Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 20-апрели № 210
Ал жеткис күчтүн жагдайларына байланыштуу социалдык-экономикалык кырдаалды турукташтыруу маселелери боюнча чаралар жөнүндө
"Ал жеткис күчтүн жагдайларына байланыштуу социалдык-экономикалык кырдаалды турукташтыруу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесин ишке ашыруу жана өлкөдө коронавирустун таралышын болтурбоо боюнча чектөөчү чаралар киргизилишинен улам экономикалык иштин субъекттерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөр 2020-жылдын 1-мартынан баштап 31-майына чейинки отчеттук мезгил үчүн мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча отчетту 2020-жылдын 1-июлуна чейин берүүгө укуктуу экендиги;
2) камсыздандыруу төгүмдөрүн кечиктирип төлөгөндүгү үчүн 2020-жылдын 1-мартынан баштап 31-майына чейинки отчеттук мезгил үчүн өнбөгөн калдыктардын суммасына туум колдонулбай тургандыгы.
2. Ушул токтом 2020-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
М.Д. Абылгазиев |