Загрузка документа…
| КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 7-июлундагы № 367 токтому менен бекитилди |
Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен Сауд Аравия Королдугунун Мамлекеттик пенсиялык агенттигинин ортосундагы Пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө МЕМОРАНДУМ
Эр-Рияд шаары, 2019-жылдын 16-декабры
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен Сауд Аравия Королдугунун Мамлекеттик пенсиялык агенттиги эки өлкөнүн ортосундагы достук байланыштарды бекемдөө
жана эки өлкөнүн колдонуудагы мыйзамдарына ылайык пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө кызматташууну өнүктүрүү максатында,
төмөнкүлөр тууралуу макулдашты:
1-берене.
Ушул Меморандумдун максаты болуп Тараптардын мамлекеттеринин колдонуудагы мыйзамдарына ылайык пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө эки Тараптын ортосундагы кызматташууну бекемдөө эсептелет.
2-берене.
Тараптар төмөнкү чөйрөлөрдө кызматташууну колдойт:
1) бенефициарлар үчүн пенсиялардын жана төгүмдөрдүн эсеби;
2) пенсиялык системада маалыматтык технологияларды колдонуу;
3) пенсиялык фонддорду башкаруу жана пенсиялык топтоолорду инвестициялоо;
4) актуардык изилдөөлөр;
5) пенсиялык схемаларды өнүктүрүү;
6) эки Тарап менен макулдашылган башка бардык маселелер.
3-берене.
Бул Меморандум төмөнкүлөр аркылуу ишке ашырылат:
1) алмашууда чектелгенден башка тажрыйба жана маалымат алмашуу;
2) эксперттердин жана адистердин ортосундагы өз ара визиттер;
3) конференцияларды, семинарларды жана жолугушууларды уюштуруу;
4) биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүү;
5) Тараптар менен макулдашылган башка бардык методдор.
4-берене.
Тараптардын ар бири өздөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүнө жараша ушул Меморандумга ылайык милдеттенмелерин аткаруу боюнча чыгымдарды тартат.
5-берене.
Тараптар алган маалыматты жана документтерди ушул Меморандумга ылайык аныкталган максаттар үчүн пайдаланууга милдеттенет. Бир Тарап экинчи Тарапка жазуу жүзүндө кабарлоосуз ал берген маалыматты жарыялай албайт.
6-берене.
Ушул Меморандумдун жоболорун чечмелөөдө келип чыгышы мүмкүн болгон бардык талаштар-тартыштар консультациялар жана сүйлөшүүлөр аркылуу чечилет.
7-берене.
1. Ушул Меморандум дипломатиялык каналдар боюнча анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун аяктагандыгын ырастоо тууралуу акыркы өз ара кабарлоону Тараптар алган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Ушул Меморандум беш жыл бою колдонулат. Тараптардын бири алты айдан кем эмес убакыт мурун дипломатиялык каналдар боюнча экинчи Тарапка ушул Меморандумду колдонууну токтотуу ниети жөнүндө жазуу жүзүндө билдирмейинче, анын аракети беш жылдык мөөнөттөргө автоматтык түрдө узартылат.
3. Ушул Меморандумду колдонууну токтотуу ушул Меморандумдун алкагында башталган колдонуудагы бардык программаларды же иш-чараларды ишке ашырууга жана колдонуу мөөнөттөрүнө таасирин тийгизбөөгө тийиш.
2019-жылдын 16-декабрында, 19/4/1441Н (Хиджра календары боюнча) Эр-Рияд шаарында, ар бири кыргыз, араб, орус жана англис тилдериндеги эки нускада түзүлдү. Пикир келишпестиктер келип чыккан учурда Меморандумдун англис тилиндеги тексти артыкчылыкка ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду үчүн |
| Сауд Аравия Королдугунун Мамлекеттик пенсиялык агенттиги үчүн |