Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 16-июну № 341
Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Ысык-Ата районунун Интернациональный айыл аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Ысык-Ата районунун Интернационал айыл аймагынын калкын ичүүчү суу менен камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4 жана 20-беренелерине, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2019-жылдын 8-майындагы № ЭА-05-326 корутундусун жана Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын 2019-жылдын 14-апрелиндеги № 123-б буйругун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Ысык-Ата районуна караштуу Интернациональный айыл аймагындагы № 406 контурда жайгашкан, мамлекеттик менчикте турган 1,0 га жайыт жерлери "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына скважина бургулоо жана суу алуу мунарасын куруу үчүн которулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыздасын:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 17-июлундагы № 56 (3128) жарыяланды
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр |
К.А. Боронов |