Загрузка документа…
| 18-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 токтомуна) |
|
Товарларды жана транспорт каражаттарын бажылык текшерип кароону жана кароону уюштуруу жана жүргүзүү боюнча нускама
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-июнундагы N 319, 2025-жылдын 10-июлундагы № 406 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Нускама товарларды, транспорт каражаттарын чыгарганга чейин бажылык текшерип кароону жана кароону уюштурууну, жүргүзүүнү жана жыйынтыгын тариздөөнү аныктайт.
2. Товарларды жана транспорт каражаттарын бажылык текшерип кароо жана кароо Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексине (мындан ары - Кодекс), бажылык укук мамилелерин жөнгө салуучу, Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзүүчү эл аралык келишимдерге, актыларга, "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (мындан ары - Мыйзам) жана ушул Нускамага ылайык жүргүзүлөт.
2. Товарларды жана транспорт каражаттарын бажылык текшерип кароону жана кароону уюштуруу
3. Товарларды, транспорт каражаттарын бажылык текшерип кароо болуп кызмат адамдарынын төмөнкүлөр менен байланышкан аракеттери эсептелет:
1) товарлардын таңгагын же транспорт каражатынын жүк коюучу жерин же болбосо товарларга коюлган бажы пломбаларынын же идентафикациялоонун башка каражаттарынын бузулушу менен товарлар жайгашкан же жайгашышы мүмкүн болгон идиштерди, контейнерлерди жана башка жерлерди ачуу, текшерилүүчү объекттерди жана алардын бөлүктөрүн башка ыкмалар менен ажыратуу, демонтаждоо же бүтүндүгүн бузуу менен;
2) товарларды жана транспорт каражаттарын өткөрүүдө жана товарларды жана транспорт каражаттарына карата бажы операцияларын жүргүзүүдө берилген документтерде камтылган маалыматтарды салыштыруу менен;
3) товарлар жөнүндө иш жүзүндөгү маалыматтардын билдирилген маалыматтарга же берилген документтерге туура келишин салыштыруу менен.
4. Товарларды жана транспорт каражаттарын бажылык текшерип кароо Мыйзамдын 131-беренесинин 2-бөлүгүндө белгиленген негиздер боюнча дайындалат.
5. Деңгээлине жараша бажылык текшерип кароо төмөнкүдөй болушу мүмкүн:
1) толук - бардык жүк салынуучу жайларды ачуу менен жүк салынуучу жайларды кайра эсептөө жана/же өлчөө менен;
2) жарым-жартылай - жүк салынуучу жайларды ачуу менен жүк салынуучу жайларды тандап кайра эсептөө жана/же өлчөө менен.
6. Бажылык текшерип кароонун деңгээли жана методу кооптуулуктар профилин туш келди тандоо ыкмасын колдонуу менен кооптуулукту башкаруу системасы аркылуу же бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан аныкталган жактарды категорияга бөлүүнүн жыйынтыгы боюнча белгилениши керек.
Эгерде бажылык текшерип кароонун деңгээли жана методу кооптуулуктарды башкаруу системасы менен белгиленбесе, бажылык текшерип кароонун деңгээлин жана методун бажы органынын кызмат адамы аныктайт.
7. Эл аралык ташуунун товарларынын жана транспорт каражаттарынын түрүнө жараша жарым-жартылай бажылык текшерип кароо товарлардын белгилүү санына же пайыздык катышына карата же транспорт каражаттарынын жүк салуучу бөлүгүнө узатасынан (оң, сол, ортосу) "коридор" тибиндеги өтмөктү уюштуруу менен жүргүзүлөт.
Бирдей таңгакта, бирдей маркаланган окшош жана бир өңчөй (Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасынын (мындан ары - ТЭИ ТЕ) бир кодундагы товарлар 10 белгинин деңгээлинде) товарларды жарым-жартылай бажылык текшерип кароо мындан ары эсептөө жолу менен товардын бардык партиясынын санын жана салмагын аныктоо менен товардын таңгагынын ар бир түрүнөн бир же бир нечесин ачуу, кайра эсептөө жана өлчөө жолу менен жүргүзүлөт.
8. Кооптуулуктун төмөнкү деңгээли менен "жашыл" коридор аркылуу жактар тарабынан өткөрүлүүчү товарларга карата бажылык текшерип кароо Мыйзамдын 131-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2, 5-7-пункттарында аталган негиздер боюнча дайындалышы мүмкүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-июнундагы N 319 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Бажылык текшерип кароо кооптуулукту башкаруу системасынын алкагында колдонулуучу "кызыл" коридор боюнча өткөрүлгөн товарларга карата гана жүргүзүлөт.
10. Жашыл коридор боюнча кооптуулуктун төмөн деңгээли менен жактар тарабынан өткөрүлүүчү товарларга карата бажы контролунун айрым формаларын колдонбоо жакты бажылык укук мамилелерин жөнгө салуучу, Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзүүчү эл аралык келишимдерди, актыларды, бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо милдетинен бошотпойт.
"Жашыл коридор" боюнча товарларды чыгаргандан кийин бажылык укук мамилелерин жөнгө салуучу, Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзүүчү эл аралык келишимдерди, актыларды, бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу аныкталган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жак жоопкерчилик тартат.
11. Чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн башчысынын, өкүлчүлүктүн дипломатиялык персоналынын мүчөлөрүнүн, ошондой эле алар менен чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнүн жеке жүгү, эгерде алар Кыргыз Республикасында туруктуу жашабаса жана Кыргыз Республикасынын жарандары болуп эсептелбесе, Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерге ташып кирүү же Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден ташып чыгууга тыюу салынган же карантиндик эрежелер менен жөнгө салынган товарлар жеке пайдаланууга арналган товарлар эмес деп болжолдоого негиздер жок болсо, бажылык текшерип кароодон бошотулат. Мындай товарларды кароо аталган жактардын же алар ыйгарым укук берген өкүлчүлүктөрдүн катышуусу менен жүргүзүлүшү керек.
12. Товарларды жана транспорт каражаттарын бажылык кароо болуп, эгерде мындай кароо транспорт каражаттарынын же анын жүк салынуучу жайларынын ачылганына байланышпаган болсо, бажы контролунун максаттары үчүн товарларды, эл аралык почта жөнөтүүлөрүн, жеке жактардын жүгүн, транспорт каражаттарын, жүк салынуучу сыйымдуулуктарды, бажы пломбаларынын, мөөрлөрүнүн жана товарларды идентификациялоонун башка каражаттарынын бар же жоктугуна сырттан көз жүгүртүп кароо эсептелет.
Товарлар жана транспорт каражаттары бажы контролу зонасына келген учурда бажылык кароо ушул Нускаманын 14-пунктуна ылайык кабыл алынуучу чечимсиз жүргүзүлөт.
13. Бажылык текшерип кароо (кароо) төмөнкүдөй максаттарда жүргүзүлөт:
1) бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөөгө жана (же) анын алдын алууга;
2) бажы иши чөйрөсүндөгү мүмкүн болуучу укук бузуулар жөнүндө маалыматтарды текшерүү;
3) бажы контролунун алдындагы товарлардын мүнөзү, чыгарылган жери, абалы, саны жөнүндө, товарларда, транспорт каражаттарында жана алардын жүк салынуучу жайларында бажы пломбаларынын, мөөрлөрүнүн жана башка идентификациялоо каражаттарынын бар экендиги жөнүндө маалыматтарды ырастоо;
4) бажы максаттары үчүн товарларды идентификациялоо.
14. Бажылык текшерип кароо жөнүндө чечимди бажылык текшерип кароо жөнүндө чечимди кабыл алууга укуктуу кызмат адамы же иш регионунда товарлар турган, аны алмаштыруучу адам кабыл алат. Бажылык текшерип кароо жөнүндө чечимди кабыл алуу боюнча ыйгарым укук аталган адамдардын ордуна иш регионунда товарлар турган бажы органынын башчысы же аны алмаштыруучу адам тарабынан бажылык текшерип кароого укуктуу кызмат адамдарына өткөрүп берилиши мүмкүн.
Ушул пункттун биринчи абзацында аталган чечим эгерде бажылык текшерип кароо кооптуулуктар профилин, туш келди тандоо ыкмасын колдонуу менен же адамдарды категорияга бөлүү натыйжалары боюнча кооптуулуктарды башкаруу системасы дайындалган учурда талап кылынбайт.
15. Бажы органынын кызмат адамы Мыйзамдын 131-беренесинин 2-бөлүгүндө белгиленген негиздер бар болгон учурда ушул Нускаманын 14-пунктунда аталган адамга бажылык текшерип кароо жөнүндө чечимди кабыл алуу үчүн билдирме жөнөтөт.
Мында билдирмеде кызмат адамы бажылык текшерип кароо зарылдыгынын негизин жана убактысын, ошондой эле бажылык текшерип кароо жөнүндө чечимди кабыл алуу үчүн ушул Нускаманын 6-пунктунда аталган жакка аны өткөрүп берүү убактысын көрсөтөт.
Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы аймагына товарлар келген учурда документтерди жана маалыматтарды кабыл алуу жана каттоо этабында бажылык кароону жүргүзүү зарылдыгы белгиленген учурда билдирме жөнөтүлбөйт.
16. Бажылык текшерип кароо жөнүндө чечим бажылык текшерип кароону жүргүзүү жөнүндө чечимди кабыл алууга ыйгарым укуктуу жак билдирмеге чечимди кабыл алуу датасын жана убактысын, тиешелүү резолюцияны коюу менен жана анын өз убагында аякташы үчүн жетиштүү болгон кызмат адамдарынын санын көрсөтүү менен бажылык текшерип кароого тиешелүү товарлардын санына жана мүнөздөмөсүнө жараша таризделет.
17. Бажылык текшерип кароо жөнүндө чечимди кабыл алгандан кийин чечимди кабыл алган кызмат адамынын тиешелүү резолюциясы менен билдирме бажылык текшерип кароого ыйгарым укуктуу кызмат адамына өткөрүп берилет жана аны менен бир убакта Бирдиктүү автоматташтырылган маалыматтык системанын (мындан ары - БАМС) программалык камсыздоосунда кооптуулуктарды азайтуу боюнча чараларды жүргүзүү үчүн зарыл аракеттерди сүрөттөө, негиздемени көрсөтүү менен тапшырма (кооптуулуктун локалдуу профили) түзүлөт.
18. Бажылык текшерип кароого ыйгарым укуктуу кызмат адамы транспорттук, коммерциялык, бажы жана башка документтерде, бажы органынын маалыматтык системаларында камтылган маалыматтарды, ошондой эле текшерип каралып жаткан товарларга карата бажы контролунун техникалык каражаттарын колдонуунун жыйынтыгы боюнча алынган маалыматтарды пайдаланууга укуктуу.
Кооптуулуктарды башкаруу системасынын негизинде товарларды бажылык текшерип кароо учурунда бажылык текшерип кароого ыйгарым укуктуу жак кооптуулукту башкаруу системасында (мындан ары - КБС) белгиленген тапшырмаларга ылайык аракеттерди ишке ашырат.
Бажы органынын кызмат адамы бажылык текшерип кароону баштаардын алдыңда БАМСтагы КБС нускамалары менен таанышуусу зарыл.
ТБС нускамаларында камтылган маалыматтар бажы органдарынын кызмат адамдары тарабынан пайдалануу үчүн гана арналган жана купуя маалымат болуп саналат жана ачыкка чыгарууга (жайылтууга) же үчүнчү жактарга, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурлардан тышкары мамлекеттик органдарга берүүгө тыюу салынат.
19. Эгерде кооптуулуктарды башкаруу системасы тарабынан "коридор" методу боюнча жарым-жартылай бажылык текшерип кароо аныкталса, транспорт каражатынын жүк салынуучу бөлүгүндө узатасынан өткөрүү жолу менен товарларды жарым-жартылай түшүрөт. Кулатып, чубуртуп салынган же куюлган товарлар түшүрүлбөйт.
Кооптуулуктарды башкаруу системасында каралган бажы контролун жүргүзүүнү камсыздаган контролдун жана чаралардын формалары милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.
20. Ички керектөө үчүн кайра иштетүү, бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү, ошондой эле бажы аймагында кайра иштетүү бажы жол-жобосуна жайгаштырылуучу товарларды жана алардын кайра иштетүү продуктуларын товарлар менен кайра иштетүү продуктуларын идентификациялоо максатында бажылык текшерип кароо жөнүндө чечимди кабыл алган учурда бажылык текшерип кароо жүргүзүп жаткан кызмат адамына товарларды кайра иштетүүгө бажы органдарынын уруксатынын көчүрмөсү милдеттүү түрдө берилет.
21. Бажылык текшерип кароодо атайын жана (же) илимий билимдерди талап кылган маселелерди түшүндүрүү зарылдыгы болгон учурда, конкреттүү аракеттерди жасоого катышуу үчүн бажы органдарына көмөк көрсөтүүгө, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте техникалык каражаттарды колдонууда зарыл болгон атайын билими бар жана көндүмдөргө ээ, мындай аракеттердин жыйынтыгына кызыкдар болбогон адис (эксперт) тартылышы мүмкүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июлундагы № 406 токтомунун редакциясына ылайык)
22. Бажылык текшерип кароо (кароо) тапшырылган кызмат адамы аны жүргүзүү жайына (бажы органынын жайгашкан жери, убактылуу сактоо кампасы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пунктунун аймагы ж.б.) ага катышкандардын жана келгендердин өз учурунда кирүүсүн бул обьектте белгиленген өткөрүү жана объекттердин ички режиминде каралган тиешелүү документтерди тариздөө жолу менен камсыз кылат.
3. Бажылык текшерип кароо (кароо)
23. Бажылык текшерип кароого жана кароого бажы контролу зонасында, ошондой эле Кодексте жана бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка жерлерде жол берилет.
24. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу бөлүнүүчү жана радиоактивдүү материалдарды (мындан ары - БРМ) мыйзамсыз өткөрүүнү токтотууга багытталган бажылык текшерип кароо, кароо тартибинин өзгөчөлүгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында аныкталат.
25. Декларант товарларды кызмат адамынын талаптарына ылайык берет (мисалы, багаждагы бардык буюмдарды чыгаруу; товарларды таңгактан чыгаруу жана текшерип кароого берүү).
26. Бажылык текшерип кароо (кароо) декларант, товарларга укугу бар башка адамдар жана алардын өкүлдөрү болбосо, Кодекстин 327-беренесинин 3-пунктунда жана 328-беренесинин 6-пунктунда белгиленген учурларда жүргүзүлүшү мүмкүн.
27. Кызмат адамдары бажылык текшерип кароо жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн кийинки жумуш күн аяктаганга чейин жана аны жүргүзгөн жерде бажылык текшерип кароо үчүн бажы органына товарларды көрсөткөн учурдан же бажылык текшерип кароо учурунда катышууга жана товарларды көрсөтүүгө даярдыгы жөнүндө декларанттан (ыйгарым укук берилген адамдан) маалымат алган учурдан тартып, ал эми бажылык текшерип караган кызмат адамдары үчүн күнү-түнү иш режими белгиленсе, бажылык текшерип кароо жөнүндө чечим кабыл алгандан кийин жана аны жүргүзгөн жерде бажылык текшерип кароо үчүн бажы органына товарларды берген учурдан тартып 24 сааттан кечиктирбей ушул Нускаманын 30, 31, 32-пункттарында белгиленген учурлардан тышкары бажылык текшерип кароону ишке ашырат.
28. Бажылык текшерип кароо мөөнөтүн сактоого өзүнүн ыйгарым укуктары боюнча жоопкерчиликти текшерип кароо жөнүндө чечим кабыл алган адам, ошондой эле бажылык текшерип караган кызмат адамы тартат.
29. Бажылык текшерип кароочу жерге келгенден кийин бажылык текшерип караган кызмат адамы:
1) товарларды бажылык текшерип кароого берүү жана ушул Нускаманын 34-пунктуна ылайык белгиленген талаптарда көрсөтүлгөн аракеттерди ишке ашыруу фактысын белгилейт (аны бажылык текшерип кароонун алдында декларантка жөнөткөн учурда);
2) бажылык текшерип кароодо алардын катышуусу же келүүсү укуктук актыларда каралган жогору турган бажы органынын жана башка мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын катышуу фактысын текшерет. Текшерип кароодо эмгекти коргоонун талаптарында айрым жактардын катышуусу каралган болсо (автотранспорт каражаттарынын айдоочусу, аба кемесинин экипажынын өкүлү, локомотив бригадасынын мүчөсү ж.б.), бажылык текшерип кароого жооптуу кызмат адамы бажылык текшерип кароону ушул адамдардын катышуусунда гана баштайт.
30. Эгерде бажылык текшерип кароого берилген товарлар бажылык текшерип кароо үчүн жайгаштырылган атайын жабдылган аянтчада же убактылуу сактоого арналган орун жайларда турса, анда бажылык текшерип караган кызмат адамы аны жүргүзүүнү баштоо жөнүндө чечимди кабыл алат.
31. Контейнерде же транспорт каражатынын жүк салынуучу бөлүгүндө турган товарларды бажылык текшерип кароо мүмкүндүгү жөнүндө чечим бажылык текшерип караган кызмат адамы тарабынан төмөнкү учурларда кабыл алынуусу мүмкүн:
- эгерде товарларды бажылык текшерип кароо түздөн-түз контейнерде же транспорт каражатынын жүк салынуучу бөлүгүндө жүргүзүлсө;
- эгерде зарыл болгон товарлар менен жүктүк операцияларды жүргүзүү түздөн-түз бажылык текшерип кароонун жүрүшүндө кызыкдар жак тарабынан камсыз кылынышы мүмкүн болсо;
- эгерде мындай бажылык текшерип кароо товарларды жоготууга же алардын абалын өзгөртүүгө алып келбесе.
32. Товарларды көрсөтүүдө жана алар менен операцияларды ишке ашырууда бардык кызыкдар жактар катышкан учурда кызмат адамы бажылык текшерип кароону баштоо жөнүндө чечим кабыл алат.
33. Бажылык текшерип кароону баштоо убактысы болуп бажылык текшерип караган кызмат адамы товарлардын таңгагын же транспорт каражатынын жүк салуучу орундарын же болбосо сыйымдуулуктарды, контейнерлерди жана товарлар турган же турушу мүмкүн болгон башка жерлерди сыртынан кароо боюнча аракеттерди баштаган убакыт эсептелет.
34. Эгерде бажылык текшерип кароого берилген товарлар өзүнчө түрлөр жана (же) аталыштар боюнча таңгактоочу орундарга бөлүнбөгөн болсо жана (же) товарлардын коммерциялык жана (же) транспорттук документтеринде таңгактары жана маркалоолору жөнүндө маалыматтар көрсөтүлбөгөн болсо, ушул Нускаманын 14-пунктунда аталган жак бажылык текшерип кароо мөөнөтүн узартууга укуктуу. Эгерде аталган жагдайлар бажы органдарына бажылык текшерип кароонун жүрүшүндө көрсөтүлгөн товарлар жөнүндө маалыматтарды белгилөөгө мүмкүндүк бербеген шартта аталган мөөнөт узартылат.
Мында бажылык текшерип караган кызмат адамы декларантка, убактылуу сактоо кампасынын ээсине же каралып жаткан товарларга карата ыйгарым укук берилген башка адамга товарлардын өзүнчө түрлөрү жана (же) аталыштары боюнча таңгактоочу орундарга товарларды бөлүү боюнча товарларга жана транспорт каражаттарына карата операцияларды жүргүзүү зарылдыгы жөнүндө эркин формада түзүлгөн жазуу жүзүндөгү талаптар берилет.
35. Бажылык текшерип кароонун мөөнөтү товарларга карата ыйгарым укукка ээ жакка товардык партияны өзүнчө түрлөрү жана (же) аталыштары боюнча таңгактоочу орундарга бөлүү үчүн зарыл болгон убакытка узартылат.
Товарларга карата ыйгарым укукка ээ жак товарларды өзүнчө түрлөрү жана (же) аталыштары боюнча таңгактоочу орундарга бөлүү боюнча талаптарды аткаруудан баш тарткан учурда бажылык текшерип караган кызмат адамы тарабынан эркин формада акт түзүлөт, ал бажылык текшерип кароо актысына тиркелет жана анын ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет.
36. Бажылык текшерип караган жактын чечими боюнча айрым операциялар бажылык текшерип кароого катышуучу адистер (эксперттер), ошондой эле эгерде ал эмгекти коргоо талаптарында (мисалы, приборлорду жана автотранспорт каражатынын кыймылдаткычынын бөлүгүн автотранспорт каражатынын айдоочусу ачат) каралса, башка жактар тарабынан жүргүзүлөт.
37. Бажылык текшерип кароонун жүрүшүндө бажылык текшерип караган кызмат адамы аны жүргүзүүгө катышкан, ошондой эле товарлар менен жүк жана башка операцияларды ишке ашырган бардык жактардын аракеттерин координациялайт.
38. Эгерде бажылык текшерип кароо жана кароо объективдүү себептерден токтотулса (танапис, жумуш убактысынын аякташы ж.б.), бажылык текшерип караган, караган кызмат адамы товарларды өзгөрүүсүз абалда сактоону камсыз кылууга багытталган, анын ичинде жүк салынуучу жерлерге, транспорт каражаттарына же товарлар турган орун жайларга идентификациялоо каражаттарын салуу менен чараларды көрөт.
39. Бажылык текшерип кароодо, кароодо кызмат адамы бажы контролун жүргүзүүнү камсыздоочу бажы контролунун башка формаларын жана чараларын көрүүгө укуктуу.
40. Товарлардын санын жана аталышын контролдоо мүмкүндүгүн алуу, чыгарылган өлкөсүн аныктоо жана товарлар жөнүндө башка маалыматтарды алуу, башка товар деген түр менен өткөрүлүүчү товарларды аныктоо үчүн жүк салынуучу жерлерди ачуу бүтүндүктү жана идентификациялоо каражаттарын бузууну жана андан ары алардын таңгагынан (үкөктөрдөн, кутулардан ж.б.), технологиялык сыйымдуулуктан, атайын жасалган жашыруун жерлерден товарлардын айрым бирдигин алууну түшүндүрөт.
41. Радиоактивдүү материалдарды камтыган контейнерлер атомдук энергияны пайдалануу жаатында иштеген уюмдарда гана тийиштүү техникалык каражаттар болгон учурда жана белгиленген тартипте ачылат.
42. Кыргыз Республикасынын аймагына ташып кирүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгууга тыюу салынган товарларды аныктоо максатындагы бажылык текшерип кароо бажы органынын кинология бөлүмүнүн кызматтык иттерин колдонуу менен жүргүзүлүшү мүмкүн.
43. Катылган товардын үстүнкү бетине сырдын, металлдын, материалдардын катмарын жабуу жолу менен же болбосо товарларды атайын даярдалган ажырабоочу жашыруун жерлерге салуу жолу менен бажы контролунан катылган товарларды табуу, товарлардын химиялык курамын жана алардын физикалык касиетин аныктоо максатында аралоо, кайруу, кесүү жана башка аракеттердин жардамы менен бажылык текшерип кароону жүргүзүү ишке ашырылат.
44. Бажылык текшерип кароону жана кароону тездетүү жана анын натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн товарлар жөнүндө зарыл маалыматтарды (алардын саны, курамы, физикалык жана химиялык курамы, аныктыгы, жашыруун жерлердин болушу ж.б.) табууга мүмкүндүк берген бажы контролунун техникалык каражаттарынын (мындан ары - БКТК) ар кандай түрлөрү колдонулат.
45. Бажы органдарынын кызмат адамдары тарабынан БКТКны колдонуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте ишке ашырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июлундагы № 406 токтомунун редакциясына ылайык)
46. Товарларда жана транспорт каражаттарын бажылык текшерип кароодо, кароодо бажылык текшерип караган (караган) кызмат адамдары тарабынан фотоаппаратураны (видеоаппаратураны) колдонууга жол берилет.
4. Идентификациялоо каражаттары
47. Бажылык текшерип караган жана караган кызмат адамдары тарабынан транспорт каражаттарына, транспорт каражаттарынын жүк салуучу бөлүгүнө, жүк салуучу жерлерине, орун жайларга жана товарлар турган же турушу мүмкүн болгон башка жерлерге, бажы контролунун алдында турган товардын өзүнө идентификациялоо каражаттары салынышы мүмкүн.
48. Бажылык текшерип кароонун, кароонун жыйынтыгында укук бузуулардын, жоруктардын же кылмыштардын белгилери табылса, товарлардын жана транспорт каражаттарынын өзгөрүүсүз абалын камсыздоо, аларды алмаштыруудан коргоо максатында идентификациялоо каражаттары салынат.
49. Идентификациялоо каражаттарынын болушун жана абалын контролдоо үчүн бажылык текшерип кароо, кароо тапшырмасында жана актысында алардын саны, тиби, пломбаларынын номери, мөөрү, салынган сандык, тамгалык жана башка маркалоосу, идентификациялоо белгилери, коюлган штамптар, алынган сынамдар, үлгүлөр, товарлардын сыпатталышы, түзүлгөн чиймелер, даярдалган масштабдуу сүрөттөлүштөр, сүрөттөр, иллюстрациялар, товар коштоочу жана башка документтерди колдонуу жана башка идентификациялоо каражаттары жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт.
50. Идентификациялоо каражаттарын өзгөртүү, алып салуу, жок кылуу же алмаштырган учурда бажы органынын кызмат адамы тарабынан Евразия экономикалык комиссиясы бекиткен форма боюнча идентификациялоо каражаттарын өзгөртүү, алып салуу, жок кылуу же алмаштыруу жөнүндө акт түзүлөт.
5. Бажылык текшерип кароонун, кароонун жыйынтыгын тариздөө
51. Бажылык текшерип кароонун жана кароонун жыйынтыгы боюнча товарлар жөнүндө иш жүзүндөгү маалыматтардын билдирилген маалыматтарга же берилген документтерге шайкеш келбегендиги аныкталган учурда, товарлардын жана транспорт каражаттарынын бузулган идентификациялоо каражаттарын же алардын бузулуу белгилерин табууда бажылык текшерип кароонун жана кароонун башталышын жана аякташын көрсөтүү менен бажылык текшерип кароонун жана кароонун актысы түзүлөт.
Мында аталган маалыматтар БАМСтын программалык камсыздоосуна киргизилет.
52. Бажылык текшерип кароо (кароо) актысы Бажы бирлигинин комиссиясынын 2010-жылдын 20-майындагы "Бажы документтеринин формалары жөнүндө" чечими менен бекитилген формада бажылык текшерип караган кызмат адамдары тарабынан 2 (эки) нускада түзүлөт, алардын бири декларантка же товарларга карата ыйгарым укукка ээ башка жакка же болбосо эгерде ушул жактар белгиленсе, алардын өкүлдөрүнө тапшырылат (жөнөтүлөт).
53. Эгерде бажылык текшерип кароодо же кароодо башка контролдоочу мамлекеттик органдардын өкүлдөрү же жогору турган бажы органынын кызмат адамдары катышса, алар жөнүндө маалыматтар бажылык текшерип кароо жана кароо актысына катышкан жактар катары киргизилет. Бажылык текшерип кароонун жана кароонун толтурулган актысына аталган жактар кол коюшат. Мындай учурда аларга бажылык текшерип кароо жана кароо актысынын көчүрмөсүн берүүгө жол берилет.
54. Бажылык текшерип кароо, кароо актысында төмөнкүдөй маалыматтар камтылат:
1) товарларды жана транспорт каражаттарын бажылык текшерип кароо, кароо үчүн негиздер;
2) таңгактын топторуна, өзүнчө таңгактоо бирдиктерине жана (же) товарлардын түздөн-түз өзүнө салынган, товарлардын келип чыккан өлкөсү жөнүндө ырастаган идентификациялоо каражаттары, таңгагы жана (же) маркалоосу, белгилери, товардык белгиси, артикулдары, тапшырыктардын номерлери (лоттор), шайкеш келүү белгилери жөнүндө;
3) товарларды өндүрүүчү жөнүндө;
4) товарларды жөнөтүүчү жана алуучу, тапшырыктардын номерлери жана товарларды жеткирип берүү жөнүндө башка маалыматтар;
5) товарлардын таңгагынын түрү (ыкмасы), товарларды бир нече таңгактарга ырааттуулук менен жайгаштырган учурда таңгактагы товарлардын саны жөнүндө;
6) бузулган жерлерин сыпаттоо менен товарларда, алардын таңгагында тышкы бузулуулардын бар же жок экендиги жөнүндө;
7) товарлардын аталыштарынын саны жана ар бир аталыштагы товарлардын саны жөнүндө (ар бир аталыштагы товардын санын эсептөө жолу менен белгилөөгө жол берилет);
8) бажылык текшерип кароонун жана кароонун жүрүшүндө белгиленген товарлардын түсү, материалы, өлчөмү, физикалык-техникалык, температуралык мүнөздөмөсү жана башка маалыматтары жөнүндө;
9) ЕАЭБ укуктарын түзүүчү эл аралык келишимдерди жана актыларды, бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуулардын табылгандыгы же табылбагандыгы жөнүндө маалыматтар;
10) Бажылык текшерип кароонун, кароонун актысында каралган башка маалыматтар.
55. Бажылык текшерип кароону жана кароону белгилеген учурда бажылык текшерип кароо, кароо актысына төмөнкүлөр тиркелет:
1) товарлардын таңгагындагы маркалоонун үлгүсү, этикеткалар, ярлыктар жана товарларды идентификациялоонун башка каражаттары;
2) бажылык текшерип кароонун, кароонун фотоматериалдары (бул материалдардын санариптик алып жүрүүчүсүн кошумча тиркөөгө жол берилет).
3) бажылык текшерип кароонун, кароонун видеоматериалдары;
4) бажылык текшерип кароого катышкан же келген башка контролдоочу органдардын же бажы органдарынын башка кызмат адамдарынын жана адистеринин ыйгарым укугун ырастаган документтердин көчүрмөсү;
5) ким экендигин ырастаган документтердин көчүрмөсү жана бажылык текшерип кароого, кароого катышкан башка жактардын арызы;
6) текшерип кароонун, кароонун жүрүшүндө таризделген жана ага тиешеси бар башка документтер.
56. Бажылык текшерип кароо, кароо актысына тиркелген документтер жана кагаз алып жүрүүчүдө камтылган бардык маалыматтар бажылык текшерип кароо, кароо актысынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана өздүк номерлүү мөөрү менен бажылык текшерип караган, караган кызмат адамынын, ошондой эле ал процесске катышкан же келген адистер жана башка жактар тарабынан виза коюлат.
Бажылык текшерип кароону, кароону эки же андан ашык кызмат адамы жүргүзгөн учурда бажылык текшерип кароо актысына бажылык текшерип караган бардык кызмат адамдары тарабынан өздүк номерлүү мөөр басуу менен виза коюлат.
57. Бажылык текшерип кароонун, кароонун жыйынтыгы, ошондой эле бажылык текшерип кароо жөнүндө чечимди кабыл алган кызмат адамынын резолюциясы менен билдирме бажылык текшерип кароо, кароо актысын толтурууну аяктаган учурдан тартып декларацияда билдирилген маалыматтарды документалдык контролдогон кызмат адамына же анын начальнигине же аны алмаштырган адамга берилет.
Бажылык текшерип кароо, кароо актысы жана билдирме ага тиркелген бардык документтер жана бажы документтерин комплекттөөнүн, аларды делого топтоонун жана бажы органынын архивине сактоого берүүнүн белгиленген тартибине ылайык тийиштүү бажы жол-жобосунда таризделүүчү башка бажы документтери менен бирге сакталат.