Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 26-июну № 361
2019-жылдын 7-декабрында Бишкек шаарында, 2019-жылдын 31-декабрында Анкара шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аскердик финансылык кызматташтык жөнүндө макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Финансылык жардам көрсөтүү жөнүндө протоколду бекитүү тууралуу
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- 2019-жылдын 7-декабрында Бишкек шаарында, 2019-жылдын 31-декабрында Анкара шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аскердик финансылык кызматташтык жөнүндө макулдашуу;
- 2019-жылдын 7-декабрында Бишкек шаарында, 2019-жылдын 31-декабрында Анкара шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Финансылык жардам көрсөтүү жөнүндө протокол.
2. Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети жогоруда аталган Макулдашууну жана Протоколду аткаруу үчүн жооптуу орган болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги түркиялык тарапка жогоруда аталган Макулдашуунун жана Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | К.А. Боронов |