Загрузка документа…
| 13-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 токтомуна) |
|
Конфискацияланган же Кыргыз Республикасынын менчигине (кирешесине) өткөрүлгөн же өндүрүп алынган чет өлкөлүк товарларды, ошондой эле бажы органдары тарабынан кармалган товарларды сатуу же жок кылуу тартиби
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июлундагы № 406 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын (мындан ары - Мыйзам) 17 жана 189-беренелерине ылайык иштелип чыккан жана төмөнкүлөрдү аныктайт:
- соттун чечими менен конфискацияланган же Кыргыз Республикасынын менчигине (кирешесине) өткөрүлгөн чет өлкөлүк товарларды сатуу же жок кылуу тартибин, ташуу (транспорттоо), кайра жүктөө (жүктөө, түшүрүү), сактоо боюнча чыгымдарды, мындай товарларды сатууга даярдоо жана сатуу менен байланышкан башка чыгымдарды эсептөө тартибин, ошондой эле мындай чыгымдардын ордун толтуруу тартибин;
- соттун чечими менен бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө эсебине өндүрүп алынган чет өлкөлүк товарларды сатуу же жок кылуу тартибин (мындан ары - өндүрүп алынган товарлар), ташуу (транспорттоо), кайра жүктөө (жүктөө, түшүрүү), сактоо боюнча чыгымдарды, мындай товарларды сатууга даярдоо жана сатуу менен байланышкан башка чыгымдарды эсептөө тартибин, ошондой эле мындай чыгымдардын ордун толтуруу тартибин;
- Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинин (мындан ары - Кодекс) 51-главасына жана Мыйзамдын 33- главасына ылайык бажы органдары тарабынан сактоо мөөнөтү өткөн кармалган товарларды (мындан ары - кармалган товарлар) сатуу же жок кылуу тартибин, ташуу (транспорттоо), кайра жүктөө (жүктөө, түшүрүү), сактоо боюнча чыгымдарды, бажы органдары тарабынан сактоо мөөнөтү өткөн кармалган товарларды сатууга даярдоо жана сатуу менен байланышкан башка чыгымдарды эсептөө тартибин, ошондой эле мындай чыгымдардын ордун толтуруу тартибин.
2. Ушул Тартипте каралган түшүнүктөр Кодексте, Мыйзамда аныкталган маанилерде пайдаланылат.
3. Соттун чечими менен конфискацияланган чет өлкөлүк товарларды тескөөнү аткаруу өндүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот аткаруучулары тарабынан ишке ашырылат.
4. Өндүрүлгөн товарларды жана кармалган товарларды тескөө бажы органдарынын (мындан ары - ыйгарым укуктуу уюм) кызыкчылыгына көмөк көрсөтүү максатында түзүлгөн уюмдар, ишканалар, мекемелер тарабынан аларды сатуу же жок кылуу жолу менен ишке ашырылат.
5. Төмөнкүдөй товарлар сатылууга тийиш:
- соттун чечими менен Кыргыз Республикасынын менчигине (кирешесине) өткөрүлгөн;
- өндүрүп алынган;
- Кодекстин 380-беренесинин 1 жана 2-пункттарында каралган мөөнөттө, Кодекстин 381-беренесинде аталган бажы органдары жана талап кылынбаган адамдар тарабынан кармалган.
6. Соттун чечими менен Кыргыз Республикасынын менчигине (кирешесине) өткөрүлгөн товарларды, өндүрүп алууга багытталган товарларды, кармалган товарларды ташуу (транспорттоо), кайра жүктөө (жүктөө, түшүрүү), сактоо боюнча чыгымдар, товарларды сатууга даярдоо, сатуу менен байланышкан башка чыгымдар алардын наркынан ашса, мындай товарлар жок кылынууга тийиш.
7. Соттун чечими менен Кыргыз Республикасынын менчигине (кирешесине) өткөрүлгөн товарларды, өндүрүп алууга багытталган товарларды, кармалган товарларды ташуу (транспорттоо), кайра жүктөө (жүктөө, түшүрүү), сактоо боюнча чыгымдарды бекитилген прайс-барактардын, ошондой эле сатууга даярдоодо жана кармалган товарларды сатууда ыйгарым укуктуу уюм тарткан документалдык түрдө ырасталган башка чыгымдардын негизинде эсептейт.
2. Кармалган товарларды сатуу же жок кылуу тартиби
8. Товарларды кармаган бажы органы Кодекстин 380-беренесинде белгиленген, кармалган товарларды сактоо мөөнөтү аяктаганга чейин алдын ала, бирок он беш күндөн кем эмес убакытта декларантка, ал эми товардын ээси бажылык декларациялоону жүргүзбөгөн болсо, товардын ээсине жазуу жүзүндө билдирет, эгерде товардын ээси чет өлкөлүк адам болсо же бажы органында товардын ээси жөнүндө маалымат жок болсо, товар кармалган учурда аталган товарларга ээлик кылган адамга кармалган товарларды пайдаланууга мүмкүндүк берүүчү учурдун башталган датасы, аларды өткөрүп берүүнүн датасы тууралуу жазуу жүзүндө билдирилет. Мындай жазуу жүзүндөгү билдирүү тил каттын негизинде же бул билдирүүнү алгандыгын жана алган күнүн ырастаган башка ыкмалардын жардамы менен ушул пунктта аталган адамдарга тапшырылууга тийиш.
Тез бузулуучу товарлар кармалган учурда мүмкүн болгон ыкчам байланыш каражаттары, ошону менен бирге электрондук түрдө билдирүү жиберүү аркылуу мындай товар кармалган күнү билдирилүүгө тийиш.
9. Товарды кармаган бажы органы Кодекстин 380-беренесинде белгиленген, кармалган товарларды сактоо мөөнөтү аяктаган күндөн кийинки күндөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган формада сактоо мөөнөтү аяктагандыгы тууралуу эки нускада акт түзөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июлундагы № 406 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Ушул Тартиптин 9-пунктунда каралган бажы органынын актысынын бир нускасы акт түзүлгөн күндөн кийинки үч жумуш күндөн кечиктирилбестен ушул Тартиптин 8-пунктунда аталган адамдарга тапшыргандыгы жөнүндө күбөлөндүрүү менен заказ түрүндөгү кат аркылуу жиберилет. Актынын экинчи нускасы бажы органында калат. Бажы органы күбөлөндүргөн актынын көчүрмөсү убактылуу сактоочу кампанын ээсинде же болбосо кармалган товарлары сактоодо турган башка адамда калат.
11. Ушул Тартиптин 9-пунктунда каралган бажы органынын актысы кармалган товарларды пайдалануу үчүн негиз боло алат.
12. Товарларды кармаган бажы органы кармалган товарларга карата бажы алымдарынын, салыктардын суммасын мындай товарларды ички керектөө үчүн чыгаруунун бажылык жол-жобосуна жайгаштырууда төлөнүүгө тийиш болгон, алар кармалган күнгө карата эсептелген бажы алымдарынын, салыктардын суммаларына жараша эсептейт.
13. Товарларды кармаган бажы органы кармалган товарларды сактоо мөөнөтү бүткөн күндөн тартып үч жумуш күндөн кечиктирбестен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга аларды сактоо мөөнөтүнүн аякташы, товарлардын турган орду, алардын саны жана товарларды кабыл алуу жана алып чыгуу үчүн ыйгарым укуктуу уюмга зарыл болгон башка мүнөздөмөлөрү жөнүндө кармоо протоколунун көчүрмөсүн, ошондой эле ушул Тартиптин 12-пунктуна ылайык жүргүзүлгөн бажы алымдарынын, салыктардын суммасын төлөөгө тийиш болгон эсепти тиркөө менен билдирет.
Эгер кармалган товарлар тез бузулуучу болсо, билдирүү товарды кармаган күнү маалыматты электрондук түрдө берүү менен мүмкүн болгон ыкчам байланыш каражаттарын пайдалануу аркылуу жиберилет, мында бул товарлардын тез бузулуучу экендиги көрсөтүлөт.
14. Товарларды кармаган бажы органы кабыл алуу-өткөрүү актысы боюнча мындай товарлар жөнүндө маалыматтарды, алардын санын көрсөтүү менен, ошондой эле кармалган товарлардын бажы наркын ырастаган документтерди (эгер болсо) тиркөө менен аларды ыйгарым укуктуу уюмга берет.
15. Ыйгарым укуктуу уюм же анын өкүлү ушул Тартиптин 13-пунктунда каралган бажы органынан билдирүүсүн алган күндөн кийинки он жумуш күндөн кечиктирбестен кармалган товарларды бажы органынан кабыл алат жана эсепке алуу, баалоо жана тескөө үчүн алып кетет. Товарларды кармаган бажы органы ыйгарым укуктуу уюмдун жүйөлүү кайрылуусу боюнча товарларды кабыл алуу жана алып кетүү мөөнөтүн бир айдан ашырбай узартууга укуктуу. Тез бузулуучу товарлар ушул Тартиптин 13-пунктунда каралган бажы органынан билдирүүнү алган күндөн кийинки үч жумуш күндөн кеч эмес мөөнөттө тескөө үчүн ыйгарым укуктуу уюм тарабынан кабыл алынууга тийиш.
16. Кармалган товарлар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте, кармалган товарларды белгиленген тартипте баалоонун жыйынтыгы боюнча ыйгарым укуктуу уюм тарабынан сатылат.
17. Ушул Тартиптин 12-пунктуна ылайык төлөнүүгө тийиш болгон жана бажы органы тарабынан эсептелген бажы алымдарынын, салыктардын толук суммасын мамлекеттик бюджетке которууну камсыз кылуу максатында мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө, бирок кабыл алуу-өткөрүү актысы боюнча товарларды кабыл алган күндөн тартып үч айдан кеч эмес мөөнөттө ыйгарым укуктуу уюм тарабынан мындай товарларды тескөө жүргүзүлөт.
18. Эгерде ушул Тартиптин 17-пунктунда аталган мөөнөттө кармалган товарлар сатылбаса, ыйгарым укуктуу уюм Кыргыз Республикасынын бажы органы менен сатуу мөөнөтүн дагы эки айдан ашпаган мөөнөткө узартууну макулдашат.
19. Кармалган товарларды жок кылуу, ошондой эле мындай товарларды сактоо жана ташуу менен байланышкан чыгымдардын орду ушул Тартиптин 8-пунктунда аталган адамдардын эсебинен, ал эми мындай адамдар болбосо, ыйгарым укуктуу уюмдун эсебинен толтурулат.
3. Соттун чечими менен Кыргыз Республикасынын менчигине (кирешесине) өткөрүлгөн чет өлкөлүк товарларды сатуу же жок кылуу тартиби
20. Соттун чечими менен Кыргыз Республикасынын менчигине (кирешесине) өткөрүлгөн чет өлкөлүк товарларды сатуу же жок кылуу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарынын жана аткаруу өндүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жоболорун эске алуу менен ушул главага ылайык жүзөгө ашырылат.
Соттун чечими менен ээси жок деп таанылган жана мамлекеттин менчигине өндүрүү үчүн бажы органына өткөрүп берилген товарлар ыйгарым укуктуу уюм тарабынан сатылат.
21. Соттун чечими менен мамлекеттин менчигине өндүрүү үчүн өткөрүп берилген товарларды бажы органы кабыл алуу-өткөрүү актысы боюнча мындай товарлар жөнүндө маалыматтарды, алардын санын көрсөтүү менен, ошондой эле товарлардын бажы наркын ырастаган документтерди (эгер болсо) тиркөө менен аларды ыйгарым укуктуу уюмга берет.
22. Ыйгарым укуктуу уюм же анын өкүлү кабыл алуу-өткөрүү актысына кол койгон күндөн кийинки он жумуш күндөн кечиктирбестен, ушул Тартиптин 20-пунктунда аталган товарларды бажы органынан кабыл алат жана эсепке алуу, баалоо жана тескөө үчүн алып кетет. Бажы органы ыйгарым укуктуу уюмдун жүйөлүү кайрылуусу боюнча товарларды кабыл алуу жана алып кетүү мөөнөтүн бир айдан көп эмес узартууга укуктуу. Тез бузулуучу товарларды кабыл алуу-өткөрүү актысына кол койгон күндөн кийинки үч жумуш күндөн кеч эмес мөөнөттө тескөө үчүн ыйгарым укуктуу уюм кабыл алууга тийиш.
23. Кармалган товарлар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте, кабыл алуу-өткөрүү актысы боюнча товарларды кабыл алган күндөн тартып үч айдан кечиктирбестен, мүмкүн болгон кыска мөөнөттө ушул Тартиптин 20-пунктунда аталган товарларды белгиленген тартипте баалоонун жыйынтыгы боюнча ыйгарым укуктуу уюм тарабынан сатылат.
24. Эгерде ушул Тартиптин 23-пунктунда аталган мөөнөттүн ичинде кармалган товарлар сатылбаса, ыйгарым укуктуу уюм Кыргыз Республикасынын бажы органы менен сатуу мөөнөтүн дагы эки айдан узак эмес узартууну макулдашат.
25. Соттун чечими менен Кыргыз Республикасынын менчигине (кирешесине) өткөрүлгөн чет өлкөлүк товарларды жок кылуу, ошондой эле мындай товарларды сактоо жана ташуу менен байланышкан чыгымдарды төлөө ыйгарым укуктуу уюмдун эсебинен жүргүзүлөт.
4. Өндүрүп алууга багытталган чет өлкөлүк товарларды сатуу же жок кылуу тартиби
26. Өндүрүп алынган чет өлкөлүк товарларды сатуу же жок кылуу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарынын жана аткаруу өндүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жоболорун эске алуу менен ушул главага ылайык жүзөгө ашырылат.
Өндүрүп алынган товарлар ыйгарым укуктуу уюм тарабынан сатылат.
27. Соттун чечими менен доо арызы боюнча товарларды өндүрүп алган бажы органы бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө эсебине кабыл алуу-өткөрүү актысы боюнча ыйгарым укуктуу уюмга берет жана анда мындай товарлар, алардын саны жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт, ошондой эле товарлардын бажы наркын, бажы төлөмдөрүнүн суммасын ырастаган документтер (эгер болсо) тиркелет.
28. Ыйгарым укуктуу уюм же анын өкүлү ушул Тартиптин 26-пунктунда аталган товарларды бажы органынан кабыл алат жана кабыл алуу-өткөрүү актысына кол койгон күндөн кийинки он жумуш күндөн кечиктирбестен эсепке алуу, баалоо жана тескөө үчүн алып кетет. Бажы органы ыйгарым укуктуу уюмдун жүйөлүү кайрылуусу боюнча товарларды кабыл алуу жана алып кетүү мөөнөтүн бир айдан көп эмес узартууга укуктуу. Тез бузулуучу товарлар кабыл алуу-өткөрүү актысына кол койгон күндөн кийинки үч жумуш күндөн кеч эмес мөөнөттө тескөө үчүн ыйгарым укуктуу уюм тарабынан кабыл алынууга тийиш.
29. Ушул Тартиптин 26-пунктунда аталган товарларды сатуу кабыл алуу-өткөрүү актысы боюнча товарларды кабыл алган күндөн тартып үч айдан кечиктирбестен, мүмкүн болгон кыска мөөнөттө мындай товарларды белгиленген тартипте баалоонун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу уюм тарабынан жүзөгө ашырылат.
30. Эгерде ушул Тартиптин 29-пунктунда аталган мөөнөттүн ичинде товарлар сатылбаса, ыйгарым укуктуу уюм Кыргыз Республикасынын бажы органы менен сатуу мөөнөтүн дагы эки айдан ашык эмес узартууну макулдашат.
31. Өндүрүп алынган чет өлкөлүк товарларды жок кылуу, ошондой эле мындай товарларды сактоо жана ташуу менен байланышкан чыгымдарды төлөө ыйгарым укуктуу уюмдун эсебинен жүргүзүлөт.
5. Корутунду жоболор
32. Ушул Тартиптин 5-пунктунда аталган товарларды кабыл алуу-өткөрүү актысы боюнча иш жүзүндө кабыл алган күндөн тартып аларды сатуу же жок кылуу учуруна чейин ыйгарым укуктуу уюм алардын сакталышын камсыз кылат жана алар жоголгон учурда төмөнкүлөрдүн алдында жоопкерчилик тартат:
1) жоголгон товарларга бажы алымдарынын, салыктардын төлөнүүгө тийиш болгон суммаларын мамлекеттин бюджетине кайтаруу боюнча бажы органдарынын алдында;
2) Кодекстин 383-беренесине ылайык кармалууга тийиш болгон суммаларды эсептен чыгаруу менен жоголгон товарлардын наркын алардын ээлери болгон жактарга төлөп берүү боюнча кармалган товарларды тескөө үчүн берилген ушул жактардын алдында.
33. Эгерде ушул Тартиптин 8-пунктунда аталган жактар товарларды ыйгарым укуктуу уюмга бергенге чейин бажы аймагынан сыртка товарларды алып чыгуу, аларды бажылык декларациялоо же Кодексте жана Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган башка аракеттерди жүргүзүү боюнча милдеттерди аткарса, бажы органы мындай жактарга кармалган товарларды берүүдө тоскоолдук кылууга укуксуз.
34. Ушул Тартиптин 5-пунктунда аталган товарларды сатуудан түшкөн акча каражаттарын алган күндөн тартып үч жумуш күндөн кечиктирбестен, ыйгарым укуктуу уюм Кодекстин 383-беренесине ылайык мындай акча каражаттарын тескөө үчүн бажы органынын депозиттик эсебине, бажы органына кабарлоо менен которот. Бажы органы депозиттик эсепке акча каражаттары түшкөн күндөн тартып беш жумуш күндөн кечиктирбестен, бажы алымдарынын, салыктардын төлөөгө тиешелүү суммасын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук Казыналыгынын (мындан ары - Кыргыз Республикасынын Казыналыгы) тиешелүү эсебине, ошондой эле товарларды ташуу (транспорттоо), кайра жүктөө (жүктөө, түшүрүү), сактоо, кармалган товарларды сатуу менен байланышкан чыгымдарды жабууга багытталган суммаларды ыйгарым укуктуу уюмдун эсебине которот.
35. Кодекстин 383-беренесинде каралган кармап калууларды эсепке алуу менен эсептелген, кармалган товарларды сатуудан түшкөн акча каражаттарынын калдыгы бажы органы тарабынан декларантка, эгерде товарларга декларациялоо жүргүзүлбөсө, товарлардын менчик ээсине же башка мыйзамдуу ээсине бажы органында алар жөнүндө маалымат болгондо кайтарылып берилет.
36. Товарларды кармаган бажы органы ушул Тартиптин 35-пунктунда аталган кармоолорду жүзөгө ашырган күндөн кийинки беш жумуш күндөн кечиктирбестен, тапшыруу жөнүндө билдирүүсү менен тапшырык почта жөнөтүү аркылуу ушул Тартиптин 35-пунктунда аталган жактарга кармалган же алып коюлган товарларды сатуудан түшкөн акча каражаттарынын калдыгын алуу мүмкүндүгү жөнүндө кабарлайт. Эгерде бажы органынын ушул жактарга эң оперативдүү байланыш каражаттары, анын ичинде маалыматты электрондук түрдө берүү аркылуу кабарлоого мүмкүндүгү болсо, ал тапшырык катты жөнөтүү менен бир убакта эле ушундай ыкмалар менен да аларга кабарлайт.
37. Товарларды сатуудан түшкөн акча каражаттарынын калдыгы декларанттын же ушул Тартиптин 35-пунктунда аталган жактардын товарларды кармаган бажы органына берген жазуу жүзүндөгү арызы боюнча бажы органында алар жөнүндө маалыматтар болсо жана кармалган товарларды сатуудан түшкөн акча каражаттары Кыргыз Республикасынын Казыналыгынын эсебине түшкөн күндөн кийинки күндөн тартып үч жылдын ичинде бул жактар бажы органына кайрылган шартта кайтарылат.
38. Кармалган же алып коюлган товарларды сатуудан түшкөн акча каражаттарынын калдыгын кайтарып берүү жөнүндө арызды бажы органынын кароосунун жалпы мөөнөтү бажы органы кайтарып берүү жөнүндө арызды каттаган күндөн тартып он жумуш күндөн ашпайт.
39. Кармалган же алып коюлган товарларды сатуудан түшкөн акча каражаттарынын калдыгы акча каражаттарынын калдыгын кайтарып берүү жөнүндө арызда көрсөтүлгөн эсепке улуттук валюта менен кайтарылат.
40. Товарларды кармаган бажы органына ушул Тартиптин 37-пунктунда каралган мөөнөттө кармалган товарларды сатуудан түшкөн акча каражаттарынын калдыгын кайтарып берүү тууралуу арыз келбесе, аталган акча каражаттарынын талап кылынбаган суммасы мамлекеттик бюджеттин башка салыктык эмес алымдарынын курамында эсепке алынат жана кайтарылып берилбейт.