Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 13-февралы № 80
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине жана Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-февралындагы № 58 токтомунун редакциясына ылайык)
Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 25-главасы менен 33-беренелеринин жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин ченемдерине ылайык келтирүү максатында, ошондой эле мамлекеттик бюджеттин кирешелерин башкаруу планын тактоо боюнча бюджеттик жол-жоболордун карама-каршылыктарын жоюу жана иретке келтирүүнүн алкагында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 26-августундагы № 604 "Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн долбоорун түзүү маселелерин уюштуруу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбуласындагы "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктук негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин жана Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик бюджеттин кирешелерин болжолдоо методикасында:
- 3-пунктундагы "Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына" деген сөздөр "Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 22-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн түзүү тартибинде:
- 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Кыргыз Республикасынын бюджетинин ресурстарынын администраторлорунун функцияларын аткаруу боюнча колдонмонун 1-тиркемесинде аталган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин ресурстарынын администраторлору мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн түзүүнүн катышуучулары болуп саналышат.";
31-пункту:
а) "Мамлекеттик бюджеттин ресурстарынын администраторлору" деген сөздөрдөн кийин ", жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарын кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өзгөчө укугу болуп саналган башкарылуучу кирешелердин (ресурстардын) ар айлык планын тактоо боюнча сунуштарды учурдагы айдын 25инен кечиктирбестен киргизүүгө укуктуу.";
- Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн түзүү тартибинин тиркемесинде:
- 6-пунктунун "Берүү мөөнөтү" графасындагы "Ар бир айдын 20сына чейин" деген сөздөр "План бекитилген күндөн тартып 5 (беш) жумуш күндүн ичинде" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
- 7-пунктунун "Берүү мөөнөтү" графасындагы "Планды аткаруу айынын 10унан кечиктирбестен" деген сөздөр "Учурдагы айдан кийинки айдын 5инен кечиктирбестен" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
4) Кыргыз Республикасынын бюджетинин ресурстарынын администраторлорунун функцияларын аткаруу боюнча колдонмонун 1-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-февралындагы № 58 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 28-февралындагы № 23 жарыяланды
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |
Тиркеме
|
| "Кыргыз Республикасынын бюджетинин ресурстарынын администраторлорунун функцияларын аткаруу боюнча колдонмого 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын бюджеттик классификациясына ылайык Кыргыз Республикасынын бюджетинин ресурстарынын администраторлору боюнча бюджетке түшүү булактарынын РЕЕСТРИ (тизмеги)
| 1. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги |
1 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр |
| 2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги |
2 | Апостиль коюу үчүн жыйым |
3 | Лицензияларды берүү үчүн мамлекеттик алымдар |
4 | Сертификаттарды жана башка уруксат берүү документтерин берүү үчүн мамлекеттик алымдар |
5 | Экономикалык кылмыштар боюнча келтирилген зыяндын ордун толтуруу |
6 | Айыптар |
7 | Туумдар, айыптар боюнча финансылык санкциялар |
8 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүлөрдөн келип түшүүлөр |
| 3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги |
9 | Мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) үчүн жыйым |
10 | Апостиль коюу үчүн жыйым |
11 | Юстиция органдары тарабынан алынуучу мамлекеттик алымдар |
12 | Лицензияларды берүү үчүн мамлекеттик алымдар |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр |
| 4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
14 | Сертификаттарды жана башка уруксат берүү документтерин берүү үчүн мамлекеттик алымдар |
15 | Башка ички дебитордук карызды тындыруу |
16 | Берилген бюджеттик ссудалар жана кредиттер боюнча пайыздар |
17 | Баалуу металлдардан жасалган зер жана башка турмуш-тиричилик буюмдарын пробалоо, талдоо жана эн тамгалоо үчүн жыйымдар |
18 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр |
19 | Айыптар |
| 5. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги |
20 | Лицензияларды берүү үчүн мамлекеттик алымдар |
21 | Сертификаттарды жана башка уруксат берүү документтерин берүү үчүн мамлекеттик алымдар |
22 | Айыптар |
23 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр |
| 6. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги |
24 | Лицензияларды берүү үчүн мамлекеттик алымдар |
25 | Сертификаттарды жана башка уруксат берүү документтерин берүү үчүн мамлекеттик алымдар |
26 | Айыптар |
27 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр |
28 | Бирдиктүү мамлекеттик реестрде каттоо жөнүндө күбөлүктү берүү үчүн жыйым |
| 7. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги |
29 | Лицензияларды берүү үчүн мамлекеттик алымдар |
30 | Сертификаттарды жана башка уруксат берүү документтерин берүү үчүн мамлекеттик алымдар |
31 | Транспорт каражаттарын таразага тартуу, өлчөө, өткөрүү жана жүрүү үчүн жыйымдар |
32 | Айыптар |
33 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр |
34 | Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдоруна келтирилген зыяндын жана залалдардын ордун толтуруу |
| 8. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги |
35 | Айыптар |
36 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр |
| 9. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
37 | Лицензияларды берүү үчүн мамлекеттик алымдар |
38 | Айыптар |
39 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр |
| 10. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
40 | Лицензияларды берүү үчүн мамлекеттик алымдар |
41 | Сертификаттарды жана башка уруксат берүү документтерин берүү үчүн мамлекеттик алымдар |
42 | Айыптар |
43 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр |
| 11. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги |
44 | Сертификаттарды жана башка уруксат берүү документтерин берүү үчүн мамлекеттик алымдар |
45 | Айыптар |
46 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр |
| 12. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги |
47 | Айыптар |
48 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр |
| 13. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети |
49 | Сертификаттарды жана башка уруксат берүү документтерин берүү үчүн мамлекеттик алымдар |
50 | Экономикалык кылмыштар боюнча келтирилген зыяндын ордун толтуруу |
51 | Конфискацияланган, ээси жок жана ээсиз калган мүлктү сатуудан түшүүлөр |
52 | Контролдук-көзөмөл иш-чараларын жүргүзүүдөн түшүүлөр |
53 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр |
| 14. Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети |
54 | Аскердик милдет менен байланышкан жыйымдар |
55 | Лицензияларды берүү үчүн мамлекеттик алымдар |
56 | Сертификаттарды жана башка уруксат берүү документтерин берүү үчүн мамлекеттик алымдар |
57 | Мамлекеттин пайдасына айлантылган кирешелер |
58 | Айыптар |
59 | Башка салыктык эмес кирешелер |
60 | Башка транспорттук каражаттарды сатуу |
61 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр |
| 15. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети |
62 | Пайдалуу кен чыккан жерлерди же казып алынуучу отунду иштетүү укугу үчүн жыйымдар |
63 | Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн жыйымдар |
64 | Лицензияларды берүү үчүн мамлекеттик алымдар |
65 | Сертификаттарды жана башка уруксат берүү документтерин берүү үчүн мамлекеттик алымдар |
66 | Айыптар |
67 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр |
| 16. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети |
68 | Лицензияларды берүү үчүн мамлекеттик алымдар |
69 | Сертификаттарды жана башка уруксат берүү документтерин берүү үчүн мамлекеттик алымдар |
70 | Радиожыштык тилкелерин колдонуу укугуна конкурстарды өткөрүүдөн жыйымдар |
71 | Байланыш тармагын өнүктүрүүгө чегерүүлөр |
72 | Радиожыштык спектрин пайдалануу үчүн жыйым |
73 | Айыптар |
74 | Башка салыктык эмес кирешелер |
75 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр |
| 17. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги |
76 | Лицензияларды берүү үчүн мамлекеттик алымдар |
77 | Сертификаттарды жана башка уруксат берүү документтерин берүү үчүн мамлекеттик алымдар |
78 | Токой ресурстарын пайдалануу жана өсүмдүктөр, жаныбарлар жана козу карындар жаратылыш объекттерин пайдалануу үчүн жыйымдар |
79 | Жаратылыш ресурстарын пайдалануу үчүн жыйымдар |
80 | Айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн жыйымдар |
81 | Жаратылыш активдерин пайдалануу үчүн башка төлөмдөр |
82 | Башка төлөмдөр |
83 | Экологиялык зыяндын ордун толтуруу боюнча акы |
84 | Конфискацияланган, ээси жок жана ээсиз калган мүлктү сатуудан түшүүлөр |
85 | Контролдук-көзөмөл иш-чараларын жүргүзүүдөн түшүүлөр |
86 | Айыптар |
87 | Утилдештирүү жыйымдары |
88 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр |
89 | Айыл чарба жана токой өндүрүшүндөгү чыгашалардын жана жоготуулардын ордун толтуруу |
90 | Башка мүлк ижарасы үчүн акы |
| 18. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик |
91 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр |
| 19. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги |
92 | Лицензияларды берүү үчүн мамлекеттик алымдар |
93 | Сертификаттарды жана башка уруксат берүү документтерин берүү үчүн мамлекеттик алымдар |
94 | Айыптар |
95 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр |
| 20. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги |
96 | Контролдук-көзөмөлдөөчү иш-чараларды өткөрүүдөн келип түшүүлөр |
97 | Айыптар |
| 21. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик |
98 | Лицензияларды берүү үчүн мамлекеттик алымдар |
99 | Контролдук-көзөмөл иш-чараларын жүргүзүүдөн түшүүлөр |
100 | Айыптар |
| 22. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы |
101 | Айыптар |
102 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр |
| 23. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы |
103 | Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык салыктар |
104 | Калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдар |
105 | Айыптар |
106 | Жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр |
107 | Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү боюнча иш жүргүзгөндүгү үчүн жыйымдар |
| 24. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы |
108 | Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексине, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине жана Кыргыз Республикасынын бажы иштери чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык алынуучу бажылык төлөмдөр, атайын, антидемпингдик, ошондой эле компенсациялык алымдар |
109 | Конфискацияланган, ээси жок жана ээсиз калган мүлктү сатуудан түшүүлөр |
110 | Башка салыктык эмес кирешелер |
111 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр |
112 | Чет өлкөлүк автоташуучулардан жыйымдар |
113 | Айыптар |
| 25. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы |
114 | Лицензияларды берүү үчүн мамлекеттик алымдар |
115 | Сертификаттарды жана башка уруксат берүү документтерин берүү үчүн мамлекеттик алымдар |
116 | Мамлекеттик каттоолор үчүн жыйымдар |
117 | Айыптар |
118 | Мамлекеттик лотереяларды өткөрүүдөн түшүүлөр |
119 | Баалуу кагаздар менен операцияларды өткөрүү укугуна күбөлүк берүү үчүн жыйымдар |
| 26. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы |
120 | Мамлекеттик каттоо үчүн жыйымдар |
121 | Каттоо органдары алуучу мамлекеттик алымдар |
122 | Башка мамлекеттик алымдар |
123 | Айыптар |
124 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр |
| 27. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат |
125 | Экономикалык кылмыштар боюнча келтирилген зыяндын ордун толтуруу |
| 28. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы |
126 | Айыптар |
| 29. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы |
127 | Патенттик жана башка алымдар, жыйымдар |
128 | Башка салыктык эмес кирешелер |
129 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр |
| 30. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы |
130 | Мамлекеттин пайдасына айлантылган кирешелер |
131 | Айыптар |
| 31. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы |
132 | Сертификаттарды жана башка уруксат берүү документтерин берүү үчүн мамлекеттик алымдар |
133 | Миграция кызматынын органдары алуучу мамлекеттик алымдар |
134 | Айыптар |
135 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр |
| 32. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматы |
136 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр |
| 33. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду |
137 | Айыптар |
| 34. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду |
138 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр |
139 | Айыптар |
| 35. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд |
140 | Мамлекеттик акциялардын пакетине эсептелген дивиденддер |
141 | Мамлекеттик ишканалардын пайдасы |
142 | Капиталга катышуунун башка формаларын сатуу (менчиктештирүү) |
143 | Мамлекеттик менчикте турган жайлардын, имараттардын жана курулмалардын ижара акысы |
144 | Башка мүлктүн ижарасы үчүн төлөм |
145 | Башка төлөмдөр |
146 | Контролдук-көзөмөл иш-чараларын жүргүзүүдөн түшүүлөр |
147 | Айыптар |
| 36. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция |
148 | Сертификаттарды жана башка уруксат берүү документтерин берүү үчүн мамлекеттик алымдар |
149 | Айыптар |
150 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр |
| 37. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция |
151 | Экологиялык зыяндын ордун толтуруу боюнча акы |
152 | Айыл чарба өндүрүшүндөгү жоготуулардын ордун толтуруудан республикалык бюджетке төлөм |
153 | Айыптар |
| 38. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы |
154 | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын пайдасы |
155 | Лицензияларды берүү үчүн мамлекеттик алымдар |
156 | Айыптар |
| 39. Кыргыз Республикасынын Жогорку соту |
157 | Сот органдары алуучу мамлекеттик алым |
158 | Айыптар |
| 40. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти |
159 | Апостиль коюу үчүн жыйым |
160 | Башка салыктык эмес кирешелер |
161 | Айыптар |
| 41. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети |
162 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр |
163 | Айыптар |
| 42. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары |
164 | Муниципалдык акциялардын пакетине эсептелген дивиденддер |
165 | Жергиликтүү бюджеттен берилген бюджеттик кредиттер боюнча пайыздар |
166 | Муниципалдык ишканалардын пайдасынан чегерүүлөр |
167 | Муниципалдык менчикте турган жайлардын, имараттардын жана курулмалардын, жабдуулардын жана техникалардын ижара акысы |
168 | Башка мүлк ижарасы үчүн акы |
169 | Калктуу конуштардагы жердин ижара акысы |
170 | Жайыт жерлерин пайдалануу үчүн жыйымдар |
171 | Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин пайдалануу үчүн ижара акысы |
172 | Суу ресурстарын жана суу объекттерин пайдалануу үчүн жыйымдар |
173 | Акы төлөнүүчү муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр |
174 | Автотранспортту коюу жана токтотуу үчүн жыйымдар |
175 | Алкоголдук продукцияларды сатуучу субъекттер тарабынан этил спиртин жана алкоголдук продукцияларды өндүрүү жана жүгүртүү боюнча иштерди жүзөгө ашыруу үчүн жыйымдар |
176 | Ыктыярдуу трансферттер жана гранттар |
177 | Экологиялык зыяндын ордун толтуруу боюнча акы |
178 | Айыптар |
179 | Финансылык жана финансылык эмес активдердин операцияларынан түшүүлөр |
180 | Алынбай калган пайданын ордун толтуруу |
| 43. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы |
181 | Башка салыктык эмес кирешелер |
182 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр |
183 | Айыптар |
| 44. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармасы |
184 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр |
| 45. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы |
185 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр |
| 46. Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясы |
186 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр |
| 47. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы |
187 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр |
| 48. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик |
188 | Суу ресурстарын жана суу объектилерин пайдалануу үчүн алынуучу жыйымдар |
189 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 13-февралы № 80
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине жана Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-февралындагы № 58, 2026-жылдын 16-мартындагы № 179 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 25-главасы менен 33-беренелеринин жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин ченемдерине ылайык келтирүү максатында, ошондой эле мамлекеттик бюджеттин кирешелерин башкаруу планын тактоо боюнча бюджеттик жол-жоболордун карама-каршылыктарын жоюу жана иретке келтирүүнүн алкагында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 26-августундагы № 604 "Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн долбоорун түзүү маселелерин уюштуруу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбуласындагы "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктук негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин жана Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик бюджеттин кирешелерин болжолдоо методикасында:
- 3-пунктундагы "Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына" деген сөздөр "Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 22-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн түзүү тартибинде:
- 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Кыргыз Республикасынын бюджетинин ресурстарынын администраторлорунун функцияларын аткаруу боюнча колдонмонун 1-тиркемесинде аталган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин ресурстарынын администраторлору мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн түзүүнүн катышуучулары болуп саналышат.";
31-пункту:
а) "Мамлекеттик бюджеттин ресурстарынын администраторлору" деген сөздөрдөн кийин ", жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарын кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өзгөчө укугу болуп саналган башкарылуучу кирешелердин (ресурстардын) ар айлык планын тактоо боюнча сунуштарды учурдагы айдын 25инен кечиктирбестен киргизүүгө укуктуу.";
- Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн түзүү тартибинин тиркемесинде:
- 6-пунктунун "Берүү мөөнөтү" графасындагы "Ар бир айдын 20сына чейин" деген сөздөр "План бекитилген күндөн тартып 5 (беш) жумуш күндүн ичинде" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
- 7-пунктунун "Берүү мөөнөтү" графасындагы "Планды аткаруу айынын 10унан кечиктирбестен" деген сөздөр "Учурдагы айдан кийинки айдын 5инен кечиктирбестен" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
4) (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-мартындагы № 179 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-мартындагы № 179 токтомунун редакциясына ылайык)
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-февралындагы № 58 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 28-февралындагы № 23 жарыяланды
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |