Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 15-майындагы № 246
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
1-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-мартындагы № 189 токтомуна ылайык) |
|
Билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан билим берүү уюмдарын жана программаларын аккредитациялоонун тартиби
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-июнундагы № 289 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) тарабынан негизги жана орто жалпы билим берүүнүн, баштапкы жана орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдарын институционалдык жана (же) программалык аккредитациялоонун жол-жобосун белгилейт.
Билим берүү уюму үчүн институционалдык жана программалык аккредитациялоо милдеттүү болуп саналат.
Билим берүү уюмдарын институционалдык жана программалык аккредитациялоо бир убакта жүргүзүлүшү мүмкүн.
Жаңы түзүлгөн билим берүү уюмдары алгач институционалдык аккредитациялоодон өтүшөт. Бүтүрүүчү курсу болгондо программалык аккредитациялоодон өтүшөт.
2. Аккредитациялоонун негизги максаттары:
1) билим берүүнүн сапатын камсыздоо;
2) билим берүү уюмдарынын (программалардын) ишинин сапатын баалоонун жыйынтыгы жөнүндө коомчулукка маалымдоо;
3) үзгүлтүксүз өзүн-өзү баалоо жана өркүндөтүү аркылуу билим берүү уюмдарынын (программалардын) өнүгүшүн өбөлгөлөө;
4) Кыргыз Республикасынын билим берүү жана квалификациялар жөнүндө документтеринин дүйнөлүк билим берүү мейкиндигинде таанылышына көмөктөшүү.
3. Аккредитациялоо төмөнкү принциптерде ишке ашырылат:
1) объективдүүлүк;
2) ачык-айкындуулук.
4. Бардык билим берүү уюмдары үчүн аккредитациялоо бирдей шарттарда жана ушул Тартипте аныкталган негиздерде өткөрүлөт.
5. Ыйгарым укуктуу орган билим берүү уюмунун ыйгарым укуктуу органдын Билим берүүнү башкаруу маалыматтык системасында (мындан ары - ББМС) маалыматтары жок болгон учурда билим берүү уюмун аккредитациялоодон баш тартат.
6. Билим берүү уюмдарын (программаларды) аккредитациялоо 5 жылда кеминде бир жолу акы төлөнүүчү негизде жүргүзүлөт. Аккредитациялоо жүргүзүүгө кетүүчү чыгымдар билим берүү уюмунун каражаттарынын эсебинен төлөнөт.
Мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдары аккредитациялоо боюнча чыгымдарды республикалык бюджеттин жана/же алардын атайын эсептерине келип түшүүчү каражаттардын эсебинен төлөшөт.
2-глава. Аккредитациялоо жүргүзүү тартиби
7. Аккредитациялоодон өтүү үчүн билим берүү уюму акыркы аккредитациялоо мөөнөтү аяктаганга чейин 3 ай мурун ыйгарым укуктуу органга кагаз жана электрондук түрдө өзүн-өзү баалоо боюнча отчетту тиркөө менен арыз берет.
Биринчи жолу ачылган билим берүү уюмдары аккредитациялоодон өтүүгө арызды биринчи жолу бүтүрүүчүлөрдү чыгарууга чейин 3 ай мурун беришет.
Аккредитациялоо жөнүндө арыздын формасы ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет.
Билим берүү уюмунун жетекчиси өзүн-өзү баалоо боюнча берилген отчеттун аныктыгы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
8. Аккредитациялоо жол-жобосу төмөнкү этаптардан турат:
1) билим берүү уюмунун өзүн-өзү баалоо жүргүзүүсү;
2) ыйгарым укуктуу орган тарабынан билим берүү уюмун (программаларды) тышкы баалоо жүргүзүү;
3) ыйгарым укуктуу орган тарабынан чечим кабыл алуу.
9. Билим берүү уюму институционалдык жана/же программалык аккредитациялоодон өтүүдө өзүнүн ишинин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген аккредитациялануучу билим берүү уюмдарына (программаларына) коюлуучу минималдуу талаптарга (мындан ары - минималдуу талаптар) шайкеш келүүсүн, ошондой эле көрсөтүлүүчү билим берүү кызматтарынын мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарына ылайык келүүсүн аныктоо максатында өзүн-өзү баалоо жүргүзөт.
Өзүн-өзү баалоо кызыкдар тараптардын өкүлдөрүн тартуу менен билим берүү уюмунун жетекчиси түзгөн комиссия тарабынан жүргүзүлөт.
Өзүн-өзү баалоонун жыйынтыгы аналитикалык отчет түрүндө таризделет.
Өзүн-өзү баалоо жүргүзүү боюнча комиссиянын иштөө тартиби жана отчеттун типтүү формасы ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленет.
Ыйгарым укуктуу орган тарабынан аккредитациялоо жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин өзүн-өзү баалоо боюнча документтер 30 жумуш күндүн ичинде арыз ээсине 7 жыл бою сактоо үчүн кайтарылып берилет.
10. Ыйгарым укуктуу орган арыз келип түшкөн учурдан тартып 1 жумуш күндүн ичинде каттоодон өткөрөт жана арыз катталган күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде өзүн-өзү баалоо боюнча отчеттун толуктугун жана туура таризделишин текшерет.
11. Өзүн-өзү баалоо боюнча отчетту текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча ыйгарым укуктуу орган төмөнкүдөй чечим кабыл алат:
1) документтер ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген талаптарга ылайык келбеген учурда 3 жумуш күндүн ичинде арыз ээсине жазуу жүзүндө кабарлоо менен документтерди кайтаруу жөнүндө;
2) документтер ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген талаптарга ылайык келген учурда аларды кароого кабыл алуу жөнүндө, андан ары 7 жумуш күндүн ичинде билим берүү уюмун (программаны) тышкы баалоо жөнүндө буйрук чыгарылат.
12. Билим берүү уюмун (программаларды) тышкы баалоо ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен түзүлгөн эксперттик комиссия (мындан ары - Комиссия) тарабынан жүргүзүлөт.
Комиссиянын курамы, иштөө тартиби жана мөөнөтү, эксперттерге карата квалификациялык талаптар, ошондой эле аларды сертификациялоо жана тышкы баалоо жүргүзүүгө тартуунун тартиби ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.
Тышкы баалоо жүргүзүүнүн мөөнөтү 14 жумуш күндөн ашпоого тийиш.
13. Билим берүү уюмун (программаны) тышкы баалоо өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
- билим берүү уюмунун ишин (программаны) өзүн-өзү баалоо боюнча отчеттун минималдуу талаптарга ылайык келүүсүн талдоо;
- тышкы баалоонун жыйынтыгы боюнча Комиссиянын корутундусун даярдоо.
14. Тышкы баалоо жүргүзүүдө Комиссия өзүн-өзү баалоо боюнча отчетту жана ББМСке жайгаштырылган материалдарды пайдаланат.
15. Жүргүзүлгөн тышкы баалоонун жыйынтыгы боюнча Комиссия 5 жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органга корутунду берет.
Корутундунун формасы жана анын мазмунуна карата талаптар ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленет.
16. Комиссиянын корутундусу ыйгарым укуктуу органдын коллегиясынын кароосуна ал келип түшкөн күндөн тартып 30 жумуш күндөн кечиктирилбестен киргизилет.
17. Комиссиянын корутундусунун негизинде ыйгарым укуктуу органдын коллегиясы төмөнкүдөй чечим кабыл алат:
1) минималдуу талаптарга шайкеш келген шартта - билим берүү уюмун (программаны) 5 жылдык мөөнөткө аккредитациялоо жөнүндө;
2) 1 минималдуу талап боюнча ылайык келбеген учурда сын пикирлер менен (шарттуу аккредитациялоо) 3 жылдык мөөнөткө жана 2 минималдуу талап боюнча ылайык келбеген учурда аныкталган кемчиликтерди жоюу талабы менен 1 жылдык мөөнөткө аккредитациялоо жөнүндө. Сын пикирлерди четтетүү фактысы ырасталган учурда аккредитациялоо мөөнөтү 5 жылга чейин узартылат (шарттуу аккредитациялоо мөөнөтүн кошуу менен), мында шарттуу аккредитациялоо жөнүндө чечим эки жолудан ашык кабыл алынбайт. Сын пикирлерди четтетүү фактысын ырастоо кемчиликтерди четтетүү боюнча билим берүү уюму берген маалыматтарды текшерүүнүн натыйжасында ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлөт;
3) минималдуу талаптарга 2ден ашык ылайык келбөө болгон учурда билим берүү уюмун жана/же программаны аккредитациялоодон баш тартуу жөнүндө.
Шарттуу аккредитациялоо же аккредитациялоодон баш тартуу жеке жалпы билим берүү уюмдарын, баштапкы жана орто кесиптик окуу жайларын лицензиялык контролдоого, ал эми мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарын кошумча экспертизалоого алып келет, анын тартиби ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.
Кошумча экспертизалоо өзүнө материалдык-техникалык база, окуу-методикалык жана кадрдык камсыздоо, билим берүү программасынын мазмуну маселелери боюнча аныкталган кемчиликтердин жоюлушун текшерүүнү камтыйт.
1 жылдык мөөнөткө аккредитациялоо жөнүндө чечим эки жолу кабыл алынгандан кийин билим берүү уюмунун уюштуруучусу ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча мыйзамда белгиленген тартипте билим берүү уюмунун жетекчисинин ээлеген кызматына ылайык келүүсү жөнүндө маселени карайт.
Ыйгарым укуктуу органдын аккредитациялоо боюнча коллегиясынын чечими буйрук түрүндө таризделет.
171. Өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал режими шарттарында же ал жеткис күчтүн жагдайлары жаралганда аккредитациялоо жөнүндө сертификат бербестен, мурдагы аккредитациялоонун колдонуу мөөнөтүн 1 жылга шарттуу узартуу жөнүндө чечим кабыл алууга жол берилет.
Мурдагы аккредитациялоонун колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө чечим билим берүү уюмунун арызынын негизинде ыйгарым укуктуу органдын коллегиясынын чечими менен кабыл алынат.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-июнундагы № 289 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Билим берүү уюмдарын (программаларды) аккредитациялоонун жыйынтыктары ыйгарым укуктуу органдын сайтына жарыяланат.
3-глава. Аккредитациянын жарактуулугун токтото туруу, калыбына келтирүү жана токтотуу
19. Ыйгарым укуктуу орган бузуулар аныкталган күндөн тартып 30 жумуш күндүн ичинде аларды четтетүү үчүн 3 айга аккредитациялоонун жарактуулугун токтото туруу жөнүндө чечим кабыл алат.
20. Билим берүү уюму бузуулар четтетилгендиги жөнүндө кабарлаган учурда ыйгарым укуктуу орган текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча бузуулар четтетилген фактыны белгилеген актыга кол коюлган күндөн кийинки күндөн тартып 30 жумуш күндүн ичинде аккредитациялоонун жарактуулугун калыбына келтирүү жөнүндө чечим кабыл алат.
21. Эгерде билим берүү уюму ушул Тартиптин 19-пунктунда белгиленген мөөнөттө аныкталган бузууларды четтетпесе же аккредитациянын жарактуулук мөөнөтүндө Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы мыйзамдарынын талаптарын кайра бузса, ыйгарым укуктуу орган аккредитациялоонун жарактуулугун токтотуу жөнүндө чечим кабыл алат.
Билим берүү уюмунун (программанын) аккредитациясынын жарактуулугун токтотуу жөнүндө чечим аныкталган бузуулар четтетилген жана текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы мыйзамдарынын талаптары кайра бузулган фактыны белгилеген актыга кол коюлган күндөн кийинки күндөн тартып 30 жумуш күндүн ичинде кабыл алынат.
22. Аккредитациянын жарактуулугун токтото туруу, калыбына келтирүү жана токтотуу жөнүндө чечим ыйгарым укуктуу органдын коллегиясынын чечиминин негизинде буйрук менен таризделет.
Ыйгарым укуктуу орган аккредитациянын жарактуулугун токтото туруу, калыбына келтирүү жана/же токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде билим берүү уюмуна жазуу жүзүндө кабарлайт.
4-глава. Аккредитациялоо жөнүндө документтер
23. Ыйгарым укуктуу орган аккредитацияланган билим берүү уюмдарына жарактуулук мөөнөтүн көрсөтүү менен аккредитациялоо жөнүндө сертификатты берет.
24. Билим берүү уюму юстиция органдарында кайра катталган учурда сертификаттын колдонулушу кайра тариздөө менен сакталат.
25. Аккредитациялоо жөнүндө сертификат колдонулушун төмөнкү учурларда токтотот:
1) сертификат берилген мөөнөт аяктаганда;
2) билим берүү уюму жоюлганда;
3) билим берүү ишин жүргүзүүгө лицензияны жокко чыгаруу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;
4) билим берүү уюму тарабынан сертификат берилген тиешелүү билим берүү программасынын ишке ашырылышы токтотулганда.
26. Аккредитациялоо жөнүндө сертификаттын бланктарынын формалары жана аны берүүнүн тартиби ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленет.
27. Аккредитациялоо жөнүндө сертификат жоголгон же бузулган учурда билим берүү уюмунун арызы боюнча сертификаттын дубликаты берилет. Сертификаттын дубликатын берүү тууралуу ыйгарым укуктуу органдын чечими арыз катталган күндөн тартып 14 жумуш күндөн ашпаган мөөнөттө кабыл алынат. Сертификаттын дубликаты "Дубликат" деген белги менен бир нускада таризделет.
28. Аккредитациялоо жүргүзүү жөнүндө арыз, Комиссиянын тышкы баалоо боюнча корутундусу, ыйгарым укуктуу органдын аккредитациялоо же аккредитациялоодон баш тартуу жөнүндө, аккредитациялоо жөнүндө сертификатты кайра тариздөө жөнүндө чечими, аккредитациялоо жөнүндө сертификаттын тиркемелери менен көчүрмөсү, аккредитациялоо жөнүндө сертификаттын дубликатын берүү жөнүндө чечим жана ага тиркелген документтер, ошондой эле текшерүүлөрдү жүргүзүү менен байланышкан документтер ыйгарым укуктуу органда сакталууга тийиш.
29. Ыйгарым укуктуу орган аккредитацияланган билим берүү уюмдарынын (программалардын) реестрин электрондук түрдө жүргүзөт, аларды өзүнүн сайтына жайгаштырат жана жылына кеминде бир жолу жаңылап турат.
30. Аккредитацияланган билим берүү уюмдарынын (программалардын) реестри чечим кабыл алынган жана каттоо номери ыйгарылган датаны көрсөтүү менен түзүлөт. Реестрди жүргүзүүнүн тартиби ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.
Реестрге маалыматтарды киргизүү үчүн негиз болуп ыйгарым укуктуу органдын аккредитациялоо жөнүндө буйругу саналат.
31. Аккредитацияланган билим берүү уюмдарынын (программалардын) реестри жөнүндө маалымат ыйгарым укуктуу органда беш жыл сакталат, андан кийин архивге тапшырылат.