Загрузка документа…
| 17-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 токтомуна) |
|
Евразия экономикалык бирлигинин тышкы экономикалык ишинин товардык номенклатурасына (ЕАЭБ ТЭИ ТН) ылайык товарларды классификациялоо жөнүндө алдын ала чечимдерди кабыл алуу тартиби тууралуу жобо
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо конкреттүү товарды Евразия экономикалык бирлигинин тышкы экономикалык ишинин товардык номенклатурасынын (мындан ары - ЕАЭБ ТЭИ ТН) белгилүү бир подсубпозициясына киргизүү максатында товарларды классификациялоо жөнүндө алдын ала чечимдерди кабыл алуунун тартибин аныктайт.
2. Товарларды классификациялоо жөнүндө алдын ала чечим (мындан ары - алдын ала чечим) ЕАЭБ ТЭИ ТНге жана ТЭИ ТНди чечмелөөнүн негизги эрежелерине ылайык товар тууралуу маалыматтын негизинде бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кабыл алынат.
3. Алдын ала чечим бажылык тариздөө үчүн товар бажы органына берилген учурга чейин адамдын электрондук документ же кагаз жүзүндөгү документ түрүндө берилген арызынын негизинде бажы органы тарабынан кабыл алынат.
4. Алдын ала чечим арыз ээсине гана берилет.
5. Алдын ала чечим Кыргыз Республикасынын бардык бажы органдары үчүн милдеттүү болуп саналат.
6. Алдын ала чечимдин формасы Евразия экономикалык комиссия тарабынан аныкталат.
7. Алдын ала чечим, эгерде ал өзгөртүлбөсө же кайра сурап алынбаса же анын колдонулушу токтотулбаса, ал кабыл алынган күндөн тартып үч жыл колдонулат.
8. Ушул Жобонун 7-пунктунда аталган мөөнөт аяктаганда алдын ала чечим автоматтык түрдө күчүн жоготот, бул ушул Жободо белгиленген тартипке ылайык арыз ээсинин жаңы алдын ала чечимди берүү жөнүндө кайрылуусуна тоскоол болбойт.
9. Алдын ала чечимди алган арыз ээси анын түп нускасын жана көчүрмөсүн товарларды чыгаруу үчүн жүктү коштоочу башка документтер менен бирге бажы органына берет.
Бажы органынын кызмат адамы алдын ала чечимдин көчүрмөсүн салыштыргандан (түп нускасы менен) кийин түп нускасын арыз ээсине кайтарат, алдын ала чечимдин көчүрмөсү бажы органында калат.
2. Алдын ала чечимди кабыл алуу жөнүндө арызды берүү
10. Алдын ала чечимди алуу үчүн арыз ээси ЕАЭБ ТЭИ ТНге ылайык товардын классификациясы жөнүндө алдын ала чечимди кабыл алуу тууралуу электрондук документ же кагаз жүзүндөгү документ түрүндө берилген арызын бажы органына жиберет.
11. Алдын ала чечимди кабыл алуу жөнүндө арыз менен бирге төмөнкү документтер жана маалыматтар берилиши керек:
1) эгерде товар үчүн ЕАЭБ ТЭИ ТНде тобуна, позициясына карата эскертүү же позициясынын тексти менен товарда кандайдыр бир заттардын (элементтердин), материалдардын камтылышы боюнча талаптар белгиленсе, товардын курамы жөнүндө маалыматтарды камтыган документтер;
2) эгерде ЕАЭБС ТЭИ ТН тобуна, позициясына карата эскертүүлөрдө же позициясынын текстинде аныкталган классификациялык белги болуп товарды иштетүү түрү же товарды иштетүү даражасы (техникалык схемалар, технологиялык нускамалар, технологиялык процесстин сыпаттамасы, товарды кайра иштетүү процесстери жана түрлөрү жөнүндө маалыматтарды камтыган башка документтер) саналса, товарды кайра иштетүү процесстери жана кайра иштетүү түрлөрү тууралуу маалыматтарды камтыган башка документтер;
3) эгерде ЕАЭБ ТЭИ ТН тобуна, позициясына карата эскертүүлөрдө же позициясынын текстинде аныкталган классификациялык белги болуп товардын салмагы, өлчөмү, кубаттуулугу, өндүрүмдүүлүгү, башка техникалык мүнөздөмөлөрү (техникалык документтер, чиймелер, блок-схемалар, техникалык паспорт, пайдалануу боюнча нускама, технологиялык схемалар, пайдалануучунун колдонмосу, товардын техникалык мүнөздөмөсү жана таасир этүү принциби жөнүндө маалыматтарды камтыган башка документтер) саналса, товардын техникалык мүнөздөмөсү жана таасир этүү принциби тууралуу маалыматтарды камтыган документтер;
4) эгерде алдын ала чечимди кабыл алуу жөнүндө арызга жана ага карата документтерге ыйгарым укуктуу адам кол койсо, адамдын ыйгарым укугун ырастоочу документ (ишеним кат).
Арыз ээси анын карамагында болгон, анын ичинде мамлекеттик органдар тарабынан берилүүчү маалыматтарды жана документтерди, ошондой эле товарлардын фото сүрөттөрүн, сүрөттөрүн, сынамдарын жана үлгүлөрүн да бере алат.
12. Юридикалык жактан келип түшүүчү арызга аты-жөнүн жана кызмат ордун көрсөтүү менен уюмдун жетекчиси (жетекчинин орун басары) кол коюшу керек жана ал уюмдун жайгашкан жери жөнүндө маалыматты, почта дарегин, ишканалардын, уюмдардын жана жеке ишкерлердин жалпы идентификациялык кодун (ОКПО кодун), салык төлөөчүнүн идентификациялык номерин (мындан ары - ИСН), байланыш телефонун, электрондук почтасынын дарегин (болсо) камтууга тийиш.
13. Жеке адамдан келип түшүүчү арызга аталган адам кол коюшу керек жана ал анын жашаган жери жөнүндө маалыматты, байланыш телефонунун номерин, паспортунун сериясын жана номерин, качан жана ким тарабынан берилгендиги тууралуу маалыматты камтууга тийиш. Арызда ИСН, электрондук почта дареги көрсөтүлүшү мүмкүн.
14. Эгерде арыз ээси тарабынан берилген маалыматтар алдын ала чечимди кабыл алуу үчүн жетишсиз болсо, бажы органы алдын ала чечимди кабыл алуу жөнүндө арыз бажы органында катталган күндөн тартып 30 (отуз) календардык күндүн ичинде кошумча маалыматты берүү зарылдыгы тууралуу арыз ээсине кабарлайт. Кошумча маалымат арыз ээсин жазуу жүзүндө кабарлаган күндөн тартып 60 (алтымыш) календардык күндүн ичинде берилүүгө тийиш.
15. Кошумча маалыматтарды берүү зарылдыгы жөнүндө арыз ээсине кабарланган учурда алдын ала чечимди кабыл алуу мөөнөтү токтотулуп турат жана суралган маалыматтарды камтыган акыркы документти бажы органы алган күндөн тартып калыбына келтирилет.
16. Кошумча маалымат ушул Жобонун 14-пунктунда белгиленген мөөнөттө берилбеген учурда, арыз четке кагылат, бул тууралуу кошумча маалымат жөнүндө суроо-талапта белгиленген мөөнөт аяктаган күнү арыз ээсине жазуу жүзүндө маалымдалат.
17. Арызды четке кагуу аталган арызды четке кагуу үчүн негиз болгон себептер жоюлган шартта, арыз ээсинин кайра кайрылуусуна тоскоол болбойт.
3. Алдын ала чечимди кабыл алуу
18. Алдын ала чечим арыз бажы органында катталган күндөн тартып 90 (токсон) күндүн ичинде кабыл алынат.
19. Алдын ала чечимди кабыл алуу жөнүндө арызда он орундуу коддук белгилөө деңгээлинде ЕАЭБ ТЭИ ТНын белгилүү бир подсубпозициясына товарды бир жактуу киргизүү үчүн жетиштүү маалымат болгон учурда, алдын ала чечим кыйла кыска мөөнөттө кабыл алынат.
20. Алдын ала чечимди даярдоодо төмөнкүлөр изилденет:
1) товардык позициялардын, субпозициялардын, подсубпозициялардын тексттери, бөлүмдөргө, топторго, товардык позицияларга, субпозицияларга карата эскертүүлөр, ЕАЭБ ТЭИ ТНди чечмелөөнүн негизги эрежелеринин жоболору;
2) Товарларды сыпаттоонун жана колдоонун шайкеш келтирилген системасынын алфавиттик көрсөткүчү, ЕАЭБ ТЭИ ТН карата түшүндүрүүлөр;
3) товарларды классификациялоо маселелери боюнча Дүйнөлүк бажы уюмунун сессияларынын материалдары;
4) Дүйнөлүк бажы уюмунун чечимдеринин электрондук базасы;
5) эл аралык стандарттар (ISO, Codex Alimentarius, регламенттер жана башкалар);
6) улуттук стандарттар, регламенттер, техникалык шарттар;
7) товардын максаттуу пайдаланылышын ырастоочу документтер;
8) товардын сыпатталышы;
9) ЕАЭБ ТЭИ ТНди чечмелөөнүн негизги эрежелерине ылайык товарга негизги өзгөчөлүк берген материалды же курамдык бөлүгүн аныктоо үчүн көп компоненттүү товардын сыпатталышы жана ушул критерий каралып жаткан учурда колдонулушу-колдонулбастыгы жөнүндө аныктама;
10) ЕАЭБ ТЭИ ТНди чечмелөөнүн негизги эрежелерине ылайык товарга негизги өзгөчөлүк берген курамдык бөлүгүн аныктоо үчүн топтомдор менен берилген товарлардын тизмеги жана ушул критерий каралып жаткан учурда колдонулушу-колдонулбастыгы жөнүндө аныктама;
11) ЕАЭБ ТЭИ ТНди 2а) чечмелөөнүн негизги эрежелерине ылайык аларды классификациялоо мүмкүндүгүн аныктоо үчүн чогултулбаган же бөлүктөргө бөлүнгөн түрдө, анын ичинен комплекттелбеген же бүткөрүлбөгөн түрдө берилген товарлардын тизмеги;
12) фото сүрөттөр жана сүрөттөр (зарыл болсо);
13) товардын мүнөздөмөсү;
14) товардын сапаттык жана сандык курамы (зарыл болсо);
15) чиймелер, технологиялык схемалар (зарыл болсо);
16) товардын колдонулушу (зарыл болсо);
17) товарды таңгактоонун ыкмалары жана түрлөрү (зарыл болсо);
18) эксперттик уюмдардын корутундусу (болсо) жана алдын ала чечимди кабыл алуу үчүн арыз ээси тарабынан берилген башка маалымат;
19) Евразия экономикалык комиссиясынын расмий сайтында жарыяланган алдын ала чечимдер;
20) Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын (мындан ары - ЕЭК Коллегиясы) товарларды классификациялоо боюнча чечимдери жана түшүндүрүүлөрү.
21. Арыз ээси тарабынан берилген документтерди жана маалыматтарды, ошондой эле товарларды экспертизалоонун жыйынтыктарын (ал жүргүзүлгөн учурда) изилдөөдөн кийин аткаруучу товарды он орундуу коддук белгилөө деңгээлинде ЕАЭБ ТЭИ ТН белгилүү бир подсубпозициясына киргизет жана алдын ала чечимди жана арыз ээсине бажы органынын коштоочу катын даярдайт.
22. Алдын ала чечим белгилүү бир марканы, моделди, артикулду жана модификацияны камтыган товардын ар бир аталышына кабыл алынат.
23. Товарлар ар түрдүү маркаларга, моделдерге, артикулдарга, модификацияга, бирок бир аталышка ээ болгон, ошондой эле товарларды ЕАЭБ ТЭИ ТН бир он орундуу подсубпозициясына классификациялоого мүмкүндүк берүүчү негизги мүнөздөмөлөргө ээ болгон, ал эми сыпатталышы аларды бажы максаттары үчүн бир жактуу идентификациялоого мүмкүндүк берген учурларда, бир алдын ала чечим берилет, анда зарыл болгон учурда товардын маркасын, моделдерин, артикулдарын, модификациясын сыпаттоо менен товардын бир аталышы көрсөтүлөт.
24. Товарларды классификациялоо жөнүндө алдын ала чечим бланкта кагаз жүзүндө таризделет.
Алдын ала чечимде оңдоолорго жол берилбейт.
25. Арыз ээси алдын ала чечимди жоготкон учурда, алдын ала чечимдин дубликаты берилет. Дубликатты алуу максатында арыз ээси алдын ала чечимди берген бажы органына жоготулган алдын ала чечимге шилтемени камтыган жазуу жүзүндөгү арызын (арыз ээси, алдын ала чечим катталган номер, алдын ала чечим кабыл алынган дата, товардын аталышы жана кыскача сыпатталышы көрсөтүлөт) жиберет.
26. Бажы органы алдын ала чечим жоголгону тууралуу жазуу жүзүндөгү арыз катталган күндөн тартып 15 (он беш) календарлык күндүн ичинде ушул чечимдин дубликатын берет.
Алдын ала чечимдин дубликаты түп нускага окшош болушу керек (алдын ала чечимдин түп нускасында камтылган бардык маалыматтар, анын ичинде алдын ала чечим катталган номер жана кабыл алынган дата сакталат). Алдын ала чечимге кол койгон кызмат адамы жок учурда, дубликатка алдын ала чечимдерге кол коюуга ыйгарым укуктуу башка кызмат адамы кол коюшу мүмкүн.
Дубликаттын колдонулуу мөөнөтү алдын ала чечимдин түп нускасы кабыл алынган күндөн тартып эсептелет.
4. Товарды классификациялоо, анын колдонулушун токтотуу же кайра сурап алуу жөнүндө алдын ала чечимге өзгөртүү киргизүү
27. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган товарды классификациялоо жөнүндө ал тарабынан кабыл алынган чечимге, ошондой эле товарды классификациялоо жөнүндө алдын ала чечимдин колдонулушун токтотуу же кайра сурап алуу тууралуу чечимге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечимди кабыл алат.
28. Товарды классификациялоо жөнүндө алдын ала чечимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу чечим бажы органы же арыз ээси тарабынан товарды классификациялоо жөнүндө бул алдын ала чечимди кабыл алууда жол берилген жана алар ЕАЭБ ТЭИ ТНге ылайык товардын коду тууралуу маалыматтарга таасирин тийгизбеген каталар аныкталган учурда кабыл алынат.
Товарды классификациялоо жөнүндө алдын ала чечимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу чечим товарды классификациялоо жөнүндө мындай алдын ала чечим кабыл алынган күндөн баштап күчүнө кирет.
29. Алдын ала чечимди өзгөртүү тууралуу чечим бөлүп бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын каты саналат.
30. Товарды классификациялоо жөнүндө алдын ала чечимдин колдонулушун токтотуу тууралуу чечим ЕАЭБдин БКнын 26-беренесинин 3, 4, 5-пункттарына ылайык кабыл алынат.
31. Товарды классификациялоо жөнүндө алдын ала чечимди кайра сурап алуу тууралуу чечим төмөнкү учурларда кабыл алынат:
1) ЕАЭБ ТЭИ ТНге товардын классификациясына таасирин тийгизген өзгөртүү киргизилген, ага карата товарды классификациялоо жөнүндө бул алдын ала чечим кабыл алынган;
2) ЕЭКтин Коллегиясы тарабынан товарды классификациялоо жөнүндө бул алдын ала чечимде көрсөтүлгөн товардын классификациясынын өзгөрүшүнө алып келген товарлардын айрым түрлөрүн классификациялоо тууралуу чечим кабыл алынган;
3) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан товарды классификациялоо жөнүндө бул алдын ала чечимде көрсөтүлгөн товардын классификациясынын өзгөрүшүнө алып келген, ЕАЭБ БКнын 21- беренесинин 6-пунктуна ылайык товарлардын айрым түрлөрүн классификациялоо жөнүндө чечим кабыл алынган же түшүндүрмө берилген;
4) Дүйнөлүк бажы уюму тарабынан Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер тарабынан колдонулуучу товарларды классификациялоо жөнүндө чечим кабыл алынган.
32. Алдын ала чечимди кайра сурап алуу жөнүндө чечим ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык кабыл алынат.
33. Товарды классификациялоо жөнүндө алдын ала чечимге, товарды классификациялоо жөнүндө алдын ала чечимдин колдонулушун токтотуу тууралуу чечимге, товарды классификациялоо жөнүндө алдын ала чечимди кайра сурап алуу тууралуу чечимге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечим мындай чечимди кабыл алуу себебин көрсөтүү менен арыз ээсине жиберилет, ошондой эле мындай чечимдер кабыл алынган күндөн кийинки күндөн кечиктирбестен бажы органдарына маалымдалат.
34. Бажы органы тарабынан алдын ала чечимдин колдонулушун токтотуу, өзгөртүү же кайра сурап алуу тууралуу чечимдин кабыл алынышы ушул Жободо белгиленген тартипке ылайык арыз ээсинин арыз менен кайра кайрылуусуна тоскоол болбойт.
5. Корутунду жоболор
35. Бажы органы жана анын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлардан тышкары, мамлекеттик сырды, ошондой эле коммерциялык, банктык, салык же мыйзам менен корголуучу башка сырларды түзгөн маалыматтарды жана башка купуя маалыматтарды ачыкка чыгарууга, өз максаттарына пайдаланууга, же болбосо үчүнчү жактарга, анын ичинде мамлекеттик органдарга берүүгө укуксуз.
36. Мында берилген маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган учурларда купуя деп саналат.
37. Арыз ээси арызда берилүүчү маалыматтын белгиленген мүнөзү тууралуу бажы органын кабарлайт.