Сравнение редакций…
| Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-декабрындагы № 603 токтомуна) |
|
Жүргүнчүлөр тууралуу алдын ала маалымат жана жүргүнчүлөрдү каттоо жазуулары жөнүндө маалымат системасы тууралуу жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жободо Кыргыз Республикасында жүргүнчүлөр жөнүндө алдын ала маалымат (мындан ары - АРI) жана жүргүнчүлөрдү каттоо жазуулары жөнүндө маалымат системасын (мындан ары - PNR) түзүү жана иштетүү боюнча негиздер аныкталган.
2. Ушул Жободо колдонулуучу түшүнүктөр Кыргыз Республикасынын Аба кодексинде, 1944-жылдын 7-декабрындагы Эл аралык жарандык авиация жөнүндө конвенцияда жана анын тиркемелеринде аныкталган мааниде колдонулат.
3. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына, эл аралык аба ташууларын ишке ашырган авиакомпанияларга жана жүргүнчүлөр тууралуу алдын ала маалыматты (мындан ары - АРI маалыматы), ошондой эле жүргүнчүлөрдү каттоо жазуулары жөнүндө маалыматты (мындан ары PNR маалыматы) иштеп чыгууну жана сактоону жүзөгө ашырган уюмдарга карата колдонулат.
4. АРI/РNR системасын түзүү жана иштетүү төмөнкүдөй негизги принциптердин негизинде ишке ашырылат:
1) жеке маалыматты автоматташтырып иштеп чыгууда жарандардын конституциялык укуктарын сактоо, анын ичинде маалыматтын купуялуулугун камсыздоо;
2) маалыматтык өз ара аракеттенген катышуучулардын иштеп жаткан жана жаңы түзүлүүчү маалыматтык системанын маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн технологиялык мүмкүндүктөрүн камсыз кылуу;
3) маалыматтык өз ара аракеттенген катышуучулардын ишинде жүргүзүлүүчү административдик, уюштуруучулук жана башка өзгөрүүлөрдөн АРI/РNR түзүмүнүн технологиялык көз карандысыздыгын камсыздоо.
5. Авиакомпаниялар берген маалыматтын негизинде эл аралык аба ташууларын ишке ашырууда АРI/РNR системасы бирдиктүү маалымат базасы катары борборлоштурулуп түзүлөт.
6. АРI маалыматы жана PNR маалыматы АРI/РNR системасынын оператору болуп эсептелген Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антитеррордук борборунда (мындан ары - оператор) иштелип чыгат жана сакталат.
7. Оператор АРI/РNR системасын киргизет, жакшыртат жана техникалык коштойт.
8. Системаны каржылоо республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.
2-глава. Маалыматтык өз ара аракеттенүүнү уюштуруу
9. Авиакомпаниялар, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан улуттук коопсуздукту камсыздоо, мамлекеттик чек араны кайтаруу, коргоо жана ички иштер жаатындагы функцияны ишке ашырууга ыйгарым укуктуу аткаруу бийлигинин органдары (мындан ары - жүргүнчүлөр тууралуу маалымат алуучулар), ошондой эле АРI/РNR системасынын оператору АРI/РNR системасын түзүүдө жана жүргүзүүдө маалыматтык өз ара аракеттенген катышуучулардан болуп эсептелет. Алар коопсуздукту камсыздоо жаатында өз ыйгарым укуктарын ишке ашыруу максатында АРI маалыматын жана PNR маалыматын колдонушат.
10. Авиакомпаниялар белгиленген тартипке ылайык операторго АРI маалыматын жана PNR маалыматын автоматташтырып өткөрүп берүүнү камсыздайт.
11. Оператор өзүнө жүктөлгөн милдеттердин алкагында жана өз компетенциясынын чегинде АРI маалыматын жана PNR маалыматын иштеп чыгат жана колдонот.
Оператор өзүнө жүктөлгөн милдеттердин алкагында жана өз компетенциясынын чегинде төмөнкүдөй негизги функцияларды да аткарат:
1) АРI маалыматын жана PNR маалыматын өткөрүп берүү тартибине өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоорлорун иштеп чыгуу жана аларды белгиленген тартипте бекитүүгө берүү;
2) авиакомпаниялардын АРI маалыматын жана PNR маалыматын берүү мезгилин аныктоо (брондоо процессинде, каттоо процессинде, учун кеткенден кийин);
3) АРI/РNR системасын түзүүнү жана жүргүзүүнү уюштуруучулук, техникалык, методикалык жана башка жактан камсыздоо;
4) АРI/РNR системасын түзүү жана жүргүзүү үчүн зарыл болгон программалык-аппараттык комплекстерди, байланыш каражаттарын жана башка мүлктү эксплуатациялоону камсыздоо, АРI/РNR системасын маалыматтык толуктоо жана андан ары өркүндөтүү;
5) жеке маалыматты коргоо жана электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык АРI/РNR системасынын маалыматтык коопсуздугун камсыздоо.
6) маалыматтык өз ара аракеттенген катышуучулардын АРI/РNR системасына жеткиликтүүлүгүн камсыздоо.
12. Авиакомпаниялар менен оператордун, ошондой эле оператор менен маалымат алуучулардын маалыматтык өз ара аракеттенүүсүн уюштуруу тартиби АРI/РNR операторунун тийиштүү чечими менен аныкталат.
13. Маалыматтык өз ара аракеттенүүнү уюштуруу тартиби төмөнкү маалыматтарды да камтууга тийиш:
1) маалыматтык-техникалык коштоонун ыкмалары жана схемалары;
2) колдонулуучу маалымат берүү каналдары, коштоо каражаттары жана ыгына келтирүү параметрлери;
3) маалыматтык өз ара аракеттенүү режимине жана мезгилдүүлүгүнө талаптар;
4) алынуучу жана берилүүчү маалыматтын курамы жана протоколдору;
5) маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн коопсуздугун камсыздоо тартиби;
6) тараптардын укуктары жана милдеттери;
7) штаттан тышкаркы абалдарда иш-аракеттердин тартиби;
8) маалыматтык өз ара аракеттенүүнү уюштурууга ыйгарым укуктуу кызмат адамдары.
14. Маалыматтык өз ара аракеттенүүнү уюштуруу тартиби тийиштүү авиакомпаниялар жана алуучулар менен маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн өзгөчөлүгүнө жараша такталат.
3-глава. АРI маалыматынын курамына талаптар
15. АРI маалыматы негизги жана кызматтык блок түрүндө берилет.
16. Маалыматтын негизги блогундагы төмөнкү маалыматтар өткөрүлүп берүүгө тийиш:
- аты-жөнү (жүргүнчүнүн, экипаж мүчөлөрүнүн);
- аты;
- атасынын аты (бар болсо же өзүнүн экинчи аты);
- туулган күнү;
- жарандыгы;
- жынысы;
- жол жүрүү документинин (паспорт же башка расмий жол жүрүү документинин) түрү жана номери;
- жол жүрүү документин (паспорт же башка расмий жол жүрүү документин) берген мамлекет же орган;
- жол жүрүү документинин (паспорт же башка расмий жол жүрүү документинин) жарактуу мөөнөтүнүн аяктоо күнү;
- чыгуу пункту (эл аралык кодировка боюнча);
- баруу пункту (эл аралык кодировка боюнча);
- аба кемесинин учкан күнү жана убактысы;
- аба ташууларын иш жүзүндө аткарган ташуучунун аталышы же коду;
- каттамдын номери;
- аба кемесинин келген күнү жана убактысы.
17. Ушул Жобонун 16-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматка кошумча төмөнкү маалыматтар берилиши мүмкүн:
- аба кемесинин ичиндеги жүргүнчүнүн орду;
- жүк тууралуу маалымат;
- жүргүнчүнүн аты жазылган локатор номери (же уникалдуу идентификатор).
18. Берилүүчү маалыматтын кызматтык блогунун курамына төмөнкү маалыматтар (талаа) кирүүгө тийиш:
- TIMESTAMP ташуучунун автоматташтырылган системасына окуяны каттоо күнү жана убактысы;
- NUMBER - АРI оператору бекитүүчү версиянын номери.
19. Расписание же андагы өзгөрүүлөр тууралуу маалымат макулдашылган форматта алмашуу файлы түрүндө өткөрүлүп берүүгө тийиш.
4-глава. PNR маалыматынын курамына талаптар
20. Төмөнкү PNR маалыматы өткөрүп берилүүгө тийиш:
- жүргүнчүнүн аты-жөнү;
- аты;
- туулган күнү;
- жынысы;
- ал боюнча ташуу документи (билет) таризделген ким экендигин күбөлөндүргөн документтин түрү;
- ал боюнча ташуу документи (билет) таризделген ким экендигин күбөлөндүргөн документтин номери;

- каттамдын чыккан күнү жана убактысы;
- жүргүнчүнүн баруу маршруту (маршрутту өзгөртүү таржымалын кошкондо);
- PNR көрсөткүчүнүн коду;
- ташуу документинин уникалдуу номери;
- PNR жазуусундагы жүргүнчүнүн саны жана алардын аты-жөнү;
- аба кемесиндеги суралган (иш жүзүндөгү) орундар тууралуу маалымат (бар болсо);
- жыйынтык наркы;
- төлөө формасы (накталай төлөм, накталай эмес төлөм, анын ичинде электрондук төлөм, төлөм (банк) картасынын номери, ошондой эле банктын аталышы);
- брондоо классынын аталышы жана (же) коду;
- брондоо статусунун коду (маршруттун участогу боюнча);
- орто аралык конуу каралган каттамдар үчүн орго аралык конуу пункттары (эл аралык кодировка боюнча);
- дата тууралуу маалымат (PNR түзүү күнү, брондоо күнү, PNRда акыркы өзгөртүү күнү, ташуу документин тариздөө күнү, каттамга акыркы брондоо күнү);
- ташуу документин тариздөө убактысы;
- ташуу документин тариздеген агенттиктин/ташуучунун маалыматы жана коду;
- жүк, колго алып жүрүүчү жүк тууралуу маалымат (орундун саны, салмагы, жүк биркасынын номери; колго алып жүрүүчү жүктүн салмагы);
- каттоо тууралуу маалымат (контролдук каттоо номери, каттоо боюнча агенттин идентификатору, каттоо түркүгүнүн номери, каттоо убактысы, отурган номери);
- каттамдын келген күнү жана убактысы тууралуу маалымат;
- жүргүнчүнүн учууга келбегендиги тууралуу маалымат.
21. Ушул Жобонун 20-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматка кошумча иретинде авиабилетти брондоонун колдонулган системасына, жүргүнчүлөрдүн талаптарынын өзгөчөлүгүнө жана колдонулуучу брондоо системасынын операциялык жана технологиялык талаптарын кошкондо бир катар факторлорго жараша башка маалыматтар берилиши мүмкүн.
5-глава. АРI маалыматын жана PNR маалыматын берүүгө талаптар
22. АРI маалыматы жана PNR маалыматы АРI шлюзу аркылуу өткөрүп берилет, ага кошулуу авиакомпания тарабынан камсыздалат.
Оператор авиакомпанияга системанын шлюзуна кошулуунун тийиштүү параметрлерин берет.
23. Маалыматты өткөрүп берүү үчүн ачык же атайын корголгон IP тармагы колдонулат. Маалыматты берүү үчүн негизги жана резервдик өткөрүп берүү каналдары түзүлөт. Негизги байланыш каналынын иштебей калгандыгы аныкталгандан кийин 15 мүнөттүн ичинде резервдик каналга өтүү мүмкүндүгү камсыздалууга тийиш. Каналдын маалыматты өткөрүп берүү мүмкүндүгү 512 Кбит/с төмөн болбошу керек.
24. Маалыматты өткөрүп берүү Бириккен Улуттар Уюмунун башкарууда, соодада жана транспорттоо электрондук маалымат алмашуу үчүн ЭДИФАКТ (мындан ары БУУ ЭДИФАКТ) форматында жүргүзүлөт. Авиакомпаниялардын маалыматтык-коммуникациялык системаларынан маалымат өткөрүп берүү процессинде билдирүү талаасын кодировкалоодо тийиштүү эл аралык же тармактык маалымдамалар жана классификаторлор колдонулууга тийиш. Авиакомпания менен оператордун ортосундагы макулдашуу боюнча маалыматты өткөрүп берүүнүн башка форматы орнотулушу мүмкүн.
25. Авиакомпаниялар жол жүрүү документтеринде жазылган жана Эл аралык жарандык авиация уюмунун Doc 9303 документинде камтылган өзгөчөлүктөргө жооп берген машина окуй турган формадагы жүргүнчүлөрдүн идентификациялык маалыматын өткөрүп берет.
26. Маалымат операторго БУУ ЭДИФАКТ стандартынын PAXLST билдирүү формасында электрондук ыкма менен өткөрүп берилет.
27. Маалыматты берүү үчүн авиакомпаниялардын маалыматтык-коммуникациялык инфратүзүмү колдонулат.
28. Авиакомпаниялар тарабынан жүргүнчүлөр тууралуу маалыматты АРI боюнча электрондук түрдө өткөрүп берүүдө операторго бланктагы жүргүнчүлөр ведомостун берүү талап кылынбайт.
6-глава. Маалыматтык коопсуздукту камсыздоо боюнча талатар
29. API/PNR системасын иштетүүнүн алкагында маалыматты коргоону камсыздоо жеке маалыматты коргоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
30. Оператор, авиакомпаниялар жана маалымат алуучулар жүргүнчүлөр тууралуу жеке маалыматты топтоодо, сактоодо, иштеп чыгууда жана өткөрүп берүүдө ушул Жобону жана "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын жетекчиликке алат.
31. Алуучуларга АРI маалыматы жана PNR маалыматы аларга жүктөлгөн функцияларды аткарууга зарыл болгон көлөмдө берилет.
32. API/PNR системасынын оператору маалымат түшкөн күндөн тартып 7 жылдын аралыгында алынган маалыматты сактайт.
33. Авиакомпаниялар маалымат берилген күндөн тартып 7 календарлык күн өткөндөн кийин жүргүнчүлөр тууралуу өткөрүп берилген АРI маалыматын жана PNR маалыматын жок кылууга милдеттүү.
34. Авиакомпаниянын (транспорттук инфратүзүм субъектисинин) маалыматтык-коммуникациялык системасы жеке маалыматты коргоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын канааттандырууга тийиш.
35. Маалыматты өткөрүп берүүнүн коопсуздугун камсыздоо үчүн авиакомпаниянын маалыматтык-коммуникациялык системасы оператор тарабынан аныкталуучу VPN протоколу боюнча API/PNR системасынын оператордун шлюзуна кошуу мүмкүндүгүн камсыздоого тийиш.
7-глава. Кошумча жоболор
36. API/PNR системасындагы маалымат боюнча оператор жазуу жүзүндөгү суроо-талаптын негизинде түшүндүрмө бериши мүмкүн.
37. API/PNR системасындагы маалыматты берүүнү уюштуруунун технологиялык маселелери оператор тарабынан такталышы мүмкүн.
38. Ушул Жободо бекитилген эрежелер менен талаптарды бузуу Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 40-главасынын 293, 294 жана 295-беренелеринде каралган жоопкерчиликке алып келет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 19-мартындагы № 138
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-декабрындагы № 603 токтому менен бекитилди) |
Жүргүнчүлөр тууралуу алдын ала маалымат жана жүргүнчүлөрдү
каттоо жазуулары жөнүндө маалымат системасы тууралуу
жобо