ЭМ, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечими менен техникалык регламенттерди ишке ашырууга жооптуу катары аныкталган тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
Аккредитациялоо чөйрөсүндө мыйзамдарды эриш-аркак келтирүү | ЭМ |
Аккредитациялоо боюнча кеңештин ишине катышуу | ЭМ |
Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу тармагында макулдашылган саясатты жүргүзүү | ЭМ, Экотехинспекция |
Техникалык жөнгө салуу, ЕЭК Коллегиясынын алдындагы санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык чараларды колдонуу боюнча консультативдик комитеттин ишине катышуу | ЭМ, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечими менен техникалык регламенттерди ишке ашырууга жооптуу катары аныкталган тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
Техникалык жөнгө салуу, санитардык, ветеринардык-санитардык жана карантиндик фитосанитардык чараларды колдонуу чөйрөсүндө ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин мамлекеттик башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүү | ЭМ, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечими менен техникалык регламенттерди ишке ашырууга жооптуу катары аныкталган тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
Санитардык чараларга тийиштүү маселелер | ССМ |
Ветеринардык-санитардык чараларга тийиштүү маселелер | Ветфитосанинспекция |
Карантиндик фитосанитардык чараларга тийиштүү маселелер | АЧТММ |
Бажы-тарифтик жөнгө салуу, үчүнчү тараптарга карата соода режимдерин белгилөө | |
ЕАЭБдин тышкы экономикалык ишинин бирдиктүү товардык номенклатурасын жүргүзүү | ЭМ, МБК |
ЕАЭБдин бажы аймагына ташылып келүүчү (ташылып келген) товарларга карата тарифтик жеңилдиктерди берүү учурларын, шарттарын, тартибин белгилөө, ташып келүү бажы алымдарынын ставкаларын белгилөө жана өзгөртүү, ЕАЭБдин бирдиктүү бажы тарифин киргизүү (улуттук инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу алкагында ташылып келүүчү товарлардын категорияларына карата тарифтик жеңилдиктерди берүүдөн тышкары) | ЭМ, МБК, ФМ, Инвестиция агенттиги, тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
Тарифтик жеңилдиктерди берүү учурларын, шарттарын, тартибин белгилөө боюнча демилгелөөчү сунуштарды даярдоо | ЭМ, тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
Улуттук инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында ташылып келүүчү товарлардын категорияларына карата тарифтик жеңилдиктерди берүү учурларын, шарттарын, тартибин белгилөө | ЭМ, МБК, ФМ, Инвестиция агенттиги, тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин ортосунда үчүнчү өлкөлөрдөн товарларды ташып келүүгө тарифтик квоталарды белгилөө жана бөлүштүрүү | ЭМ, тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
Тарифтик квоталарды киргизүү жана аларды бөлүштүрүү тартибин белгилөө | ЭМ |
ЕАЭБдин тарифтик преференциялардын бирдиктүү системасын колдонуу, анын ичинде тизмегин аныктоо: | ЭМ, МБК, тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
ЕАЭБдин преференциялардын бирдиктүү системасын колдонуучу-өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн | ЭМ, МБК, тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
ЕАЭБдин преференциялардын бирдиктүү системасын колдонуучу-айрыкча начар өнүккөн өлкөлөрдүн | ЭМ, МБК, тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
ЕАЭБдин бирдиктүү бажы аймагына ташып келүүдө аларга карата тарифтик преференцияларды берилген, өнүгүп жаткан өлкөлөрдө жана айрыкча начар өнүккөн өлкөлөрдө өндүрүлгөн товарлардын | ЭМ, МБК |
Соода режимдерин унификациялоо, үчүнчү өлкөлөр менен эркин соода жөнүндө макулдашууларды түзүү | ЭМ, МБК, тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
Тарифтик эмес жөнгө салуу | |
Үчүнчү өлкөлөр менен соодада ЕАЭБдин аймагында тарифтик эмес жөнгө салуунун бирдиктүү чараларын киргизүү, колдонуу, узартуу жана жокко чыгаруу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу | ЭМ, тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
Үчүнчү өлкөлөр менен соодада тарифтик эмес жөнгө салуунун бирдиктүү чаралары колдонулган товарлардын бирдиктүү тизмегин киргизүү | ЭМ, тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
Экспорттук жана (же) импорттук квоталардын көлөмүн бөлүштүрүү жана ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин тышкы соода ишинин катышуучуларынын ортосунда мындай квоталарды бөлүштүрүү методдорун аныктоо | тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин бирөөсү мындай чараларды бир тараптуу тартипте киргизген учурда, тарифтик эмес жөнгө салуунун убактылуу чараларын киргизүү жана аларды колдонуу мөөнөтүн белгилөө | ЭМ, МБК, тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
Лицензиянын аракетин токтотуп туруу же токтотуу тартибин аныктоо, товарлардын тышкы соода чөйрөсүндө лицензиялоону колдонуу, лицензиянын аткарылышы жөнүндө маалым катты берүү тартибин жана формасын аныктоо, уруксаттын формасын бекитүү | ЭМ, тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
ЕЭК Коллегиясынын алдындагы Соода боюнча консультативдик комитеттин ишине катышуу | ЭМ, АЧТММ, ӨЭЖМК, МБК |
Атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чараларды колдонуу | |
Үчүнчү өлкөлөргө карата атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чараларды киргизүүгө чейин иликтөө жүргүзүү | ЭМ, Монополияга каршы агенттик, тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
Үчүнчү өлкөлөргө карата атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чараларды колдонуу маселелери | ЭМ, Монополияга каршы агенттик, тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
Бажылык жөнгө салуу | |
ЕАЭБдин Бажы кодексинин ченемдерин сактоо маселелери | ЭМ, МБК |
Эркин (атайын, өзгөчө) экономикалык зоналарда укук мамилелерин жөнгө салуу маселелери | ЭМ, МБК |
Эркин кампаларда укук мамилелерин жөнгө салуу маселелери | ЭМ, МБК |
Бажы өкүлдөрүнүн, бажы ташуучуларынын, убактылуу сактоочу кампалардын ээлеринин, бажы кампаларынын ээлеринин, бош кампалардын ээлеринин, алымдарсыз соода дүкөндөрүнүн ээлеринин, ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрлерин жүргүзүү | МБК |
Ыйгарым укуктуу экономикалык операторго берилген атайын жөнөкөйлөтүүнү колдонуу маселелери | МБК, ЭМ |
ЕАЭБдин бажылык укук мамилелерин жөнгө салуучу ЕЭК чечимдерине мониторинг жүргүзүү | ЭМ, МБК |
Бажы инфратүзүмүн өнүктүрүү | МБК |
Товарларды электрондук декларациялоону өнүктүрүү | ЭМ, МБК, тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин бажы органдарынын жана үчүнчү өлкөлөрдүн ортосунда маалымат менен алмашуу | МБК |
ЕЭКтин Коллегиясынын алдындагы Бажылык жөнгө салуу боюнча консультативдик комитеттин ишине катышуу | ЭМ, МБК |
Кызмат көрсөтүү менен өз ара соода жүргүзүү жана инвестициялар | |
Ишкердик ишин жүргүзүү шарттары жана инвестицияларды ишке ашыруу | ЭМ, Инвестиция агенттиги, тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
ЕЭК Коллегиясынын алдындагы Ишкердик маселелери боюнча консультативдик комитеттин ишине катышуу | ЭМ, тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин XV "Кызмат көрсөтүү менен соода жүргүзүү, уюштуруу, ишмердик жана инвестицияларды жүргүзүү" бөлүгүнүн аткарылышын контролдоо | ЭМ, Инвестиция агенттиги, тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
ЕАЭБдин алкагында бирдиктүү кызмат көрсөтүү рыногун түзүү либералдаштыруу пландарына ылайык ишке ашырыла турган кызмат көрсөтүү секторлорунун тизмегин жүргүзүү боюнча иштерди координациялоо (өткөөл мезгилдин ичинде) | ЭМ, тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
ЕАЭБдин мамлекеттик-жеке өнөктөштүк | ЭМ, Инвестиция агенттиги |
Интеллектуалдык менчик | |
Интеллектуалдык менчиктин объекттерин коргоо жана укуктарын коргоо | Кыргызпатент, ЭЭКМК, МБК, МСК, тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
ЕЭК Коллегиясынын алдындагы Интеллектуалдык менчик боюнча консультативдик комитеттин ишине катышуу | Кыргызпатент, ЭЭКМК, МБК, МСК |
Эмгек миграциясы жана миграциялык саясат | |
Эмгек миграциясынын маселелери | Миграция кызматы, ИИМ, ТИМ, тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
ЕЭК Коллегиясынын алдындагы Миграциялык саясат боюнча консультативдик комитеттин ишине катышуу | Миграция кызматы, ИИМ, ТИМ, тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
Эмгекчилерди пенсиялык камсыздоо | |
Пенсиялык камсыздоо маселелери | СФ, ЭСӨМ, Миграция кызматы, ССМ, ММКФ |
ЕЭК Коллегиясынын алдындагы ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин эмгекчилеринин социалдык камсыздоо, пенсиялык укуктарын сактоо, медициналык жардам көрсөтүү жана кесиптик иши маселелери боюнча консультативдик комитеттин ишине катышуу | СФ, ЭСӨМ, Миграция кызматы, ССМ, ММКФ |
Финансылык рыноктор (банк чөйрөсү, камсыздандыруу чөйрөсү, валюта рыногу, баалуу кагаздар рыногу). Валюта саясаты | |
Жалпы финансылык рынокту түзүү | Финкөзөмөл, ФМ, ЭМ, КРУБ (макулдашуу боюнча), ФЧМК |
Банктык жөнгө салуу маселелери | КРУБ (макулдашуу боюнча) |
Валюталык жөнгө салуу маселелери | КРУБ (макулдашуу боюнча), ФМ |
Баалуу кагаздар рыногунун маселелери | Финкөзөмөл, ФМ |
Аудит тармагында ЕАЭБдин бирдиктүү кызмат көрсөтүү рыногун түзүү | Финкөзөмөл |
Отчеттуулук жана бухгалтердик эсеп тармагында ЕАЭБдин бирдиктүү кызмат көрсөтүү рыногун түзүү | Финкөзөмөл |
Камсыздандыруу чөйрөсүнүн маселелери | Финкөзөмөл |
Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого), терроризмди каржылоого каршы туруу | ФЧМК, ИИМ, УКМК, МБК, ЭККМК |
ЕЭК Коллегиясынын алдындагы Финансылык рыноктор боюнча консультативдик комитетке катышуу | Финкөзөмөл, КРУБ (макулдашуу боюнча), ФМ, ФЧМК |
Алкоголь рыногун жөнгө салуу маселелери | |
ЕАЭБдин алкагында алкоголдук рынокту жөнгө салуу маселелери | АЧТММ, МСК |
Салык саясаты. Ташып келүү бажы алымдарын эсепке алуу жана бөлүштүрүү (эквиваленттүү мааниге ээ болгон башка алымдар, салыктар жана жыйымдар) | |
Салык саясаты | ЭМ, МСК |
ЕЭК Коллегиясынын алдындагы Салык саясаты жана башкаруу боюнча консультативдик комитеттин ишине катышуу | ЭМ, МСК, МБК, МТБМК |
Ташып келүүдөгү бажы алымдарынын нормативдерин ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин бюджеттерине бөлүштүрүү. Ташып келүү бажы алымдарынын суммаларын эсепке алуу жана бөлүштүрүү | ФМ, КРУБ (макулдашуу боюнча) |
Ташып келүү бажы алымдарынын (эквиваленттүү аракетке ээ болгон башка алымдардын, салыктардын жана жыйымдардын) суммаларын эсепке алуу жана бөлүштүрүү тартибинин аткарылышына контролду ишке ашыруу, аларды ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин бюджеттеринин кирешесине которуу | Эсептөө палатасы (макулдашуу боюнча) |
Дары-дармек каражаттарын жана медицина буюмдарынын жүгүртүүсүн жөнгө салуу | |
ЕАЭБдин чегинде дары-дармек каражаттарын жана медицина буюмдарын жүгүртүү | ССМ |
Дары-дармек каражаттарынын жалпы рыногун түзүү | ССМ |
Медицина буюмдарынын жалпы рыногун түзүү | ССМ |
Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо | |
Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндө макулдашылган саясатты жүргүзүү | ЭМ, Монополияга каршы агенттик |
Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү саясаттын негизги багыттары | ЭМ, Монополияга каршы агенттик |
ЕЭК Коллегиясынын алдындагы Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча консультативдик комитеттин ишине катышуу | ЭМ, Монополияга каршы агенттик |
Маалымат технологиялары | |
Санариптик күн тартибин ишке ашыруу | МТБМК, тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
ЕЭК Коллегиясынын алдындагы Маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана маалыматты коргоо боюнча консультативдик комитеттин ишине катышуу | МТБМК, УКМУ |
Жалпы процесстердин ишке ашырылышын координациялоо жана мониторингдөө | МТБМК |
Жалпы процесстерди ишке ашыруу | МТБМК, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
Ишенимдин трансчек аралык мейкиндигин өнүктүрүү жана иштеши | МТБМК жана башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
Тышкы аудит (контроль) | |
Тышкы аудитти жүргүзүү | Эсептөө палатасы (макулдашуу боюнча) |
ЕАЭБ соту | |
ЕАЭБдин сотунун маселелери | СӨБ, ЮМ, ТИМ, ЭМ |
Кыскартуулардын тизмеси:
ЭМ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги |
ТИМ | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги |
ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
ЮМ | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги |
ӨКМ | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги |
АЧТММ | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги |
ТжЖМ | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги |
ИИМ | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги |
ССМ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
ММТМ | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги |
ЭСӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги |
УКМК | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети |
ЭӨЖМК | - | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети |
МТБМК | - | Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети |
Токой агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги |
Курулуш агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги |
Монополияга каршы агенттик | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги |
ОЭКМА | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик |
МСК | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы |
МБК | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы |
Финкөзөмөл | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы |
Мамкаттоо | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы |
ФЧМК | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы |
Кыргызпатент | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы |
ЭККМК | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат |
Миграция кызматы | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы |
ММКФ | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду |
СФ | - | Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду |
Экотехинспекция | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция |
Ветфитосанинспекция | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция |
Инвестиция агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги |
КРУБ | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы |
УСК | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети |
Эсеп палатасы | - | Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы |
СӨБ | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Соттук өкүлчүлүк борбору |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 9-марты № 138
Евразия экономикалык бирлигинин алкагында иштерди уюштуруу жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-январындагы № 30 токтомунун редакциясына ылайык)
2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимди жана Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 2014-жылдын 23-декабрындагы № 98 чечими менен бекитилген Евразия экономикалык комиссиясынын иш регламентин жүзөгө ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары - ЕАЭБ) алкагында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга бекитип берилген иш чөйрөлөр, 1-тиркемеге ылайык;
2) Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин, Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин жана Коллегиясынын жыйындарында документтерди (материалдарды) кароо, позицияларды даярдоо тартиби, 2-тиркемеге ылайык;
3) ЕАЭБ органдарынын жыйындарында кароо үчүн сунуштарды даярдоо тартиби, 3-тиркемеге ылайык;
4) Евразия экономикалык комиссиясынын (мындан ары - ЕЭК) Коллегиясы кабыл алган чечимдерди жокко чыгаруу (өзгөртүү) жөнүндө сунуштарды даярдоо тартиби, 4-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) ЕАЭБдин алкагындагы иштерди координациялоону, ошондой эле ЕАЭБ органдары кабыл алган чечимдердин (буйруктардын сунуштардын) аткарылышына жалпы мониторинг жүргүзүүнү Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги ишке ашыра тургандыгы;
2) ЕАЭБдин алкагындагы милдеттенмелердин жана кабыл алынган чечимдердин аткарылышын Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ЕАЭБ маселелерин координациялоочу түзүмдүк бөлүмү контролдой тургандыгы;
3) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар:
- ЕАЭБ органдары кабыл алган чечимдерге мониторинг жүргүзө тургандыгы;
- ЕАЭБ органдары кабыл алган чечимдерди (буйруктарды, сунуштамаларды) аткарууга кабыл алып, аларды өз учурунда аткарууга жоопкерчилик тарта тургандыгы;
- ЕЭКтин Коллегиясынын алдындагы консультативдик органдын курамына киргизүү үчүн түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисинен же анын орун басарынан төмөн болбогон кызмат ордун ээлеген талапкерди көрсөтө тургандыгы;
- алардын компетенциясына кирген маселелерди кароодо видеоконференция режиминде ЕЭКтин Коллегиясынын жыйындарына ар жума сайын катыша тургандыгы.
4) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жетекчилери жана алардын орун басарлары Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын эске алуу менен позицияларды даярдоо үчүн жеке жоопкерчилик тарта тургандыгы;
5) ЕЭКтин Коллегиясынын алдындагы консультативдик органдын курамына ЕЭКтин Коллегиясынын алдындагы консультативдик органдын компетенциясына кирүүчү маселелер боюнча тиешелүү квалификацияга ээ болгон бизнес-коомчулуктун, илимий жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү, башка көз карандысыз эксперттер кириши мүмкүн экендиги.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-январындагы № 30 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар:
- ЕАЭБдин алкагындагы иштер үчүн жооптуу болгон жетекчинин орун басарын, ал эми жетекчинин орун басары кызмат орду каралбаган мамлекеттик органдарда - түзүмдүк бөлүмдүн жооптуу жетекчисин аныкташсын;
- болгон штаттык бирдиктин эсебинен ЕАЭБдин алкагында өз ара аракеттенүү үчүн жооптуу түзүмдүк бөлүмдү түзүшсүн жана/же аныкташсын;
- мамлекеттик органдын расмий сайтында ЕАЭБдин алкагындагы иштерге арналган атайын бөлүмдөрдүн түзүлүшүн камсыздап, ай сайын маалыматты жаңылап турушсун;
- актуалдуу маалыматтарды жана ЕЭКтин сайтына жайгаштырылган өздөрүнүн карамагына таандык болгон ЕАЭБ органдарынын чечимдерине (буйруктарына, сунуштамаларына) шилтемелерди жайгаштырышсын.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-июнундагы № 396 "Евразия экономикалык союзуна Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланышкан тобокелдиктерге адаптациялоо жана ыкчам чара көрүү боюнча штаб жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-ноябрындагы № 772 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-июнундагы № 396 "Евразия экономикалык союзуна Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланышкан тобокелдиктерге адаптациялоо жана ыкчам чара көрүү боюнча штаб жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-майындагы № 263 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын Евразия экономикалык комиссиясы менен өз ара иштешүүсүнүн тартиби жөнүндө" токтому.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
М.Д. Абылгазиев |
|
| 1-тиркеме |
Евразия экономикалык бирлигинин алкагында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга бекитип берилген ИШ ЧӨЙРӨЛӨР
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-январындагы № 30 токтомунун редакциясына ылайык)
Иш чөйрөлөрү | Жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана кошо аткаруучулар |
Макроэкономикалык саясат | |
ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин макулдашылган макроэкономикалык саясатын жүргүзүүнү координациялоо | ЭКМ, ФМ, УБ (макулдашуу боюнча) |
ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин макроэкономикалык саясатынын негизги багыттары | ЭКМ, ФМ, УБ (макулдашуу боюнча) |
ЕАЭБди экономикалык өнүктүрүүнүн негизги багыттары | ЭКМ, ФМ, УБ (макулдашуу боюнча) |
ЕАЭБдин негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү | ЭКМ,УСК, УБ (макулдашуу боюнча), ФМ, АЧМ, ЭМ, ЖРЭТКМ, ТКМ, МБК, МСК |
Кезектеги финансылык жылга жана пландуу мезгилге ЕАЭБге мүчө мамлекеттерди социалдык экономикалык өнүктүрүүнүн расмий болжолдорун даярдоо үчүн болжолдордун тышкы параметрлеринин интервалдык сандык маанилерин макулдашуу | ЭКМ, ФМ, УБ (макулдашуу боюнча) |
Евразия экономикалык бирлигинин жамааттык азык-түлүк коопсуздугунун концепциясын ишке ашыруу | АЧМ |
Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүнүн болжолдуу индикативдик көрсөткүчтөрүн, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин айыл чарба продукциясы, азык-түлүк, зыгыр буласы, булгаары сырьёсу, пахта буласы жана жүн боюнча сурамдарынын жана сунуштарынын балансынын болжолдорун иштеп чыгуу | АЧМ, ЭКМ, УСК |
ЕЭКТин Коллегиясынын алдындагы Макроэкономикалык саясат боюнча консультативдик комитеттин ишине катышуу | ЭКМ, ФМ, УБ (макулдашуу боюнча) |
ЕАЭБдин бюджетинин маселелери | |
ЕАЭБдин бюджетинин маселелери боюнча иштерди жүргүзүү | ФМ,ЭКМ, УБ (макулдашуу боюнча), ЭП (макулдашуу боюнча) |
Интеграциялык саясат | |
Интеграциянын негизги багыттары | ЭКМ, ТИМ, ЮМ, ФМ, тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
Эл аралык иштин негизги багыттары | ТИМ, ЭКМ, тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
ЕАЭБ жөнүндө келишимдин жоболорун өркүндөтүү | ЭКМ, ТИМ, ЮМ, ФМ, тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
Тышкы жана өз ара сооданын статистикасы | |
Товарларды тышкы жана өз ара сатуунун статистикасы | УСК, ЭКМ, МБК, МСК, УБ (макулдашуу боюнча) |
ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин тышкы соодасынын бажы статистикасын жана өз ара соодасынын статистикасын жүргүзүү | МБК, МСК, УСК, тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
ЕЭКке расмий статистикалык маалыматты берүү | УСК, МБК, МСК, УБ (макулдашуу боюнча), ЭКМ, расмий статистикалык маалыматтарды түзүү функциялары жүктөлгөн тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
ЕАЭБдин расмий статистикалык маалыматтарын түзүү методологиясы | УСК, ЭКМ, ФМ, МБК, МСК, УБ (макулдашуу боюнча) |
ЕАЭБдин статистикалык иштеринин программасы | УСК, ЭКМ, МБК, МСК, ФМ, УБ (макулдашуу боюнча) |
ЕАЭБдин расмий статистикалык маалыматын жайылтуу | УСК, ЭКМ, ФМ, МБК, МСК, УБ (макулдашуу боюнча) |
Статистика чөйрөсүндө интеграцияны өнүктүрүү программасы | УСК, ЭКМ, МБК, МСК, УБ (макулдашуу боюнча) |
ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ортосунда өз ара сооданын абалы жөнүндө баяндамалар | ЭКМ, УСК, УБ (макулдашуу боюнча), АЧМ, ФМ, МБК, МСК, МЭ, Ветеринардык кызмат |
ЕЭКТин Коллегиясынын алдындагы Статистика боюнча консультативдик комитеттин ишине катышуу | УСК, ЭКМ, ФМ, УБ (макулдашуу боюнча), СФ |
Калкты каттоо | УСК |
Ички рыноктордун иштөөсү | |
Тоскоолдуктарды аныктоо жана четтетүү боюнча иштер | ЭКМ, бардык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
ЕЭКТин Коллегиясынын алдындагы Ички рыноктордун иштөөсү боюнча консультативдик комитеттин ишине катышуу | ЭКМ, бардык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
Атаандаштык, монополияга каршы, бааны жөнгө салуу жана мамлекеттик жана (же) муниципалдык сатып алуулар | |
Атаандаштыктын жалпы эрежелери | ЭКМ, МКЖСК |
Келишимдин жана Атаандаштыктын жалпы принциптери жана эрежелери жөнүндө протоколдун (Келишимдин № 19 тиркемеси) “Атаандаштыктын жалпы принциптери жана эрежелери” XVIII бөлүмүнүн аткарылышын контролдоо | ЭКМ, МКЖСК |
ЕАЭБге башка мүчө мамлекет тарабынан бааны мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө чечимди талашуу жөнүндө ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин кайрылууларын кароо | ЭКМ, МКЖСК |
Мамлекеттик (муниципалдык) сатып алууларды жүзөгө ашыруунун, анын ичинде сатып алууларды жүзөгө ашыруу аяктаганга чейин потенциалдуу жеткирүүчүлөр жөнүндө жашыруун маалыматтарды сактоо зарылдыгына байланышкан сатып алууларды жүзөгө ашыруунун ЕАЭБге мүчө мамлекеттер белгилеген өзгөчөлүктөрүн, ошондой эле товарлардын, иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн айрым түрлөрүн сатып алуунун өзгөчөлүктөрүн улуттук режимден алып салууларды, мамлекеттик сатып алуулар жаатында милдеттенмелерди бузууларды жокко чыгаруу маселелери | ФМ, ЭКМ, МКЖСК |
ЕЭКТин Коллегиясынын алдындагы Атаандаштык саясаты жана монополияга каршы жөнгө салуу, бааны мамлекеттик жөнгө салуу боюнча консультативдик комитеттин ишине катышуу | ЭКМ, МКЖСК, тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
Энергетика | |
ЕАЭБдин жалпы электр энергетикалык рыногунун концепциясы | ЭМ |
ЕАЭБдин жалпы электр энергетикалык рыногунун программасы | ЭМ |
ЕАЭБдин жалпы электр энергетикалык рыногун түзүү | ЭМ |
ЕАЭБдин мунай жана мунай продуктуларынын жалпы рынокторун түзүү | ЭМ |
ЕАЭБдин жалпы газ рыногун түзүү | ЭМ |
Газга, мунайга жана мунай продуктуларынын индикативдик (болжолдуу) баланстарын түзүү | ЭМ |
ЕЭКтин коллегиясынын алдындагы Электр энергетика боюнча консультативдик комитеттин ишине катышуу | ЭМ, ӨКМ |
ЕЭКТин Коллегиясынын алдындагы Мунай жана газ боюнча консультативдик комитеттин ишине катышуу | ЭКМ, ЭМ, ӨКМ |
Экология, климат, айлана-чөйрөнү жана жаратылыш ресурстарын коргоо | |
Экология, климат, айлана-чөйрөнү жана жаратылыш ресурстарын коргоо маселелери боюнча иштерди жүргүзүү | ЖРЭТКМ, ЭМ, МЭК, тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
Транспорт жана инфратүзүм | |
Координацияланган (макулдашылган) транспорттук саясатты ишке ашыруу | ТКМ |
ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин биринин аймагында катталган ташуучулар ЕАЭБге башка мүчө мамлекеттин аймагында жайгашкан пункттардын ортосунда жүктөрдү автомобиль менен ташууларды жүргүзүүсүн этап менен либералдаштыруу | ТКМ |
Автомобилдик транспорт жана транспорттук (автомобилдик) контроль, темир жол, аба жана суу транспорту бөлүгүндө ЕАЭБ жөнүндө келишимдин жоболорун ишке ашыруу | ТКМ, ӨКМ |
2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин “Табигый монополиялар” XIX бөлүгүнүн аткарылышын контролдоо | ЭМ, МКЖСК, ТКМ, ЭКМ, СӨМ |
ЕЭКтин Коллегиясынын алдындагы Транспорт жана инфратүзүм боюнча консультативдик комитеттин ишине катышуу | ТКМ, тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
ЕЭКтин Коллегиясынын алдындагы Табигый монополиялар боюнча консультативдик комитеттин ишине катышуу | ЭКМ, МКЖСК, ТКМ, ЭМ, СӨМ |
Транспорт жаатында ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилеринин кеңешине катышуу | ТКМ |
Өнөр жай жана агроөнөр жай саясаты | |
Өнөр жай кызматташтыгынын негизги багыттары | ЭКМ, АЧМ |
ЕАЭБдин алкагында өнөр жай субсидиялары | ЭКМ, АЧМ, ФМ |
Евразия өнөр жай кооперациясы жана субконтрактация тармагын түзүү | ЭКМ, АЧМ, СӨМ, ИӨА |
Евразия технологиялык платформалары | ТКМ, ЭКМ, АЧМ, СӨМ, ФМ |
Евразия технологиялар трансферинин тармагы | ЭКМ, АЧМ, Кыргызпатент, ИӨА |
Үчүнчү өлкөлөрдүн рынокторуна мүчө мамлекеттердин биргелешип өндүрүлгөн өнөр жай продукциясын илгерилетүү | ЭКМ, АЧМ, ИӨА |
ЕЭКтин Коллегиясынын алдындагы Өнөр жай боюнча консультативдик комитеттин ишиме катышуу | ЭКМ, АЧМ |
Агроөнөр жай саясатынын маселелери | АЧМ |
Макулдашылган (координацияланган) агроөнөр жай саясатынын негизги багыттары жана айыл чарбасын мамлекеттик колдоонун чаралары | АЧМ, ФМ |
ЕЭКтин Коллегиясынын алдындагы Агроөнөр жай комплекси боюнча консультативдик комитеттин ишине катышуу | АЧМ |
Агроөнөр жай саясаты боюнча кеңештин ишине катышуу | АЧМ |
Техникалык жөнгө салуу. Санитардык, ветеринардык-санитардык жана карантиндик фитосанитардык чаралар | |
ЕАЭБдин техникалык регламенттерин иштеп чыгуу пландары (программалары), мыядай пландарга (программаларга) өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү | ЭКМ, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечими менен техникалык регламенттерди ишке ашырууга жооптуу катары аныкталган тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
Стандарттарды иштеп чыгуу программалары жана мындай программаларга өзгөртүүлөрдү киргизүү | ЭКМ, тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
Бажы бирлигинин, ЕАЭБдин техникалык регламенттерин кабыл алуу, өзгөртүүлөрдү киргизүү жана жокко чыгаруу | ЭКМ, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечими менен техникалык регламенттерди ишке ашырууга жооптуу катары аныкталган тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
ЕАЭБдин техникалык регламенттерин ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын пландарын иштеп чыгуу жана бекитүү | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечими менен техникалык регламенттерди ишке ашырууга жооптуу катары аныкталган тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
Бажы бирлигинин, ЕАЭБдин техникалык регламенттерин ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын пландарынын аткарылышын координациялоо | ЭКМ, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечими менен техникалык регламенттерди ишке ашырууга жооптуу катары аныкталган тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
Аккредитациялоо чөйрөсүндө мыйзамдарды шайкеш келтирүү | ЭКМ |
Аккредитациялоо боюнча кеңештин ишине катышуу | ЭКМ, КАБ |
Өлчөөлөрдүн бирдейлигин камсыз кылуу жаатында макулдашылган саясатты жүргүзүү | ЭКМ, МКЖСК |
ЕЭКтин Коллегиясынын алдындагы Техникалык жөнгө салуу, санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык чараларды колдонуу боюнча консультативдик комитеттин ишине катышуу | ЭКМ, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечими менен техникалык регламенттерди ишке ашырууга жооптуу катары аныкталган тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
Техникалык жөнгө салуу, санитардык, ветеринардык- санитардык жана карантиндик фитосанитардык чараларды колдонуу чөйрөсүндө ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин мамлекеттик башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүү | ЭКМ, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечими менен техникалык регламенттерди ишке ашырууга жооптуу катары аныкталган тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
Санитардык чараларга тийиштүү маселелер | ССМ |
Ветеринардык-санитардык чараларга тийиштүү маселелер | АЧМ, Ветеринардык кызмат, ССМ |
Карантиндик фитосанитардык чараларга тийиштүү маселелер | АЧМ |
Транспорт каражаттарынын электрондук паспортторунун системасы | ИИМ, СӨМ, ЭКМ |
Бажы-тарифтик жөнгө салуу, үчүнчү тараптарга карата соода режимдерин белгилөө | |
ЕАЭБдин тышкы экономикалык ишинин бирдиктүү товардык номенклатурасын жүргүзүү | ЭКМ, МБК |
ЕАЭБдин бирдиктүү бажы тарифин киргизүү, ташып келүү бажы алымдарынын ставкаларын белгилөө жана өзгөртүү, ЕАЭБдин бажы аймагына ташылып келүүчү (ташылып келген) товарларга карата тарифтик жеңилдиктерди берүү учурларын, шарттарын, тартибин белгилөө (улуттук инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында ташылып келүүчү товарлардын категорияларына карата тарифтик жеңилдиктерди берүүнү кошпогондо) | ЭКМ, МБК, ФМ, тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
Тарифтик жеңилдиктерди берүү учурларын, шарттарын, тартибин белгилөө боюнча демилгелөөчү сунуштарды даярдоо | ЭКМ, тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
Улуттук инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында ташылып келүүчү товарлардын категорияларына карата тарифтик жеңилдиктерди берүү учурларын, шарттарын, тартибин белгилөө | ЭКМ, МБК, ФМ, ИӨА, тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ортосунда үчүнчү өлкөлөрдөн товарларды ташып келүүгө тарифтик квоталарды белгилөө жана бөлүштүрүү | ЭКМ, тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
Тарифтик квоталарды киргизүү жана аларды бөлүштүрүүнүн тартибин белгилөө | ЭКМ, тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
ЕАЭБдин тарифтик преференцияларынын бирдиктүү системасын колдонуу, анын ичинде төмөнкүлөрдүн тизмегин аныктоо: | ЭКМ, МБК, тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
ЕАЭБдин преференцияларынын бирдиктүү системасын колдонуучу-өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн | ЭКМ, МБК, тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
ЕАЭБдин преференцияларынын бирдиктүү системасын колдонуучу- айрыкча начар өнүккөн өлкөлөрдүн | ЭКМ, МБК, тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
ЕАЭБдин бирдиктүү бажы аймагына ташып келүүдө аларга карата тарифтик жеңилдиктер берилген өнүгүп жаткан өлкөлөрдө жана айрыкча начар өнүккөн өлкөлөрдө өндүрүлгөн товарлардын | ЭКМ, МБК, тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
Соода режимдерин унификациялоо, үчүнчү өлкөлөр менен эркин соода жөнүндө макулдашууларды түзүү | ЭКМ, МБК, тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
Тарифтик эмес жөнгө салуу | |
Үчүнчү өлкөлөр менен соодада ЕАЭБдин аймагында тарифтик эмес жөнгө салуунун бирдиктүү чараларын киргизүү, колдонуу, узартуу жана жокко чыгаруу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу | ЭКМ, тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
Үчүнчү өлкөлөр менен соодада тарифтик эмес жөнгө салуунун бирдиктүү чаралары колдонулган товарлардын бирдиктүү тизмегин киргизүү | ЭКМ, тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
Экспорттук жана (же) импорттук квоталардын көлөмүн бөлүштүрүү жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин тышкы соода ишинин катышуучуларынын ортосунда мындай квоталарды бөлүштүрүү методдорун аныктоо | Тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин бири мындай чараларды бир тараптуу тартипте киргизген учурда, тарифтик эмес жөнгө салуунун убактылуу чараларын киргизүү жана аларды колдонуу мөөнөтүн белгилөө | ЭКМ, МБК, тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
Лицензиянын аракетин токтотуп туруу же токтотуу тартибин аныктоо, товарлардын тышкы соода чөйрөсүндө лицензиялоону колдонуу, лицензиянын | ЭКМ, тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
аткарылышы жөнүндө маалымкатты берүү тартибин жана формасын аныктоо, уруксаттын формасын бекитүү |
|
ЕЭКтин Коллегиясынын алдындагы Соода боюнча консультативдик комитеттин ишине катышуу | ЭКМ, АЧМ, ЭМ, МБК |
Атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чараларды колдонуу | |
Үчүнчү өлкөлөргө карата атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чараларды киргизүүгө чейин иликтөө жүргүзүү | ЭКМ, МКЖСК, тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
Үчүнчү өлкөлөргө карата атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чараларды колдонуу маселелери | ЭКМ, МКЖСК, тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
Бажылык жөнгө салуу | |
ЕАЭБдин Бажы кодексинин ченемдерин сактоо маселелери | ЭКМ, МБК |
Эркин (атайын, өзгөчө) экономикалык зоналарда укук мамилелерин жөнгө салуу маселелери | ЭКМ, МБК |
Эркин кампаларда укук мамилелерин жөнгө салуу маселелери | ЭКМ, МБК |
Бажы өкүлдөрүнүн, бажы ташуучуларынын, убактылуу сактоочу кампалардын ээлеринин, бажы кампаларынын ээлеринин, бош кампалардын ээлеринин, алымдарсыз соода дүкөндөрүнүн ээлеринин, ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрлерин жүргүзүү | МБК |
Ыйгарым укуктуу экономикалык операторго берилген атайын жөнөкөйлөтүүлөрдү колдонуу маселелери | МБК, ЭКМ |
ЕАЭБдин бажылык укук мамилелерин жөнгө салуучу ЕЭКтин чечимдерине мониторинг жүргүзүү | ЭКМ, МБК |
Бажы инфратүзүмүн өнүктүрүү | МБК |
Товарларды электрондук декларациялоону өнүктүрүү | ЭКМ, МБК, тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин бажы органдары менен үчүнчү өлкөлөрдүн ортосунда маалымат алмашуу | МБК |
ЕЭКтин Коллегиясынын алдындагы Бажылык жөнгө салуу боюнча консультативдик комитеттин ишине катышуу | ЭКМ, МБК |
Кызмат көрсөтүү менен өз ара соода жүргүзүү жана инвестициялар | |
Ишкердик ишти жүргүзүүнүн шарттары жана инвестицияларды ишке ашыруу | ЭКМ, ИӨА, тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
ЕЭКтин Коллегиясынын алдындагы Ишкердик маселелери боюнча консультативдик комитеттин ишине катышуу | ЭКМ, тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин XV “Кызмат көрсөтүү менен соода жүргүзүү, уюштуруу, ишмердик жана инвестицияларды жүргүзүү” бөлүгүнүн аткарылышын контролдоо | ЭКМ, ИӨА, тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
Кызмат көрсөтүү секторлорунун (секторчолорунун) тизмегин жүргүзүү боюнча иштерди координациялоо, алар боюнча ЕАЭБдин алкагында бирдиктүү кызмат көрсөтүү рыногун түзүү либералдаштыруу пландарына ылайык ишке ашырылат (өткөөл мезгилдин ичинде) | ЭКМ, тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
ЕАЭБдеги мамлекеттик-жеке өнөктөштүк | ЭКМ |
Интеллектуалдык менчик | |
Интеллектуалдык менчиктин объекттерин коргоо жана укуктарын коргоо | Кыргызпатент, МБК, МСК, БП (макулдашуу боюнча), тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
ЕЭКтин Коллегиясынын алдындагы Интеллектуалдык менчик боюнча консультативдик комитеттин ишине катышуу | Кыргызпатент, МБК, МСК, МКЖСК, БП (макулдашуу боюнча) |
Эмгек миграциясы жана миграциялык саясат | |
Эмгек миграциясынын маселелери | ЭСКММ, ИИМ, ТИМ, тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
ЕЭКтин Коллегиясынын алдындагы Миграциялык саясат боюнча консультативдик комитеттин ишине катышуу | ЭСКММ, ССМ, ИИМ, тим, тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
Эмгекчилерди пенсиялык камсыздоо | |
Пенсиялык камсыздоо маселелери | СФ, ЭСКММ, ССМ |
ЕЭКтин Коллегиясынын алдындагы ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин эмгекчилеринин социалдык камсыздоо, пенсиялык укуктарын сактоо, медициналык жардам көрсөтүү жана кесиптик иши маселелери боюнча консультативдик комитеттин ишине катышуу | СФ, ЭСКММ, ССМ, БИМ, ММКФ |
Финансы рыноктору (банк чөйрөсү, камсыздандыруу чөйрөсү, валюта рыногу, баалуу кагаздар рыногу). Валюта саясаты | |
Жалпы финансылык рынокту түзүү | Финкөзөмөл, ФМ, ЭКМ, УБ (макулдашуу боюнча), ФЧМК |
Банктык жөнгө салуу маселелери | УБ (макулдашуу боюнча) |
Валюталык жөнгө салуу маселелери | УБ (макулдашуу боюнча), ЭКМ, ФМ |
Баалуу кагаздар рыногунун маселелери | Финкөзөмөл, ЭКМ, ФМ |
Аудит жаатында ЕАЭБдин бирдиктүү кызмат көрсөтүү рыногун түзүү | Финкөзөмөл |
Отчеттуулук жана бухгалтердик эсеп тармагында ЕАЭБдин бирдиктүү кызмат көрсөтүү рыногун түзүү | Финкөзөмөл |
Камсыздандыруу чөйрөсүнүн маселелери | Финкөзөмөл |
Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого), терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү | ФЧМК, ИИМ, УКМК, МБК, БП (макулдашуу боюнча) |
ЕЭКтин Коллегиясынын алдындагы Финансылык рыноктор боюнча консультативдик комитетке катышуу | Финкөзөмөл, УБ (макулдашуу боюнча), ФМ, ФЧМК |
Алкоголь рыногун жөнгө салуу маселелери | |
ЕАЭБдин алкагында алкоголдук рынокту жөнгө салуу маселелери | АЧМ, МСК |
Салык саясаты. Ташып келүү бажы алымдарын эсепке алуу жана бөлүштүрүү (эквиваленттүү мааниге ээ болгон башка алымдар, салыктар жана жыйымдар) | |
Салык саясаты | ЭКМ, МСК |
ЕЭКтин Коллегиясынын алдындагы Салык саясаты жана башкаруу боюнча консультативдик комитеттин ишине катышуу | ЭКМ, МСК, МБК, СӨМ |
ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин бюджеттеринин ортосунда ташып келүүдөгү бажы алымдарынын суммасын бөлүштүрүүнүн ченемдери | ФМ, ЭКМ, УСК, УБ (макулдашуу боюнча), МБК |
Ташып келүү бажы алымдарынын суммаларын эсепке алуу жана бөлүштүрүү | ЭКМ, УБ (макулдашуу боюнча) |
Ташып келүү бажы алымдарынын (эквиваленттүү аракетке ээ болгон башка алымдардын, салыктардын жана жыйымдардын) суммаларын эсепке алуу жана бөлүштүрүү тартибинин аткарылышына контролду ишке ашыруу, аларды ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин бюджеттеринин кирешесине которуу | ЭП (макулдашуу боюнча) |
Дары-дармек каражаттарын жана медицина буюмдарынын жүгүртүүсүн жөнгө салуу | |
ЕАЭБдин чегинде дары-дармек каражаттарын жана медицина буюмдарын жүгүртүү | ССМ |
Дары-дармек каражаттарынын жалпы рыногун түзүү | ССМ |
Медицина буюмдарынын жалпы рыногун түзүү | ССМ |
Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо | |
Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү макулдашылган саясатты жүргүзүү | ЭКМ, МКЖСК |
Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү саясаттын негизги багыттары | ЭКМ, МКЖСК |
ЕЭКтин Коллегиясынын алдындагы Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча консультативдик комитеттин ишине катышуу | ЭКМ, МКЖСК |
Маалымат технологиялары | |
Санариптик күн тартибин ишке ашыруу | СӨМ, тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
ЕЭКтин Коллегиясынын алдындагы Маалыматташтыруу, маалыматтык- коммуникациялык технологиялар жана маалыматты коргоо боюнча консультативдик комитеттин ишине катышуу | СӨМ, УКМК |
Жалпы процесстердин ишке ашырылышын координациялоо жана мониторингдөө | СӨМ |
Жалпы процесстерди ишке ашыруу | СӨМ, тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
Ишенимдин трансчек аралык мейкиндигин өнүктүрүү жана иштөөсү | СӨМ, тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
Тышкы аудит (контроль) | |
Тышкы аудит жүргүзүү | Эсептөө палатасы (макулдашуу боюнча) |
ЕАЭБ соту | |
ЕАЭБдин сотунун маселелери | ЮМ, СӨБ, ТИМ, ЭКМ |
Кыскартуулардын тизмеси:
ЭКМ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги |
ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
ТИМ | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги |
ЮМ | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги |
ССМ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
ӨКМ | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги |
ИИМ | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги |
ТКМ | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги |
ЭМ | - | Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги |
АЧМ | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги |
СӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги |
ЭСКММ | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги |
ЖРЭТКМ | - | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги |
УКМК | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети |
МСК | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы |
МБК | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы |
Финкөзөмөл | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы |
МКЖСК | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы |
ФЧМК | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы |
ММКФ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду |
СФ | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду |
Ветеринардык кызмат | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызмат |
БП | - | Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы |
УБ | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы |
УСК | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети |
Эсептөө палатасы | - | Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы |
Кыргызпатент | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы |
СӨБ | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук өкүлчүлүк борбору |
ИӨА | - | Кыргыз Республикасынын Инвестициялар жана өнүктүрүү боюнча агенттиги “KADI” мамлекеттик мекемеси |
КАБ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борбору.". |