Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 12-июнундагы № 304 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 30-июлу № 406
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Жарандарга жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында, “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринде (тизмегинде):
- 4-главасында:
15-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“
15 | Идентификациялык картаны - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортун (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортун Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүндө, консулдук мекемелеринде берүү | ТИМ | ТИМ | Акы төлөнөт |
”;
16-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
17-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“
17 | Визаларды жана визалык колдоону тариздөө | ТИМ | ТИМ | Акы төлөнөт |
”;
19-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
24-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“
24 | Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсепке алууга коюу жана консулдук эсептен чыгаруу | ТИМ | ТИМ | Акысыз |
”;
30-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 “Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарында:
- “III. Каттоо, маалымдама, күбөлүк жана башка документтерди, ошондой эле алардын көчүрмөлөрүн жана жуп нускаларын берүү тармагында” бөлүмүнүн 19, 21, 28-главалары ушул токтомдун 1-3-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын;
- “III. Каттоо, маалымдама, күбөлүк жана башка документтерди, ошондой эле алардын көчүрмөлөрүн жана жуп нускаларын берүү тармагында” бөлүмүнүн 20, 23, 34-главалары күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | К.А. Боронов |
| 1-тиркеме |
“
19. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Идентификациялык картаны - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортун (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортун Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүндө, консулдук мекемелеринде берүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмегинин) 4-главасынын 15-пункту |
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги - тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган; Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаменти (мындан ары - КР ТИМ ККД); Кыргыз Республикасынын аймагында Тышкы иштер министрлигинин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү (мындан ары – КР ТИМ ЫУӨ); Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелери. Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин тизмеси тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана КР ТИМ ККД маалымат такталарына жана сайтына жайгаштырылган |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөр | Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактары, чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: - “Тышкы миграция жөнүндө”; - “Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө”; - “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”; - “Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө”; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору: - 2000-жылдын 26-октябрындагы № 637 “Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү (иштерди) үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө”; - 2011-жылдын 11-ноябрынын № 725 “Кыргыз Республикасынын Консулдук уставын бекитүү жөнүндө”; - 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө”; - 2012-жылдын 20-февралынын № 113 “Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө”; - 2017-жылдын 15-мартындагы № 155 “Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөө тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу” |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| 2-тиркеме |
“
21. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Визаларды жана визалык колдоону тариздөө - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмегинин) 4-главасынын 17-пункту |
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги - тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган; Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаменти (мындан ары - КР ТИМ ККД); Кыргыз Республикасынын аймагында Тышкы иштер министрлигинин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү (мындан ары – КР ТИМ ЫУӨ); Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелери. Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин тизмеси тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана КР ТИМ ККД маалымат такталарына жана сайтына жайгаштырылган |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөр | Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактары, чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: - “Тышкы миграция жөнүндө”; - “Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө”; - “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”; - “Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө”; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору: - 2000-жылдын 26-октябрындагы № 637 “Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү (иштерди) үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө”; - 2011-жылдын 11-ноябрынын № 725 “Кыргыз Республикасынын Консулдук уставын бекитүү жөнүндө”; - 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө”; - 2012-жылдын 20-февралынын № 113 “Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө”; - 2017-жылдын 15-мартындагы № 155 “Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөө тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу” |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Кыргыз Республикасынын таризделген визасы жана/же визалык колдоо |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты | Электрондук виза алуу үчүн арыз http://www.evisa.e-gov.kg расмий интернет-сайтына жайгашкан “Электрондук виза” порталы аркылуу берилиши мүмкүн. Жеке кайрылууда кызмат төмөнкүдөй шарттарда көрсөтүлөт: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайларда; - жарандар, анын ичинде көрүү жана угуу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар жана таяныч-кыймыл аппаратынын бузулгандыгына байланыштуу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА) үчүн имаратка жана санитардык гигиеналык жайларга (ажаткана, жуунуучу бөлмө) тоскоолдугу жок кирүү, мындай объекттер пандус, кармоочтор менен жабдылган; - кезек күтүү принциби боюнча. Имараттар күтүү жайы, ажатканалар, жылуулук, суу түтүктөрү, телефон менен жабдылган. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгер алар имаратка көтөрүлө албаса, кызматкер арызды кабыл алуу үчүн өзү түшүп келет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүү жеринде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Консультация алуу үчүн кезек күтүү - 30 мүнөттөн ашык эмес; - консультация алуу - 20 мүнөттөн ашык эмес; - кабыл алынган документтерди кароо, визаны тариздөө, визалык колдоо арыз катталган күндөн тартып үчтөн жети календардык күнгө чейин; - кезек күтүү жана таризделген виза /же таризделген визалык колдоо алуу - 20 мүнөттөн ашык эмес. Электрондук виза алуу үчүн арыз берүү мөөнөтү - 5 иш күндөн ашык эмес. Визаны жана визалык колдоону тариздөөнүн чектелген мөөнөтү - жети календардык күн, электрондук виза тариздөөнүн чектелген мөөнөтү - беш иш күн |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан; - тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтынан: www.mfa.gov.kg; - www.evisa.e-gov.kg сайтынан (мындан ары – “Электрандук виза” порталы); - тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, анын түзүмдүк бөлүмдөрүнө, Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелерине жеке кайрылууда; - тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин маалымат такталарынан, брошюралардан, буклеттерден. Тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, анын түзүмдүк бөлүмдөрүндө, Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринде жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет. Кызмат электрондук форматта көрсөтүлүшү мүмкүн. Онлайн режиминдеги интерактивдүүлүк - 5. Тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган улуттук коопсуздук орган менен макулдашуунун жана электрондук визаны тариздөөгө өтүнүч катты карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча арыз ээсине баш тартуу жөнүндө маалымдайт же арыз ээсинин визалык анкетасында көрсөтүлгөн электрондук почта дарегине электрондук визаны жиберет. Тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын дареги: Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 57. Жарандарды алдын ала жазылуусуз кабыл алынат. Иштөө графиги: дүйшөмбү-жума, саат 09:00 - 18:00. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн/консулдук мекемелеринин тизмеси (веб-сайттар, жарандарды кабыл алуу графиги жөнүндө маалымат менен) тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтында көрсөтүлгөн |
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Көрсөтүлгөн кызматтар жөнүндө маалыматтар төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - ЖМК (гезиттер, радио, телекөрсөтүү); - Электрондук виза порталы; - тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты: www.mfa.gov.kg; - маалымат такталары, брошюралар, буклеттер; - жеке кайрылуу жана телефон аркылуу; - тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы. Даректер, телефон номерлери жана иштөө режими мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарттары менен биргеликте тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын такталарына жана сайтына жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктерине маалыматтык табличкалар илинет. Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдж) болот. Келүүчүлөр менен пикир алмашуу учурунда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташат: сылык, ак ниет, сыпайы, сабырдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын тереңинен түшүнүүгө аракеттенүү, маектешкен адамды уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынган чечимди аргументтөө. Бардык кызматкерлер кызматтык нускаманы (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, жарандарга карата этикалык, көз карандысыздык жана объективдүүлүктү камсыз кылуучу жана кызыкчылыктардын кагылышуусун четтетүүчү кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктарга ээ адамдар (ДМЧА, кары-картаң пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен баарлашуу жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт. Электрондук визаны тариздөө учурунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине, чет өлкөдөгү мекемелерине баруу талап кылынбайт |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн |
12 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчү тарабынан зарыл болгон документтердин жана/же иш-аракеттердин тизмеси | 1. Визанын категориясына жана типтерине жараша визаны тариздөө үчүн керектүү документтердин тизмеги: 1) дипломатиялык виза (“D” тиби) үчүн: - дипломаттык паспорттун көчүрмөсү; - аккредитациялык картанын көчүрмөсү (КР ТИМ ККД же ЫУӨ узак мөөнөттүү визаны тариздөөдө); - чет мамлекеттин тышкы саясат ведомствосунун, дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн, консулдук мекемесинин же Кыргыз Республикасындагы эл аралык уюмунун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жазуу жүзүндөгү кайрылуусу; 2) кызматтык виза (“О” тиби) үчүн: - кызматтык паспорттун көчүрмөсү; - аккредитациялык картанын көчүрмөсү (ТИМ ККД же ЫУӨ узак мөөнөттүү визаны тариздөөдө); - чет мамлекеттин тышкы саясат ведомствосунун, дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн, консулдук мекемесинин же Кыргыз Республикасындагы эл аралык уюмунун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жазуу жүзүндөгү кайрылуусу; 3) инвестициялык виза (“I” тиби) үчүн: - жарактуу документинин көчүрмөсү; - инвестициялык саясатты ишке ашыруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси кол койгон ошол мамлекеттик органдын арыз ээсинин инвестордун статусуна ылайык келишин ырастоочу жазуу жүзүндөгү кайрылуусу; 4) эмгек визасы (“W1” тиби) үчүн: - жарактуу документинин көчүрмөсү; - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын же жумуш берүүчүнүн уюмдаштыруу документтеринин, юстиция органдарында катталгандыгы жөнүндө күбөлүгүнүн, салык органынан салык боюнча карызынын жана камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча карызынын жоктугу тууралуу маалымкаттын көчүрмөлөрүн тиркөө менен жазуу жүзүндөгү кайрылуусу; - Кыргыз Республикасынын аймагында жеке ишкердик ишин жүргүзүү ниети бар арыз ээсинин жеке кайрылуусу; - жумушка болгон уруксат (узак мөөнөттүү визаны тариздеген учурда); 5) эмгек визасы (“W2” тиби) үчүн: - жарактуу документинин көчүрмөсү; - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын же жумуш берүүчүнүн уюмдаштыруу документтеринин, юстиция органдарында катталгандыгы жөнүндө күбөлүгүнүн, салык органынан салык боюнча карызынын жана камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча карызынын жоктугу тууралуу маалым каттын көчүрмөлөрүн тиркөө менен жазуу жүзүндөгү кайрылуусу; - миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалым каты же журналисттерди/кабарчыларды аккредитациялоо жөнүндө документ (узак мөөнөттүү визаны тариздөөдө); 6) окуу визасы (“S” тиби) үчүн: - жарактуу документинин көчүрмөсү; - Кыргыз Республикасынын аймагында катталган билим берүү уюмунун жетекчисинин жазуу жүзүндөгү кайрылуусу; - арыз ээси менен Кыргыз Республикасынын аймагында катталган билим берүү уюмунун ортосундагы жеке келишимдин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (окутуу мөөнөтүн көрсөтүү менен) (узак мөөнөттүү визаны тариздөөдө); - 7) ишкердик визасы (“В” тиби) үчүн: - жарактуу документинин көчүрмөсү; - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын же Кыргыз Республикасынын аймагында катталган юридикалык жактын уюмдаштыруу документтеринин, юстиция органдарында катталгандыгы жөнүндө күбөлүгүнүн, салык органынан салык боюнча карызынын жана камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча карызынын жоктугу тууралуу маалым каттын көчүрмөлөрүн тиркөө менен жазуу жүзүндөгү кайрылуусу; (жеңилдетилген визалык режим каралган чет мамлекеттин жарандарынан сырткары). 8) айдоочулук виза (“Т” тиби) үчүн: - жарактуу документинин көчүрмөсү; - эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимде башкалар каралбаса, арыз ээсинин кызматын жана жүк ташыган автотранспорт каражатынын маалыматын көрсөтүү менен транспорттук компаниянын жазуу жүзүндөгү кайрылуусу; - айдоочулук күбөлүктүн көчүрмөсү жана түп нускасы; - автотранспорт каражатын каттоо тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү; - эл аралык жүк ташууга укук берген лицензиянын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү. 9) мейман визасы үчүн (“G” тиби): - жарактуу документинин көчүрмөсү; - Кыргыз Республикасынын паспортунун көчүрмөсү тиркелген Кыргыз Республикасынын жаранынын өтүнүч каты; - чакыруучу тараптын Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашап жаткандыгын ырастоочу документинин көчүрмөсү; - чакыруучу тараптын же арыз ээсинин иштеген жеринен айлык маянасы тууралуу маалым кат же материалдык мүмкүнчүлүгү тууралуу бардык башка документтер нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн милдеттенме; - дарылануунун мөөнөттөрүн, наркын, коштоп жүрүүчүлөргө муктаждыгын көрсөтүү менен (медициналык кызматтарды алуу максатында) Кыргыз Республикасынын аймагында катталган саламаттык сактоо уюмунун чакыруусу же ырастамасы; - дарылоону алдын ала төлөгөндүгүн же аны кийин төлөө мүмкүндүгүн ырастоочу документтер (медициналык кызматтарды алуу максатында); 10) туугандар визасы (“RL” тиби) үчүн: - жарактуу документинин көчүрмөсү; - Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун көчүрмөсүн тиркөө менен Кыргыз Республикасынын жаранынын өтүнүч каты; - чакыруучу тараптын Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашап жаткандыгын ырастоочу документинин көчүрмөсү; - никени каттоо тууралуу күбөлүк же арыз ээсинин Кыргыз Республикасынын жараны менен туугандык мамиледе экендигин ырастоочу башка документтер; - чакыруучу тараптын же арыз ээсинин иштеген жеринен айлык маянасы тууралуу маалым кат же материалдык мүмкүнчүлүгүн далилдеген бардык башка документтер; - жашап турууга уруксат берүү же жарандыкка кабыл алуу жөнүндө арыз ээсинин өтүнүч катын кароо тууралуу документ (арыз ээси Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн учурда); - миграция чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын өтүнүчү же качкын деп таанылган адамдын жеке кайрылуусу (чыгуу-кирүү визасы бериле турган болсо); 11) мекен визасы (“М” тиби) үчүн: - жарактуу документинин көчүрмөсү; - арыз ээсинин өтүнүч каты; - кыргыздардын этностук таандыгы жөнүндө ырастоочу документтер же Кыргыз Республикасынын же Кыргыз ССРинин аймагында туулгандыгын ырастоочу документтер (нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн туулгандыгы тууралуу күбөлүк, жарандык абалы тууралуу актыдан көчүрмө, архивдик документтер, чет өлкөнүн улуттук паспорттору); - жашап турууга уруксат алуу же жарандыкка кабыл алуу жөнүндө арыз ээсинин өтүнүч катын кароо тууралуу документ (арыз ээси Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн учурда); - “кайрылман” статусу бар жактардын жеке кайрылуусу (чыгуу/кирүү визасы бериле турган болсо); 12) туристтик виза (“ТS” тиби) үчүн: - жарактуу документинин көчүрмөсү; - кабыл алуучу туристтик уюмдардын же арыз ээсинин өзүнүн жазуу жүзүндөгү кайрылуусу; 13) тоо туризм визасы (“МТ” тиби) үчүн: - жарактуу документинин көчүрмөсү; - кабыл алуучу туристтик уюмдардын же арыз ээсинин өзүнүн жазуу жүзүндөгү кайрылуусу; - жүрүү маршруту (тийиштүү тур уюштуруу планы); 14) диний визасы (“К” тиби) үчүн: - жарактуу документинин көчүрмөсү; - Кыргыз Республикасынын дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы берген уруксаты болгондо диний уюмдун кайрылуусу; 15) үй-бүлөлүк виза (“F”" тиби) үчүн: - жарактуу документинин көчүрмөсү; - чет элдик жарандын арызы; - кабыл алуучу уюмдун өтүнүч каты (юридикалык жактар үчүн); - арыз ээси менен анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ортосундагы туугандыгын күбөлөндүргөн документтердин көчүрмөсү; 16) транзиттик виза (“ТR” тиби) үчүн: - жарактуу документинин көчүрмөсү; - үчүнчү өлкөгө баруучу акыркы пунктка чейин жол жүрүү билетинин көчүрмөсү же баруучу өлкөнүн визасынын көчүрмөсү же болбосо барган жеринен виза алууда үчүнчү мамлекеттин расмий бийлиги ырастаган уруксаттын (чакыруунун) көчүрмөсү; 17) чыгуу визасы (“L” тиби) үчүн: - жарактуу документинин көчүрмөсү; - улуттук коопсуздук органынын, ички иштер боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын каттары. Арыз ээлери ушул пунктта каралган документтерди чет тилинде берилген учурда алардын мамлекеттик жана расмий тилдеги котормосу тиркелүүгө тийиш, мында документтер менен иштеген котормочунун колу нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүшү керек (документтердин нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте апостилдениши же болбосо Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде башкача каралбаса, ага мамлекеттик жана расмий тилдеги нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн котормосу менен консулдук легалдаштыруу жол-жобосу жүргүзүлүшү керек. 2. Визанын категориясына жараша визалык колдоону тариздөө үчүн КР ТИМ ККД жана КР ТИМ ЫУӨгө визалык колдоону тариздөө үчүн, визанын категориясына жараша жеке максаттар үчүн төмөнкүдөй документтер тапшырылат: - Кыргыз Республикасынын жаранынын арызы; - толтурулган визалык анкета; - каражаттардын төлөнгөндүгү тууралуу ырастама; - визанын талап кылынган категориясына ылайык визаны тариздөө үчүн жогоруда аталган зарыл болгон документтердин тизмесинде каралган башка документтер; башка максаттар үчүн (КР ТИМ КДД): - чакыруучу тараптын өтүнүч каты; - толтурулган визалык анкета; - каражаттардын төлөнгөндүгү тууралуу ырастама; - визанын талап кылынган категориясына ылайык визаны тариздөө үчүн жогоруда аталган зарыл болгон документтердин тизмесинде каралган башка документтер. 3. Электрондук виза алуу үчүн тышкы иштер, КР ТИМ ККД, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайттарында жайгаштырылган электрондук виза алуунун талаптары жана эрежелери менен таанышуу зарыл |
13 | Акы төлөөчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акы төлөмө негизде жүргүзүлөт. Прейскуранттын баасы монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макулдашуу боюнча тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин буйругу менен бекитилет. Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттардын ставкалары тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат такталарына жана расмий сайтына жайгаштырылат |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүгү жана өз убагында болуусу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий же башка көз карашы, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктарынын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүү; - акыркы жыйынтыктын (алынган кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө шайкеш келүүсү; - жарандардын даттануулар жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болуусу; - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине, чет өлкөдөгү мекемелерине барбастан, электрондук визаны онлайн режиминде тариздөө мүмкүнчүлүгү |
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Кызмат көрсөтүү электрондук форматта берилиши мүмкүн. Арыз ээси расмий интернет сайтында жайгашкан “Электрондук виза” порталы аркылуу КР ТИМ ККДга электрондук визаны тариздөөгө арыз берет. “Электрондук виза” порталы төмөнкүлөр тууралуу маалыматтарды камтыйт: - электрондук виза алуунун шарттары; - “Электрондук виза” порталы аркылуу санариптик форматта бериле турган керектүү документтер; - консулдук кызматтарды көрсөтүү үчүн алынуучу акча каражаттары (мындан ары - каражаттар); - каражаттарды төлөөнүн ыкмалары (электрондук банктык төлөө системасы); - Кыргыз Республикасынын визалык режими жана Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүү тартиби; - электрондук визаларды алуу үчүн арыздарды кароонун мөөнөтү; - кабыл алуудан баш тартылган электрондук виза алуу үчүн арыздарды кайрадан карап чыгуу тартиби; - каражаттарды төлөө үчүн банктык реквизиттер; - электрондук виза боюнча Кыргыз Республикасына кирүү шарттары; - визаларды тариздөө боюнча кошумча маалыматтар. Келүү максаттарына жараша визаны тариздөө үчүн арызды чакырган тарап дагы бериши мүмкүн. Арыз ээси “Электрондук виза” порталында визалык анкетаны толтурат жана ушул стандарттын 12-пунктунда каралган документтерди түстүү фото (ак фондо) менен берет. Визаны алуу үчүн арыз каражаттар төлөнгөндөн кийин ТМЭБС (Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасы) тарабынан ырасталат. Арыз ээсинин визалык анкетасында ката же тийиштүү категориядагы визаны тариздөө үчүн зарыл документтердин жоктугу белгиленген учурда, виза алууга арыз каталарды жоюу же арызды зарыл болгон бардык документтер менен толуктоо үчүн арыз берүүчүгө кайтарылат. Электрондук визаны тариздөөгө баш тартылган учурда арыз ээсине же чакыруучу тарапка төлөнгөн акча каражаттары кайтарылып берилбейт. КР ТИМ ККД берилген документтердин талапка шайкештигин текшерет. Каталар же шайкеш эмес аныкталган учурда арыз ээсине оңдоолордун зарылдыгы жөнүндө электрондук билдирүү жиберилет жана өтүнмө жеткире иштеп чыгуу үчүн кайра кайтарылып берилет. Визаны тариздөөгө өтүнмө улуттук коопсуздук орган менен 4 иш күндүн ичинде ТМЭБС аркылуу макулдашылат. Жеңилдетилген визалык режим колдонулуучу чет мамлекеттердин жарандары, ошондой эле 14 жашка чыга элек жактар үчүн визаны тариздөөгө өтүнмөлөр макулдашылбайт. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча улуттук коопсуздук орган визаны тариздөөгө тоскоол боло турган негиздердин жоктугу жөнүндө же визаны тариздөөнүн максатка ылайыксыздыгы тууралуу КР ТИМ ККДга электрондук билдирүү жөнөтөт. Улуттук коопсуздук органы тарабынан көрсөтүлгөн мөөнөттө жообу берилбесе, өтүнмө оң жагына макулдашылды деп эсептелет. КР ТИМ ККД улуттук коопсуздук органы менен макулдашуунун жана электрондук визаны тариздөөгө өтүнмөнү карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча арыз ээсине баш тартуу жөнүндө маалымдайт же арыз ээсинин визалык анкетасында көрсөтүлгөн электрондук почта дарегине электрондук визаны жиберет. Кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүлөрү пайда болгон суроолор боюнча КР ТИМ ККДга же Кыргыз Республикасынын веб-сайттары аркылуу чет өлкөдөгү мекемелерге кайрыла алышат |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн документтер, кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция берилбеген учурда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда баш тартылышы мүмкүн |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат көрсөтүү талаптагыдай берилбегенде керектөөчү тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө даттанууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилип, кызмат көрсөтүүнү алуучунун аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, кызмат көрсөтүүнү алуучунун колун, датасын камтышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 иш күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна жиберет. Даттануулар жана дооматтар тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароонун жана керектөөчүгө жооп берүүнүн мөөнөтү ал катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпашы керек. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда, керектөөчү тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароо мезгили | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилде туруктуу негизде кайра каралышы керек |
|
|
|
”.
| 3-тиркеме |
“
28. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсепке алууга коюу жана консулдук эсептен чыгаруу - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмегинин) 4-главасынын 24-пункту |
2 | Кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги - тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган; Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаменти (мындан ары - КР ТИМ ККД); Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү/консулдук мекемелери. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн/консулдук мекемелеринин тизмеси тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана КР ТИМ ККД маалымат такталарында жана сайтында жайгаштырылган |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөр | Туруктуу жашоо максатында Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары жерде жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары жана Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары туруктуу жашоого кеткен Кыргыз Республикасынын жарандары |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: - “Тышкы миграция жөнүндө”; - “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”; - “Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө”; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору: - 2011-жылдын 11-ноябрынын № 725 “Кыргыз Республикасынын Консулдук уставын бекитүү жөнүндө”; - 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө”; - 2012-жылдын 20-февралындагы № 113 “Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө”; - 2019-жылдын 25-ноябрындагы № 632 “Кыргыз Республикасынын жарандарын “Консулдук эсеп” автоматташтырылган маалыматтык системасын пайдалануу менен консулдук эсепке алуу жана консулдук эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Кыргыз Республикасынын жаранынын анык жалпы жарандык паспортуна консулдук каттоого тургандыгы тууралуу белги коюу (Кыргыз Республикасынын жаранынын талабы боюнча). Консулдук эсептен чыгаруу жөнүндө маалым кат (Кыргыз Республикасынын жаранынын талабы боюнча) |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты | Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй шарттарда жүргүзүлөт: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайларда; - жарандар, анын ичинде көрүү жана угуу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар жана таяныч-кыймыл аппаратынын бузулгандыгына байланыштуу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА) үчүн имаратка жана санитардык гигиеналык жайларга (ажаткана, жуунуучу бөлмө) кирүүгө тоскоолдугу жок пандус, кармоочтор менен жабдылган имараттарда, жайларда; - кезек күтүү принциби боюнча. Имараттар күтүү жайы, ажатканалар, жылуулук, суу түтүктөрү, телефондор менен жабдылган. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгер алар имаратка көтөрүлө албаса, кызматкер арызды кабыл алуу үчүн өзү түшүп келет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болуш үчүн кызмат көрсөтүү жеринде кызмат көрсөтүүгө зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат. Кызмат көрсөтүү жарым-жартылай электрондук форматта берилет (Кыргыз Республикасынын жарандары консулдук эсепке туруу үчүн өзү барбастан Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин расмий электрондук дарегине же ыйгарым укуктуу органдын порталына документтерди (түстүү сүрөт электрондук түрдө жиберилет) сканерленген түрдө жиберүүгө укуктуу) |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Консультация алуу үчүн кезек күтүү - 30 мүнөттөн ашык эмес; - консультация алуу - 10 мүнөттөн ашык эмес; - консулдук каттоого коюуну тариздөө - арыз катталган күндөн тартып үч жумуш күнгө чейин; - документтерди алууда кезек күтүү - 30 мүнөттөн ашык эмес. Кызмат көрсөтүүнүн чектелген мөөнөтү – 3 жумуш күн |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөргө маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүдөй алууга болот: - тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнөн; - тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын www.mfa.gov.kg сайтынан; - тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнө, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө/консулдук мекемелерине жеке кайрылууда; - тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн/консулдук мекемелеринин маалымат такталарынан, брошюралардан, буклеттерден. Тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, анын түзүмдүк бөлүмдөрүндө, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө/консулдук мекемелеринде жарандарды кабыл алуу - алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет. Тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын дареги: Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 57. Иш графиги: дүйшөмбү – жума, саат 09:00 - 18:00 чейин. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн/консулдук мекемелеринин тизмеси (веб-сайттар жөнүндө маалыматы, жарандарды кабыл алуу графиги менен) тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтында көрсөтүлгөн |
9 | Кызмат көрсөтүүлөрдү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - ЖМК (гезиттер, радио, телекөрсөтүү); - тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын www.mfa.gov.kg сайты; - Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн жана консулдук мекемелеринин сайттары; - маалымат такталары, брошюралар, буклеттер; - жеке кайрылуу жана телефон аркылуу байланышуу; - тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн коомдук кабылдамасы аркылуу. Даректер, телефон номерлери жана иш режими мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарттары менен бирге тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын такталарына жана сайтына жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүндө кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктерине маалыматтык табличкалар илинет. Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдж) болот. Келүүчүлөр менен пикир алмашуу учурунда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташат: сылык, ак ниет, сыпайы, сабырдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын тереңинен түшүнүүгө аракеттенүү, маектешкен адамды уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынган чечимди аргументтөө. Бардык кызматкерлер кызматтык нускаманы (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, жарандарга карата этикалык, көз карандысыздык жана объективдүүлүктү камсыз кылуучу жана кызыкчылыктардын кагылышуусун четтетүүчү кесиптик-этикалык ченемдерди сактоосу керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктарга ээ адамдар (ДМЧА, кары-картаң пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен баарлашуу жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн |
12 | Мамлекеттик кызмат керектөөчүлөр тарабынан зарыл болгон документтердин жана/же аракеттердин тизмеси | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн төмөнкү документтер берилет: 1) толтурулган каттоо карточкасын; 2) Кыргыз Республикасынын жаранынын улуттук паспортун; 3) “Каттоо эсебинен чыгарылды” штампы басылган чыгаруу дарек баракчасын (Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары туруктуу жашоо ордуна кетип жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарына); 4) бетинин сүрөттөлүшү так көрүнгөн, ак фондогу, 3x4 см өлчөмдөгү эки түстүү фото сүрөтүн. Кыргыз Республикасынын жарандары консулдук эсепке туруу үчүн өзү барбастан Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин расмий электрондук дарегине же ыйгарым укуктуу органдын порталына документтерди (түстүү сүрөт электрондук түрдө жиберилет) сканерленген түрдө жиберүүгө укуктуу) |
13 | Төлөнүүчү мамлекеттик кызматтын наркы | Мамлекеттик кызмат акысыз негизде көрсөтүлөт |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат; - кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүгү жана өз убагында болуусу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыгы, диний ишеними, курагы, саясий же башка көз карашы, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричилик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүү; - акыркы жыйынтыктын (алынган кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө ылайык келүүсү; - жарандардын даттануулары жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болушу |
15 | Мамлекеттик кызматты электрондук форматта көрсөтүү | Кызмат көрсөтүү жарым-жартылай электрондук форматта берилет. Кыргыз Республикасынын жарандары консулдук эсепке туруу үчүн өзү барбастан Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин расмий электрондук дарегине же ыйгарым укуктуу органдын порталына ушул стандарттын 12-пунктунда каралган документтерди (түстүү сүрөт электрондук түрдө) жиберүүгө укуктуу. Кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүлөрү КР ТИМ ККДга же Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө/ консулдук мекемелерине веб-сайт аркылуу кайрыла алышат |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн баш тартуу үчүн негиз | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн документтер, кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция берилбеген учурда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда баш тартылышы мүмкүн |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат көрсөтүү талаптагыдай берилбегенде керектөөчү тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө даттанууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилип, кызмат көрсөтүүнү алуучунун аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, кызмат көрсөтүүнү алуучунун колун, датасын камтышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 иш күндүн ичинде каттап, жетекчиликтин кароосуна жөнөтөт. Даттануулар жана дооматтар тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароонун жана керектөөчүгө жоопту жиберүүнүн мөөнөтү катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпашы керек. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда, керектөөчү тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароо мезгили | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилде туруктуу негизде кайра каралышы керек |
”.