Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 29-июну № 364
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-апрелиндеги № 241 "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Кинематография департаменти жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кинематографияны өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-апрелиндеги № 241 "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Кинематография департаменти жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Кинематография департаментинин башкаруу схемасында:
- "Кыргызфильмофонд" киновидеофильмдердин республикалык мамлекеттик фонду" деген позиция "Кыргызтасмасы" мамлекеттик киноборбору" деген позиция менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги:
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу тийиштүү чараларды көрсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 17-июлундагы № 56 (3128) жарыяланды
Премьер-министр | К.А. Боронов |