Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 150 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 12-июну № 332
COVID-19 коронавирустук инфекциянын жайылышына байланышкан ал жеткис күчтүн жагдайынын натыйжасында пайда болгон камсыздандыруу төгүмдөрүнүн карыздарынын жана салык карызынын суммалары боюнча төлөө мөөнөтүн узартууга же бөлүп төлөөгө уруксат берүү жолу менен ишкердик субъекттерин кошумча колдоо чаралары жөнүндө
COVID-19 коронавирустук инфекциянын жайылышына байланышкан ал жеткис күчтүн жагдайынын натыйжасында пайда болгон камсыздандыруу төгүмдөрүнүн карыздарынын жана салык карызынын суммалары боюнча төлөө мөөнөтүн узартууга же бөлүп төлөөгө уруксат берүү жолу менен ишкердик субъекттерин колдоо максатында, "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 81-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 29-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- 2020-жылдын 1-апрелинен тартып 1-октябрына чейин камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөр ал жеткис күчтүн жагдайынын натыйжасында 2020-жылдын 1-мартынан тартып 31-майына чейинки мезгилде пайда болгон камсыздандыруу төгүмдөрүнүн карыздарынын суммалары боюнча төлөө мөөнөтүн 1 жылдан ашпаган мөөнөткө узартууга же бөлүп төлөөгө уруксат берүү жөнүндө салык органына арыз берүүгө укуктуу экендиги;
- камсыздандыруу төгүмдөрүнүн карыздарынын суммалары боюнча төлөө мөөнөтүн узартууга же бөлүп төлөөгө уруксат берүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги № 144 "Салыктарды башкаруу боюнча жоболорду жана тартибин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Салыктык карызды өндүрүүнүн тартиби жөнүндө жобонун 11-главасында каралган тартипте жүргүзүлө тургандыгы.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги № 144 "Салыктарды башкаруу боюнча жоболорду жана тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Салыктык карызды өндүрүүнүн тартиби жөнүндө жободо:
- 122-пункту төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма биринчи-жыйырма бешинчи абзацтар менен толукталсын:
"Ал жеткис күчтүн жагдайынын натыйжасында пайда болгон салык карызынын жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн карыздарынын суммалары боюнча төлөө мөөнөтүн узартууга же бөлүп төлөөгө уруксат берүү жөнүндө салык төлөөчүнүн арызына төмөнкүдөй документтер тиркелет:
- ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен формада төлөө мөөнөтүн узартуу же бөлүп төлөө келишими боюнча салык карызын жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн карыздарын төлөө графигинин долбоору;
- банк мекемелериндеги болгон эсептер жөнүндө маалымат;
- салык төлөөчү менен салык органынын ортосундагы өз ара эсептешүүлөрдү салыштыруу актысы.
ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинген товарларга кошумча нарк салыгына салык төлөөчүнүн салык карызынын суммасы боюнча төлөө мөөнөтүн узартууга же бөлүп төлөөгө товарлар жүктөлгөн (берилген) датадан тартып 180 календардык күндөн ашпаган мөөнөткө уруксат берилет.".
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы төмөнкү формаларды бекитсин:
- ал жеткис күчтүн жагдайынын натыйжасында пайда болгон салык карызынын жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн карыздарынын суммалары боюнча төлөө мөөнөтүн узартууга же бөлүп төлөөгө уруксат берүү жөнүндө арыздын;
- төлөө мөөнөтүн узартуу же бөлүп төлөө келишими боюнча салык карызын жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн карыздарын төлөө графигинин;
- ал жеткис күчтүн жагдайынын натыйжасында пайда болгон салык карызынын жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн карыздарынын суммалары боюнча төлөө мөөнөтүн узартууга же бөлүп төлөөгө уруксат берүү жөнүндө келишимдин.
4. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2020-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр |
К.А. Боронов |