Сравнение редакций…
| 2-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-декабрындагы № 601 токтомуна) |
|
Философия докторун (PhD)/тармак боюнча докторду даярдоонун аккредитациялануучу билим берүү программаларына коюлуучу минималдуу талаптар
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Философия докторун (PhD)/тармак боюнча докторду даярдоонун аккредитациялануучу билим берүү программаларына коюлуучу минималдуу талаптарда (мындан ары - Минималдуу талаптар) жогорку кесиптик билим берүү уюмдары (мындан ары - ЖОЖдор) жана илимий мекемелер тарабынан ишке ашырылып жаткан философия докторун (PhD)/тармак боюнча докторду даярдоонун аккредитациялануучу билим берүү программаларына коюлуучу милдеттүү минималдуу талаптар белгиленген.
2. Ушул Минималдуу талаптарда төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) кызыкдар тараптар - билим берүүнүн жогору сапатына кызыкдар мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, окугандар (студенттер), алардын ата-энелери, билим берүү уюмдары, жумуш берүүчүлөр, социалдык өнөктөштөр;
2) билим берүү уюмунун миссиясы - билим берүү программасынын статусун, иш принциптерин, билдирүүлөрүн жана мүдөөлөрүн аныктоочу негизги милдет, өздүк потенциалын объективдүү баалоодон келип чыгуучу негизги стратегиялык максаттардын жыйындысы;
3) билим берүү максаттары - өзүнүн бүтүрүүчүлөрү үчүн илимдин тийиштүү чөйрөсүндө ийгиликтүү иштөөгө жетиштүү болгон кесиптик компетенцияны түптөө үчүн билим берүү уюму/билим берүү программасы умтулган максат;
4) окутуунун жыйынтыктары - билим берүү процессинин аягында докторанттын кайсы билимге, жөндөмгө жана көндүмгө ээ болушун так баяндоо.
2. Билим берүү программасынын миссиясына минималдуу талаптар
3. Бардык кызыкдар тараптардын керектөөлөрүнө ылайыктуу болгон философия докторун (PhD)/тармак боюнча докторду даярдоонун билим берүү программасынын (мындан ары - билим берүү программалары) стратегиялык жана учурдагы өнүктүрүү пландарынын негизинде иштелип чыккан жана жетекчилиги тарабынан бекитилген миссиянын болушу.
4. ЖОЖдордун жана илимий мекемелердин жетекчилеринин жана философия докторун (PhD)/тармак боюнча докторду даярдоо программасын ишке ашырууга катышкан кызматкерлердин миссияны так түшүнө билүүсү.
5. Билим берүү программасынын миссиясынын жана стратегиялык өнүктүрүү планынын коомчулукка жеткиликтүү болушу.
3. Философия докторун (PhD)/тармак боюнча докторду даярдоо программасы боюнча окутуунун максатына жана жыйынтыктарына минималдуу талаптар
6. Билим берүү программасында кызыктар тараптардын (бүтүрүүчүлөрдүн, академиялык коомчулуктун, потенциалдуу иш берүүчүлөрдүн) керектөөлөрү илимий изилдөөгө басым жасоо менен чагылдырылышы керек.
7. Конкреттүү багыт боюнча илимди өнүктүрүүгө багытталган билим берүү программасынын так аныкталган жана бекитилген максаттары болушу керек.
8. Билим берүү программасы өз максаттарына шайкеш келген окутуунун жыйынтыктарына ээ болууга тийиш.
9. Билим берүү программасын иштеп чыгууда кызыктар тараптардын (академиялык коомчулуктун, потенциалдуу иш берүүчүлөрдүн, бүтүрүүчүлөрдүн) пикирлери эске алынышы керек.
10. Билим берүү программасы боюнча окутуунун жыйынтыктары жеткиликтүү, ченемдүү жана расмий таанылган болууга тийиш.
11. Билим берүү программасы боюнча окутуунун жыйынтыктары илимдин жана практиканын тиешелүү тармагынын келечектүү иштелмелерине багытталышы керек.
4. Философия докторун (PhD)/тармак боюнча докторду даярдоо программасынын мазмунуна минималдуу талаптар
12. ЖОЖдор жана илимий мекемелер философия докторун (PhD)/тармак боюнча докторду даярдоонун билим берүү программасынын өнүктүрүү стратегиясына ээ болушу керек.
13. Иштелип чыккан билим берүү программаларынын мазмуну билим берүү программасынын миссиясына, билим берүү максаттарына, докторанттардын жана башка кызыкдар тараптардын керектөөлөрүнө ылайык келүүгө тийиш. Билим берүү программасын өздөштүрүүнүн натыйжасында алынуучу квалификация так аныкталышы жана кызыкдар тараптарга түшүндүрүлүшү керек.
14. Программанын мазмунун иштеп чыгууга кызыктар тараптар (академиялык коомчулук, иш берүүчүлөр жана бүтүрүүчүлөр) тартылууга тийиш.
15. Билим берүү программасында окутуучулук-профессордук курамдын жана докторанттардын илимий изилдөөлөрүнүн академиялык эркиндиги каралышы керек.
16. Философия докторун (PhD)/тармак боюнча докторду даярдоо программасы докторанттарды этика эрежелерине жана илимий изилдөөлөрдү жоопкерчиликтүү жүргүзүүгө үйрөтүүнү камсыздоого тийиш.
17. Билим берүү программасы илимий-изилдөө иштеринин (диссертация, публикациялар) оригиналдуулугу жана уникалдуулугу боюнча талаптарды камтышы керек.
18. Докторанттарды окутуу менен илимий-изилдөө иштеринин ортосундагы катыш бекитилген окуу планына шайкеш болууга тийиш.
5. Философия докторун (PhD)/тармак боюнча докторду даярдоо программасын ишке ашыруу шарттарына минималдуу талаптар
19. Философия докторун (PhD)/тармак боюнча докторду даярдоо программасын сапаттуу ишке ашырууну камсыздоо үчүн ЖОЖдор жана илимий мекемелер төмөнкүлөрдү камсыздоого тийиш:
1) окутуучулук-профессордук курамдын жана докторанттардын илимий-изилдөө иштеринин туруктуу өнүгүүсүн;
2) лицензиялык ченемдерге ылайык илимий жана педагогикалык иш тажрыйбасы, тиешелүү квалификациясы бар илимий кызматкерлердин санын;
3) лицензиялык ченемдерге ылайык жетиштүү материалдык-техникалык базаны;
4) докторанттардын илимий адабияттарга, электрондук ресурстарга жеткиликтүүлүгүн;
5) окуу планына эсептелген мөөнөттө докторанттардын чет элдик илимий-изилдөө стажировкасынан өтүшүн;
6) кызматкерлердин жана докторанттардын илимий-изилдөө иштеринин жыйынтыктарын таанууга жана практикалык колдонууга көмөктөшүүнү;
7) билим берүү кызматтарын көрсөтүүнүн ийкемдүү варианттарын пайдаланууну (анын ичинде электрондук, дистанттык окутуу технологияларын колдонуу);
8) билим берүү процессин уюштурууда билим берүү жана илимий чөйрөнү өнүктүрүүгө, докторанттардын жеке жетишкендиктерин колдоого багытталган профессордук-окутуучулук курам менен докторанттардын окуу жана илимий изилдөө жаатындагы натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн;
9) докторанттардын чет өлкөлүк уюмдар менен илимий изилдөө жаатындагы кызматташтыгын колдоону.
20. Докторанттарды тандоо объективдүүлүк жана ачыктык принциптерине негизделиши керек.
21. Докторантурага кабыл алынган адамдардын саны аларды окутуунун жана даярдоонун бардык баскычтарында докторантуранын окуу-методикалык, илимий-изилдөө жана материалдык мүмкүндүктөрү менен түздөн-түз катышта болушу керек.
22. ЖОЖдор жана илимий мекемелер тарабынан окуу процессинде өз илимий изилдөөлөрүнүн натыйжаларын пайдалануу.
6. Философия докторун (PhD)/тармак боюнча докторду даярдоо программасындагы окутуунун жыйынтыктарын баалоого карата минималдуу талаптар
23. ЖОЖдордо жана илимий мекемелерде программа боюнча окутуунун жыйынтыктарын баалоонун өздүк жол-жобосу болушу керек.
24. Бүтүрүүчүлөр тарабынан жетишилген окутуунун жыйынтыктары (билими, жөндөмү, компетенциялары: жалпы жана кесиптик) билим берүү программасы боюнча пландалуучу окутуунун жыйынтыктарына ылайык келиши керек.
25. ЖОЖдордо жана илимий мекемелерде билим берүү программасы боюнча окутуунун максаттарын жана жыйынтыктарын кайра карап чыгуу жана аларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жол-жобосу/механизми болушу керек.
7. Философия докторун (PhD)/тармак боюнча докторду даярдоо программасынын сапатын камсыздоого минималдуу талаптар
26. ЖОЖдор жана илимий мекемелер сапатты камсыздоо жаатындагы саясат жана ички процесстер аркылуу докторанттар жана ЖОЖдор менен илимий мекемелердин бардык кызматкерлери тарабынан колдоого алынууга тийиш болгон билим берүү максаттарынын, окутуунун жыйынтыктарынын аткарылышына мониторинг жүргүзүүгө, философия докторун (PhD)/тармак боюнча докторду даярдоо программасынын аткарылышынын жыйынтыктарын талдоого тийиш.
27. Философия докторун (PhD)/тармак боюнча докторду даярдоо программасы ЖОЖдордун жана илимий мекемелердин сапатты камсыздоо жол-жобосунун милдеттүү бөлүгүнөн турууга тийиш, анын алкагында бардык кызыктар тараптарды тартуу менен программанын мазмуну, окутуу шарттары жана программанын өздүк уюштурулушу бааланат.
8. Философия докторун (PhD)/тармак боюнча докторду даярдоо программасын башкарууга минималдуу талаптар
28. ЖОЖдор жана илимий мекемелер философия докторун (PhD)/тармак боюнча докторду даярдоо программасын башкаруу үчүн жооптуу түзүмгө ээ болушу керек.
29. Философия докторун (PhD)/тармак боюнча докторду даярдоо программасын башкаруучу түзүм окуу жана илимий-изилдөө процессин уюштурууда докторанттарды жана окутуучулук-профессордук курамды колдоону камсыздоого тийиш.
30. Билим берүү программасын башкаруу ЖОЖдордун жана илимий мекемелердин автоматташтырылган (программалык) башкаруу системасын колдонуу менен жүзөгө ашырылышы керек.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 15-майындагы № 246
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| 2-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-декабрындагы № 601 токтомуна ылайык) |