Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 19-июну № 344
"Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзам долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр |
К.А. Боронов |
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Укуктук жөнгө салуу предмети
Ушул Мыйзам укук бузуулардын алдын алуунун укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт жана Кыргыз Республикасында укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндө келип чыгуучу коомдук мамилелерди жөнгө салат.
2-берене. Негизги түшүнүктөр
Ушул мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) укук бузуу - жасагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине ылайык жоопкерчилиги каралган бузуунун, жоруктун жана кылмыштын объекттеринин күнөөлүү укукка каршы жосуну (аракети же аракетсиздиги);
2) укук бузуулардын алдын алуу - алдын алуу субъекттери тарабынан көрүлүүчү укуктук, социалдык-экономикалык, психологиялык, маалыматтык, уюштуруучулук жана башка чаралардын системасы, алар жарандардын корголуусунун деңгээлин жогорулатууга, кылмыштуулуктун деңгээлин төмөндөтүүгө, укук бузууларды жасоого түрткү берген себептерди жана шарттарды аныктоого, жоюуга түздөн-түз же кыйыр түрдө багытталат;
3) алдын алуу предмети - бузуунун, жоруктун жана кылмыштын субъекттери тарабынан укук бузуулардын жасалышына түрткү берген объективдүү жана субъективдүү себептер жана шарттар;
4) алдын алуу объекти - укук бузуулардын алдын алуу багытталган жеке жана юридикалык жактар;
5) алдын алуу субъекти - ушул Мыйзамга ылайык укук бузуулардын алдын алууну ишке ашырууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары. Коммерциялык эмес уюмдар, юридикалык жана жеке жактар укук бузуулардын алдын алууну ишке ашырууда алдын алуу субъекттерине көмөк көрсөтө алышат;
6) социалдык тобокелдик тобундагы адамдар - турмуштук оор жагдайларга туш болгон, тез жана теңдештирилбеген экономикалык, социалдык жана маданий өзгөрүүлөргө, ички жана тышкы миграцияга жана башка коомдук кубулуштарга байланышкан көйгөйлөрдү башынан өткөргөн үй-бүлөлөрдө жашаган жарандар, анын ичинде балдар жана жаштар;
7) социалдык жат жүрүм-турум - бузуу, жорук же кылмыш болуп саналбаган, бирок укук бузууларга алып келиши мүмкүн болгон жеке жактын аракети же аракетсиздиги;
8) укук бузуулардын алдын алуу боюнча биргелешкен план - конкреттүү аймакта укук бузуулардын алдын алуу боюнча алдын ала белгиленген жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан бекитилген иш-чаралардын комплекси.
3-берене. Укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын укуктук негизи
Укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам жана укук бузуулардын алдын алууга тийиштүү башка ченемдик укуктук актылар, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер түзөт.
4-берене. Укук бузуулардын алдын алуунун максаттары жана милдеттери
1. Укук бузуулардын алдын алуунун максаттары жарандардын корголуусунун деңгээлин жогорулатуу, кылмыштуулуктун деңгээлин төмөндөтүү, укук бузууларды жасоого түрткү берген себептерди жана шарттарды аныктоо, жоюу болуп саналат.
2. Укук бузуулардын алдын алуунун милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) инсандын укуктарын, эркиндигин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону камсыздоо;
2) жарандардын укуктук аң-сезиминин жана укуктук маданиятынын деңгээлин жана кызмат адамдарынын жоопкерчилигин жогорулатуу, мыйзамдуулукту бекемдөө, ошондой эле укук бузууларга жана мыйзамдуулуктун бузулушуна жол бергис мамилелерди калыптандыруу;
3) укук бузуулардын алдын алуу системасын түзүү жана мамлекеттик органдарды кылмыштуулуктун кесепеттери менен күрөшүүдөн укук бузуулардын алдын алууга кайра багыттоо;
4) укук бузууларды жасоонун себептерин жана укук бузууларды жасоого түрткү берген шарттарды изилдөө жана аныктоо, аларды жоюу боюнча чараларды көрүү;
5) укук бузуулардан жабырлануучуларды, укук бузууларды жасоого жөндөмдүү адамдарды, ошондой эле укук бузууларды жасаган адамдарды социалдык реабилитациялоо жана социалдык ыңгайлаштыруу;
6) алдын алуу субъекттеринин укук бузуулардын алдын алууну ишке ашыруу боюнча өз ара аракеттенүүсүн камсыздоо.
5-берене. Укук бузуулардын алдын алуунун принциптери
Укук бузуулардын алдын алуу төмөнкүдөй принциптердин негизинде жүргүзүлөт:
1) адамдын укуктарынын жана эркиндигинин артыкчылыктары, укук бузуулардын алдын алуу субъекттеринин адамдын укуктарын жана эркиндигин камсыздоо үчүн жоопкерчилиги;
2) мыйзамдуулук;
3) укук бузуулардын алдын алууну ишке ашыруудагы мамиленин системалуулугун жана бирдиктүүлүгүн камсыздоо;
4) укук бузуулардын алдын алууда көрүлгөн чаралардын ачык-айкындуулугу, үзгүлтүксүздүгү, ырааттуулугу, өз убагындалыгы, объективдүүлүгү, жетиштүүлүгү жана илимий негиздүүлүгү;
5) укук бузуулардын алдын алууну ишке ашырууда компетенттүүлүк жана комплекстүүлүк;
6) алдын алуу субъекттеринин ортосундагы кызматташтык жана өз ара аракеттенүү.
6-берене. Укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат
Укук бузууларды алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат төмөнкүлөр аркылуу ишке ашырылат:
1) укуктук жөнгө салуу аркылуу укук бузуулардын алдын алуу системасын өнүктүрүү, укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү концепцияларды, программаларды жана пландарды кабыл алуу, укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндө мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коммерциялык эмес уюмдардын, юридикалык жана жеке жактардын күч-аракеттерин координациялоо;
2) укук бузууларды каттоо, талдоо жана божомолдоо системасын өнүктүрүү;
3) укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндө заманбап маалыматтык системаларды жана технологияларды киргизүү, коомдук тартипти жана коомдук коопсуздукту камсыздоо;
4) мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына болгон ишенимди жогорулатуу максатында алдын алуу субъекттеринин калк менен өз ара аракеттенүүсүнүн механизмдерин өркүндөтүү;
5) укук бузуулардын алдын алууга коомчулуктун жана жарандардын көңүлүн буруу.
7-берене. Укук бузуулардын алдын алуу объекттери
1. Укук бузуулардын жалпы алдын алуу объекттерине төмөнкүлөр кирет:
1) Кыргыз Республикасынын жарандары, Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн чет элдик жарандар жана жарандыгы жок адамдар;
2) юридикалык жактар;
3) мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары.
2. Укук бузуулардын атайын алдын алуу объекттерине төмөнкүлөр кирет:
1) социалдык тобокелдик тобундагы адамдар;
2) коргоо ордерлери берилген адамдар;
3) кылмыш жасаган жана сот тарабынан кылмышты жасоодо күнөөлүү деп таанылган адамдар;
4) бузууларды жасаган адамдар.
3. Виктимологиялык алдын алуу объекттерине кылмыштын жана жоруктун натыйжасында дене боюна, моралдык же материалдык зыян келтирилген адамдар жана алардын жакын туугандары кирет.
2-глава. Укук бузуулардын алдын алуу субъекттери жана алардын ыйгарым укуктары
8-берене. Укук бузуулардын алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн компетенциясы
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн компетенциясынын чегинде:
1) укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүнү камсыз кылат;
2) укук бузуулардын алдын алуу боюнча мамлекеттик саясаттын концепциясын бекитет;
3) белгиленген тартипте тиешелүү жылга карата республикалык бюджет жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган каражаттардын чегинде укук бузуулардын алдын алуу боюнча мамлекеттик программаны иштеп чыгат жана ишке ашырат;
4) укук бузуулардын алдын алуу боюнча координациялык кеңешти түзөт жана иштөө тартибин аныктайт жана алдын алуу субъекттеринин өз ара аракеттенүүсүн координациялайт;
5) укук бузуулардын алдын алуу маселелери боюнча аткаруу бийлик органдарынын ыйгарым укуктарын аныктайт, укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү аткаруу бийлик органдарынын ишин контролдойт;
6) укук бузууларды алдын алуу чөйрөсүндө, анын ичинде укук бузуулардын алдын алуу боюнча муниципалдык программаларды ишке ашырууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көмөк көрсөтөт;
7) координациялык комиссиялардын жана коомдук алдын алуу борборлорунун ишинин типтүү жоболорун жана укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик стандарттарын бекитет;
8) укук бузууларды эсепке алуу, талдоо жана божомолдоо, анын ичинде жасалган кылмыштардан, жоруктардан жана бузуулардан Кыргыз Республикасынын экономикасына келтирилген чыгымдарды талдоо системасынын иштөөсү, кылмыштардын, жоруктардын жана бузуулардын кесепеттерин минималдаштыруу боюнча чараларды иштен чыгуу үчүн шарттарды түзөт.
9-берене. Укук бузуулардын алдын алуу боюнча прокуратура органдарынын ыйгарым укуктары
Ушул Мыйзамды ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын прокуратура органдары:
1) укук бузуулардын алдын алуу боюнча координациялык кеңештин жана укук бузуулардын алдын алуу боюнча координациялык комиссиянын ишине, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин арасында укук бузууларды алдын алуу боюнча программаларды жана пландарды иштеп чыгууга катышат;
2) укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөйт;
3) жазыктык-укуктук статистиканы жүргүзөт жана криминологиялык маалыматты талдоо жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү кырдаалды божомолдоо боюнча укук коргоо органдарынын ишин координациялайт.
10-берене. Укук бузуулардын алдын алуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары
Коомдук укуктук тартипти коргоого көмөк көрсөтүүнүн алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өздөрүнүн аймагында:
1) укук бузуулардын алдын алуу боюнча жана анын субъекттеринин ишине жалпы жетекчилик кылат, өзүнүн компетенцияларынын чегинде тийиштүү ченемдик укуктук актыларды кабыл алат;
2) коомдук алдын алуу борборлорунун ишин уюштурат жана жетекчилик кылат, алардын ишине колдоо көрсөтөт;
3) алдын алуунун башка субъекттери менен биргеликте өзүнүн аймагында укук бузуулардын алдын алуу боюнча биргелешкен пландарды, программаларды бекитет жана ишке ашырат, алардын аткарылышы жөнүндө жооптуу тараптардын отчетторун угат;
4) социалдык-экономикалык өнүктүрүү пландарында укук бузуулардын алдын алуу боюнча чараларды карайт;
5) социалдык заказды жайгаштыруу, гранттык жардамды бөлүп берүү, ошондой эле мыйзамдарга каршы келбеген башка каржылоо булактарын тартуу аркылуу иши укук бузуулардын алдын алуу боюнча чараларды көрүүгө байланышкан коммерциялык эмес уюмдарды тартууну карайт;
6) өзүнүн компетенциясынын чегинде укук бузуулардын жеке алдын алуунун пландарын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышат.
11-берене. Укук бузуулардын алдын алуу боюнча координациялык комиссиялар
1. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Бишкек, Ош шаарларынын, облустук маанидеги шаарлардын мэриялары укук бузуулардын алдын алуу боюнча өздөрүнүн аймактык координациялык комиссияларын түзөт. Укук бузуулардын алдын алуу боюнча координациялык комиссиялардын курамына жергиликтүү кеңештердин, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, укук бузуулардын алдын алуу субъекттери болуп саналган мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү, коомдук бирикмелер, жергиликтүү жамааттардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү кирет.
2. Укук бузуулардын алдын алуу боюнча координациялык комиссиянын ишин жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы, Бишкек, Ош шаарларынын жана облустук маанидеги шаарлардын мэрлери же болбосо алардын орун басарлары жетектейт.
3. Укук бузуулардын алдын алуу боюнча координациялык комиссиялар:
1) алдын алуу субъекттери болуп саналган мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн ишин уюштурат жана координациялайт, укук бузуулардын алдын алуу боюнча иш-пландарды талкуулайт жана бекитет;
2) алдын алуу субъекттери болуп саналган мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин, коомдук алдын алуу борборлорунун жетекчилеринин укук бузуулардын алдын алуу боюнча мамлекеттик программаны ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө жылдык отчётторун угат;
3) коомдук алдын алуу борборлорунун ишине көмөк көрсөтөт, анын ичинде гранттык, техникалык жана донордук жардамдарды тартуу менен финансылык жардам көрсөтөт, коомдук алдын алуу борборлорунун ишин координациялайт;
4) бюджеттик каражаттарды бөлүштүрүүдө көмөк көрсөтөт, алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүдө аксакалдар сотторуна, аялдар кеңештерине, жаштар уюмдарына жана коммерциялык эмес уюмдарга материалдык же башка жардамдарды көрсөтөт;
5) менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын, жарандардын мыйзамга бат ийген жүрүм-турумуна дем берүүчү укук бузуулардын себептерин жана шарттарын жоюуга (нейтралдаштырууга) көмөк көрсөтүүчү коммерциялык эмес уюмдардын экономикалык, маданий жана башка ишинин формаларын өнүктүрөт;
6) аймактык пробациялоо органдарына көмөк көрсөтөт, эркиндигинен ажыратуу жайларынан бошотулган жарандар үчүн социалдык реабилитациялоо борборлорун түзөт жана иштөөсүн камсыз кылат;
7) билим берүү чөйрөсүндөгү балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын алдындагы балдардын иштери боюнча комиссия, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы жана социалдык маселелер боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын комиссиясы менен кылмыштуулукка, баңгиликке жана аракечтикке каршы күрөшүү боюнча ар кандай акцияларды өткөрүүдө өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат;
8) жергиликтүү кеңештерге укук бузуулардын алдын алуу боюнча биргелешкен пландарды каржылоо, укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндө, анын ичинде мамлекеттик социалдык заказ программасынын алкагында конкреттүү маселелерди чечүүгө багытталган социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу үчүн жергиликтүү бюджеттерде каражаттарды кароо жөнүндө сунуш киргизет.
12-берене. Коомдук алдын алуу борборлору
1. Коомдук алдын алуу борбору - ушул Мыйзамда белгиленген ыйгарым укуктардын алкагында укук бузуулардын алдын алуу боюнча иш-чараларды биргелешип пландоо үчүн жергиликтүү жамааттын, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын, жарандык коомдун өкүлдөрүнүн жана жарандардын координациялык механизми.
2. Коомдук алдын алуу борборунун уюмдаштыруучу документтери коомдук алдын алуу борборлору жөнүндө типтүү жобонун негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет.
3. Коомдук алдын алуу борборлорунун уюштуруучулук-укуктук формасын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аныктайт.
4. Жергиликтүү маанидеги өткөрүлүп берилген маселелерди аткарууну каржылоо каражаттарын жана булактарын бир эле убакта аныктоо жана өткөрүп берүү менен коомдук тартипти сактоо жана укук бузуулардын алдын алуу бөлүгүндөгү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын айрым ыйгарым укуктарын коомдук алдын алуу борборлоруна өткөрүп берүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.
5. Коомдук алдын алуу борборлору шаардын, райондун жана айыл аймагынын аймагында жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан түзүлөт.
6. Коомдук алдын алуу борборунун иши жергиликтүү бюджеттен каржыланат.
13-берене. Укук бузуулардын алдын алууда коммерциялык, коммерциялык эмес уюмдардын, жарандык коомдун өкүлдөрүнүн жана жарандардын катышуусу
Коммерциялык, коммерциялык эмес уюмдар, жарандык коомдун өкүлдөрү жана жарандар төмөнкүлөргө укуктуу:
1) алдын алуу субъекттерине укук бузууларды алдын алууда жана укуктук тартипти камсыз кылууда социалдык, укуктук, юридикалык, психологиялык жана башка колдоону жана жардамды көрсөтүүгө, анын ичинде:
а) коомдук алдын алуу борборлорунун, укук бузуулардын алдын алуу боюнча координациялык комиссиялардын ишине катышууга;
б) укук бузуулардын алдын алуу боюнча мамлекеттик программаларды жана биргелешкен пландарды иштеп чыгууга катышууга;
в) укук бузуулардын алдын алуу жана укуктук тартип чөйрөсүндө изилдөөлөрдү жүргүзүүгө жана изилдөөлөрдүн натыйжаларын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүүгө;
2) укук бузуулардын алдын алуу маселелери боюнча маалыматтык жана агартуучулук иштерди жүргүзүүгө;
3) алдын алуу субъекттери менен өз ара аракеттенүүгө;
4) мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына укук бузуулардын алдын алуу боюнча ишти өркүндөтүү тууралуу сунуштарды киргизүүгө;
5) жашы жете элек жетим балдар жана эркиндигинен ажыратуу жайларынан бошотулган, туугандары менен байланышын жоготкон жана турак жайы жок адамдар жана укук бузуулардын алдын алуунун башка объекттери үчүн баш калкаларды, ыңгайлаштыруу жана реабилитациялоо борборлорун түзүүгө;
6) укук бузуулардын алдын алуу боюнча мамлекеттик программаларды жана укук бузууларды алдын алуу боюнча биргелешкен пландарды ишке ашырууга коомдук мониторинг жүргүзүүгө;
7) укук бузуулардын алдын алуу субъекттеринин ишинин натыйжалуулугун көз карандысыз баалоого.
14-берене. Жалпыга маалымдоо каражаттары
1. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын органдары:
1) укук бузуулардын алдын алуу боюнча иш-чараларды чагылдырат;
2) укук бузуулардын алдын алуу боюнча материалдарды жайгаштыруу үчүн эфирдик убакыт жана басма аянтчаларын берет.
2. Республикалык же жергиликтүү бюджеттен каржылануучу жалпыга маалымдоо каражаттары укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө маалыматтарды акысыз негизде жайылтат.
3. Жеке менчик тартипте каржылануучу жалпыга маалымдоо каражаттары укук бузууларды алдын алуу жөнүндө маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттары жана жарнама жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жайылтат.
3-глава. Укук бузуулардын алдын алуу системасы
15-берене. Укук бузуулардын алдын алуу системасы
Укук бузуулардын алдын алуу системасы төмөнкүлөрдөн турат:
1) жалпы алдын алуу;
2) атайын алдын алуу;
3) пробациялык көзөмөл;
4) виктимологиялык алдын алуу.
16-берене. Жалпы алдын алуу
Укук бузуулардын жалпы алдын алуу алдын алуу субъекттери тарабынан төмөнкүлөр аркылуу ишке ашырылат:
1) укук бузуулардын алдын алуу боюнча биргелешкен пландарды, ички ведомстволук пландарды жана укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү иштер жөнүндө коомчулукка маалымдоо боюнча иш-чараларды бекитүү жана ишке ашыруу;
2) программаларды жана пландарды ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо;
3) коомдук коопсуздук жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү чөйрөсүндө изилдөөлөрдү жүргүзүү, криминологиялык статистиканы жана талдоону жүргүзүү;
4) коомдук коопсуздук жана укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндө мыйзамдарды өркүндөтүү.
17-берене. Укук бузууларды атайын алдын алуу
Укук бузуулардын атайын алдын алуу болуп укук бузуулардын айрым түрлөрүнүн алдын алууга, аларды жасоонун себептерин жана шарттарын жоюуга, айрым категориядагы адамдарды аныктоого жана аларга төмөнкүлөр боюнча алдын алуучулук таасир этүү боюнча алдын алуу субъекттеринин иши эсептелет:
1) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка алдын алуу субъекттери тарабынан адам укуктарынын жана эркиндигинин бузулушун алдын алуу;
2) үй-бүлөлүк зомбулуктун жана балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу;
3) адам сатуунун, эмгекке эксплуатациялоонун, кулчулуктун жана мыйзамсыз миграциянын алдын-алуу;
4) радикалдуулукту, экстремизмди жана терроризмди азайтуу боюнча алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү;
5) аракечтиктин, баңгиликтин, токсикоманиянын алдын алуу;
6) коррупцияга каршы аракеттенүү жана кызматтык кылмыштардын алдын алуу;
7) өрт жана экологиялык коопсуздук чөйрөсүндө алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү.
18-берене. Алдын алуучулук таасир этүү чаралары
1. Алдын алуучулук таасир этүү чараларына төмөнкүлөр кирет:
1) алдын алуучу аңгемелешүүнү жүргүзүү;
2) расмий эскертүү берүү;
3) реабилитациялык программаларга, социалдык ыңгайлаштыруу жана коррекциялоо программаларына алдын алуу объектин киргизүү.
2. Укук бузуулардын атайын алдын алуу Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына каршы келбеген, адамдын жана жарандын негизги укуктарын бузбаган жана адамды анын укуктарында чектебеген башка чараларды камтышы мүмкүн.
3. Алдын алуучулук таасир этүү чаралары атайын алдын алуу субъекттери тарабынан жүргүзүлөт, аларга төмөнкүлөр кирет:
1) ички иштер органдары;
2) улуттук коопсуздук органдары;
3) прокуратура органдары;
4) экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү органдары;
5) жазаларды аткаруу органдары,
6) өзгөчө кырдаалдар органдары;
7) санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органдары;
8) саламаттык сактоо органдары;
9) билим берүү органдары;
10) эмгек жана социалдык коргоо чөйрөсүндөгү органдар.
19-берене. Алдын алуучу аңгемелешүү
1. Алдын алуучу аңгемелешүү - укук бузуулардын алдын алуу объектине укук бузууларды даярдоонун жана жасоонун коомдук коркунучтуулугу, укук бузууларды жасоонун натыйжасында келип чыккан укуктук кесепеттер тууралуу оозеки түшүндүрүү, ошондой эле аларды жасоого жол бербөөгө ынандыруу.
2. Алдын алуучу аңгемелешүү коомдук жайлардагы, жашаган, иштеген, окуган жериндеги жүрүм-туруму жана иш-аракеттери же болбосо жашоо образы укук бузууларга алып келиши мүмкүн болгон укук бузуулардын алдын алуу объекти менен жүргүзүлөт.
20-берене. Алдын алуучу аңгемелешүүнү жүргүзүүнүн тартиби
1. Алдын алуучу аңгемелешүүгө чакыруу жазуу жүзүндө жүргүзүлөт.
2. Алдын алуучу аңгемелешүү укук бузуулардын атайын алдын алуу субъектинин кызмат адамы тарабынан жүргүзүлөт.
3. Алдын алуучу аңгемелешүүнү жүргүзүүдө укук бузуулардын алдын алуу субъектинин кызмат адамы укук бузуулардын алдын алуу объектине анын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрөт.
4. Алдын алуучу аңгемелешүүгө жакын тууганы, жактоочусу же аңгемелешүүгө чакырылган адам тарабынан аныкталган бардык башка адамдар катыша алат.
5. Жашы жете элек менен алдын алуучу аңгемелешүү мыйзамдуу өкүлдөрдүн катышуусунда гана жүргүзүлөт. Аңгемелешүүгө педагогдор, психологдор жана кызмат адамы тарабынан чакырылган башка адамдар катыша алат.
6. Алдын алуучу аңгемелешүүнүн узактыгы үч сааттан ашпайт.
7. Алдын алуучу аңгемелешүү түнкү убакта жүргүзүлүшү мүмкүн эмес.
8. Алдын алуучу аңгемелешүү атайын алдын алуу субъектинин органынын имаратында жүргүзүлөт, аңгемелешүү ошондой эле алдын алуу объектинин жашаган, жүргөн, окуган, иштеген жеринде да жүргүзүлүшү мүмкүн.
9. Алдын алуучу аңгемелешүүнүн жыйынтыгы боюнча протокол түзүлөт. Протоколдун көчүрмөсү аңгемелешүү жүргүзүлгөн адамга берилет. Эгерде алдын алуучу аңгемелешүү жүргүзүлгөн адам протоколго кол коюудан баш тартса, алдын алуучу аңгемелешүүнү жүргүзгөн кызмат адамы бул тууралуу протоколго жазат.
10. Аңгемелешүүнүн жыйынтыгы боюнча аңгемелешүү жүргүзүлгөн адамга расмий эскертме же расмий эскертүү берилиши мүмкүн.
21-берене. Расмий эскертме, расмий эскертүү
1. Мыйзам бузууларга жол берилбестиги жөнүндө расмий эскертме - укук бузууну алдын алуу максатында жана даярдалып жаткан укукка каршы жосундар тууралуу маалыматтар болгон учурда прокурор тарабынан "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык берилет,
2. Расмий эскертүү - адамдын укук бузууларды жасоосуна жол бербөө максатында ага карата укук бузууларга даярданууга же жасоого жол берилбестиги жөнүндө жазуу жүзүндө укук бузуулардын алдын алуу субъекти тарабынан берилет.
3. Расмий эскертүү төмөнкү жарандарга берилет:
1) мас абалында, наркотикалык каражаттарды, психотроптук заттарды, аларга окшошторду, ууландыруучу же эсти маң кылуучу каражаттарды колдонуудан улам пайда болгон абалда жасалган укук бузуу үчүн жыл ичинде кайрадан жоопкерчиликке тартылган;
2) үй-бүлө мүчөсүнө карата жасаган укук бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылган;
3) мамлекеттик же коомдук кызыкчылыктарга, башка жарандардын укуктарына, эркиндигине жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына коркунуч жаратышы жана зыян келтириши же укук бузууларды жасоого алып келиши мүмкүн болгон жосундарды жасагандыгы тууралуу маалыматтарды алган.
4. Атайын алдын алуу субъектинин кызмат адамы ага карата расмий эскертүү берилген адамга расмий эскертүү жарыялайт, ага расмий эскертүүнүн көчүрмөсүн тапшырат жана анын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрөт.
5. Расмий эскертүүнүн көчүрмөсүн алгандыгы жана укуктары жана милдеттери түшүндүрүлгөндүгү тууралуу расмий эскертүү берилген адам жана расмий эскертүүнүн көчүрмөсүн тапшырган жана укуктарын жана милдеттерин түшүндүргөн кызмат адамы тарабынан расмий эскертүүнүн түп нускасында тиешелүү жазуу жүргүзүлөт.
6. Эгерде расмий эскертүү берилген жаран расмий эскертүүнүн түп нускасына кол коюудан баш тартса, расмий эскертүүнүн көчүрмөсүн тапшырган кызмат адамы бул тууралуу расмий эскертүүнүн түп нускасына жазат.
7. Расмий эскертүүнүн формасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
22-берене. Жеке алдын алуу планы
1. Жеке алдын алуу планы - бул укук бузуулардын атайын алдын алуу субъекттеринин атайын алдын алуу объекти менен анын укук бузууларга даярдануусун же жасоосун алдын алуу жана ага алдын алуучулук таасир этүү максатында иштөө планы. Жеке алдын алуу планы укук бузуулардын атайын алдын алуу объектинин ыктыярдуу макулдугу менен иштелип чыгат жана ишке ашырылат.
2. Жеке алдын алуу планы төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) укук бузуулардын алдын алуу объектине анын жашаган, иштеген, окуган жери боюнча байкоо жүргүзүү чараларын;
2) үй-бүлө мүчөлөрүнөн, кошуналардан, чогуу иштеген кесиптештеринен, педагогдордон жана мугалимдерден укук бузуулардын атайын алдын алуу объектинин жүрүм-туруму жөнүндө маалыматтарды чогултуу жана талдоо;
3) жарандарды сурамжылоо;
4) сураштырып билүү;
5) укук бузуулардын атайын алдын алуу объектине психологиялык жана социалдык жардам алуу боюнча көмөк көрсөтүү;
6) укук бузуулардын алдын алуу боюнча коомдук жана билим берүү иш-чараларына катышуу.
3. Жашы жете элекке карата жеке алдын алуу планы анын ата-энесинин (же камкорчуларынын), педогогдордун жана психологдордун катышуусу менен түзүлөт.
23-берене. Укук бузуулардын атанын алдын алуу объекттеринин укуктары
1. Атайын алдын алуу объекттери төмөнкүлөргө укуктуу:
1) аларга карата алдын ала таасир этүү чараларын колдонуунун негиздерин билүүгө;
2) алар менен жүргүзүлгөн алдын алуучу аңгемелешүүнүн протоколдору, расмий эскертүүнүн, жеке алдын алуу планынын мазмуну менен таанышууга;
3) протоколдордун, расмий эскертүүнүн жана жеке алдын алуу планынын көчүрмөлөрүн алууга;
4) сотто атайын алдын алуу субъекттеринин чечимдерине даттанууга.
2. Алдын ала таасир этүү чараларын ишке ашыруу жөнүндө чечимдер кабыл алынган жарандардын укуктарын, эркиндигин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын чектөөгө жол берилбейт.
24-берене. Укук бузуулардын виктимологиялык алдын алуу
1. Укук бузуулардын виктимологиялык алдын алуу болуп укук бузуулардын алдын алуу субъекттеринин конкреттүү адамда укук бузуудан жабырлануучу болуу тобокелдигин төмөндөтүүгө багытталган алдын алуу чараларын көрүү боюнча иши саналат.
2. Укук бузуулардын виктимологиялык алдын алуунун чаралары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) инсандын жеке, гендердик жана социалдык-психологиялык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен укук бузуулардан жабыркагандарга карата алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү;
2) калкты, анын ичинде укук бузуулардан жабыркагандарды инсандардын ортосундагы чыр-чатактарды чечүү ыкмаларына үйрөтүү;
3) укук бузуулардан жабыркагандарды аныктоо жана коргоо боюнча чараларды көрүү;
4) укук бузуулардан жабыркагандарга жардам көрсөтүү боюнча адистештирилген мекемелерди түзүү;
5) укук бузулардан жабыркагандардын физикалык жана психологиялык коопсуздугун камсыздоого, ага өзүн-өзү коргоонун мыйзамда каралган ыкмалары жана каражаттары жөнүндө маалымат берүүгө багытталган атайын комплекстүү чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
6) салыштырмалуу көбүрөөк социалдык жат жүрүм-турум байкалган же укук бузуулар жасалган жайларды (аймактарды) системалуу контролдоо;
7) кол салуу учурунда зарыл болгон коргонуу жана өтө зарылдык тууралуу маалыматтарды кеңири жайылтуу жолу менен калкты укуктук жактан тарбиялоо жана окутуу;
8) социалдык жат жүрүм-турум, даярдалып жаткан, жасалуучу же жасалган укук бузуулар тууралуу маалымат алуу максатында укук бузууларды алдын алууну түздөн-түз ишке ашырган органдын же мекеменин алдында ишеним телефондорун, "тынымсыз байланышты", куткаруу кызматтарын уюштуруу;
9) алдын алуу программаларынын жана иш-чараларынын долбоорлорун жалпы талкуулоону уюштуруу, аларды өткөрүүдө көйгөйлөрдү жана кемчиликтерди аныктоо жана жоюу максатында веб-сайттарды, блогдорду, чаттарды уюштуруу, Интернет тармагында роликтерди жайылтуу;
10) виктимизациялоо масштабдарын жана факторлорун, мамлекеттик органдар жана башка алдын алуу субъекттери тарабынан укук бузуулардан жабыркагандар үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын аныктоого багытталган виктимологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү жана виктимологиялык изилдөөлөрдүн жыйынтыктары боюнча мамлекеттик органдардын жана башка алдын алуу субъекттеринин ишин өркүндөтүү;
11) укук бузуулардын алдын алуунун заманбап методдору жөнүндө электрондук адабияттарды жайылтуу.
3. Укук бузуулардын виктимологиялык алдын алуу чараларын колдонуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
4-глава. Корутунду жоболор
25-берене. Алдын алуу субъекттерин жана укук бузуулардын алдын алууга катышкан башка субъекттерди финансылык жана материалдык-техникалык камсыздоо
Алдын алуу субъекттеринин, ошондой эле укук бузууларды алдын алууну жүргүзүүдө алдын алуу субъекттерине көмөк көрсөткөн коммерциялык эмес уюмдардын, юридикалык жана жеке жактардын ишин финансылык жана материалдык-техникалык камсыздоо укук бузуулардын алдын алуунун мамлекеттик программасынын алкагында ишке ашырылат.
26-берене. Кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
Алдын алуу субъекттери болуп саналган мамлекеттик органдардын кызмат адамдары ушул Мыйзамдын талаптарын аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн тартиптик, жазык жоопкерчиликтерине тартылат.
27-берене. Алдын ала таасир этүү чараларын колдонуу жөнүндө чечимге даттануу тартиби
Алдын ала таасир этүү чараларын колдонуу жөнүндө чечим ага карата чечим чыгарылган адам тарабынан административдик иш жана административдик жол-жоболор чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык даттанылышы мүмкүн.
28-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 25-июнундагы № 82 "Кыргыз Республикасындагы укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө" Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 9, 640-ст.);
2) Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 26-июлундагы № 141 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1044-ст.);
3) 2012-жылдын 16-июлундагы № 114 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 7, 2725-ст.);
4) Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 26-январындагы № 26 "Кыргыз Республикасындагы укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ("Эркин Тоо" гезити, 2015-жылдын 30-январы, № 7);
5) Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 27-апрелиндеги № 64 "Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамынын 5-беренеси ("Эркин Тоо" гезити, 2017-жылдын 9-майы, № 56).
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ