Сравнение редакций…
| 4-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 токтомуна) |
|
Бажылык коштоо жөнүндө жобо
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июлундагы № 406 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо (мындан ары - Жобо) товарларды жана транспорт каражаттарын бажылык коштоонун тартибин, ошондой эле бажылык коштоону жүргүзүүдө бажы органдарынын кызмат адамдарынын (мындан ары - кызмат адамдары) аракеттеринин (бажылык операцияларынын) ырааттуулугун жана мөөнөттөрүн аныктайт.
2. Ушул Жободо колдонулуучу түшүнүктөр Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинде (мындан ары - Кодекс), Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзгөн актыларда жана бажылык укуктук мамилелерди жөнгө салуучу эл аралык келишимдерде (мындан ары - бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдер, актылар) жана Кыргыз Республикасынын бажылык ишти жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген маанилерде колдонулат.
3. Бажылык коштоо ушул Жобого ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында гана жүзөгө ашырылат.
(Экинчи абзац КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июлундагы № 406 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июлундагы № 406 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Бажылык коштоону жүргүзүү
4. Товарларды ташуучу транспорт каражаттарын бажылык коштоо функциялык милдеттерине бажылык коштоону жүзөгө ашыруу кирген бажы органдарынын бөлүнүштөрүнүн кызмат адамдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
5. Бажылык коштоо төмөнкү маалыматтарды камтыган товарларды ташуучунун жазуу жүзүндөгү арызы боюнча ишке ашырылат:
1) ташуучунун реквизити жөнүндө;
2) жөнөтүүчү жана жеткирүүгө багытталган жер жөнүндө;
3) транспорт каражаттары жөнүндө;
4) өткөрүлүүчү товарлар жөнүндө;
5) башка маалыматтар.
6. Бажылык коштоо үчүн Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдар менен белгиленген өлчөмдө бажы жыйымдары алынат.
7. Бажылык коштоону, эреже катары, бир бажы наряды (ушул Жобого ылайык товарларды ташуучу эл аралык ташуунун транспорт каражаттарын коштоочу бир же бир нече кызмат адамы) жүзөгө ашырат.
Алгачкы дайындалган наряд менен товар ташуучу транспорт каражаттарын андан ары коштоо максаттуу эмес же мүмкүн болбогон учурларда коштоло турган товарды ташуучу транспорт каражаттарынын жүргөн жолунда бажы нарядын алмаштырууга жол берилет жана ушул Жобого ылайык жөнөтүүчү бажы органы менен макулдашуусу боюнча жүзөгө ашырылат. Ушуну менен бирге, бажы нарядын алмаштыруу бажылык контролдоо зонасында товарларды ташуучу коштолуучу транспорт каражаттарын жайгаштыргандан кийин жүргүзүлүүгө тийиш.
8. Бажылык коштоону кыйла үнөмдүү уюштуруу, бажы чек арасы аркылуу өткөн жерлерде товарлардын жана транспорт каражаттарынын чогулуусун жокко чыгаруу максатында бажы органдары бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуусу боюнча тизмеси бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген бажы наряддарын алмаштыруу пункттарын түзүүгө укуктуу.
Иш жүргүзгөн аймакта бажы нарядын алмаштыруу пункту жайгашкан бажы органынын начальниги (аны алмаштырган адам) товарларды ташуучу транспорт каражаттарынын чогулуусун жокко чыгаруу үчүн, аларды коштоочу бажы наряддарын күнү-түнү режиминде алмаштыруу мүмкүндүгүн камсыз кылат.
3. Бажылык коштоону уюштуруу
9. Ушул Жобонун 5-пунктунда аталган жактардын жазуу жүзүндөгү арызын алуучу бажы органынын кызмат адамы төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) формасы бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген каттоо журналында арыздын каттоого алынышын камсыз кылууга;
2) чечимди кабыл алуу жана бажылык коштоону уюштуруу үчүн байланыштын ыкчам каналдары боюнча жазуу жүзүндөгү арызды бажы органына жөнөтүүгө;
3) бажылык коштоо жөнүндө чечим кабыл алынган учурда, ушул Жобонун 5-пунктунда аталган жактарга бажылык коштоону уюштуруу жөнүндө кабыл алынган чечим жана бажылык коштоо үчүн бажы жыйымдарын төлөө зарылчылыгы тууралуу кабарлоого;
4) кабыл алынган чечим менен бажылык коштоону жүзөгө ашыруучу кызмат адамдарын тааныштырууга.
10. Бажылык коштоону уюштуруу жөнүндө чечим өткөрүү пунктунун начальниги же бажылык тариздөө жеринин башкы инспектору тарабынан кабыл алынат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июлундагы № 406 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Өткөрүү пунктунун начальниги же бажылык тариздөө жеринин башкы инспектору ыкчам байланыш каналы боюнча бажы органына төмөнкү маалыматтарды көрсөтүү менен кабарламаны жиберет:
- кабыл алынган арыздан маалыматтар;
- бажылык коштоо үчүн ишке тартылган кызмат адамдарынын саны;
- бажы нарядынын башчысынын фамилиясы, аты, атасынын аты, наряддын курамы;
- бажылык коштоонун башталган жана аяктаган жери;
- эгерде товарларды ташуу белгиленген маршрут боюнча жүргүзүлсө кыймылдын маршруту;
- куралдын болушу жөнүндө маалыматтар (анын тиби, саны, номери, ок дарылардын саны);
- коштолуучу транспорт каражаттарынын мамлекеттик каттоо белгилери жөнүндө маалыматтар;
- бажы нарядын алмаштыруу пункту (зарыл болгон учурда).
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июлундагы № 406 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Бажылык коштоодо документтерди тариздөөнүн тартиби
12. Коштолуучу товарларга жана транспорт каражаттарына документтерди тариздөөдө бажы органынын өткөрүү пунктунун (бажылык тариздөө жеринин) кызмат адамы транзит декларациясынын бардык нускаларына штамп жана жеке номерлүү мөөрүн коёт жана колу менен күбөлөндүрөт.
13. Коштолуучу товарларга жана транспорт каражаттарына документтер таризделгенден кийин өткөрүү пунктунун (бажылык тариздөө жери) кызмат адамы:
- товарларды ташыган транспорт каражаттарын бажылык коштоого тийиш болгон кабыл алуу-өткөрүп берүү актысын үч нускада эркин формада түзөт жана жеке номерлүү мөөрү менен күбөлөндүрөт. Кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы баруучу бажы органы үчүн арналган бажы, транспорттук (ташуу), коммерциялык жана башка документтердин тизмегин, ошондой эле транспорт каражаты жана идентификациялоо каражаттары жөнүндө маалыматтарды камтыйт;
- ташуучунун транспорт каражаттарын коштоого кабыл алгандыгы жана товар коштоочу документтерди алгандыгы жөнүндө бажы нарядынын башчысынын белгиси менен кабыл алуу-өткөрүп берүү актысынын бир нускасын бажы нарядынын башчысына берет;
- ташуучунун транспорт каражаттарын коштоого кабыл алгандыгы жана товар коштоочу документтерди алгандыгы жөнүндө бажы нарядынын башчысынын белгиси менен кабыл алуу-өткөрүп берүү актысынын бир нускасын жөнөтүүчү бажы органында калтырат;
- ташуучунун транспорт каражаттарын коштоого кабыл алгандыгы жана товар коштоочу документтерди алгандыгы жөнүндө бажы нарядынын башчысынын белгиси менен кабыл алуу-өткөрүп берүү актысынын бир нускасын алардын сакталышы үчүн жоопкерчилик менен таанышкандыгы жөнүндө кол койдуруу менен баруучу бажы органы үчүн арналган бажы, транспорттук (ташуу), коммерциялык жана башка документтерди тиркөө менен баруучу бажы органына жеткирүү үчүн ташуучуга берет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июлундагы № 406 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Жеткирүү жерине же бажы нарядын алмаштыруу пунктуна келгенде товар ташыган коштолуучу транспорт каражаттары бажылык контролдоо зонасында жайгаштырылат.
Бажы нарядынын башчысы кабыл алуу-өткөрүп берүү актысынын бир нускасын баруучу бажы органынын же кезметтин кызмат адамына өткөрүп берет жана бул бажы органынын кызмат адамы менен бирге баруучу бажы органы үчүн арналган идентификациялоо каражаттарынын бүтүндүгүн, транспорт каражаттарынын жүк бөлүмдөрүн, алардын сакталышын жана ташуучуга берилген кабыл алуу-өткөрүп берүү актысынын, бажы, транспорттук (ташуу), коммерциялык жана башка документтердин болушун текшерет.
Бажы нарядынын катышуусу менен товарларга жана транспорт каражаттарына бажылык текшерип кароо идентификациялоо каражаттарынын, транспорт каражаттарынын жүк бөлүмдөрүнүн бүтүндүгү бузулган жана документтер жоголгон учурларда жүргүзүлөт.
Бажылык текшерип кароо жүргүзгөн учурда бажылык текшерип кароону жүргүзгөн бажы органынын кызмат адамынын жеке номерлүү мөөрүнүн (ЖНМ) белгиси менен күбөлөндүрүлгөн текшерип кароо актысынын нускасынын көчүрмөсү бажы нарядынын башчысына тапшырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июлундагы № 406 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Баруучу бажы органынын же кезметтин кызмат адамы кабыл алуу-өткөрүп берүү актысынын экинчи жана үчүнчү нускаларына товарларды ташуучу коштоочу транспорт каражаттарын кабыл алуу жөнүндө тиешелүү белгилерди коет.
Кабыл алуу-өткөрүп берүү актысынын экинчи нускасы баруучу бажы органынын же кезметтин көктөмөлөрүндө калат, кабыл алуу-өткөрүп берүү актысынын үчүнчү нускасы бажылык коштоого кабыл алуу-өткөрүп берүү актысын берген бажы органына кийин өткөрүп берүү үчүн бажы нарядынын башчысына берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июлундагы № 406 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Коштолуучу транспорт каражаттарынын, транспорт каражаттарындагы товарлардын, аларга документтердин жок болушуна же жоголушуна алып келүүчү жагдайлар пайда болгон учурда бажы наряды алардын сактыгын камсыз кылуу боюнча бардык мүмкүн болгон чараларды көрүүгө милдеттүү.
17. Бажылык коштоодо бажы наряды кара күчтү, атайын каражаттарды жана куралдарды Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен белгиленген эрежелерге ылайык колдонууга укуктуу.
18. Товарларды жана автотранспорт каражаттарын бажылык коштоодо:
1) бир наряд менен бажылык коштоолууга тийиш болгон транспорт каражаттарынын саны товарларды ташуунун шарттарына жана мүнөзүнө жараша жөнөтүүчү бажы органдары тарабынан белгиленет;
2) бажы наряды коштолуучу автотранспорт каражаттарында жүрүп бараткан учурда бажы нарядынын курамына кирген кызмат адамдары башкы жана аяккы автотранспорт каражатында жайгашышат;
3) бажы наряды коштоочу машинада (машиналарда) жүрүп бараткан учурда коштоочу машина коштолуучу автотранспорт каражаттарынын бардык колоннасына көзөмөлдү камсыз кыла турган тартипте жүрөт;
4) токтогон учурларда бажы наряды колоннанын эки тарабын тең контролдойт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июлундагы № 406 токтомунун редакциясына ылайык)
19. Автотранспорт каражаттарынын бири бузулса, авариянын же жеңилгис күчтүн аракетинин кесепетинен анын мындан аркы кыймылы мүмкүн болбогон учурда бажы наряды бардык колоннанын жүрүшүн токтотот жана жакынкы бажы органына болгон жагдай, анын колоннанын турган жери жөнүндө билдирет.
Аталган бажы органы кыска мөөнөттүн ичинде бузулган автотранспорт каражатынын ичиндеги товарларга бажылык контролдоону камсыз кылууга зарыл болгон чараларды көрүү үчүн бузулган автотранспорт каражаты турган жерине кызмат адамдарынын келишин камсыз кылууга милдеттүү.
Болгон жагдай тууралуу бузулган транспорт каражатын кабыл алуу-өткөрүү актысы (мындан ары - акт) эркин формада, эки нускада иштин жагдайын баяндоо, товарларды жана мындан аркы бажы контролун жүзөгө ашыруу жана бажы операцияларын жүргүзүү үчүн зарыл болгон башка маалыматтарды берүү менен түзүлөт. Актка бажы нарядынын башчысы жана аталган жакынкы бажы органынын кызмат адамы кол коюшат.
Бажы нарядынын башчысы жана аталган жакынкы бажы органынын кызмат адамы жана ташуучу актыга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизишет жана өздөрүнүн кол коюусу менен күбөлөндүрүшөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июлундагы № 406 токтомунун редакциясына ылайык)
20. Товар ташуучу бузулган автотранспорт каражатын бажы органынын кызмат адамдарына өткөрүп бергенден кийин колоннанын башка автотранспорт каражаттары жүрүшүн уланта алышат.
Эгерде автотранспорт каражатынын бузулушу товарларды жоготуу же бузуу коркунучу жок тез жоюлса, анда бардык колонна оңдоо иштери аяктаганга чейин кармалат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июлундагы № 406 токтомунун редакциясына ылайык)
| 4-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 токтомуна ылайык) |
Бажылык коштоо жөнүндө жобо
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июнундагы № 444 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
2-глава. Бажылык коштоону жүргүзүү
3-глава. Бажылык коштоону уюштуруу
4-глава. Бажылык коштоодо документтерди тариздөөнүн тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо бажы контролунда турган товарларды ташыган транспорт каражаттарын же бажы контролунда турган транспорт каражаттарын бажылык коштоо тартибин, ошондой эле бажы контролунда турган товарларды ташыган транспорт каражаттарын же бажы контролунда турган транспорт каражаттарын бажылык коштоодо бажы органынын кызмат адамдарынын (мындан ары – кызмат адамдары) аракеттеринин (бажы операцияларынын) мөөнөттөрүн жана ырааттуулугун аныктайт.
2. Бул Жободо колдонулуучу түшүнүктөр Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинде (мындан ары – Кодекс), Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзгөн актыларда, бажылык укуктук мамилелерди жөнгө салуучу эл аралык келишимдерде (мындан ары – бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдер, актылар) жана Кыргыз Республикасынын бажылык ишти жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген маанилерде колдонулат.
3. Бул Жобого ылайык бажылык коштоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимине ылайык навигациялык (электрондук) пломба колдонулган товарларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын аймагында гана жана Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча бажы контролунда турган товарларды ташуучу транспорт каражаттарына же бажы контролунда турган транспорт каражаттарына бажы транзитинин бажы жол-жобосуна жайгаштыруу менен жана мындай бажы жол-жобосуна жайгаштырылбастан жүргүзүлөт.
2-глава. Бажылык коштоону жүргүзүү
4. Бажы контролунда турган товарларды ташыган транспорт каражаттарын же бажы контролунда турган транспорт каражаттарын бажылык коштоо функционалдык милдеттерине бажылык коштоону жүзөгө ашыруу кирген бажы органдарынын бөлүмдөрүнүн кызмат адамдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
5. Бажылык коштоо ушул Жобонун 9-пунктунда көрсөтүлгөн кызмат адамдарынын чечими боюнча колдонулат.
6. Бажылык коштоо үчүн бажылык жыйымдар Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген өлчөмдө алынат.
7. Бажылык коштоону, эреже катары, бир бажы наряды (ушул Жобого ылайык товарларды ташып бараткан эл аралык ташуунун транспорт каражаттарын коштоп жүрүүчү бир же бир нече кызмат адамы) жүзөгө ашырат.
Алгачкы дайындалган наряд менен товар ташуучу транспорт каражаттарын андан ары коштоо максаттуу эмес же мүмкүн болбогон учурларда коштоло турган товарды ташуучу транспорт каражаттарынын жүргөн жолунда бажы нарядын алмаштырууга жол берилет жана ушул Жобого ылайык жөнөтүүчү бажы органы менен макулдашуу боюнча жүзөгө ашырылат. Ушуну менен бирге бажы нарядын алмаштыруу бажылык контролдоо зонасында товарларды ташуучу коштолуучу транспорт каражаттарын жайгаштыргандан кийин жүргүзүлүүгө тийиш.
8. Бажылык коштоону кыйла үнөмдүү уюштуруу, бажы чек арасы аркылуу ташып өткөн жерлерде товарлардын жана транспорт каражаттарынын чогулуусун жокко чыгаруу максатында бажы органдары бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуусу боюнча тизмеси бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген бажы наряддарын алмаштыруу пункттарын түзүүгө укуктуу.
Иш жүргүзгөн региондо бажы нарядын алмаштыруу пункту жайгашкан бажы органынын начальниги (аны алмаштырган адам) товарларды ташуучу коштоочу транспорт каражаттарынын туруп калуусун жокко чыгаруу максатында, бажы наряддарын үзгүлтүксүз күнү-түнү режиминде алмаштыруу мүмкүндүгүн камсыз кылат.
3-глава. Бажылык коштоону уюштуруу
9. Бажылык коштоо колдонуу жөнүндө чечим төмөнкүлөр тарабынан кабыл алынат:
1) Кодекстин 146-беренесине ылайык ташып келинүүчү бажы алымдарын, салыктарды, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттенмени аткарууну камсыз кылуу берилбеген же мындай камсыз кылуу Кодекстин 146-беренесине ылайык аныкталгандан аз өлчөмдө берилген учурларда, тариздөөгө коммерциялык жана товар коштоочу документтерди кабыл алган бажы органынын кызмат адамы тарабынан;
2) ушул пункттун 1-пунктчасын кошпогондо, Кодекстин 343-беренесинин 4-пунктунда, «Бажылык жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 139-беренесинин 6-бөлүгүндө каралган учурларда товарларды бажы чек арасы аркылуу ташып өткөрүүчү өткөрүү пунктунун/башка жайдын начальниги же бажылык тариздөө жайынын башкы инспектору тарабынан.
10. Коммерциялык жана товарды коштоочу документтерди тариздөөгө кабыл алган бажы органынын кызмат адамы төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) бажылык коштоону колдонуу жөнүндө кабыл алынган чечим жана бажылык коштоону колдонуу үчүн бажы жыйымдарын төлөө зарылдыгы жөнүндө ташуучуга кабарлоого;
2) бажылык коштоону жүзөгө ашыруучу кызмат адамдарын кабыл алынган чечим менен тааныштырууга.
11. Бажы чек арасы аркылуу товарларды жана транспорт каражаттарын өткөрүүчү өткөрүү пунктунун/башка жайдын начальниги же бажылык тариздөө жайынын башкы инспектору бажы органына ыкчам тартипте төмөнкү маалыматтарды көрсөтүү менен кабарлоо жөнөтөт:
– бажылык коштоо үчүн тартылган кызмат адамдарынын саны;
– бажы нарядынын башчысынын фамилиясы, аты, атасынын аты, наряддын курамы;
– бажылык коштоо башталган жана аяктаган жер;
– эгерде товарларды ташуу белгилүү маршрут боюнча жүргүзүлсө, кыймылдын маршруту;
– курал-жарактын бар экендиги жөнүндө маалыматтар (анын тиби, саны, номери, ок-дарылардын саны);
– коштоп жүрүүчү транспорт каражаттарынын мамлекеттик каттоо белгилери жөнүндө маалыматтар;
– бажы нарядынын алмаштыруу пункттары (зарыл болсо).
4-глава. Бажылык коштоодо документтерди
тариздөөнүн тартиби
12. Коштолуучу товарларга жана транспорт каражаттарына документтерди тариздөөдө жөнөтүүчү бажы органынын кызмат адамы транзиттик декларацияга штамп, жеке номердик мөөр коет жана аларды кол коюу менен күбөлөндүрөт.
Транзиттик декларацияны маалыматтык системалар аркылуу электрондук формада түзгөн учурда штамп, жеке номерлүү мөөр коюу жана аларды кол коюу менен күбөлөндүрүү талап кылынбайт.
13. Коштолуучу товарларга жана транспорт каражаттарына документтер таризделгенден кийин жөнөтүүчү бажы органынын кызмат адамы:
– бажы коштоосундагы товарларды ташыган транспорт каражаттарын эркин формада үч нускада кабыл алуу-өткөрүп берүү актысын түзөт жана аларды өздүк номерлүү мөөр менен күбөлөндүрөт. Кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы бажы органы үчүн арналган бажы, транспорттук (жүк ташуучу), коммерциялык жана башка документтердин тизмегин, ошондой эле транспорт каражаты жана аларды идентификациялоо каражаттары жөнүндө маалыматтарды камтыйт;
– ташуучунун транспорт каражаттарын коштоого кабыл алгандыгы жана товар коштоочу документтерди алгандыгы жөнүндө бажы нарядынын башчысынын белгиси менен кабыл алуу-өткөрүп берүү актысынын бир нускасын бажы нарядынын башчысына берет;
– ташуучунун транспорт каражаттарын коштоого кабыл алгандыгы жана товар коштоочу документтерди алгандыгы жөнүндө бажы нарядынын башчысынын белгиси менен кабыл алуу-өткөрүп берүү актысынын бир нускасын жөнөтүүчү бажы органында калтырат;
– ташуучунун транспорт каражаттарын коштоого кабыл алгандыгы жана товар коштоочу документтерди алгандыгы жөнүндө бажы нарядынын башчысынын белгиси менен кабыл алуу-өткөрүп берүү актысынын бир нускасын алардын сакталышы үчүн жоопкерчилик менен таанышкандыгы жөнүндө кол койдуруу менен баруучу бажы органы үчүн арналган бажы, транспорттук (ташуу), коммерциялык жана башка документтерди тиркөө менен баруучу бажы органына жеткирүү үчүн ташуучуга берет.
14. Жеткирүү жерине же бажы нарядын алмаштыруу пунктуна келгенде товар ташыган коштоочу транспорт каражаттары бажылык контролдоо зонасында жайгаштырылат.
Бажы нарядынын башчысы кабыл алуу-өткөрүп берүү актысынын бир нускасын баруучу бажы органынын же кезметтин кызмат адамына өткөрүп берет жана бул бажы органынын кызмат адамы менен бирге баруучу бажы органы үчүн арналган идентификациялоо каражаттарынын бүтүндүгүн, транспорт каражаттарынын жүк бөлүмдөрүн, алардын сакталышын жана ташуучуга берилген кабыл алуу-өткөрүп берүү актысынын, бажы, транспорттук (ташуу), коммерциялык жана башка документтердин болушун текшерет.
Бажы нарядынын катышуусу менен товарларга жана транспорт каражаттарына бажылык текшерип кароо идентификациялоо каражаттарынын, транспорт каражаттарынын жүк бөлүмдөрүнүн бүтүндүгү бузулган жана документтер жоголгон учурларда жүргүзүлөт.
Бажылык текшерип кароо жүргүзгөн учурда бажылык текшерип кароону жүргүзгөн бажы органынын кызмат адамынын жеке номерлүү мөөрүнүн белгиси менен күбөлөндүрүлгөн текшерип кароо актысынын нускасынын көчүрмөсү бажы нарядынын башчысына тапшырылат.
15. Баруучу бажы органынын же кезметтин кызмат адамы кабыл алуу-өткөрүп берүү актысынын экинчи жана үчүнчү нускаларына товарларды ташуучу коштоочу транспорт каражаттарын кабыл алуу жөнүндө тиешелүү белгилерди коет.
Кабыл алуу-өткөрүп берүү актысынын экинчи нускасы баруучу бажы органынын же кезметтин көктөмөлөрүндө калат, кабыл алуу-өткөрүп берүү актысынын үчүнчү нускасы бажылык коштоого кабыл алуу-өткөрүп берүү актысын берген бажы органына кийин өткөрүп берүү үчүн бажы нарядынын башчысына берилет.
16. Коштолуучу транспорт каражаттарынын, транспорт каражаттарындагы товарлардын, аларга документтердин жок болушуна же жоголушуна алып келүүчү жагдайлар пайда болгон учурда бажы наряды алардын сакталышын камсыз кылуу боюнча бардык андан көз каранды болгон чараларды көрүүгө милдеттүү.
17. Бажылык коштоодо бажы наряды кара күчтү, атайын каражаттарды жана куралдарды Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен белгиленген эрежелерге ылайык колдонууга укуктуу.
18. Товарларды жана автотранспорт каражаттарын бажылык коштоодо:
1) бир наряд менен бажылык коштолууга тийиш болгон транспорт каражаттарынын саны товарларды ташуунун шарттарына жана мүнөзүнө жараша жөнөтүүчү бажы органдары тарабынан белгиленет;
2) бажы наряды коштолуучу автотранспорт каражаттарында жүрүп бараткан учурда бажы нарядынын курамына кирген кызмат адамдары башкы жана акыркы автотранспорт каражатында жайгашат;
3) бажы наряды коштоочу автотранспорт каражатында жүрүп бараткан учурда коштоочу автотранспорт каражаты коштолуучу автотранспорт каражаттарынын бардык колоннасына байкоону камсыз кылуу мүмкүндүгү боло тургандай тартипте жүрөт;
4) токтогон учурларда бажы наряды колоннанын эки тарабын тең контролдойт.
19. Автотранспорт каражаттарынын бири бузулса, авариянын же ал жеткис күчтүн аракетинин кесепетинен анын мындан аркы кыймылы мүмкүн болбогон учурда бажы наряды бардык колоннанын жүрүшүн токтотот жана жакынкы бажы органына болгон жагдай, анын колоннанын турган жери жөнүндө билдирет.
Аталган бажы органы кыска мөөнөттө бузулган автотранспорт каражатындагы товарларга бажылык контролдоону камсыз кылуу үчүн зарыл болгон чараларды көрүү үчүн бузулган автотранспорт каражаты турган жерине кызмат адамдарынын келишин камсыз кылууга милдеттүү.
Болгон жагдай тууралуу бузулган транспорт каражатын кабыл алуу-өткөрүү актысы (мындан ары – акт) эркин формада, эки нускада иштин жагдайын баяндоо, товарлардын абалын жана мындан аркы бажы контролун жүзөгө ашыруу жана бажы операцияларын жүргүзүү үчүн зарыл болгон башка маалыматтарды сыпаттоо менен түзүлөт. Актыга бажы нарядынын башчысы жана аталган жакынкы бажы органынын кызмат адамы кол коет.
Бажы нарядынын башчысы, аталган жакынкы бажы органынын кызмат адамы жана ташуучу актыга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизет жана өз кол коюусу менен күбөлөндүрөт.
20. Товар ташуучу бузулган автотранспорт каражатын бажы органынын кызмат адамдарына өткөрүп бергенден кийин колоннанын башка автотранспорт каражаттары жүрүшүн уланта алышат.
Эгерде автотранспорт каражатынын бузулушу товарларды бузуу же жоготуу коркунучусуз жоюлса, анда бардык колонна оңдоо иштери аяктаганга чейин кармалат.