Сравнение редакций…
| Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-июнундагы № 315 токтомуна) |
|
"Ишкердик субъекттерди каржылоо" программасы
1. Киришүү
Коронавирус пандемиясы бүткүл дүйнөгө таасирин тийгизди. Эл аралык валюта фонду дүйнөлүк экономиканын 2020-жылы 3 пайызга төмөндөп, 2009-жылга салыштырмалуу кыйла күчтүү боло турганын божомолдоодо. ЭВФтин божомолуна ылайык 2020-жылы Кыргызстандын ИДПсы 4 пайызга төмөндөйт.
2020-жылы дүйнөлүк экономиканын өсүү перспективалары өтө эле бүдөмүк. Болжол менен алганда дүйнөлүк соода-сатык 10-13 пайызга кыскарат, ал өз учурунда 45-50 млн. жумуш орундун жок болушуна, жумушсуздуктун өсүүсүнө жана социалдык чыңалууга алып келет.
ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин экономикасына пандемиянын тийгизген таасири чектөөчү чаралардын узактыгына жана дүйнөлүк экономиканын калыбына келүү ылдамдыгына жараша болот. Ушуга байланыштуу пандемиянын ЕАЭБдин мүчө мамлекеттерине тийгизген таасири көрүлгөн чектөөчү чараларга жараша ар түрдүү мүнөздө болот. Ошондой эле ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин экономиканы колдоо боюнча мүмкүнчүлүктөрү дагы ар түрдүү экендиги анык: эгерде Россия жана Казакстан экономика секторлорун түз субсидиялоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болсо, Армения менен Кыргызстан тышкы колдоо булактарын издеп, эл аралык уюмдарга кайрылууга аргасыз болууда.
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги 2020-жылы Кыргыз Республикасында экономикалык төмөндөөнүн күтүлүшүн жана бул кризистен 2021-жылдан тартып чыгууга боло турганын божомолдоодо.
Коңшу өлкөлөр менен чек арада киргизилген чектөөлөр тышкы сурам менен сунуштун кыскарышына алып келди, ал эми коронавирустук инфекциянын жайылышына жол бербөө боюнча зарыл болгон чараларды көрүү экономикалык активдүүлүктүн солгундашына алып келди. Чакан жана орто бизнестин иши, курулуш чөйрөсү, ошондой эле өнөр жайлык өндүрүштүн бир катар ишканалары ишин дээрлик толугу менен токтоткон, кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсү өтө чабал абалга туш болгон.
2. Колдоо көрсөтүү пландалган бизнес-секторлор
"Ишкердик субъекттерди каржылоо" программасынын (мындан ары - Программа) алкагындагы артыкчылыктуу бизнес-секторлор төмөнкүдөй факторлорду эске алуу менен аныкталды:
- жумушсуздардын саны өсүп жана эмгек мигранттары кайтып келип жаткан шартта жумуш орундарын сактап калуу жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө көмөктөшүү;
- өлкөнүн ИДПсынын өсүүсүнө мүмкүн болушунча чоң салым кошуу үчүн экономикалык жактан натыйжалуу бизнес-чөйрөлөргө колдоо көрсөтүү;
- экономикалык иштин башка түрлөрүн өнүктүрүүгө мультипликативдик таасирин тийгизген бизнес-чөйрөлөргө колдоо көрсөтүү;
- өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун жакшыртуу зарылчылыгы;
- калкты жана саламаттык сактоо системасын коргоочу каражаттар жана ички өндүрүштөгү кыйла зарыл болгон медициналык препараттар менен камсыз кылуу.
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин маалыматтарына жүргүзүлгөн изилдөөгө ылайык пандемия башталаарга чейинки мезгилде көп сандагы жумуш орундарын камсыз кылган бизнес-сектор - иштетүүчү өнөр жайы болуп саналган, ал өлкөдө эмгектенген адамдардын жалпы санынын 12 пайызын, ошондой эле ИПДга болгон салымдын 14,3 пайызын түзгөн. Коронавирустун жайылышына жана коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүү боюнча көрүлгөн чараларга байланыштуу түзүлгөн кырдаалды эске алуу менен 2020-жылы өнөр жайда 95,3 пайыз деңгээлинде өсүш күтүлүүдө. Долбоордун алкагында төмөнкүдөй бизнес-секторлорду жеңилдетилген кредиттер менен камтуу пландалууда:
- тамак-аш азыктарын өндүрүү (өнөр жайдагы жумуш орундарынын 14,4 пайызын камсыз кылат). Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги 2020-жылы тамак-аш азыктарын (анын ичинде суусундуктар) жана тамеки буюмдарын өндүрүү көлөмү 103,6 пайызга чейин солгундашын болжолдоодо. Пандемия шартында азык-түлүк тармагы өлкө ичиндеги азык-түлүк коопсуздугун камсыздоодо маанилүү роль ойнойт;
- текстиль өндүрүшү, кийим-кече жана бут кийим, тери жана булгаарыдан жасалган башка буюмдарды өндүрүү (өнөр жайындагы жумуш орундарынын 33% пайызын камсыздайт). Түзүлгөн кырдаалга жана чийки зат ташып келүүдөгү чектөөлөр түрүндөгү кесепеттерге байланыштуу 2020-жылы көрсөткүчтөр 90 пайыз деңгээлинде күтүлүүдө. Бул сектор жумуш орундары менен камтуу боюнча кыйла артыкчылыктуу болуп саналат;
- резина жана пластмасса буюмдарын, башка минералдык азыктарды өндүрүү (өнөр жайындагы жумуш орундарынын 8,7 пайызын камсыздайт). Курулуш секторунда ишкердик жана инвестициялык активдүүлүктүн басаңдашы күтүлгөндүктөн курулуш материалдарын өндүрүү көлөмүнүн өсүү темпи 2020-жылы 80,2 пайыз деңгээлинде пландалууда. Курулуш материалдарын өндүрүү курулуш тармагына мультипликативдик таасирин тийгизет;
- саламаттык сактоо системасы үчүн коргоо каражаттарын жана медициналык препараттарды ички өндүрүүгө көмөк көрсөтүү максатында иштетүүчү өнөр жайынын фармацевттик тармагын колдоо пландалууда;
- жумуш менен камсыз болгон 2,5 млн. калктын ичинен 1,3 миллиондон ашык адам иштеп жаткан кызмат көрсөтүү тармагын колдоо пландалууда. Бул тармакка транспорттук, туристтик кызмат көрсөтүүлөр, мейманкана жана ресторандардагы кызмат көрсөтүүлөр, ошондой эле дүң-чекене түрдөгү соода-сатык кирет, ишинен убактылуу бошой турган адамдардын саны 500 миңден ашуусу мүмкүн. Карантиндик иш-чаралардын таасиринен улам 2020-жылы кызмат көрсөтүү тармагындагы реалдуу өсүш 91,0% өлчөмүндө (дүңүнөн өндүрүү боюнча) болуусу күтүлүүдө. Автотранспорттук жүк ташууларга жана туристтик бизнеске артыкчылыктуу колдоо көрсөтүлөт, бул тармактардагы көрсөткүчтөр акыркы 10 жылдын ичинде эң төмөнкү деңгээлге түшүшү мүмкүн.
Баштапкы этапта 2020-жылы Программаны жалпы каржылоо 14,0 млрд сомдон кем эмес өлчөмдө пландалууда, кийин каржылоонун өлчөмү 2021-жылга карата 40,0 млрд сомго чейин көбөйтүлмөкчү.
2020-жылы Программанын алкагында төмөнкүлөрдү камтуу күтүлүүдө:
- негизги каражаттарды модернизациялоого кредит алышкан 220дан кем эмес өндүрүштүк ишканалар. Бул ишканаларда кеминде 2250 адам иштейт;
- 200дөн кем эмес өндүрүштүк ишканалар жүгүртүү каражаттарына жеңилдетилген кредит алышат. Бул ишканаларда кеминде 2250 адам иштейт;
- 4200 адамдан кем эмес сандагы жумушчулар иштеген 850дөн кем эмес ишкердик субъекттердин кредиттери кайра каржыланат;
- 20000 кем эмес ишкердик субъекттер күрөөсүз кредит алышат жана 40000ден ашык адамды иш менен камсыздашат;
- жеңилдетилген кредит алышкан ишканалардын өнөр жай өндүрүшүндөгү пландалган көлөмү жылына 80339,6 млн. сомдон кем эмес болот;
- долбоорго камтылган ишкердик субъекттердин дүңүнөн кошулган наркынын пландалган көлөмү - жылына 6741,8 млн. сом болот.
Программа менен камтуу күтүлгөн жогорудагы көрсөткүчтөр 2021-жылы 3 эсеге көбөйөт.
3. Программаны баяндоо
"Ишкердик субъекттерди каржылоо" программасынын максаты COVID-19 коронавирустук пандемиянын кесепеттеринен жабыр тарткан жеке ишкерлерге, чакан жана орто ишкердик субъекттерге, ири бизнес субъекттерине мамлекеттик финансылык колдоо көрсөтүү болуп саналат. Ал төмөнкү багыттар боюнча жеңилдетилген кредиттик каражаттар менен камсыздоо аркылуу ишке ашырылат:
- туризм;
- жеңил өнөр жайы;
- фармацевттик өнөр жай;
- жүк ташуулар;
- өндүрүштүк жана кайра иштетүүчү ишканалардын ишине, анын ичинде агроөнөр жайга дем берүү (кластердик ыкмага негизделген региондук экономикага мультипликативдик таасир этүүчү потенциалы менен);
- кен казуу өнөр жайынан тышкары кайра иштетүүчү өнөр жайы жана экономикалык иштин башка чөйрөлөрү.
Салыктык башкарууну санариптештирүү максатында салыктык жол-жоболорду санариптештирүүнүн компоненттерин (электрондук эсеп-фактуралар, программалык контролдук-кассалык машиналар (мындан ары - ККМ), товарларды маркировкалоо) колдонгон чакан жана орто ишкердик субъекттерге тармактар боюнча чектелбестен жеңилдетилген кредиттер берилет.
Программада кредиттик таржымалы дурус болгон учурда өнөр жай, иштетүүчү жана кайра иштетүүчү ишканалар үчүн 2020-жылдын мартына чейин кредиттерди кайра каржылоо каралат.
Ошондой эле Программада чакан ишкердикти колдоо каралууда, ал күрөөсүз негизде каржыланат. Коммерциялык банктар жана чакан финансылык уюмдар (андан ары - ЧФУ) керектөөчү кредиттерден тышкары, тармактар боюнча чектөөсүз түрдө, күрөөсүз негизде чакан ишкердикке кредит беришет.
Программаны ишке ашыруу үчүн бюджеттик ассигнованиелерди жана өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен жетишилген макулдашууларды эсепке алуу менен ишкердик субъекттерге кредит берүүгө ички жана тышкы булактардан финансылык каражаттар издеп табылат жана ишкердик субъекттерге кредит берүүгө багытталат.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында кредит алган субъекттердин карыздарын жоюунун эсебине түшүүчү каражаттарды топтоо үчүн атайын эсеп ачылат. Бул эсепте чогулган каражаттар тандалып алынган коммерциялык банктар аркылуу ишкердик субъекттерге андан ары кредит берүүгө багытталат.
Каржылоо булактары - республикалык бюджет, Программаны ишке ашырууга катышкан өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдүн, коммерциялык банктардын, ЧФУнун каражаттары, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кредиттик аукциондору аркылуу алынган каражаттар.
Программаны ишке ашыруунун башталышы - 2020-жылдын июну.
Жооптуу аткаруучулар: Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (макулдашуу боюнча), Программаны ишке ашырууга катышкан коммерциялык банктар жана ЧФУ.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү коммерциялык банктарды жана ЧФУну тандап алуу аркылуу жеңилдетилген пайыздык ставкалар боюнча кредит берүү үчүн коммерциялык банктарга жана ЧФУга ички жана тышкы булактардан кредит берет.
Кыргыз Республикасында ишкердик субъекттерди колдоо үчүн ушул Программанын жоболорун колдонууну өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдүн катышуусу каралат.
Өз кезегинде коммерциялык банктар жана банктык эмес финансы-кредиттик уюмдар Программага ылайык жеңилдетилген пайыздык ставкалар боюнча жеке ишкерлерге, чакан жана орто бизнес субъекттерине, ири бизнес субъекттерине кредит беришет.
Программаны ишке ашырууга катышкан коммерциялык банктарга жана ЧФУга кредиттер төмөнкүдөй шарттарда берилет:
1. Негизги каражаттарды сатып алуу, жаңылоо, кеңейтүү жана модернизациялоо үчүн:
- пайыздык ставка - жылына 1,5 пайыз, кийин ишкердик субъекттерге жылына 6 пайыз менен кредит берүү үчүн;
- айыптык санкциялар - жылына 3,0 пайыз, мөөнөтү өтүп кеткен төлөмдүн суммасына эсептелет, жылына 10,0 пайыз - максаттуу эмес пайдаланылган суммага;
- карыздын негизги суммасын жоюу боюнча жеңилдетилген мезгил - 12 ай, жеңилдетилген мезгил аяктагандан кийин жоюунун мезгилдүүлүгү - тең үлүш менен жарым жыл сайын;
- эсептелген пайыздарды жоюунун мезгилдүүлүгү - жарым жылдык үлүштөр менен;
- кайтаруу мөөнөтү - 5 жыл;
- күрөөлүк камсыздоо - Программанын алкагында берилген кредиттер боюнча кредиттик портфель.
2. Чийки зат, комплекттөөчү, запастык бөлүктөрдү сатып алуу үчүн:
- пайыздык ставка - жылына 5,5 пайыз, кийин ишкердик субъекттерге жылына 10 пайыз менен кредит берүү үчүн;
- айыптык санкциялар - жылына 11,0 пайыз, мөөнөтү өтүп кеткен төлөмдүн суммасына эсептелет, жылына 15,0 пайыз - максаттуу эмес пайдаланылган суммага;

- эсептелген пайыздарды жоюунун мезгилдүүлүгү - жарым жылдык үлүштөр менен жыл сайын;
- кайтаруу мөөнөтү - 3 жыл;

3. Салыктык жол-жоболорду санариптештирүүнүн компоненттерин (электрондук эсеп-фактуралар, ККМ, товарларды маркировкалоо) колдонгон чакан жана орто ишкердик субъекттер тарабынан негизги каражаттарды сатып алуу, жаңылоо, кеңейтүү жана модернизациялоо, товарларды, чийки зат, комплекттөөчү, запастык бөлүктөрдү сатып алуу үчүн:
- пайыздык ставка - жылына 0,1 пайыз, кийин ишкердик субъекттерге жылына 4 пайыз менен кредит берүү үчүн;
- айыптык санкциялар - жылына 6,0 пайыз, мөөнөтү өтүп кеткен төлөмдүн суммасына эсептелет, жылына 10,0 пайыз - максаттуу эмес пайдаланылган суммага;

4. Өнөр жай жана кайра иштетүүчү ишканалардын кредиттерин кайра каржылоо үчүн:
- пайыздык ставка - жылына 6,5 пайыз, кийин ишкердик субъекттерге жылына 11,0 пайыз менен кредит берүү үчүн;
- айыптык санкциялар - жылына 11,0 пайыз, мөөнөтү өтүп кеткен төлөмдүн суммасына эсептелет, жылына 12,0 пайыз - максаттуу эмес пайдаланылган суммага;
- карыздын негизги суммасын жоюу боюнча жеңилдетилген мезгил - 12 ай, жеңилдетилген мезгил аяктагандан кийин жоюунун мезгилдүүлүгү - тең үлүш менен жарым жыл сайын;
- эсептелген пайыздарды жоюунун мезгилдүүлүгү - жарым жылдык үлүштөр менен жыл сайын;
- кайтаруу мөөнөтү - 3 жыл;
- күрөөлүк камсыздоо - Программанын алкагында берилген кредиттер боюнча кредиттик портфель.
5. Программаны ишке ашырууга катышкан коммерциялык банктар жана ЧФУ чакан ишкерлерге төмөнкүдөй шарттарда кредит берет:
- пайыздык ставка - жылына 14,0 пайыз;
- карыздын негизги суммасын жоюу боюнча жеңилдетилген мезгил -3 айга чейин;
- кайтаруу мөөнөтү - 12 ай.
Программаны ишке ашырууга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан атайын режим (түздөн-түз банктык көзөмөл, убактылуу башкаруу) киргизилген коммерциялык банктар катыша албайт.
Программаны ишке ашырууга 600 млн. сомдон кем эмес жеке капиталы менен жана облустарда 5тен (бештен) кем эмес филиалдары/бөлүмдөрү бар коммерциялык банктар жана 100 млн. сомдон кем эмес жеке капиталы менен жана облустарда 3төн (үчтөн) кем эмес филиалдары/бөлүмдөрү бар чакан финансылык уюмдар катыша алат.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 8-январындагы № 1 "2020-жылды Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыялоо жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында региондорго кредит берүү иштеп жаткан жана жаңыдан түзүлгөн ишканаларга кредит берүү аркылуу ишке ашырылып жатат, кредит берүүнүн көлөмү региондордо 60 пайыздан кем эмес жана Бишкек жана Ош шаарларында 40 пайыздан ашык эмес. Мында катышуучу банктардын филиалдык мекемелери бар облустарда кредит берүүнүн көлөмү 5 пайыздан аз өлчөмдү түзөт.
Бул Программаны ишке ашыруунун алкагында 2020-жылдын мартына чейин оң кредиттик таржымалга ээ болгон шартта ишкердиктин бир субъектисине 30 млн. сомдон ашык эмес кредиттик каражаттар берилет, ошондой эле мурда бир төлөм боюнча 20 күнгө чейин жана бардыгы болуп 60 күнгө чейин мөөнөтү өтүп кеткен карызга жол берген зайымчылардын өтүнмөлөрүн кароого уруксат берилет.
Күрөөсүз чакан кредит берүү региондор боюнча чектөөлөрсүз жүргүзүлөт.
Берилген кредиттерди кайтаруу боюнча бардык тобокелдиктерди коммерциялык банктар жана ЧФУ тартат, зайымчыларды тандап алуу алардын ички жол-жоболоруна ылайык жүргүзүлөт.
Программанын алкагында 30 пайыздан кем эмес кредит алуучулары ишкер аялдар же болбосо көпчүлүк кызматкерлерин аялдар түзгөн ишканалар болушу керек.
Программа менен "Айыл Банк" жана "РСК Банк" ачык акционердик коомдорун республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен толук капиталдаштыруу каралат. Мында аталган коммерциялык банктар ушул Программанын шарттарында толук капиталдаштырууга, ишкердик субъекттерге жеңилдетилген кредит берүүгө алынган каражаттарды жумшайт. Жогоруда аталган ачык акционердик коомдорду толук капиталдаштыруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өзүнчө чечими менен ишке ашырылат.
Коммерциялык банктар кредит берүүнү төмөнкү шарттарда ишке ашырат:
Максаттуу багыты | Төмөнкү багыттар боюнча жеңилдетилген кредиттик каражаттар менен камсыздоо аркылуу COVID-19 коронавирустук пандемиянын кесепеттеринен жабыркаган майда ишкерлерге, менчик жана жеке ишкерлерди кошкондо, чакан жана орто бизнес субъекттерине, ири бизнес субъекттерине мамлекеттик финансылык колдоо көрсөтүү: - туризм; - жеңил өнөр жайы; - фармацевттик өнөр жай; - жүк ташуулар; - өндүрүштүк жана кайра иштетүү ишканаларынын (кластердик ыкмага негизделген региондук экономикага мультипликативдик таасир этүү потенциалы менен) ишине дем берүү; - кен өнөр жайын кошпогондо, иштетүү өнөр жайы. Салыктык башкарууну санариптештирүүнү киргизүү максатында салыктык жол-жоболорду санариптештирүүнүн компоненттерин (электрондук эсеп-фактураларды, программалык ККМди, товарларды маркалоону) колдонгон чакан жана орто ишкердик субъекттерге тармактар боюнча чектөөсүз жеңилдетилген кредиттерди берүү. Чакан ишкердикти колдоо үчүн чакан кредит берүү керектөөчүлүк кредиттерди кошпогондо, тармактар боюнча чектөөлөрсүз күрөөсүз негизде жүргүзүлөт |
Кредит берүүнүн өлчөмү жана мөөнөтү, сом менен | Кредиттин суммасы: 1) 60 айга чейинки мөөнөт менен 30 млн. сомго чейинки суммага негизги каражаттарды сатып алуу, жаңыртуу, кеңейтүү жана модернизациялоо, мында зайымчылардын кредиттер боюнча болгон карыздарын кредиттин суммасынын 50%ынан ашык эмес кайра каржылоого жол берилет. Ошондой эле туризм чөйрөсүндө кредит берүү туристтик объекттердеги (пансионаттарда, эс алуу үйлөрүндө ж.б.) коомдук тамактануу түйүндөрүн кошпогондо ресторандык бизнеске жайылтылбайт; 2) 36 айга чейинки мөөнөт менен 20 млн. сомго чейинки суммага сырьелорду, комплекттөөчү, запастык бөлүктөрдү сатып алуу, мында зайымчылардын болгон карыздарын (кредиттер, жеткирип берүүчүлөр боюнча карыздарын, соцфондго чегерүүлөрүн, салыктарын) кредиттин суммасынын 50% ашык эмес кайра каржылоого жол берилет, ошондой эле эмгек акыны төлөөнү каржылоого жол берилет. Мында туризм чөйрөсүндө кредит берүү туристтик объекттердеги (пансионаттарда, эс алуу үйлөрүндө ж.б.) коомдук тамактануу түйүндөрүн кошпогондо ресторандык бизнеске жайылтылбайт; 3) 36 айга чейинки мөөнөт менен 10,0 млн. сомго чейинки суммага салыктык жол-жоболорду санариптештирүүнүн компоненттерин (электрондук эсеп-фактураларын, программалык ККМди, товарларды маркалоону) колдонуучу ишкердик иштин субъекттеринин негизги каражаттарды сатып алуусу, жаңыртуусу, кеңейтүүсү жана модернизациялоосу, товарларды, сырьелорду, комплекттөөчү, запастык бөлүктөрдү сатып алуусу, мында зайымчылардын болгон карыздарын (кредиттер, жеткирип берүүчүлөр боюнча карыздарын, соцфондго чегерүүлөрүн, салыктарын) кредиттин суммасынын 50% ашык эмес кайра каржылоого, ошондой эле эмгек акыны төлөөнү каржылоого жол берилет; 36 айга чейинки мөөнөт менен 20 млн. сомго чейинки суммага өнөр жай, иштетүүчү жана кайра иштетүүчү ишканалардын кредиттерин кайра каржылоо үчүн; 12 айга чейинки мөөнөт менен 150 миң сомго чейин күрөөсүз негизде чакан кредит берүү |
Кредитти алуунун негизги шарттары жана категориялардын мүнөздөмөлөрү | 1. Кыргыз Республикасынын резиденти; 2. Кыргыз Республикасынын бардык мамлекеттик органдарында, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматында жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунда талаптагыдай түрдө катталган жеке ишкер, чакан, орто жана ири ишкер/юридикалык жак |
Акыркы пайыздык ставка | 1) негизги каражаттарды сатып алуу, жаңыртуу, кеңейтүү жана модернизациялоо - 6%; 2) сырьелорду, комплекттөөчү, запастык бөлүктөрдү сатып алуу - 10%; 3) негизги каражаттарды сатып алуу, жаңыртуу, кеңейтүү жана модернизациялоо, салыктык жол-жоболорду санариптештирүүнүн компоненттерин колдонуучу чакан жана орто ишкердик субъекттердин товарларды, сырьелорду, комплекттөөчү, запастык бөлүктөрдү сатып алуусу - 4%. Мында, коммерциялык банктар, чакан финансылык уюмдар кредиттик мезгилде жеңилдетилген кредит алган чакан жана орто ишкердик субъекттердин салыктык жол-жоболорду санариптештирүүнүн компоненттерин (электрондук эсеп-фактураларды, программалык ККМ, товарларды маркалоону) колдонуудан баш тартуулары же шарттарын бузуулары тууралуу маалыматтарды алган учурда (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы менен маалымат алмашуу жөнүндө түзүлгөн макулдашуунун негизинде), мындай маалыматты алган айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып коммерциялык банктын, чакан финансылык уюмдун каржылоону берген күнгө карата колдонулуп жаткан пайыздык ставкасын эсептөө менен кредит берүүнүн бардык мезгили үчүн мындай субъекттин кредиттик милдеттенмелерин кайра эсептөө жүргүзүлөт; 4) өнөр жай, иштетүүчү жана кайра иштетүүчү ишканалардын кредиттерин кайра каржылоо үчүн - 11%; 5) күрөөсүз негизде чакан кредит берүү - 14% Кошумча жыйымдар жана комиссиялар (кредитти берүү, графикти кайра кароо, резервдөөгө, реструктуризациялоо, акчалай берүүлөр үчүн ж.б.) алынбайт |
Жеңилдетилген мезгил | Карыздын негизги суммасы боюнча төгүмдөрдү төлөөдөн толук бошотуу: 1) негизги каражаттарды сатып алуу, жаңыртуу, кеңейтүү жана модернизациялоо, кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүнүн жана туризм тармактарын кошпогондо - 18 айга чейин; 2) сырьелорду, комплекттөөчү, запастык бөлүктөрдү сатып алуу - 6 айга чейин; 3) негизги каражаттарды сатып алуу, жаңыртуу, кеңейтүү жана модернизациялоо, салыктык жол-жоболорду санариптештирүүнүн компоненттерин колдонуучу ишкердик иштин субъекттеринин товарларды, сырьелорду, комплекттөөчү, запастык бөлүктөрдү сатып алуусу - 12 айга чейин, Программада ошондой эле 12 айга чейинки мөөнөткө эсептелген пайыздарды төлөөдөн толук бошотуу каралган; 4) өнөр жай, иштетүүчү жана кайра иштетүүчү ишканалардын кредиттерин кайра каржылоо үчүн - 12 айга чейин; 5) күрөөсүз негизде чакан кредит берүү - 3 айга чейин |
Айыптык санкциялар | Кредиттик каражаттар максатсыз пайдаланылган учурда кредиттин негизги суммасына (берилген күндөн тартып) жылдык 30 пайыз өлчөмүндө айып пул эсептөө аркылуу финансылык санкциялар колдонулат. Бышмананын (айып пулдун, туумдун) өлчөмү "Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык берилген кредиттин номиналдык пайызынан ашпоого тийиш |
Коммерциялык банктарга, ЧФУ өз каражаттарынын эсебинен Программада көрсөтүлгөндөн узак мөөнөткө жеңилдетилген мезгилди белгилөөгө уруксат берилет.
Потенциалдуу зайымчылардын күрөөлүк камсыздоосу жетишсиз болгон учурда акыркылар "Кепилдик фонд" (мындан ары - "Кепилдик фонд" ААК) ачык акционердик коомуна кепилдикти алуу жөнүндө арыз менен кайрылууга укуктуу.
"Кепилдик фонд" ААК менен кызматташуу жөнүндө келишим түзгөн коммерциялык банктарга жана ЧФУ кепилдиктер берилет.
4. Программаны ишке ашыруу
Ушул токтом күчүнө киргенден кийин коммерциялык банктар жана чакан финансылык уюмдар Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине Кыргыз Республикасынын облустары боюнча бөлүштүрүлгөн кредит берүүнүн көлөмүн көрсөтүү менен Программаны ишке ашырууга катышуу үчүн өтүнмө беришет.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги коммерциялык банк жана ЧФУ менен бюджеттик кредит берүү жөнүндө келишим түзөт жана 5 күндүн ичинде кредитти бөлүп берет. Бюджеттик кредит Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан аны өздөштүрүүгө жараша өзүнчө транштар менен бөлүнөт.
Коммерциялык банктар жана ЧФУ 60 календардык күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинен алынган траншты өздөштүрүүгө, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине аталган транштын максаттуу пайдаланылышы жөнүндө отчет берүүгө жана транштын пайдаланылбаган калдыгын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине кайтарып берүүгө милдеттүү.
Бюджеттик кредиттин кезектеги траншы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан коммерциялык банкка жана ЧФУга Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги коммерциялык банктан жана ЧФУдан мурунку транштын максаттуу пайдаланылгандыгы жөнүндө канааттандырарлык отчет алгандан кийин жана ишкердик субъекттердин кезектеги тизмеси берилген учурда гана бөлүнөт.
Программаны ишке ашыруу жөнүндө калкка талаптагыдай маалымдоо максатында аны ишке ашырууга катышкан коммерциялык банктар жана ЧФУ жалпыга маалымдоо каражаттарында, маалымат стенддеринде жана өздөрүнүн расмий сайттарында, ошондой кредит алууга өтүнмөлөрдү кабыл алуу башталган мезгил аралыгында жарыялашат. Өтүнмөлөр коммерциялык банктардын жана ЧФУлардын атайын "өтүнмөлөрдү эсепке алуунун электрондук журналында" катталат.
Коммерциялык банктар жана ЧФУ кредит алуучулардын арасында аял ишкерлердин, аялдар башкарган ишканалардын жана көпчүлүк кызматкерлерин аялдар түзгөн ишканалардын саны тууралуу отчет берет.
Программаны ишке ашырууга катышуучу коммерциялык банктар жана ЧФУ Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине берилген кредиттер жөнүндө ай сайын маалымат берип турушат.
Коммерциялык банктардын жана ЧФУлардын кредиттик иш-аракеттери Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарынын талаптарына ылайык ишке ашырылууга тийиш.
5. Тобокелдиктер жана коркунучтар, мониторинг
Коммерциялык банктар тарабынан каражаттарды максатсыз пайдалануу тобокелдигин азайтуу максатында:
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын учурдагы иш-аракеттеринин алкагында кредиттердин максаттуу пайдаланылышы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан инспектордук текшерүүлөр түрүндө текшерилет;
- коммерциялык банктар жана ЧФУ ай сайын (ошондой эле пландан тышкаркы суроо-талап боюнча) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине Программага ылайык берилген кредиттердин көлөмү жөнүндө отчет беришет.
Кредиттик каражаттарды максатсыз пайдалануу фактысы аныкталган учурда коммерциялык банктар жана ЧФУлар тиешелүү акт түзүшөт, зайымчыдан пайдаланылбаган кредиттик каражаттардын калдыгын мөөнөтүнөн мурда төлөөнү талап кылат жана жылдык 30 пайыз өлчөмүндө (кредит алган күндөн тартып) пайыздык ставкаларды белгилейт.
Табигый катаклизмдер коркунучу жана форс-мажордук жагдайлардын болуусу:
форс-мажорго, табигый катаклизмдерге байланыштуу зайымчылардын кредиттерди кайтарбай калуу тобокелдиги келип чыккан учурда коммерциялык банктар жана ЧФУ тобокелдикти азайтуу боюнча өз алдынча чараларды көрүшөт.
Кредиттик каражаттардын максаттуу пайдаланылышына мониторинг жүргүзүү коммерциялык банктар жана ЧФУ тарабынан ишке ашырылат.
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-июнундагы № 315 токтомуна) |
"Ишкердик субъекттерди каржылоо" программасы
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 28-августундагы № 456 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Киришүү
Коронавирус пандемиясы бүткүл дүйнөгө таасирин тийгизди. Эл аралык валюта фонду дүйнөлүк экономиканын 2020-жылы 3 пайызга төмөндөп, 2009-жылга салыштырмалуу кыйла күчтүү боло турганын божомолдоодо. ЭВФтин божомолуна ылайык 2020-жылы Кыргызстандын ИДПсы 4 пайызга төмөндөйт.
2020-жылы дүйнөлүк экономиканын өсүү перспективалары өтө эле бүдөмүк. Болжол менен алганда дүйнөлүк соода-сатык 10-13 пайызга кыскарат, ал өз учурунда 45-50 млн. жумуш орундун жок болушуна, жумушсуздуктун өсүүсүнө жана социалдык чыңалууга алып келет.
ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин экономикасына пандемиянын тийгизген таасири чектөөчү чаралардын узактыгына жана дүйнөлүк экономиканын калыбына келүү ылдамдыгына жараша болот. Ушуга байланыштуу пандемиянын ЕАЭБдин мүчө мамлекеттерине тийгизген таасири көрүлгөн чектөөчү чараларга жараша ар түрдүү мүнөздө болот. Ошондой эле ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин экономиканы колдоо боюнча мүмкүнчүлүктөрү дагы ар түрдүү экендиги анык: эгерде Россия жана Казакстан экономика секторлорун түз субсидиялоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болсо, Армения менен Кыргызстан тышкы колдоо булактарын издеп, эл аралык уюмдарга кайрылууга аргасыз болууда.
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги 2020-жылы Кыргыз Республикасында экономикалык төмөндөөнүн күтүлүшүн жана бул кризистен 2021-жылдан тартып чыгууга боло турганын божомолдоодо.
Коңшу өлкөлөр менен чек арада киргизилген чектөөлөр тышкы сурам менен сунуштун кыскарышына алып келди, ал эми коронавирустук инфекциянын жайылышына жол бербөө боюнча зарыл болгон чараларды көрүү экономикалык активдүүлүктүн солгундашына алып келди. Чакан жана орто бизнестин иши, курулуш чөйрөсү, ошондой эле өнөр жайлык өндүрүштүн бир катар ишканалары ишин дээрлик толугу менен токтоткон, кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсү өтө чабал абалга туш болгон.
2. Колдоо көрсөтүү пландалган бизнес-секторлор
"Ишкердик субъекттерди каржылоо" программасынын (мындан ары - Программа) алкагындагы артыкчылыктуу бизнес-секторлор төмөнкүдөй факторлорду эске алуу менен аныкталды:
- жумушсуздардын саны өсүп жана эмгек мигранттары кайтып келип жаткан шартта жумуш орундарын сактап калуу жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө көмөктөшүү;
- өлкөнүн ИДПсынын өсүүсүнө мүмкүн болушунча чоң салым кошуу үчүн экономикалык жактан натыйжалуу бизнес-чөйрөлөргө колдоо көрсөтүү;
- экономикалык иштин башка түрлөрүн өнүктүрүүгө мультипликативдик таасирин тийгизген бизнес-чөйрөлөргө колдоо көрсөтүү;
- өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун жакшыртуу зарылчылыгы;
- калкты жана саламаттык сактоо системасын коргоочу каражаттар жана ички өндүрүштөгү кыйла зарыл болгон медициналык препараттар менен камсыз кылуу.
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин маалыматтарына жүргүзүлгөн изилдөөгө ылайык пандемия башталаарга чейинки мезгилде көп сандагы жумуш орундарын камсыз кылган бизнес-сектор - иштетүүчү өнөр жайы болуп саналган, ал өлкөдө эмгектенген адамдардын жалпы санынын 12 пайызын, ошондой эле ИПДга болгон салымдын 14,3 пайызын түзгөн. Коронавирустун жайылышына жана коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүү боюнча көрүлгөн чараларга байланыштуу түзүлгөн кырдаалды эске алуу менен 2020-жылы өнөр жайда 95,3 пайыз деңгээлинде өсүш күтүлүүдө. Долбоордун алкагында төмөнкүдөй бизнес-секторлорду жеңилдетилген кредиттер менен камтуу пландалууда:
- тамак-аш азыктарын өндүрүү (өнөр жайдагы жумуш орундарынын 14,4 пайызын камсыз кылат). Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги 2020-жылы тамак-аш азыктарын (анын ичинде суусундуктар) жана тамеки буюмдарын өндүрүү көлөмү 103,6 пайызга чейин солгундашын болжолдоодо. Пандемия шартында азык-түлүк тармагы өлкө ичиндеги азык-түлүк коопсуздугун камсыздоодо маанилүү роль ойнойт;
- текстиль өндүрүшү, кийим-кече жана бут кийим, тери жана булгаарыдан жасалган башка буюмдарды өндүрүү (өнөр жайындагы жумуш орундарынын 33% пайызын камсыздайт). Түзүлгөн кырдаалга жана чийки зат ташып келүүдөгү чектөөлөр түрүндөгү кесепеттерге байланыштуу 2020-жылы көрсөткүчтөр 90 пайыз деңгээлинде күтүлүүдө. Бул сектор жумуш орундары менен камтуу боюнча кыйла артыкчылыктуу болуп саналат;
- резина жана пластмасса буюмдарын, башка минералдык азыктарды өндүрүү (өнөр жайындагы жумуш орундарынын 8,7 пайызын камсыздайт). Курулуш секторунда ишкердик жана инвестициялык активдүүлүктүн басаңдашы күтүлгөндүктөн курулуш материалдарын өндүрүү көлөмүнүн өсүү темпи 2020-жылы 80,2 пайыз деңгээлинде пландалууда. Курулуш материалдарын өндүрүү курулуш тармагына мультипликативдик таасирин тийгизет;
- саламаттык сактоо системасы үчүн коргоо каражаттарын жана медициналык препараттарды ички өндүрүүгө көмөк көрсөтүү максатында иштетүүчү өнөр жайынын фармацевттик тармагын колдоо пландалууда;
- жумуш менен камсыз болгон 2,5 млн. калктын ичинен 1,3 миллиондон ашык адам иштеп жаткан кызмат көрсөтүү тармагын колдоо пландалууда. Бул тармакка транспорттук, туристтик кызмат көрсөтүүлөр, мейманкана жана ресторандардагы кызмат көрсөтүүлөр, ошондой эле дүң-чекене түрдөгү соода-сатык кирет, ишинен убактылуу бошой турган адамдардын саны 500 миңден ашуусу мүмкүн. Карантиндик иш-чаралардын таасиринен улам 2020-жылы кызмат көрсөтүү тармагындагы реалдуу өсүш 91,0% өлчөмүндө (дүңүнөн өндүрүү боюнча) болуусу күтүлүүдө. Автотранспорттук жүк ташууларга жана туристтик бизнеске артыкчылыктуу колдоо көрсөтүлөт, бул тармактардагы көрсөткүчтөр акыркы 10 жылдын ичинде эң төмөнкү деңгээлге түшүшү мүмкүн.
Баштапкы этапта 2020-жылы Программаны жалпы каржылоо 14,0 млрд сомдон кем эмес өлчөмдө пландалууда, кийин каржылоонун өлчөмү 2021-жылга карата 40,0 млрд сомго чейин көбөйтүлмөкчү.
2020-жылы Программанын алкагында төмөнкүлөрдү камтуу күтүлүүдө:
- негизги каражаттарды модернизациялоого кредит алышкан 220дан кем эмес өндүрүштүк ишканалар. Бул ишканаларда кеминде 2250 адам иштейт;
- 200дөн кем эмес өндүрүштүк ишканалар жүгүртүү каражаттарына жеңилдетилген кредит алышат. Бул ишканаларда кеминде 2250 адам иштейт;
- 4200 адамдан кем эмес сандагы жумушчулар иштеген 850дөн кем эмес ишкердик субъекттердин кредиттери кайра каржыланат;
- 20000 кем эмес ишкердик субъекттер күрөөсүз кредит алышат жана 40000ден ашык адамды иш менен камсыздашат;
- жеңилдетилген кредит алышкан ишканалардын өнөр жай өндүрүшүндөгү пландалган көлөмү жылына 80339,6 млн. сомдон кем эмес болот;
- долбоорго камтылган ишкердик субъекттердин дүңүнөн кошулган наркынын пландалган көлөмү - жылына 6741,8 млн. сом болот.
Программа менен камтуу күтүлгөн жогорудагы көрсөткүчтөр 2021-жылы 3 эсеге көбөйөт.
3. Программаны баяндоо
"Ишкердик субъекттерди каржылоо" программасынын максаты COVID-19 коронавирустук пандемиянын кесепеттеринен жабыр тарткан жеке ишкерлерге, чакан жана орто ишкердик субъекттерге, ири бизнес субъекттерине мамлекеттик финансылык колдоо көрсөтүү болуп саналат. Ал төмөнкү багыттар боюнча жеңилдетилген кредиттик каражаттар менен камсыздоо аркылуу ишке ашырылат:
- туризм;
- жеңил өнөр жайы;
- фармацевттик тармак жана медицина чөйрөсү;
- жүк ташуулар;
- өндүрүштүк жана кайра иштетүүчү ишканалардын ишине, анын ичинде агроөнөр жайга дем берүү;
- кайра иштетүүчү өнөр жай, анын ичинде айыл чарба продукциясын даярдоо жана баштапкы иштетүү;.
- билим берүү чөйрөсү;
- кызмат көрсөтүү;
- соода;
- айыл чарба.
Салыктык башкарууну санариптештирүү максатында салыктык жол-жоболорду санариптештирүүнүн компоненттерин (электрондук эсеп-фактуралар, программалык контролдук-кассалык машиналар (мындан ары - ККМ), товарларды маркировкалоо) колдонгон чакан жана орто ишкердик субъекттерге тармактар боюнча чектелбестен жеңилдетилген кредиттер берилет.
Программада кредиттик таржымалы дурус болгон учурда 2020-жылдын мартына чейин кредиттерди кайра каржылоо каралат.
Ошондой эле Программада чакан ишкердикти колдоо каралууда, ал күрөөсүз негизде каржыланат. Коммерциялык банктар жана чакан финансылык уюмдар (андан ары - ЧФУ) керектөөчү кредиттерден тышкары, тармактар боюнча чектөөсүз түрдө, күрөөсүз негизде чакан ишкердикке кредит беришет.
Программаны ишке ашыруу үчүн бюджеттик ассигнованиелерди жана өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен жетишилген макулдашууларды эсепке алуу менен ишкердик субъекттерге кредит берүүгө ички жана тышкы булактардан финансылык каражаттар издеп табылат жана ишкердик субъекттерге кредит берүүгө багытталат.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында кредит алган субъекттердин карыздарын жоюунун эсебине түшүүчү каражаттарды топтоо үчүн атайын эсеп ачылат. Бул эсепте чогулган каражаттар тандалып алынган коммерциялык банктар аркылуу ишкердик субъекттерге андан ары кредит берүүгө багытталат. Программаны каржылоо үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги эл аралык өнөктөштөр менен макулдашып, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы эсептеринде (револьвердик эсептер) топтолгон, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү чечимдери менен максаттуу багыттары мурда башка багыттар боюнча аныкталган каражаттарды колдонууга укуктуу.
Каржылоо булактары - республикалык бюджет, Программаны ишке ашырууга катышкан өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдүн, коммерциялык банктардын, ЧФУнун каражаттары, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кредиттик аукциондору аркылуу алынган каражаттар.
Программаны ишке ашыруунун башталышы - 2020-жылдын июну.
Жооптуу аткаруучулар: Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (макулдашуу боюнча), Программаны ишке ашырууга катышкан коммерциялык банктар жана ЧФУ.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү коммерциялык банктарды тандап алуу аркылуу жеңилдетилген пайыздык ставкалар боюнча кредит берүү үчүн коммерциялык банктарга ички жана тышкы булактардан кредит берет.
Кыргыз Республикасында ишкердик субъекттерди колдоо үчүн ушул Программанын жоболорун колдонууну өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдүн катышуусу каралат.
Өз кезегинде коммерциялык банктар жана банктык эмес финансы-кредиттик уюмдар Программага ылайык жеңилдетилген пайыздык ставкалар боюнча жеке ишкерлерге, чакан жана орто бизнес субъекттерине, ири бизнес субъекттерине кредит беришет.
Программаны ишке ашырууга катышкан коммерциялык банктарга кредиттер төмөнкүдөй шарттарда берилет:
1. Негизги каражаттарды сатып алуу, жаңылоо, кеңейтүү жана модернизациялоо үчүн:
- пайыздык ставка - жылына 1,5 пайыз, кийин ишкердик субъекттерге жылына 6 пайыз менен кредит берүү үчүн;
- айыптык санкциялар - жылына 3,0 пайыз, мөөнөтү өтүп кеткен төлөмдүн суммасына эсептелет, жылына 10,0 пайыз - максаттуу эмес пайдаланылган суммага;
- карыздын негизги суммасын жоюу боюнча жеңилдетилген мезгил - 18 ай, жеңилдетилген мезгил аяктагандан кийин жоюунун мезгилдүүлүгү - тең үлүш менен жарым жыл сайын;
- эсептелген пайыздарды жоюунун мезгилдүүлүгү - жарым жылдык үлүштөр менен;
- кайтаруу мөөнөтү - 5 жыл;
- күрөөлүк камсыздоо - Программанын алкагында берилген кредиттер боюнча кредиттик портфель.
2. Чийки зат, комплекттөөчү, запастык бөлүктөрдү сатып алуу үчүн:
- пайыздык ставка - жылына 5,5 пайыз, кийин ишкердик субъекттерге жылына 10 пайыз менен кредит берүү үчүн;
- айыптык санкциялар - жылына 11,0 пайыз, мөөнөтү өтүп кеткен төлөмдүн суммасына эсептелет, жылына 15,0 пайыз - максаттуу эмес пайдаланылган суммага;
- карыздын негизги суммасын жоюу боюнча жеңилдетилген мезгил - 12 ай, жеңилдетилген мезгил аяктагандан кийин жоюунун мезгилдүүлүгү - тең үлүш менен жарым жыл сайын;
- эсептелген пайыздарды жоюунун мезгилдүүлүгү - жарым жылдык үлүштөр менен жыл сайын;
- кайтаруу мөөнөтү - 3 жыл;
- күрөөлүк камсыздоо - Программанын алкагында берилген кредиттер боюнча кредиттик портфель.
3. Салыктык жол-жоболорду санариптештирүүнүн компоненттерин (электрондук эсеп-фактуралар, ККМ, товарларды маркировкалоо) колдонгон чакан жана орто ишкердик субъекттер тарабынан негизги каражаттарды сатып алуу, жаңылоо, кеңейтүү жана модернизациялоо, товарларды, чийки зат, комплекттөөчү, запастык бөлүктөрдү сатып алуу үчүн:
- пайыздык ставка - жылына 0,1 пайыз, кийин ишкердик субъекттерге жылына 4 пайыз менен кредит берүү үчүн;
- айыптык санкциялар - жылына 6,0 пайыз, мөөнөтү өтүп кеткен төлөмдүн суммасына эсептелет, жылына 10,0 пайыз - максаттуу эмес пайдаланылган суммага;
- карыздын негизги суммасын жоюу боюнча жеңилдетилген мезгил - 12 ай, жеңилдетилген мезгил аяктагандан кийин жоюунун мезгилдүүлүгү - тең үлүш менен жарым жыл сайын;
- эсептелген пайыздарды жоюунун мезгилдүүлүгү - жарым жылдык үлүштөр менен жыл сайын;
- кайтаруу мөөнөтү - 3 жыл;
- күрөөлүк камсыздоо - Программанын алкагында берилген кредиттер боюнча кредиттик портфель.
4. Кредиттерди кайра каржылоо үчүн:
- пайыздык ставка - жылына 6,5 пайыз, кийин ишкердик субъекттерге жылына 11,0 пайыз менен кредит берүү үчүн;
- айыптык санкциялар - жылына 11,0 пайыз, мөөнөтү өтүп кеткен төлөмдүн суммасына эсептелет, жылына 12,0 пайыз - максаттуу эмес пайдаланылган суммага;
- карыздын негизги суммасын жоюу боюнча жеңилдетилген мезгил - 12 ай, жеңилдетилген мезгил аяктагандан кийин жоюунун мезгилдүүлүгү - тең үлүш менен жарым жыл сайын;
- эсептелген пайыздарды жоюунун мезгилдүүлүгү - жарым жылдык үлүштөр менен жыл сайын;
- кайтаруу мөөнөтү - 3 жыл;
- күрөөлүк камсыздоо - Программанын алкагында берилген кредиттер боюнча кредиттик портфель.
5. Чакан ишкерлерге чакан кредиттерди берүү үчүн:
- пайыздык ставкасы - жылдык 5,0 пайыз, 16 айга чейинки кайтаруу мөөнөтү менен, кийин жылдык 7 пайыз менен, 15 айга чейинки кайтаруу мөөнөтү менен ЧФУларга кредиттерди берүү менен. Өз кезегинде ЧФУлар чакан ишкерлерге жылдык 14 пайыз менен, 12 айга чейинки кайтаруу мөөнөтү менен чакан кредиттерди берүүгө тийиш;
- айыптык санкциялар - мөөнөтү өтүп кеткен төлөмдүн суммасына эсептелген жылдык 10,0 пайыз, жылдык 15,0 пайыз - максатсыз пайдаланылган суммага;
- карыздын негизги суммасын төлөөнүн жеңилдетилген мөөнөтү - 3 айга чейин, жеңилдетилген мөөнөт бүткөндөн кийин төлөөнүн мезгилдүүлүгү - ай сайын төлөнүүчү төлөмдөр менен;
эсептелген пайыздарды төлөөнүн мезгилдүүлүгү - ай сайын төлөнүүчү төлөмдөр менен;
- кайтаруу мөөнөтү - 12 ай;
- күрөөлүк камсыздоо - коммерциялык банктын 50%дан кем эмес көлөмдөгү учурдагы кредиттик портфели, калган көлөмү - ЧФУнун кредиттик портфели;
- кредиттик каражаттарды өз убагында жана толугу менен кайтаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдында коммерциялык банк, ЧФУ - коммерциялык банктын алдында жоопкерчилик тартат;
- акыркы максаттуу пайдалануу үчүн ЧФУ жоопкерчилик тартат.
6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы эсептеринде топтолгон, тышкы булактардан берилүүчү каражаттар эл аралык өнөктөштөр менен макулдашылган шарттарда берилет.
Программаны ишке ашырууга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан атайын режим (түздөн-түз банктык көзөмөл, убактылуу башкаруу) киргизилген коммерциялык банктар катыша албайт.
Программаны ишке ашырууга 600 млн. сомдон кем эмес жеке капиталы менен жана облустарда 5тен (бештен) кем эмес филиалдары/бөлүмдөрү бар коммерциялык банктар жана 100 млн. сомдон кем эмес жеке капиталы менен жана облустарда 3төн (үчтөн) кем эмес филиалдары/бөлүмдөрү бар чакан финансылык уюмдар катыша алат.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 8-январындагы № 1 "2020-жылды Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыялоо жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында региондорго кредит берүү иштеп жаткан жана жаңыдан түзүлгөн ишканаларга кредит берүү аркылуу ишке ашырылып жатат, кредит берүүнүн көлөмү региондордо 60 пайыздан кем эмес жана Бишкек жана Ош шаарларында 40 пайыздан ашык эмес. Мында катышуучу банктардын филиалдык мекемелери бар облустарда кредит берүүнүн көлөмү 5 пайыздан аз өлчөмдү түзөт.
Бул Программаны ишке ашыруунун алкагында 2020-жылдын мартына чейин оң кредиттик таржымалга ээ болгон шартта ишкердиктин бир субъектисине 30 млн. сомдон ашык эмес кредиттик каражаттар берилет, ошондой эле мурда бир төлөм боюнча 20 күнгө чейин жана бардыгы болуп 60 күнгө чейин мөөнөтү өтүп кеткен карызга жол берген зайымчылардын өтүнмөлөрүн кароого уруксат берилет.
Күрөөсүз чакан кредит берүү региондор боюнча чектөөлөрсүз жүргүзүлөт.
Берилген кредиттерди кайтаруу боюнча бардык тобокелдиктерди коммерциялык банктар жана ЧФУ тартат, зайымчыларды тандап алуу алардын ички жол-жоболоруна ылайык жүргүзүлөт.
Программанын алкагында 30 пайыздан кем эмес кредит алуучулары ишкер аялдар же болбосо көпчүлүк кызматкерлерин аялдар түзгөн ишканалар болушу керек.
Программа менен "Айыл Банк" жана "РСК Банк" ачык акционердик коомдорун республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен толук капиталдаштыруу каралат. Мында аталган коммерциялык банктар ушул Программанын шарттарында толук капиталдаштырууга, ишкердик субъекттерге жеңилдетилген кредит берүүгө алынган каражаттарды жумшайт. Жогоруда аталган ачык акционердик коомдорду толук капиталдаштыруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өзүнчө чечими менен ишке ашырылат.
Коммерциялык банктар кредит берүүнү төмөнкү шарттарда ишке ашырат:
Максаттуу багыты | Төмөнкү багыттар боюнча жеңилдетилген кредиттик каражаттар менен камсыздоо аркылуу COVID-19 коронавирустук пандемиянын кесепеттеринен жабыркаган майда ишкерлерге, менчик жана жеке ишкерлерди кошкондо, чакан жана орто бизнес субъекттерине, ири бизнес субъекттерине мамлекеттик финансылык колдоо көрсөтүү: - туризм; - жеңил өнөр жайы; - - фармацевттик тармак жана медицина чөйрөсү;; - жүк ташуулар; - өндүрүштүк жана кайра иштетүү ишканаларынын ишине дем берүү; - иштетүү өнөр жайы, анын ичинде айыл чарба продукциясын даярдоо жана баштапкы иштетүү. - билим берүү чөйрөсү; - кызмат көрсөтүү; - соода; - айыл чарба. Салыктык башкарууну санариптештирүүнү киргизүү максатында салыктык жол-жоболорду санариптештирүүнүн компоненттерин (электрондук эсеп-фактураларды, программалык ККМди, товарларды маркалоону) колдонгон чакан жана орто ишкердик субъекттерге тармактар боюнча чектөөсүз жеңилдетилген кредиттерди берүү. Чакан ишкердикти колдоо үчүн чакан кредит берүү керектөөчүлүк кредиттерди кошпогондо, тармактар боюнча чектөөлөрсүз күрөөсүз негизде жүргүзүлөт |
Кредит берүүнүн өлчөмү жана мөөнөтү, сом менен | Кредиттин суммасы: 1) 60 айга чейинки мөөнөт менен 30 млн. сомго чейинки суммага негизги каражаттарды сатып алуу, жаңыртуу, кеңейтүү жана модернизациялоо, мында зайымчылардын кредиттер боюнча болгон карыздарын кредиттин суммасынын 50%ынан ашык эмес кайра каржылоого жол берилет. Ошондой эле туризм чөйрөсүндө кредит берүү туристтик объекттердеги (пансионаттарда, эс алуу үйлөрүндө ж.б.) коомдук тамактануу түйүндөрүн кошпогондо ресторандык бизнеске жайылтылбайт; 2) 36 айга чейинки мөөнөт менен 20 млн. сомго чейинки суммага сырьелорду, комплекттөөчү, запастык бөлүктөрдү сатып алуу, мында зайымчылардын болгон карыздарын (кредиттер, жеткирип берүүчүлөр боюнча карыздарын, соцфондго чегерүүлөрүн, салыктарын) кредиттин суммасынын 50% ашык эмес кайра каржылоого жол берилет, ошондой эле эмгек акыны төлөөнү каржылоого жол берилет. Мында туризм чөйрөсүндө кредит берүү туристтик объекттердеги (пансионаттарда, эс алуу үйлөрүндө ж.б.) коомдук тамактануу түйүндөрүн кошпогондо ресторандык бизнеске жайылтылбайт; 3) 36 айга чейинки мөөнөт менен 10,0 млн. сомго чейинки суммага салыктык жол-жоболорду санариптештирүүнүн компоненттерин (электрондук эсеп-фактураларын, программалык ККМди, товарларды маркалоону) колдонуучу ишкердик иштин субъекттеринин негизги каражаттарды сатып алуусу, жаңыртуусу, кеңейтүүсү жана модернизациялоосу, товарларды, сырьелорду, комплекттөөчү, запастык бөлүктөрдү сатып алуусу, мында зайымчылардын болгон карыздарын (кредиттер, жеткирип берүүчүлөр боюнча карыздарын, соцфондго чегерүүлөрүн, салыктарын) кредиттин суммасынын 50% ашык эмес кайра каржылоого, ошондой эле эмгек акыны төлөөнү каржылоого жол берилет; 36 айга чейинки мөөнөт менен 20 млн. сомго чейинки суммага кредиттерди кайра каржылоо үчүн; 12 айга чейинки мөөнөт менен 150 миң сомго чейин күрөөсүз негизде чакан кредит берүү |
Кредитти алуунун негизги шарттары жана категориялардын мүнөздөмөлөрү | 1. Кыргыз Республикасынын резиденти; 2. Кыргыз Республикасынын бардык мамлекеттик органдарында, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматында жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунда талаптагыдай түрдө катталган жеке ишкер, чакан, орто жана ири ишкер/юридикалык жак |
Акыркы пайыздык ставка | 1) негизги каражаттарды сатып алуу, жаңыртуу, кеңейтүү жана модернизациялоо - 6%; 2) сырьелорду, комплекттөөчү, запастык бөлүктөрдү сатып алуу - 10%; 3) негизги каражаттарды сатып алуу, жаңыртуу, кеңейтүү жана модернизациялоо, салыктык жол-жоболорду санариптештирүүнүн компоненттерин колдонуучу чакан жана орто ишкердик субъекттердин товарларды, сырьелорду, комплекттөөчү, запастык бөлүктөрдү сатып алуусу - 4%. Мында, коммерциялык банктар, чакан финансылык уюмдар кредиттик мезгилде жеңилдетилген кредит алган чакан жана орто ишкердик субъекттердин салыктык жол-жоболорду санариптештирүүнүн компоненттерин (электрондук эсеп-фактураларды, программалык ККМ, товарларды маркалоону) колдонуудан баш тартуулары же шарттарын бузуулары тууралуу маалыматтарды алган учурда (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы менен маалымат алмашуу жөнүндө түзүлгөн макулдашуунун негизинде), мындай маалыматты алган айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып коммерциялык банктын, чакан финансылык уюмдун каржылоону берген күнгө карата колдонулуп жаткан пайыздык ставкасын эсептөө менен кредит берүүнүн бардык мезгили үчүн мындай субъекттин кредиттик милдеттенмелерин кайра эсептөө жүргүзүлөт; 4) кредиттерди кайра каржылоо үчүн - 11%; 5) күрөөсүз негизде чакан кредит берүү - 14% Кошумча жыйымдар жана комиссиялар (кредитти берүү, графикти кайра кароо, резервдөөгө, реструктуризациялоо, акчалай берүүлөр үчүн ж.б.) алынбайт |
Жеңилдетилген мезгил | Карыздын негизги суммасы боюнча төгүмдөрдү төлөөдөн толук бошотуу: 1) негизги каражаттарды сатып алуу, жаңыртуу, кеңейтүү жана модернизациялоо, кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүнүн жана туризм тармактарын кошпогондо - 18 айга чейин; 2) сырьелорду, комплекттөөчү, запастык бөлүктөрдү сатып алуу - 12 айга чейин; 3) негизги каражаттарды сатып алуу, жаңыртуу, кеңейтүү жана модернизациялоо, салыктык жол-жоболорду санариптештирүүнүн компоненттерин колдонуучу ишкердик иштин субъекттеринин товарларды, сырьелорду, комплекттөөчү, запастык бөлүктөрдү сатып алуусу - 12 айга чейин, Программада ошондой эле 12 айга чейинки мөөнөткө эсептелген пайыздарды төлөөдөн толук бошотуу каралган; 4) кредиттерди кайра каржылоо үчүн - 12 айга чейин; 5) күрөөсүз негизде чакан кредит берүү - 3 айга чейин |
Айыптык санкциялар | Кредиттик каражаттар максатсыз пайдаланылган учурда кредиттин негизги суммасына (берилген күндөн тартып) жылдык 30 пайыз өлчөмүндө айып пул эсептөө аркылуу финансылык санкциялар колдонулат. Бышмананын (айып пулдун, туумдун) өлчөмү "Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык берилген кредиттин номиналдык пайызынан ашпоого тийиш |
Коммерциялык банктарга, ЧФУ өз каражаттарынын эсебинен Программада көрсөтүлгөндөн узак мөөнөткө жеңилдетилген мезгилди белгилөөгө уруксат берилет.
Потенциалдуу зайымчылардын күрөөлүк камсыздоосу жетишсиз болгон учурда акыркылар "Кепилдик фонд" (мындан ары - "Кепилдик фонд" ААК) ачык акционердик коомуна кепилдикти алуу жөнүндө арыз менен кайрылууга укуктуу.
"Кепилдик фонд" ААК менен кызматташуу жөнүндө келишим түзгөн коммерциялык банктарга жана ЧФУ кепилдиктер берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 28-августундагы № 456 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Программаны ишке ашыруу
Ушул токтом күчүнө киргенден кийин коммерциялык банктар Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине Кыргыз Республикасынын облустары боюнча бөлүштүрүлгөн кредит берүүнүн көлөмүн көрсөтүү менен Программаны ишке ашырууга катышуу үчүн өтүнмө беришет.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги коммерциялык банк менен бюджеттик кредит берүү жөнүндө келишим түзөт жана 5 күндүн ичинде кредитти бөлүп берет. Бюджеттик кредит Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан аны өздөштүрүүгө жараша өзүнчө транштар менен бөлүнөт.
Коммерциялык банктар 60 календардык күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинен алынган траншты өздөштүрүүгө, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине аталган транштын максаттуу пайдаланылышы жөнүндө отчет берүүгө жана транштын пайдаланылбаган калдыгын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине кайтарып берүүгө милдеттүү.
Бюджеттик кредиттин кезектеги траншы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан коммерциялык банкка Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги коммерциялык банктан мурунку транштын максаттуу пайдаланылгандыгы жөнүндө канааттандырарлык отчет алгандан кийин гана бөлүнөт.