Загрузка документа…
| Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 55 токтомуна) |
|
Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарына берилген маалымат террористтик ишке катышкан адамдарды кармоого же соттоого, ошондой эле террористтик актыны болтурбоого же ага бөгөт коюуга алып келгендиги үчүн акчалай сыйакы төлөөнүн негиздери, өлчөмү жана тартиби жөнүндө жобо
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарына берилген маалымат террористтик ишке катышкан адамдарды кармоого же соттоого, ошондой эле террористтик актыны болтурбоого же ага бөгөт коюуга алып келгендиги үчүн акчалай сыйакы төлөөнүн негиздерин, өлчөмүн жана тартибин аныктайт.
2. Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарына (мындан ары - улуттук коопсуздук органдары) террористтик ишке катышкан адамдарды кармоого же соттоого, ошондой эле террористтик актыны болтурбоого же ага бөгөт коюуга алып келген маалыматты берген адамдарга (мындан ары - көмөк көрсөткөн адамдар) акчалай сыйакы "Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык уюштурулат.
3. Көмөк көрсөткөн адамдарга акчалай сыйакыны төлөө улуттук коопсуздук органдарынын ыкчам издөө ишине каралган бюджеттик каражаттардын чегинде жүргүзүлөт.
4. Көмөк көрсөткөн адамга акчалай сыйакыны төлөө үчүн негиз болуп анын улуттук коопсуздук органдарына төмөнкүлөрдү берүүсү эсептелет:
1) террористтик акт даярдап жаткан, жасай турган же жасаган жеке жак (адамдардын тобу) тууралуу анык маалыматты (жеке жактын (адамдардын тобу) паспорттогу же ким экендигин аныктаган башка документтеги маалымат, жашаган жеринин же жүргөн жеринин дареги) бул аны табууга жана иш жүзүндө кармоого же соттоого түздөн-түз алып келиши керек;
2) террористтик актыны аныктоого, алдын алууга (болтурбоого), же бөгөт коюуга түздөн-түз алып келген даярдалып жаткан террористтик акт тууралуу өз убагындагы маалыматты;
3) террористтик актыны ачууга жана териштирүүгө түздөн-түз жардам берген террористтик акт жасоо күчтөрү, каражаттары, ыкмалары жана методдору тууралуу анык маалыматты.
5. Акчалай сыйакынын өлчөмүнүн чектери ушул Жобонун 4-пунктунда көрсөтүлгөн негиздерге жараша бекитилет жана төмөнкүлөрдү түзөт:
1) 1-пунктчада көрсөтүлгөн негиздер боюнча - 20 миңден 80 миң сомго чейин;
2) 2-пунктчада көрсөтүлгөн негиздер боюнча - 40 миңден 120 миң сомго чейин;
3) 3-пунктчада көрсөтүлгөн негиздер боюнча - 20 миңден 70 миң сомго чейин.
6. Көмөк көрсөтүүчү адамдарга акчалай сыйакынын өлчөмдөрүн улуттук коопсуздук маселелерин тейлөөчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) жетекчиси, анын милдетин аткаруучу адам, же анын орун басарлары терроризм менен күрөшүүнүн маанилүү жыйынтыктарын алууну эске алып, ушул Жобонун 5-пунктунда көрсөтүлгөн өлчөмдөрдүн чегинде ар бир учурда өзүнчө аныктайт (белгилейт).
7. Ушул Жобонун 4-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматы бар адамдар улуттук коопсуздук органдарына колдогу маалыматты көрсөтүү менен жазуу жүзүндө арыз менен кайрылат. Арызда арыз ээсинин жеке маалыматы (аты-жөнү, туулган күнү, жери, жашаган дареги, байланыш телефону) көрсөтүлөт, ошондой эле ким экенин күбөлөндүргөн документтин көчүрмөсү тиркелет. Зарыл болгон учурда арызга маалыматты ырастаган башка материалдар (видео, фото жана башкалар) тиркелиши мүмкүн.
8. Кечиктирилбей турган учурда жарандардын улуттук коопсуздук органдарынын нөөмөт кызматына байланыш каражаттары аркылуу кайрылуусуна жол берилет. Мында да кайрылып жаткан адам өзүнүн жеке маалыматын (аты-жөнүн, туулган күнүн, жерин, жашаган дарегин, байланыш телефонун) милдеттүү түрдө көрсөтөт. Улуттук коопсуздук органдарына берилген маалымат, анын ичинде арыз ээсинин жеке маалыматы нөөмөт кызматынын журналына жазылып, бекитилүүгө тийиш.
9. Адам берген маалымат ырасталган учурда жана ушул Жобонун 4-пунктунда көрсөтүлгөн негиздер болгондо улуттук коопсуздук маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси (анын милдетин аткарган адам) же анын орун басарлары тарабынан акчалай сыйакы төлөө жөнүндө чечимин кабыл алышат, бул тууралуу тиешелүү ведомстволук акт (буйрук) чыгарылат
10. Улуттук коопсуздук органдары акчалай сыйакыны көмөк көрсөткөн адамга төлөө жөнүндө кабыл алынган чечим тууралуу, ошондой эле акчалай сыйакы алуу жери жана мөөнөтү тууралуу белгиленген тартипте 30 күндүн ичинде кабарлайт.
11. Улуттук коопсуздук органдары көмөк көрсөткөн адамдарга акчалай сыйакыны алар ким экендигин күбөлөндүргөн документти (паспортту) көрсөткөндө төлөшөт.
12. Көмөк көрсөткөн адам акчалай сыйакыдан баш тартууга укуктуу, бул тууралуу тийиштүү акт түзүлөт.
13. Берилген маалымат ырасталбаган учурда улуттук коопсуздук органдары бул тууралуу ошол маалыматты берген адамга кабарлайт.
14. Террористтик акт жасаган же террористтик ишке тиешеси бар адамдарды жана алардын жүргөн жерин аныктоо боюнча маалыматты, ошондой эле алар тууралуу башка маалыматты алуу максатында улуттук коопсуздук органдары үчүн жарандардын жардамына кайрылуу зарылдыгы пайда болсо, ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси (анын милдетин аткарган адам) же анын орун басарлары сыйакы дайындоону жарыялоо жөнүндө чечим кабыл алат.
15. Сыйакыны дайындоо тууралуу жарыя ыйгарым укуктуу органдын Интернет тармагындагы расмий сайтына жайгаштырган учурдан тартып Интернет тармагындагы аталган сайттан өчүрүлгөнгө чейин күчүндө болот.
16. Сыйакыны дайындоо тууралуу жарыя улуттук коопсуздук органдарынын Интернет тармагындагы расмий сайтынан тышкары жалпыга маалымдоо каражаттарында, ошондой эле улуттук коопсуздук органдарынын маалымат такталарында жайгаштырылышы (жарыяланышы) мүмкүн.
17. Сыйакыны дайындоо тууралуу жарыя төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) издөө жарыяланган адамды колго түшүрүүгө жардам бергендиги үчүн сыйакыны дайындоо жарыяланган учурда террористтик акт жасаган, же аны жасоого катыштыгы бар адамдар тууралуу маалыматты кабарлоо өтүнүчү менен кылмыш тууралуу багыттоочу маалыматты, ошондой эле бул адам тууралуу маалыматты же жасалган террористтик акт тууралуу маалыматты;
2) Ушул Жобого ылайык сыйакынын өлчөмү жана аны төлөө шарттары тууралуу маалыматты;
3) акчалай сыйакыны жарыялоонун демилгечисинин жайгашкан жери жана байланыш телефондору көрсөтүлгөн кайра байланышуу маалыматын.
18. Акчалай сыйакынын өлчөмү өзгөрүшү мүмкүн, мында акчалай сыйакынын жаңы өлчөмүн дайындоо тууралуу жарыянын күчүнө кире турган күнү болуп улуттук коопсуздук органынын Интернет тармагындагы расмий сайтына жайгаштырган күн саналат.
19. Улуттук коопсуздук органдарына көмөк көрсөткөн адамдар изин суутпай издөө иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттин коргоосунда болот жана алар тууралуу маалымат ачыкка чыгарылбайт.
20. Улуттук коопсуздук органдарына көмөк көрсөткөн адамдар билип туруп жалган маалымат бергендиги үчүн Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартылат.