Загрузка документа…
| 1-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-декабрындагы № 601 токтомуна) |
|
Жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик билим берүүнү (базалык докторантура PhD)/тармак боюнча) уюштуруу тартиби жана философия доктору (PhD)/тармак боюнча доктор квалификациясын ыйгаруу жөнүндө жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик билим берүүнү (базалык докторантура PhD)/тармак боюнча) уюштуруу тартиби жана философия доктору (PhD)/тармак боюнча доктор квалификациясын ыйгаруу жөнүндө жободо (мындан ары - Жобо) жогорку кесиптик билим берүү уюмдары (мындан ары - ЖОЖдор) жана илимий мекемелер тарабынан философия докторун (PhD)/тармак боюнча докторду даярдоо, философия доктору (PhD)/тармак боюнча доктор квалификациясын ыйгаруу жана программаны ишке ашыруу тартиби аныкталат.
2. Ушул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр жана аныктамалар колдонулат:
- базалык докторантура (PhD/тармак боюнча) - окуу ишин жана илимий изилдөөнү интеграциялоону камсыздоочу, диссертацияны ачык жактоонун натыйжасында философия доктору (PhD)/тармак боюнча доктор квалификациясын ыйгаруу менен жогорку квалификациялуу адистерди даярдоочу ЖОЖдон кийинки кесиптик илимий-билим берүү программасы;
- PhD диссертациясы - жаңы илимий натыйжаларды жана автордун илимге болгон жеке салымын күбөлөндүрүүчү өз алдынча илимий изилдөө боюнча квалификациялык иш;
- илимий жетекчилер - докторанттардын илимий изилдөөлөрүн жана окуу ишин аттестациялоо жана жыйынтыктарын контролдоо, илимий жетектөөнү жүзөгө ашыруу, ошондой эле, PhD диссертациясын алдын ала жана ачык коргоо процессине катышуу үчүн дайындалган илимий адис же илимий адистердин тобу;
- калыстар - PhD диссертациясын алдын ала жана ачык коргоону өткөрүү үчүн ЖОЖдор жана илимий мекемелер тарабынан түзүлгөн эксперттик топ. Чет өлкөдөн берилген илимий даражасын ыйгаруу жөнүндө диплому бар калыстар үчүн нострификация жол-жобосунан өтүү талап кылынбайт;
- базалык докторантуранын (PhD/тармак боюнча) окуу планы - милдеттүү жана вариативдик түрдөгү окуу сабактарынын, илимий-изилдөө иштеринин, түрдүү багыттагы практикалардын жана стажировкалардын коюлган максаттарга жана окутуунун жыйынтыктарына карата белгилүү логикалык жактан аягына чыккан түзүмдөшкөн топтому.
3. Философия докторун (PhD)/тармак боюнча докторду даярдоо программаларын ишке ашыруучу ЖОЖдор жана илимий мекемелер менчик түрүнө жана ведомстволук таандыгына карабастан ушул Жобону жетекчиликке алышат.
2-глава. Базалык докторантурага (PhD/тармак боюнча) кабыл алуу тартиби
4. Базалык докторантурага (PhD/тармак боюнча) "магистр" же "адис" диплому менен ырасталган жогорку кесиптик билимге ээ болгон Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар ушул Жобого жана Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык тапшырууга укуктуу.
5. Базалык докторантурага (PhD/тармак боюнча) тапшыруу үчүн берилүүчү документтер:
- ЖОЖдун же илимий мекеменин жетекчисинин атына арыз;
- "магистр" квалификациясы же адистиги, же "адис" багыты боюнча жогорку билими жөнүндө нотариалдык күбөлөндүрүлгөн дипломдун көчүрмөсү;
- чет өлкөлүк окуу жайлардан берилген билими жөнүндө документтердин деңгээлин жана мазмунун ырастоо тууралуу Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын маалым каты.
Паспортун же аскердик билетин (Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн) арыз тапшырууда жеке өзү көрсөтөт.
6. Базалык докторантурага (PhD/тармак боюнча) кабыл алуу конкурсу адистик боюнча кабыл алуу сыноолорунун жыйынтыгынын негизинде өткөрүлөт.
7. Базалык докторантурага (PhD/тармак боюнча) кабыл алуу жыл сайын 20-июндан тартып 10-октябрга чейин өткөрүлөт.
Менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыгына карабастан ЖОЖдор жана илимий мекемелер Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен даярдоо багыттарынын тизмесин жана аларды кабыл алуу планын макулдашкандан кийин кабыл алууну жарыялашат.
8. Базалык докторантурага (PhD/тармак боюнча) кабыл алууну уюштуруу үчүн ЖОЖдун же илимий мекеменин буйругу менен ЖОЖдун же илимий мекеменин жетекчисинин төрагалыгы менен жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрлардын, анын ичинде келечектеги философия докторунун (PhD)/тармак боюнча доктордун илимий жетекчилеринин ичинен кабыл алуу комиссиясы түзүлөт.
Кабыл алуу комиссиясынын курамы, укуктары жана иш тартиби ЖОЖдун же илимий мекеменин жетекчиси тарабынан бекитилген жобо менен аныкталат. Кабыл алуу комиссиясынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бир жылды түзөт. Кабыл алуу комиссиясынын ишин жана иш кагаздарын ЖОЖдун же илимий мекеменин жетекчиси тарабынан дайындалган техникалык катчы уюштурат.
Адистик боюнча кабыл алуу сынактары курамына сынак өткөрүлүп жаткан адистик боюнча илимдин доктору даражасы же профессор наамы бар адистер кирген ЖОЖдун же илимий мекеменин жетекчисинин буйругу менен түзүлгөн сынактык комиссиялар тарабынан өткөрүлөт. Чет тили же чыгармачылык адистиктер боюнча комиссиялар окумуштуулук даражасы жана илимий наамы жок квалификациялуу окутуучулардан түзүлүшү мүмкүн.
Сынактык комиссиянын ыйгарым укуктары жана иш тартиби Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан бекитилген жобо менен аныкталат.
Кабыл алуу сынактарын кайрадан тапшырууга жол берилбейт.
Базалык докторантурага (PhD/тармак боюнча) кабыл алуу ЖОЖдун же илимий мекеменин жетекчисинин буйругу менен таризделет.
3-глава. Базалык докторантурада (PhD/тармак боюнча) окутууну уюштуруу тартиби
9. ЖОЖдор жана илимий мекемелер Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынан тиешелүү лицензия алгандан кийин гана философия докторун (PhD)/тармак боюнча докторду даярдоо программаларын ишке ашырууну башташат.
10. Базалык докторантуранын (PhD/тармак боюнча) окуу планы ЖОЖ жана илимий мекеме тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет.
11. Базалык докторантурада (PhD/тармак боюнча) окуу 3 жылдан кем эмес мөөнөттү түзөт. Жекече окуу планы боюнча окууда ЖОЖ же илимий мекеме окуу мөөнөтүн 2 жылдан ашык эмес мөөнөткө узартууга укуктуу. Базалык докторантурада (PhD/тармак боюнча) окуу күндүзгү окуу формасы боюнча ишке ашырылат, дистанттык билим берүү технологияларын колдонууга да жол берилет.
12. Программанын эмгек көлөмү программанын өзгөчөлүгүнө жараша 180ден 240ка чейинки кредитти түзөт, анын ичинде 60тан кем эмес кредит окуу сабактарын окутууга жумшалат. Илимий изилдөө ишинин эмгек көлөмү түрдүү багыттагы практикаларды жана/же стажировкаларды, ошондой эле аттестациялардын бардык түрүн, анын ичинде PhD диссертациясын ачык коргоону кошуп алганда 120дан кем эмес кредитти түзөт.
13. Докторант окуу мезгилинде диссертациялык изилдөөнүн илимий жыйынтыктарын чагылдырган экиден кем эмес илимий макалаларын WEB of Science жана Scopus эл аралык системаларында индекстелүүчү нөлдөн жогору импакт-факторго ээ болгон илимий басылмаларга жарыялоого милдеттүү.
14. Докторант окуу мезгилинде бир айдан кем эмес мөөнөткө чет өлкөлүк илимий изилдөөчүлүк стажировкадан же практикадан өтүүгө тийиш.
15. Докторанттарды окутуу процессинде жекече окуу планына уруксат берилет. Докторанттын илимий изилдөө иштери (мындан ары - ИИИ) окуу планына ылайык жылына бир жолу илимий жетекчилер тарабынан аттестацияланат. ИИИ графиги докторанттын жекече планында көрсөтүлөт.
16. ЖОЖ же илимий мекеме докторантка (PhD) доктору/тармактар боюнча доктордон төмөн эмес даражасы бар эки илимий жетекчинин илимий жетекчилигин камсыздайт, алардын бири чет өлкөлүк ЖОЖдун окумуштуусу болушу керек. Илимий жетекчилик дистанттык билим берүү технологияларын колдонуу менен ишке ашырылышы мүмкүн. Илимий жетекчинин кесиптик компетенттүүлүгү WEB of Science жана Scopus базаларында индекстелүүчү нөлдөн жогору импакт-факторго ээ болгон ата мекендик жана чет өлкөлүк илимий басылмаларда акыркы беш жылда жарыяланган экиден кем эмес илимий публикациялары, авторитеттүү илимий форумдардагы баяндамалары менен ырасталат.
Чет өлкөлүк ЖОЖдон илимий жетекчи үчүн илимий даражасын ыйгаруу жөнүндө дипломун нострификация жол-жобосунан өткөрүү талап кылынбайт.
17. Профили боюнча чет өлкөлүк илимий жетекчилер жок болгон учурда жетекчиликти бир илимий жетекчи - чет өлкөлүк ЖОЖдогу иш стажына ээ жана илимдин тиешелүү жаатында активдүү иштеген тиешелүү профилдеги адис жүргүзүшү мүмкүн.
4-глава. PhD диссертациясына, аны коргоого коюлуучу талаптар
18. PhD диссертациясы төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш:
- улуттук масштабдагы артыкчылык мүнөзгө ээ болгон актуалдуу проблематикага дал келүү;
- PhD диссертациясынын корголуучу профилге дал келүүсү;
- илимдин, техниканын жана өндүрүштүн эң алдыңкы теориялык, методикалык жана технологиялык жетишкендиктерине негизделүү;
- конкреттүү практикалык сунуштамаларды, теориялык жана/же практикалык маселелердин чечилишин камтуу;
- жыйынтыктар институттук деңгээлде жана/же тармактын масштабында ишке киргизилиши керек.
19. PhD диссертациясынын темасы ЖОЖ же илимий мекеме белгилеген тартипте окумуштуулар кеңеши же илимий-техникалык кеңеш тарабынан бекитилет.
20. PhD диссертациясы базалык докторантурада (PhD/тармак боюнча) окуу мөөнөтү аяктаганга чейин үч айдан кечиктирбей ЖОЖдун же базалык докторантурада (PhD/тармак боюнча) окууну уюштурууну тейлеген илимий мекеменин түзүмдүк бөлүмүнө (мындан ары - базалык докторантура бөлүмү (PhD/тармак боюнча) берилет.
21. Базалык докторантура бөлүмү (PhD/тармак боюнча) плагиатка текшерүүнү уюштурат. PhD диссертациясынын текстинин оригиналдуу экендиги төмөнкүлөрдү түзөт:
- коомдук жана гуманитардык илимдер - 75%дан кем эмес;
- табигый-илимий, техникалык, физика-математикалык илимдер - 85%дан кем эмес;
- медициналык, агрардык жана биологиялык илимдер - 88%дан кем эмес.
22. Базалык докторантура бөлүмү (PhD/тармак боюнча) PhD диссертациясын экспертизалоонун төмөнкүдөй этаптарын өткөрөт:
- PhD диссертациясын коомдук талкуулоо менен бирге калыстар тарабынан экспертизалоо;
- диссертациялык изилдөө аткарылган жеринде калыстардын мүчөлөрүнө диссертацияны алдын ала коргоо;
- PhD диссертациясын ачык коргоо.
23. Базалык докторантура бөлүмү (PhD/тармак боюнча) PhD диссертациясын коомдук талкуулоону уюштуруу максатында анын текстин алдын ала коргоого чейин эки айдан кечиктирбей ЖОЖдун же илимий мекеменин сайтына жайгаштырат. Коомдук талкуулоонун жыйынтыгында докторант экиден кем эмес тышкы рецензия алышы керек.
24. Экспертизанын жыйынтыгы боюнча калыстардын мүчөлөрү PhD диссертациясы боюнча корутунду бериши керек. Корутундуда төмөнкүдөй маселелер чагылдырылат:
1) диссертациялык изилдөөнүн тематикасын бекитүү, эгерде тема өзгөртүлсө - өзгөртүүгө негиздеме;
2) илимий жетекчилик, алмашкан учурда - чечимге негиздеме;
3) PhD диссертациясы алгачкы жолу же кайталап сунушталуудабы, кайталап сунушталган учурда - PhD диссертациясына карата сын пикирлерди жоюу боюнча толук маалыматтар;
4) тандалып алынган теманын актуалдуулугу;
5) PhD диссертациясынын мазмунунун анын аталышына, ошондой эле программанын профилине дал келүүсү;
6) изилдөөнүн жыйынтыктарынын аныктыгы, жыйынтыктардын жана сунуштамалардын негиздүүлүгү;
7) коргоого чыгарылган илимий жыйынтыктардын жаңылыгы;
8) изилдөөнүн жыйынтыктарынын илимий, практикалык, экономикалык, социалдык манилүүлүгү жана ал маанилүүлүктү ырастаган маалыматтар;
9) публикациялардын тизмесин жана мүнөзүн тиркөө менен диссертациялык изилдөөнүн илимий жыйынтыктарын жарыяланган иштерде баяндоо;
10) PhD диссертациясында көрсөтүлгөн илимий жыйынтыктарды алууга автордун жекече катышуусу.
25. PhD диссертациясына калыстардын экспертизасы жана ага жүргүзүлгөн коомдук талкуулоо аяктагандан кийин базалык докторантура бөлүмү (PhD/тармак боюнча) калыстардын мүчөлөрүнүн катышуусунда диссертацияны алдын ала коргоону уюштурат. Алдын ала коргоонун жол-жобосу жана графиги ЖОЖ же базалык докторантура (PhD/тармак боюнча) программасын ишке ашырып жаткан илимий мекеме тарабынан аныкталат жана калыстардын техникалык катчысы камсыздалат.
26. Алдын ала коргоодо докторант төмөнкүлөрдү көрсөтөт:
1) илимий жетекчилердин диссертацияга берилген баасын;
2) диссертациялык изилдөөнүн жыйынтыктары менен илимий публикацияларын;
3) диссертацияга берилген сырткы бааларды;
4) диссертациялык изилдөөнүн жана анын илимий жыйынтыктарынын кыскача мазмунун баяндоо менен эл алдында чыгып сүйлөө.
27. Алдын ала коргоонун жыйынтыгы боюнча калыстар төмөнкүдөй чечимдерди кабыл алышат:
1) PhD диссертациясын коргоого сунуштоо;
2) кемчиликтери жоюлгандан кийин PhD диссертациясын коргоого сунуштоо;
3) PhD диссертациясын четке кагуу.
Кемчиликтерди жоюу үчүн докторантка үч айдан алты айга чейинки мөөнөт берилет.
28. PhD диссертациялары диссертациялык изилдөөнүн аткарылган жери боюнча алдын ала коргоо учурунда берилген, жоюлган кемчиликтери жана аткарылган сунуштамалары, PhD диссертациясынын макулдашуу барагында калыстардын ырастаган колдору менен ачык коргоого жол берилет.
29. Алдын ала жана ачык коргоону өткөрүү үчүн ЖОЖдун же илимий мекеменин жетекчисинин буйругу менен беш жана андан ашык кишиден турган калыстардын курамы түзүлөт.
Калыстардын курамына төмөнкүлөр кирет:
1) илимий жетекчилер;
2) башка ЖОЖдон же илимий мекемеден эки оппонент, анын бирөө чет өлкөдөн болушу керек;
3) башка ЖОЖдун же илимий мекеменин өкүлү.
Калыстар тобунун курамына кирүүгө талапкерлер (PhD) доктору/тармактар боюнча доктордон төмөн эмес даражасы менен акыркы 5 жыл ичинде ата мекендик жана чет өлкөлүк илимий басылмаларда илимий публикациялары, анын ичинде WEB of Science жана Scopus эл аралык системаларында индекстелүүчү нөлдөн жогору импакт-факторго ээ болгон илимий басылмаларда экиден кем эмес илимий публикациялары бар адистерден болушу керек.
Эскертүүсү: Берилген Жобонун 29-пунктундагы абзацтарынын саны расмий тилдеги тексттин 29-пунктундагы абзацтарынын санына дал келбейт.
30. Ачык коргоого чейинки бир айда ЖОЖдун же илимий мекеменин сайтына PhD диссертациясынын темасы, докторант жана илимий жетекчилер жөнүндө маалымат камтылган коргоо убактысы жана жайы жөнүндө жарыя жайгаштырылат.
31. Алдын ала жана ачык коргоону өткөрүү калыстардын жыйынынын протоколу менен таризделет. Диссертацияны коргоо жол-жобосу видеожазмага тартылышы керек.
32. PhD диссертациясын ачык коргоону өткөрүү жол-жобосу жана анын документ жүргүзүүсү коргоону өткөргөн ЖОЖ же илимий мекеме тарабынан аныкталат.
33. PhD диссертациялары четке кагылган докторанттар жекече планды аткарбаган деп эсептелет жана базалык докторантура бөлүмүнүн (PhD/тармак боюнча) сунушу боюнча ЖОЖдун же илимий мекеменин жетекчисинин буйругу менен базалык докторантурадан (PhD/тармак боюнча) чыгарылат. Мындай учурда окуудан чыгарылган докторанттарга жеке арызынын негизинде ЖОЖ же илимий мекеме тарабынан эки жумалык убакыттын ичинде академиялык маалым кат берилет.
5-глава. Калыстардын чечимине апелляцияны кароо тартиби
34. Калыстардын чечиминин жыйынтыгы боюнча докторант (арыз берүүчү) калыстардын терс чечимине жазуу жүзүндөгү апелляциялык арыз менен апелляциялык комиссияга кайрылууга укуктуу.
35. Калыстардын терс чечимине апелляциялык арыз докторант (арыз берүүчү) тарабынан эркин формада ачык коргоо өткөрүлгөн ЖОЖ же илимий мекеменин жетекчисинин атына чечим чыгарылган күндөн тартып 2 (эки) айдын ичинде берилет. Апелляция өткөрүүнүн тартиби ушул Жобонун ченемдерине ылайык ЖОЖ же илимий мекеме тарабынан өз алдынча бекитилет.
36. Апелляция берилген күндөн тартып 10 (он) жумуш күндүн ичинде ЖОЖдун же илимий мекеменин жетекчисинин буйругу менен апелляциялык комиссия (мындан ары - Комиссия) түзүлөт. Комиссиянын курамына тиешелүү адистик боюнча окумуштуу даражага ээ болгон 3 (үч) адис жана ЖОЖдун же илимий мекеменин базалык докторантура бөлүмүнүн (PhD/тармак боюнча) адистеринин ичинен (добуш берүүгө укуксуз) техникалык катчы киргизилет. Илимий консультанттар, рецензенттер жана калыстардын мүчөлөрү комиссиянын мүчөсү боло алышпайт.
Комиссия өз ишинде ушул Жобонун ченемдерин жетекчиликке алат.
37. Комиссия апелляциялык арызды, диссертацияны, PhD диссертациясын коргоо боюнча диссертациялык кеңештин материалдарын карап чыгат, апелляциянын жыйынтыгы боюнча корутунду даярдайт жана Комиссия түзүлгөн күндөн тартып 30 (отуз) календарлык күндүн ичинде чечим чыгарат.
38. Комиссиянын чечими ачык добуш берүүдө көпчүлүк добуш менен кабыл алынат жана ага бардык мүчөлөрү тарабынан кол коюлат.
39. Комиссиянын чечими жана корутундусу калыстардын кайра карап чыгуусу үчүн 15 (он беш) календарлык күндүн ичинде ЖОЖго же илимий мекемеге жиберилет. Апелляция маселеси боюнча калыстардын чечими акыркы болуп саналат жана докторантка (арыз берүүчүгө) кабарланат.
40. Апелляция маселеси боюнча калыстардын чечими ал кабыл алынган күндөн тартып 5 (беш) күндүн ичинде ЖОЖ же илимий мекеме тарабынан докторантка (арыз берүүчүгө) билдирилет жана ЖОЖдун же илимий мекеменин сайтына жайгаштырылат.
41. Философия докторун (PhD)/тармактар боюнча доктор даражасын ыйгаруудан баш тартуу боюнча калыстардын акыркы чечими менен макул болбогон учурда чечим соттук тартипте даттанылышы мүмкүн.
6-глава. Докторанттардын окуусун калыбына келтирүү, аларды окуудан чыгаруу, которуу жана академиялык өргүү берүү тартиби
42. Докторанттардын окуусун калыбына келтирүү жана аларды бир ЖОЖдон жана илимий мекемеден башкасына которуу жеке арызынын негизинде ЖОЖдун же илимий мекеменин жетекчисинин буйругу менен окуу семестри башталганга чейин жылына эки жолу жүргүзүлөт.
Окуусун калыбына келтирүү же которуу чечими ЖОЖдун же илимий мекеменин окумуштуу же илимий техникалык кеңеши тарабынан чыгарылат.
43. Базалык докторантурадан (PhD/тармак боюнча) чыгарылган адамдар 10 (он) жылдын ичинде окуусун калыбына келтирүүгө укуктуу. Окуудан чыгарууда жетишпеген көлөмдөгү жеке планы аткарылган учурда докторанттын окуусун калыбына келтирүү жөнүндө окумуштуулар же илимий-техникалык кеңештин чечими чыгарылат.
44. Которуу учурунда төмөнкү көрсөткүчтөр каралат:
1) илимий изилдөөнүн багыты;
2) өздөштүрүлгөн ECTS кредиттеринин саны;
3) программанын билим берүү компонентинин сабактарынын тизмеги;
4) билим берүүнүн жыйынтыгы.
45. Докторант базалык докторантурадан (PhD/тармак боюнча) төмөнкү учурларда чыгарылышы мүмкүн:
1) өз каалоосу менен;
2) жеке планын аткарбагандыгы үчүн;
- ЖОЖдун же илимий мекеменин ички тартибин бузгандыгы үчүн;
- докторант менен ЖОЖ же илимий мекеменин ортосунда түзүлгөн келишимдин шарттарын аткарбагандыгы үчүн.
46. Докторант ооруп калганда, каникулда жүргөндө, кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүдө, ошондой эле академиялык өргүүдө жүргөн мезгилде аны окуудан чыгарууга жол берилбейт.
47. Күбөлөндүрүүчү документтер көрсөтүлгөн учурда докторантка медициналык көрсөтмөлөр боюнча, ошондой эле башка өзгөчө шарттарда (билим алуусун улантууга мүмкүндүк бербеген табигый кырсыктар, үй-бүлөлүк жана башка жагдайлар) академиялык өргүү берилиши мүмкүн. Академиялык өргүү 12 календарлык айдан ашпашы керек.
48. Докторантка академиялык өргүү берүү жөнүндө чечимди тиешелүү документтер тиркелген докторанттын жеке арызынын негизинде ЖОЖдун же илимий мекеменин жетекчиси чыгарат.
49. Медициналык көрсөтмөлөр боюнча академиялык өргүүдөн кайткан докторантты окуу процессине катыштыруу жөнүндө буйрукту чыгаруу үчүн негиз болуп докторанттын жеке арызы жана анын ден соолугунун абалына дайыма көз салып туруучу мамлекеттик саламаттык сактоо уюмунун корутундусу саналат.
7-глава. Философия доктору (PhD)/тармактар боюнча доктор квалификациясын ыйгаруу жана диплом берүү
50. PhD диссертациясын ийгиликтүү коргогон, ошондой эле окуу планын толук аткарган докторантка илимий же башка кесиптик иш жүргүзүү укугу менен калыстардын мүчөлөрү тарабынан жашыруун добуш берүү менен философия доктору (PhD)/тармактар боюнча доктор квалификациясын ыйгаруу жөнүндө чечим чыгарылат жана диплом берилет.
51. Эгерде калыстардын жыйынга катышкан мүчөлөрүнүн үчтөн экисинен кем эмеси ал үчүн добуш беришсе, философия доктору (PhD)/тармактар боюнча доктор квалификациясын ыйгаруу маселеси боюнча калыстардын чечими оң болуп эсептелет.
52. Философия докторунун (PhD)/тармактар боюнча доктордун мамлекеттик дипломун берүүгө аккредитациялануучу уюмдарга/программаларга коюлуучу минималдуу талаптарга ылайык философия докторун (PhD)/тармактар боюнча докторду даярдоо программаларын аккредитациялоодон өткөн ЖОЖдор же илимий мекемелер укуктуу.
53. Философия доктору (PhD)/тармактар боюнча доктордун мамлекеттик үлгүдөгү дипломунун үлгүсү Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим жаатындагы мамлекеттик ыйгарым укуктуу органы тарабынан белгиленет.
54. Философия доктору (PhD)/тармактар боюнча доктор дипломуна калыстардын төрагасы жана программаны ишке ашыруучу ЖОЖдун же илимий мекеменин жетекчиси кол коюшат.