Загрузка документа…
| 7-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 токтому менен бекитилди) |
|
Убактылуу сактоо кампаларынын, бажы кампаларынын жана электрондук соода
кампаларынын инфраструктурасына, техникалык жабдуусуна жана иштөө режимине талаптар
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июлундагы № 406, 2026-жылдын 29-июнундагы № 444 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Талаптар "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 216 жана 221-беренелерине ылайык иштелип чыккан жана убактылуу сактоо кампаларын жана бажы кампаларын жайгаштырууда жана жабдууда шарттарды аныктайт.
2. Ушул Талаптарда Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинде, бажы укуктук мамилелерди жөнгө салуучу эл аралык келишимдерде жана Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзүүчү актыларда, бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген маанилерде терминдер жана аныктамалар, ошондой эле төмөнкү терминдер жана алардын аныктамалары колдонулат:
1) убактылуу сактоо кампасы - товарларды убактылуу сактоого арналган атайын аныкталган жана жайгаштырылган курулмалар, жайлар (жайлардын бөлүктөрү) жана (же) ачык аянтчалар;
2) ачык типтеги бажы кампасы - бардык товарларды сактоого жана товарларга карата ыйгарым укукка ээ бардык жактардын пайдалануусуна арналган кампа;
3) жабык типтеги бажы кампасы - бажы кампасынын ээсинин жана (же) мындай кампаны уюштурууда ээси тарабынан аныкталган айрым адамдардын товарларын сактоого арналган кампа;
4) электрондук соода кампасы – электрондук соода товарларын убактылуу сактоо жана (же) бажы кампасынын бажы жол-жобосуна жайгаштырылган электрондук соодa товарларын сактоого арналган курулмалар, жайлар (жайлардын бөлүктөрү) жана ( же) ачык аянтчалар (аянтчалардын бөлүктөрү), анын ичинде эл аралык почта алмашуу жайларында (мекемелеринде) жайгашкан.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июнундагы № 444 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Убактылуу сактоо кампалары, бажы кампалары жана электрондук соода кампалары (мындан ары ушул главада - кампалар) төмөнкүдөй жайгаштырылууга жана жабдылууга тийиш:
1) товарлардын сакталышы камсыз кылынгандай;
2) аларга бөтөн адамдар (кампанын жумушчулары болуп саналбаган, товарларга карата ыйгарым укугу жок же мындай ыйгарым укуктарга ээ жактардын өкүлдөрү болбогон) кире албагандай;
3) бул товарларга карата бажы контролун жүргүзүү мүмкүнчүлүгү камсыз кылынгандай.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июнундагы № 444 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кампалар Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген, өрт коопсуздугу, санитардык-эпидемиологиялык жана техникалык ченемдер чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын тийиштүү корутундулары менен ырасталган өрт коопсуздугунун талаптарына, санитардык-эпидемиологиялык жана техникалык ченемдерге ылайык келүүгө тийиш.
5. Кампалардын аймагында кампанын иштөөсүнө байланышы жок объекттер болбошу керек.
6. Кампалар кыймылдап жүрүүчү транспорт каражаттарында же ар кандай түрдөгү кыймылдап жүрүүчү транспорт жабдуусунда жайгашуусу мүмкүн эмес.
7. Кампалардын аянты, анын ичинде жүк түшүрүүчү чектеш аянттар (бир же бир нече кампа жайлары жана аянтчалары бир дарек боюнча бир аймакта жайгашкан шартта) кайтарылууга, бардык периметри боюнча белгиленүүгө жана тосулууга жана транспорт каражаттарынын коопсуз өтүүсүн камсыз кылуучу катуу жабууга ээ болууга тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июлундагы № 406 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Кампанын бардык периметри боюнча тосмосу жабык, үзгүлтүксүз катуу конструкциядан (жеңил курулуш материалдарынан башка) болууга жана бийиктиги 2,2 метрден кем болбоого тийиш.
2. Убактылуу сактоо кампаларынын жана ачык типтеги бажы
кампаларынын инфраструктурасына талаптар
9. Убактылуу сактоо кампаларынын жана ачык типтеги бажы кампаларынын инфраструктурасына (жасалгаланышына) төмөнкүдөй милдеттүү талаптар коюлат:
1) транспорт кирүүчү жолдордун болушу (транспорттун түрүнө жараша);
2) обочолонгон административдик жайдын болушу;
3) товарларды жана транспорт каражаттарын бажылык контролдоо үчүн үстү жабылган, жабдылган аянттын, эстакаданын (же текшерип кароочу чуңкурдун) болушу;
4) товарларды ташуучу транспорт каражаттарын бажы операцияларын жасоо жана бажы контролун жүргүзүү үчүн зарыл болгон убакытка токтотуу үчүн чектеш, кайтарылган, жабдылган аймактын болушу;
5) убактылуу сактоо кампаларынын жана ачык типтеги кампалардын аймагында же алар жайгашкан жерге жакын - коомдук тамактануу жайларынын (ашкана, буфет ж.б.) жана санитардык-тиричилик жайларынын (даараткана, чайынма) болушу:
6) такталар жана (же) текчелер менен жабдылган кампа жайларынын болушу;
7) контролдук-өткөрүү пункттары менен дарбазалардын болушу.
10. Эгерде жайлар, обочолонгон имараттын жайларынын бөлүктөрү товарлардын сакталышы камсыз кылынгандай, аларга бөтөн адамдар (кампанын жумушчулары болуп саналбаган, товарларга карата ыйгарым укугу жок же мындай ыйгарым укуктарга ээ жактардын өкүлдөрү болбогон) кире албагандай, ошондой эле төмөнкүдөй талаптар сакталган учурларда бул товарларга карата бажы контролун жүргүзүү мүмкүнчүлүгү камсыз кылынгандай болуп жайгашса жана жабдылса, убактылуу сактоо кампаларын жайларда, эл аралык почта жөнөтүүлөрүнүн товарлары жана экспресс-жүктөр үчүн жайларда, обочолонгон имараттардын жайларынын бөлүгүндө уюмдаштырууга жол берилет:
- электрондук бекитүүчү түзүлүш менен эшиктин болушу (код же чип менен кулпу);
- транспорт кирүүчү жолдордун болушу (транспорттун түрүнө жараша);
- такталар жана (же) текчелер менен жабдылган кампа жайларынын болушу;
Ушул пункттун биринчи абзацында көрсөтүлгөн убактылуу сактоо кампаларын төмөнкү жайларда уюмдаштырууга жол берилбейт:
- жер төлө жайларында;
- жеңил металл конструкциялардан жасалган курулмаларда.
Ушул пункттун биринчи абзацында көрсөтүлгөн убактылуу сактоо кампаларына ушул Талаптардын 7, 8-пункттарында, 9-пунктунун 3, 4 жана 7-пунктчаларында көрсөтүлгөн талаптар коюлбайт.
3. Жабык типтеги бажы кампаларынын инфраструктурасына
талаптар
11. Жабык типтеги бажы кампаларынын инфраструктурасына (жайгашуусуна) төмөнкүдөй милдеттүү талаптар коюлат:
1) транспорт кирүүчү жолдордун болушу (транспорттун түрүнө жараша);
2) обочолонгон административдик жайдын болушу;
3) такталар жана (же) текчелер менен жабдылган кампа жайларынын болушу;
4) товарларды ташуучу транспорт каражаттарын бажы операцияларын жасоо жана бажы контролун жүргүзүү үчүн зарыл болгон убакытка токтотуу үчүн чектеш, кайтарылуучу, жабдылган аймактын болушу.
4. Убактылуу сактоо кампаларын жана ачык
типтеги бажы кампаларын техникалык жабдууга
талаптар
12. Убактылуу сактоо кампаларын жана ачык типтеги бажы кампаларын техникалык жабдууга төмөнкүдөй милдеттүү талаптар коюлат:
1) бажы органдары тарабынан колдонулуучу программалык продуктулар менен шайкеш келген товарларды эсепке алуунун автоматташтырылган системасынын болушу, маалыматтарга мыйзамсыз ээ болуудан коргоонун тийиштүү каражаттары менен жабдылышы;
Көңүл буруңуз:
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 токтомунун 8-пунктуна ылайык 12-пункттун 1-пунктчасы берилген токтом күчүнө кирген күндөн тартып эки жыл өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2) телефондук байланыштын же IР-телефониянын/мобилдик байланыштын, оргтехниканын жана көбөйтүүчү техниканын, Интернет глобалдуу тармагын колдонуу мүмкүндүгү менен компьютерлердин болушу, кызматтык жайларда локалдуу тармактын болушу;
3) үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу зарыл болгон учурга электр тогун иштеп чыгаруучу альтернативдик электр булагынын болушу;
4) төмөнкүлөргө бажы контролун жүргүзүү үчүн таразага тартуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуучу таразага тартуунун ар кандай чектери бар сертификациядан өткөн тараза жабдуусунун болушу:
- товарларга;
- автомобилдик транспорт каражаттарына.
Эскертүү:
Ушул пунктчанын үчүнчү абзацында белгиленген талаптар бажы операцияларын жасоочу жайлар жайгаштырылган убактылуу сактоо кампалары үчүн гана коюлат;
5) кампанын бардык периметри боюнча, кампанын аймагынын ичинде жана бажы операцияларын жасоочу жана бажы контролун жүргүзүүчү жайлар жайгашкан административдик жайларда акыркы отуз календардык күндүн ичинде болуп өткөн окуя жөнүндө видео маалыматты көргөзүүгө мүмкүндүк берген, күнү-түнү режимде иштеген видеобайкоонун болушу;
6) убактылуу сактоо кампаларынын аймагында бажы операцияларын жасоо жайлары жайгашкан учурда электрондук кезекти уюштуруу үчүн комплекстүү аппараттык жана программалык камсыздоонун болушу.
5. Жабык типтеги кампаларды техникалык
жабдууга талаптар
13. Жабык типтеги кампаларды техникалык жабдууга төмөнкүдөй милдеттүү талаптар коюлат:
1) товарларды эсепке алуунун автоматташтырылган системасынын болушу, маалыматтарга мыйзамсыз ээ болуудан коргоонун тийиштүү каражаттары менен жабдылышы;
Көңүл буруңуз:
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 токтомунун 8-пунктуна ылайык 13-пункттун 1-пунктчасы берилген токтом күчүнө кирген күндөн тартып эки жыл өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2) телефондук байланыштын же IP-телефониянын/мобилдик байланыштын, оргтехниканын жана көбөйтүүчү техниканын, Интернет глобалдуу тармагын колдонуу мүмкүндүгү менен компьютерлердин болушу, кызматтык жайларда локалдуу тармактын болушу;
3) кампанын бардык периметри боюнча жана кампанын аймагында акыркы отуз календардык күндүн ичинде болуп өткөн окуя жөнүндө видео маалыматты көргөзүүгө мүмкүндүк берген, күнү-түнү режимде иштеген видеобайкоонун болушу.
6. Өзгөчө сактоо шарттарын талап кылган товарларды сактоого
арналган убактылуу сактоо кампаларына жана бажы кампаларына
талаптар
14. Өзгөчө сактоо шарттарын талап кылган товарларды сактоого арналган убактылуу сактоо кампаларында жана бажы кампаларында ушул Талаптардын 9 жана 12-пункттарында каралган талаптардан тышкары төмөнкүлөр бөлүнүп берилүүгө тийиш:
1) жабдылган жана атайын ылайыкталган жайлар, башка товарларга зыян келтириши мүмкүн болгон же өзгөчө сактоо шарттарын талап кылуучу товарларды сактоого арналган сыйымдуулуктар;
2) тез бузулуучу продукцияларды сактоо үчүн муздатуучу орнотмолор же сыйымдуулуктар;
3) дары-дармек каражаттарын сактоо үчүн белгилүү температуралык режимди сактаган атайын жайлар же сыйымдуулуктар.
61. Электрондук соода кампаларынын инфраструктурасына
жана техникалык жабдылышына талаптар
(Глава Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июнундагы № 444 токтомунун редакциясына ылайык)
141. Электрондук соода кампаларынын инфраструктурасына (жабдууларына) төмөнкү милдеттүү талаптар коюлат:
1) кирүү жолдорунун болушу (транспорттун түрүнө жараша);
2) стеллаждар жана/же текчелер менен жабдылган кампа жайларынын болушу;
3) бажы операцияларын жана бажы контролун жүргүзүү үчүн зарыл болгон убакытка электрондук соода товарларын ташуучу транспорт каражаттарынын жайгашуусу үчүн жабдылган, чектеш, кайтарылуучу аймактын болушу;
4) башка товарларга зыян келтире турган же сактоонун өзгөчө шарттарын талап кылган товарларды сактоо үчүн арналган, жабдылган жана атайын ылайыкташтырылган жайдын болушу;
5) бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталган текшерүүчү рентген техникасынын болушу;
6) жүктөө-түшүрүү техникасынын болушу;
7) бажы органдары тарабынан колдонулуучу программалык продуктулар менен шайкеш келген товарларды эсепке алуунун автоматташтырылган системасынын болушу, маалыматты мыйзамсыз алуудан коргоонун тиешелүү каражаттары менен жабдылышы;
8) телефон байланышынын же IP-телефониянын/мобилдик байланыштын, уюштуруу техникасынын жана көчүрүүчү техниканын, глобалдык Интернет тармагына кирүү мүмкүнчүлүгү бар компьютерлердин болушу, кызматтык жайларда локалдык тармактын болушу;
9) үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо үчүн электр тогун иштеп чыгуучу энергиянын альтернативдүү булагынын болушу;
10) төмөнкүлөргө бажы контролун жүргүзүү үчүн өлчөө мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган, ар кандай өлчөө чектери бар сертификацияланган тараза жабдууларынын болушу:
– товарларды;
– транспорт каражаттарын;
11) кампанын бүтүндөй периметри боюнча, кампанын аймагынын ичинде жана бажы операцияларын жүргүзүүчү жерлер жана бажы контролун жүргүзүүчү жерлер жайгашкан административдик жайларда акыркы 30 календардык күндүн ичинде болуп өткөн окуялар жөнүндө видеомаалыматты көрүүгө мүмкүндүк берген, күнү-түнү иштөөчү видеобайкоонун болушу.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июнундагы № 444 токтомунун редакциясына ылайык)
142. Электрондук соода кампасын убактылуу сактоо кампасынын аймагында жайгашкан эл аралык почта алмашуу жеринде уюштурууга жол берилет.
Бул учурда электрондук соода кампасына карата ушул Талаптардын 7, 8-пункттарында жана 141-пунктунун 1, 3–7, 9, 10-пунктчаларында каралган талаптар жайылтылбайт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июнундагы № 444 токтомунун редакциясына ылайык)
143. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечиминин негизинде электрондук соода операторлорунун бажылык реестрине юридикалык жакты киргизүүгө жол берилет.
Бул учурда реестрге киргизүүдө мындай юридикалык жакка карата 141-пунктта белгиленген талаптар жайылтылбайт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июнундагы № 444 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Убактылуу сактоо кампаларынын иштөө режими
Бажы жол-жоболоруна товарларды жайгаштыруу менен
байланышкан бажы операцияларын жүргүзүү жайларын аныктоо
тартиби
15. Убактылуу сактоо кампасынын иштөө режими күнү-түнү болуп саналат (бажы контролунда жайгашкан товарларды ташуучу транспорт каражаттарынын сутканын каалаган убагында кирүүсүн камсыздоо үчүн). Ишин жүргүзгөн региондо убактылуу сактоо кампасы жайгашкан бажы органы менен макулдашуу боюнча башка иштөө режими бекитилиши мүмкүн.
Убактылуу сактоо кампасынын иштөө режими жөнүндө маалымат убактылуу сактоо кампасына кирүүчү дарбазаларда илинүүгө тийиш.
16. Бажы операцияларын жүргүзүү жайлары (мындан ары - БОЖ) бажы органдарына же убактылуу сактоо кампаларынын ээлеринин реестрине киргизилген юридикалык жактарга тиешелүү аймактарда жайгашуусу мүмкүн.
17. БОЖ Бажылык контролдоо зонасын түзүү жана белгилөө тартибине ылайык аныкталган туруктуу бажы контролу зоналарында жайгашат.
18. БОЖ аймактары тышкы экономикалык иштин товар агымына жана катышуучуларынын ыңгайлуулугуна жараша бажы органы тарабынан аныкталат.