Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 31-декабры № 640
Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Жоош айыл аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Жеке турак үйлөрдү куруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4 жана 20-беренелерине, Кыргыз Республикасынын "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2019-жылдын 19-декабрындагы № 03/1775 корутундусун жана Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын 2019-жылдын 17-декабрындагы № 56 токтомун көңүлгө алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Жоош айыл аймагындагы Ак-Жар жана Бирдик айылдарында жайгашкан 69,99 га жер жеке турак үйлөрдү куруу үчүн "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которулсун (трансформациялансын), анын ичинен:
- № 326 (38,2 га), № 328 (7,1 га), № 337 (1,2 га), № 961 (0,86 га) контурларында, жалпы аянты 47,36 га жайыт жерлери;
- № 14 (5,77 га), № 337а (8,6 га), № 338 (6,4 га), № 962 (1,86 га) контурларында жалпы аянты 22,63 га кайрак айдоо жерлери.
2. Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыздасын:
- жерлерди эсепке алуучу документтерге тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну;
- Ак-Жар I жана Ак-Жар II археологиялык эстеликтер зонасына жакын жайгашкан жер участокторуна жер иштетүү, курулуш, чарбалык иштерди жүргүзүүгө тыюу салууну.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 12-январындагы № 2 (3181) жарыяланды
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр |
А.Э. Новиков |