Загрузка документа…
| 14-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 токтомуна) |
|
Бажы ишинин маселелери жана бажы органдарынын компетенциясына кирген башка маселелер боюнча консультация берүү тартиби
1. Ушул Тартип "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын (мындан ары - Мыйзам) 155-беренесине ылайык иштелип чыккан жана бажы органдарынын кызмат адамдары тарабынан бажы ишинин маселелери жана бажы органдарынын компетенциясына кирген башка маселелер боюнча консультация берүү тартибин белгилейт.
Ушул Тартипте Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзгөн, бажылык укук мамилелерин жөнгө салуучу эл аралык келишимдер, актылар (мындан ары - бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдер жана актылар), бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталган маанидеги түшүнүктөр колдонулат.
2. Бажы органдары ушул Тартип менен белгиленген тартипте жана мөөнөттө бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерди, актыларды, бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын колдонуу маселелери жана бажы органдарынын компетенциясына кирген башка маселелер боюнча адамдарга консультация беришет.
3. Консультация бажы органдарынын кызмат адамдары тарабынан жазуу, ооз эки түрдө акысыз, анын ичинде маалыматтык системаларды пайдалануу менен берилет.
4. Консультация төмөнкүлөр боюнча берилбейт:
1) бажы органдарынын компетенциясына кирбеген маселелер боюнча;
2) кабыл алынган чечимдин же жасалган аракеттин же болбосо чечимди кабыл албоонун же аракетти жасабоонун себептери жана негиздери жөнүндө суроо-талаптар боюнча;
3) эгерде жактардын арыздары мындай аталышта болбогон учурда да, бирок өзүнүн мазмуну боюнча даттанууга кирген бажы органынын же анын кызмат адамдарынын чечимине, аракетине (аракетсиздигине) даттануулар боюнча;
4) эгерде жактардын арыздары мындай аталышта болбогон учурда да, бирок өзүнүн мазмуну боюнча даттанууга кирген бажы иши чөйрөсүндөгү бузуулар жөнүндө иштер боюнча токтомдорго, анын ичинде бузуулар жөнүндө конкреттүү ишти козгоо үчүн негиздердин болушу же болбошу, жоопкерчиликке тартуу жөнүндө, укук бузуулардын конкреттүү жагдайларына тийиштүү маселелер, иштер боюнча камсыздоо чараларын колдонуунун мыйзамдуулугу жөнүндө адамдардын даттануулары боюнча;
5) конкреттүү товарларга карата бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөөгө тийиш болгон суммаларды эсептөө жөнүндө кайрылуулар боюнча.
5. Консультация берүүдө бажы органынын кызмат адамы төмөнкүлөргө укуксуз:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ачыкка чыгарууга болбогон маалыматтарды, анын ичинде мамлекеттик, коммерциялык, банктык, салыктык же мыйзам менен корголгон башка сырды түзгөн маалыматтарды берүүгө;
2) каалаган жагдайларга жана окуяларга, анын ичинде бажы органдарынын же алардын кызмат адамдарынын чечимдерине, аракетине (аракетсиздигине) укуктук баа берүүгө;
3) кызыкдар адамдардын берген документтерине өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүүгө;
4) кайсыл болбосун ыкма менен бажы органдарына жүктөлгөн функцияларды ишке ашырууда бажы органынын мындан аркы чечимине же кызмат адамынын аракетине таасир этүүгө;
5) маалыматтардын тактыгын жана бажы операциялары үчүн зарыл документтердин туура таризделишин башка түрдө ырастоо.
6. Консультация берүүдө бажы органынын кызмат адамы консультация алуу үчүн кайрылган адамга кайсы ченемдик укуктук актыда (анын ичинде ченемдик укуктук актынын реквизиттери) тийиштүү укуктук мамилелерди жана бул ченемдин мазмунун жөнгө салуучу ченем камтыларын маалымдайт.
Консультация берүүдө укуктук актылардын ченемдик жазма буйруктарынын жоболорун бурмалоого жол берилбейт.
7. Кызыкдар адамдын ооз эки суроо-талабы боюнча консультация мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө берилет.
Жазуу жүзүндө суроо талаптар, ошондой эле электрондук почта аркылуу түшкөн суроо-талаптар боюнча консультация берүү жарандардын кайрылуусун кароо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана мөөнөттө ишке ашырылат.
8. Консультация берүүдө бажы органдарынын кызмат адамдары бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерге жана актыларга, бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бажы органдарына берүүгө тийиш болгон бажылык декларацияларды жана айрым документтерди бажы органынын атынан текшеришпейт, ошондой эле мындай бажылык декларацияларды жана документтерди түзүшпөйт.
Аталган документтерди толтуруу маселелери боюнча консультация адам тарабынан берилген мындай документтерди жана маалыматтарды текшербей туруп берилет.
9. Консультация берүүдө адамдарга берилген маалымат товарларга карата бажы операцияларын жүргүзүүдө бажы органы же анын кызмат адамы тарабынан чечимдерди кабыл алуу же аракеттерди (аракетсиздикти) жасоо үчүн негиз болуп саналбайт.