Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-апрелиндеги № 238 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтомуна) |
"Коронавирустук инфекциянын (COVID-19) жайылышына жол бербөө боюнча санитардык-эпидемиологиялык талаптар" убактылуу санитардык-эпидемиологиялык эрежелер жана ченемдер
1-глава. Жалпы жоболор
1. "Коронавирустук инфекциянын (COVID-19) жайылышына жол бербөө боюнча санитардык-эпидемиологиялык талаптар" убактылуу санитардык-эпидемиологиялык эрежелерде жана ченемдерде (мындан ары - Убактылуу санитардык эрежелер) - өзгөчө абал шартында жана өзгөчө кырдаал режиминде, ошондой эле коронавирустук инфекция (COVID-19) боюнча эпидемиологиялык кырдаал жакшырганга чейин чектөөчү иш-чаралар киргизилген учурда өндүрүш, кызмат көрсөтүү, анын ичинде коомдук тамактануу, соода чөйрөсүндө иш жүргүзгөн, экономикалык иштин уруксат берилген башка түрлөрү менен алектенген объекттердин ишине коюлуучу санитардык-эпидемиологиялык талаптар аныкталган, алар сакталбаган учурда Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустук инфекциянын (COVID-19) кирүү жана жайылуу коркунучу пайда болот.
2. Ушул Убактылуу санитардык эрежелер өзгөчө абал шартында жана өзгөчө кырдаал режиминде, ошондой эле коронавирустук инфекция (COVID-19) боюнча эпидемиологиялык кырдаал жакшырганга чейин чектөөчү иш-чаралар киргизилген учурда өндүрүш, кызмат көрсөтүү, анын ичинде коомдук тамактануу, соода чөйрөсүндө иш жүргүзгөн, экономикалык иштин уруксат берилген башка түрлөрү менен алектенген бардык жеке жана юридикалык жактар тарабынан сакталууга милдеттүү болуп саналат.
3. Жеке жана уюштуруу-укуктук формасына карабастан юридикалык жактар тарабынан Убактылуу санитардык эрежелердин аткарылышына өндүрүштүк контролдоо уюштурулат.
4. Ушул Убактылуу санитардык эрежелердин 2-пунктунда көрсөтүлгөн субъекттер төмөнкүдөй иш-чараларды жүргүзүүгө милдеттүү:
- күн сайын иш башталардын алдында "кирүү фильтрин" уюштуруу;
- ишкананын кире беришинде максаттуу арналыштагы антисептиктер (анын ичинде орнотулган дозаторлордун, санитайзерлердин жардамы менен) же дезинфекциялоочу салфеткалар менен колду тазалоону уюштуруу;
- вирулициддик таасирдеги дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу менен кызматтык бөлмөлөрдү жана коомдук пайдалануу жайларын (тамактануу, дем алуу бөлмөлөрү, дараткана) күн сайын (нөөмөт сайын) нымдап тазалоо;
- кызматкерлер жана келүүчүлөр үчүн өздүк гигиена эрежелерин сактоо үчүн шарттарды түзүү;
- кызматкерлер жана келүүчүлөр үчүн бет кап тагынуу режимин киргизүү;
- абаны тез-тез алмаштырууну камсыздоо;
жалпы милдеттер жана өндүрүштүк процесстер менен байланышпаган эмгек жамааттарынын, өзүнчө участоктордун, бөлүмдөрдүн жана функциялык жумушчу топтордун кызматкерлеринин ортосунда контакттарды чектөө менен аралыкты сактоо жана аларды көчүрүү;
- дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу менен туруктуу негизде нымдап тазалоо;
- ушул Убактылуу санитардык эрежелердин ченемдерин сактоо боюнча кызматкерлер үчүн маалыматтык иштерди жүргүзүү жана жетекчилик көрсөтмө берүү;
- кызматкерлердин тамактануусу борборлоштурулган учурда кызматкерлердин ашканага бекитилген график боюнча аныкталган мөөнөттө гана баруусун уюштуруу.
Ашкана болбогон учурда - иш орундарында тамактанууга тыюу салуу, тамактануу үчүн колду жууганга раковина жана антисептик менен колду тазалоого дозатор орнотуу менен өзүнчө бөлмөнү же бөлмө-жайдын бир бөлүгүн берүү;
- коомдук пайдалануу жайларында колду самын менен жууганга раковина жана антисептик менен колду тазалоого дозатор орнотуп берүү;
- иш учурунда келүүчүлөр менен байланышта болгон кызматкерлерди бир жолку бет каптар, дезинфекциялоочу салфеткалар, колду тазалоочу антисептиктер, дезинфекциялоочу каражаттар менен камсыздоо;
- жууп-тазалоочу жана дезинфекциялоочу каражаттарды, дем алуу органдарын коргоочу өздүк каражаттарды (бет каптар, респираторлор), кол каптарды жок дегенде беш күндүк запас менен камсыздоо;
- иш бөлмөлөрүн же башка жайларды туруктуу негизде желдетип туруу;
- кызматкерлер тарабынан зыяндуу өндүрүштүк факторлордун таасиринен өздүк коргонуу каражаттарын колдонууга контролду күчөтүү.
5. Тиричилик кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү (чач тарач, сулуулук салондору) иш менен алектенген жеке жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактарга коронавирустук инфекция (COVID-19) боюнча эпидемиологиялык кырдаал жакшырганга чейин тери катмарынын бүтүндүгүн бузуу менен байланышкан процедураларды жасоого тыюу салынат.
2-глава. Айрым объектилерге коюлуучу талаптар
1. Өндүрүштүк объектилерге коюлуучу талаптар | |
Талаптар | Өндүрүштүк объекттерде экономикалык иш кайра жандандырылган учурда талаптарды аткаруу шарттары |
"Кирүү фильтрин" уюштуруу | - кызматкерлердин дене табын текшерүүгө жооптуу адамды аныктоо. Медициналык пункту бар жерлерде - дарыгердик көзөмөлдү уюштуруу; - жооптуу адамдын кире бериште кызматкерлердин дене табын контактсыз термометр же контакттуу ыкма менен текшерүүсү; - кызматкерлердин үй-бүлө мүчөлөрүндө респиратордук симптомдордун бар же жоктугу тууралуу сурамжылоо (анкета түзүү) жүргүзүү, кызматкерлерди текшерүү (жөтөл, дене табынын көтөрүлүшү, алсыроо, баш оору ж.б.); - дене табы көтөрүлгөн же инфекциялык оорулардын белгилери байкалган адамдарды иш ордунан милдеттүү түрдө четтетүү; - келүүчүлөрдүн сөзсүз түрдө бет кап же респиратор менен кирүүсү |
Дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу менен туруктуу негизде нымдап тазалоо | - 5 күндөн аз эмес убакытка эсептелген дезинфекциялоочу каражаттардын запасын камсыздоо; - тазалоо үчүн жооптуу адамга ишканаларды дезинфекциялоо режимин күчөтүү, анын ичинде зарыл болгон концентрациядагы каражаттарды колдонуу тууралуу жетекчилик көрсөтмө берүү; - өндүрүштүк жайларды, жабдыктарды дезинфекциялоочу каражаттар менен күн сайын (нөөмөт сайын) тазалоону, анын ичинде каалганын туткаларын, үстөлдүн кармагычтарын, отургучтардын сүйөнгүчтөрүн, өчүрүп/күйгүзүү баскычтарын, техникалык жабдууларды, телефондорду, даараткана бөлмөлөрүнүн каалгаларынын туткаларын, кол жуучу раковиналарды, суу топтоочу бачокторду ж.б. сүртүүнү камсыздоо |
Өздүк гигиенаны сактоо үчүн шарттарды түзүү | - ишкананын кире беришине санитайзерлерди орнотуу; - кол жуу эрежелери тууралуу колдонмолорду илүү; - кызматкерлерди өздүк гигиена каражаттары (суюк самын, сүлгү, дезинфекциялоочу эритмелер жана салфеткалар, антисептиктер ж.б.) менен камсыздоо |
Бир жолку бет каптарды колдонуу | - адамдын жүзү менен бет каптын ортосундагы жылчыкты азайтуу үчүн мурунду жана оозду бет кап менен этият жабуу жана аны кысып коюу; - бет капты колдонгон учурда аны кармоого жол бербөө. Колдонулуп жаткан бет капты кармагандан кийин, мисалы, аны чечкенден кийин колду жууш керек; - бет кап нымдашып же булганып калса, газа жана кургак бет кап тагынуу зарыл; - бир жолку бет каптарды кайра колдонууга тыюу салуу. Аларды колдонгондон кийин чечип, дароо утилдештирүү керек; - колдонулган бет каптарды, кол каптарды утилдештирүу үчүн зарыл болгон шарттарды камсыздоо; - колдонулган медициналык бет капты жана кол каптарды өзүнчө баштыкка чогултуп, аны жылчыксыз жаап, таштанды чакасына салуу керек |
Абаны тез-тез алмаштырууну камсыздоо | - бөлмө-жайларды абаны талаптагыдай алмаштырууну камсыздоо; - желдетүү системасындагы (болгон учурда) абаны тартуучу жана чыгаруучу функциянын иштөөсүн камсыздоо; - желдетүү системасы болбогон учурда бөлмөнү күнүнө 4-5 жолу 15 мүнөттөн желдетип турууну камсыздоо |
Аралыкты сактоо, адамдардын массалык топтолуусуна жол бербөө | - кызматкерлердин ортосунда 1,5-2 метр аралыкты сактоону камсыздоо жана контролдоо; - ашканада кызматкерлердин тамактануу графигин түзүү; - ишканага (уюмга) анын иши менен байланышы жок адамдардын киришин чектөө; - ашкана болбогон учурда - иш орундарында тамактанууга тыюу салуу, тамактануу үчүн кол жуучу раковина жана антисептик менен колду тазалоого дозатор орнотуу менен өзүнчө бөлмөнү же бөлмө-жайдын бир бөлүгүн берүү |
Идиш-аяк жуу эрежелери | - мүмкүн болушунча бир жолу колдонулуучу идиштерди пайдалануу; - көп жолу колдонулуучу идиш-аяктарды пайдаланууда, дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу менен 65 ºС градустан кем эмес температурада идиш-аяктарды жана ашкана буюмдарын дезинфекциялоону камсыздоочу тазалоо ыкмаларын колдонуу зарыл |
2. Курулуш объектилерине коюлуучу талаптар | |
Талаптар | Курулуш объекттеринде экономикалык иш кайра жандандырылган учурда, талаптарды аткаруу шарттары |
"Кирүү фильтрин" уюштуруу | - жооптуу адамдын кире бериште кызматкерлердин дене табын контактсыз термометр же контакттуу ыкма менен текшерүүсү; - кызматкерлердин үй-бүлө мүчөлөрүндө респиратордук симптомдордун бар же жоктугу тууралуу сурамжылоо (анкета түзүү) жүргүзүү, кызматкерлерди текшерүү (жөтөл, дене табынын көтөрүлүшү, алсыроо, баш оору ж.б.); - дене табы көтөрүлгөн же инфекциялык оорулардын белгилери байкалган адамдарды иш ордунан милдеттүү түрдө четтетүү |
Дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу менен туруктуу негизде нымдап тазалоо | - кийим илүүчү жана тамактануучу жайларда 5 күндөн аз эмес убакытка эсептелген дезинфекциялоочу каражаттардын запасын камсыздоо; - өндүрүштүк жайларды күн сайын (нөөмөт сайын) тазалоону жана жууп турууну камсыздоо, каалганын туткаларын, телефондорду, дааратканалардын каалгаларынын туткаларын, кол жуучу раковиналарды, суу топтоочу бачокторду ж.б. сүртүү |
Өздүк гигиена эрежелерин сактоо үчүн шарттарды түзүү | - колду жууганга (жылуу суу агызып), өздүк гигиена каражаттары (суюк самын, сүлгү, дезинфекциялоочу эритмелер жана салфеткалар, антисептиктер) менен тазалоо үчүн шарттарды камсыздоо; - кийим илүүчү жана тамактануучу жайлардын кире бериштеринде санитайзерлерди орнотуу; - кол жуу эрежелери тууралуу колдонмолорду илүү |
Аралыкты сактоо, адамдардын массалык топтолуусуна жол бербөө | - кызматкерлердин ортосунда 1,5-2 метр аралыкты сактоону камсыздоо жана контролдоо; - ашканада кызматкерлердин тамактануу графигин түзүү; - ашкана болбогон учурда - иш орундарында тамактанууга тыюу салуу, тамактануу үчүн кол жуучу раковина менен жабдылган өзүнчө бөлмөнү же бөлмө-жайдын бир бөлүгүн берүү |
3. Соода чөйрөсүндөгү объектилерге коюлуучу талаптар (интернет-дүкөндөр, курулуш материалдарын дүң баада сатуу жана жеткирүү, автотетиктер, май жана велотетиктер ж.б. дүкөндөр) | |
Талаптар | Соода чөйрөсүндөгү (интернет дүкөндөр, курулуш материалдарын дүң баада сатуу жана жеткирүү, автотетиктер, май жана велотетиктер ж.б. дүкөндөр) объектилердин экономикалык иши кайра жандандырылган учурда талаптарды аткаруу шарттары |
"Кирүү фильтрин" уюштуруу | - жооптуу адамдын кире бериште кызматкерлердин дене табын контактсыз термометр же контакттуу ыкма менен текшерүүсү; - кызматкерлерде симптомдордун бар же жоктугу тууралуу күн сайын сурамжылоо (анкета түзүү) (жөтөл, дене табынын көтөрүлүшү, алсыроо, баш оору ж.б.); - дене табы көтөрүлгөн же инфекциялык оорулардын белгилери байкалган адамдарды иш ордунан милдеттүү түрдө четтетүү |
Объектиге кирүүгө коюлган талаптар | - дүкөндөрдүн кире беришинде сатып алуучулар үчүн санитайзерлерди орнотуу; - дүкөндөргө жана имараттарга бет кап (респираторлор) менен кирүү; - кезекке турууну жоюу, аралыкты сактоо (келүүчүлөрдүн ортосунда 1,5-2 м), аралык белгилерин коюу |
Дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу менен дайыма жууп-тазалап туруу | - 5 күндөн аз эмес убакытка эсептелген дезинфекциялоочу каражаттардын запасын камсыздоо; - күн сайын иш башталганга чейин жайларды, текчелерди дезинфекциялоо, күн сайын жуучу каражаттарды колдонуу менен жайларды жууп-тазалоо иштерин жүргүзүү; - ар бир 3 күндө дубалдарды, полду, плинтустарды, эшиктерди, эмеректерди жана жабдууларды дезинфекциялоочу эритмелер менен толук жууп-тазалап туруу; - дүкөнгө же жайга кире беришке дезинфекциялоочу эритме сиңирилген килемче салуу |
Бир жолку бет каптарды колдонуу | - адамдын жүзү менен бет каптын ортосундагы жылчыкты азайтуу үчүн мурунду жана оозду бет кап менен этият жабуу жана аны кысып коюу; - бет капты колдонгон учурда аны кармоого жол бербөө. Колдонулуп жаткан бет капты кармагандан кийин, мисалы, аны чечкенден кийин колду жууш керек; - бет кап нымдашып же булганып калса, таза жана кургак бет кап тагынуу зарыл; - бир жолку бет каптарды экинчи ирет колдонбоңуз. Аларды ар бир колдонуудан соң ыргытып, чечкенден кийин дароо утилдештирүү керек; - колдонулган бет каптарды, кол каптарды утилдештирүү шартын камсыздоо; - колдонулган медициналык маска менен кол каптарды өзүнчө баштыкка салып, бекем жаап, анан гана таштанды чакасына салыңыз |
Тобокелдик тобундагы адамдардын арасында оорунун алдын алуу | - тобокелдик тобундагы кызматкерлерге (60 жаштан улуу адамдар, кош бойлуу аялдар, онкологиялык оору менен ооругандар, трансплантациядан кийинки пациенттер, дем алуу органдарынын өнөкөт оорулары бар пациенттер) эпидемиологиялык абал жакшырганга чейин жумушка келбөөнү сунуштоо |
Маалыматтык иштерди жүргүзүү | - коронавирустук инфекциянын алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чаралардын аткарылышы, анын ичинде жеке жана коомдук гигиена эрежелерин сактоо: колду самындап же антисептик менен тазалоо режимин сактоо; - коронавирустук инфекциянын алдын алуу чаралары жөнүндө плакаттарды илип коюу; - сурап-билүү кызматтарынын "тынымсыз байланыш" телефонун илип коюу |
4. Тиричиликтик тейлөө, финансы жана башка кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү объектилерге коюлуучу талаптар | |
Талаптар | Тиричиликтик тейлөө, финансы жана башка кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү объектилерде экономикалык иш кайра жандандырылган учурда талаптарды аткаруунун шарттары |
"Кирүү фильтрин" уюштуруу | - жооптуу адамдын кире бериште кызматкерлердин дене табын контактсыз термометр же контакттуу ыкма менен текшерүү; - кызматкерлерде симптомдордун бар же жоктугу тууралуу күн сайын сурамжылоо (анкета түзүү) (жөтөл, дене табынын көтөрүлүшү, алсыроо, баш оору ж.б.); - дене табы көтөрүлгөн же инфекциялык оорулардын белгилери байкалган адамдарды иш ордунан милдеттүү түрдө четтетүү |
Объектке кирүүдөгү талаптар | - объекттин жана жайлардын кире беришинде келүүчүлөр үчүн санитайзерлерди орнотуу; - жайларга бет кап (респираторлор) менен кирүү |
Аралыкты сактоо, элдин массалык топтолуусунун алдын алуу | - кезектүүлүктү түзбөө, аралыкты сактоо (келгендердин ортосундагы аралык 1,5-2 м), аралыкты сактоо белгилерин коюу; - кызматкерлердин ортосунда 1,5-2 м аралыкты сактоону камсыздоо жана контролдоо; - ашканада кызматкерлер үчүн тамактануу графигин түзүү; - ашкана жок болгон учурда - жумуш ордунда тамактанууга тыюу салуу, бөлмө же бөлмөнүн бир бөлүгүн, кол жуу үчүн раковина менен жабдылган бөлүгүн бөлүп берүү |
Дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу менен дайыма жуун-тазалап туруу | - 5 күндөн аз эмес убакытка эсептелген дезинфекциялоочу каражаттардын запасын камсыздоо; - күн сайын иш башталганга чейин жайларды, текчелерди дезинфекциялоо, күн сайын жуучу каражаттарды колдонуу менен жайларды жууп-тазалоо иштерин жүргүзүү; - ар бир эки күндө дубалдарды, полду, плинтустарды, эшиктерди, эмеректерди жана жабдууларды дезинфекциялоочу эритмелер менен толук жууп-тазалап туруу |
Бир жолку бет каптарды колдонуу | - колуңузду жууп же дезинфекциялоочу эритме, спирт камтылган антисептик менен тазалаңыз, эгерде андай мүмкүнчүлүк жок болсо колду жууңуз; - жүзүңүз менен бет каптын ортосунда ачык жер болбогудай кылып, мурдуңузду жана оозуңузду бет кап менен тыкан жабыңыз; - бет капты колдонуу убагында аны кармабаңыз, колдонулган бет капты кармагандан кийин, мисалы чечкенден кийин колуңузду жууңуз; - бет кап нымдашып же булганып калса, жаңы таза жана кургак бет кап кийиңиз; - бир жолку бет капты экинчи ирет колдонбоңуз. Аларды ар бир колдонуудан соң дароо утилдештирүү керек; - бир жолку колдонулган бет капты дезинфекциялоочу эритме менен тазалагандан кийин гана күндөлүк таштандылар менен чогуу кадимки таштанды чакага таштоого уруксат берилет |
Тобокелдик тобундагы адамдардын арасында оорунун алдын алуу | - тобокелдик тобундагы кызматкерлерге (60 жаштан улуу адамдар, кош бойлуу аялдар, онкологиялык оору менен ооругандар, трансплантациядан кийинки пациенттер, дем алуу органдарынын өнөкөт оорулары бар пациенттер) эпидемиологиялык абал жакшырганга чейин жумушка келбөөнү сунуштоо |
Маалыматтык ишти жүргүзүү | - коронавирустук инфекциянын алдын алуу чаралары жөнүндө плакаттарды илүү; - ыкчам кызмат линияларынын телефондорун илүү |
5. Кызматкерлерди ташууда транспорттук кызмат көрсөтүүлөргө талаптар | |
Талаптар | Транспорт кызматтарынын ишинде жана кызматкерлерди ташууда талаптарды аткаруу шарттары |
Жүргүнчүлөргө карата талаптар | - жүргүнчүлөрдү ташуу бет кап жана респираторлор, кол үчүн антисептик, кол кап болгондо, талаптарды дыкат аткаруу менен ишке ашырылат |
Айдоочуга карата талаптар | - айдоочу бара турган жерине түз жүрүп жетиши керек, автонун кабинасында болуп, май куюучу жайлардан башка жерлерге өз демилгеси менен чыгууга болбойт; - эгерде айдоочу ӨРВИ белгилерин өзүнөн байкаса, автомобилдин кабинасынан чыкпай, 103, 112 телефондоруна же ошол жердеги комендатуранын ыкчам байланыш телефонуна чалып, өз акыбалы, автомобилдин турган жери, кабинада болгон адамдардын саны жөнүндө билдирип, тез жардамдын келишин күтүшү керек; - жолдо баратканда жана кайра келатканда айдоочу контролдоочу органдардын өкүлдөрү жана калк менен минимум контактта болушу керек |
Уюмдардын жана ишканалардын автотранспорт каражаттарына карата талаптар | - автотранспорт каражаттары менен кызматкерлерди жумушка жеткирүү жана кайра үйлөрүнө ташып баруу отурган орундардын саны боюнча гана ишке ашырылат; - автотранспорт каражатынын кире беришинде санитайзерлер орнотулат; - дистанцияны карманып, кезек түзүүгө жол берилбейт; - автотранспорт каражатын күн сайын толук жыйноо жана дезинфекциялык каражаттар менен салонду жууп тазалоо камсыздалат; - ар бир сапардан кийин эшиктин кармагычтарын, отургучтарды жана кармагычтарды дезинфекциялык каражаттар менен сүртүү камсыздалат |
Коомдук транспортко карата талаптар | - автобустарда жана троллейбустарда отурган орундардын санынан 60-70%га гана толтуруп, маршрут боюнча жүрүү; - автотранспорт каражатынын кире беришинде санитайзерлер орнотулат; - дистанцияны карманып, кезек түзүүгө жол берилбейт; - терминалдар аркылуу контактсыз төлөө мүмкүндүгүн камсыздоо ("Тулпар" карточкасы); - автотранспорт каражатын сменада 3 жолудан кем эмес толук жыйноо жана дезинфекциялык каражаттар менен салонду жууп-тазалоо камсыздалат; - ар бир сапардан кийин эшиктин кармагычтарын, отургучтарды жана кармагычтарды дезинфекциялык каражаттар менен сүртүү камсыздалат |
Уюшулган таксомотордук кызматтардын транспортуна коюлуучу талаптар | - заказ алып, жүргүнчүлөрдү отургузууда алардын саны экиден ашык (+бир бала) болбошу керек; - дезинфекциялык каражаттар менен автотранспорт каражаттарын жана салондорду смена учурунда 3 жолудан кем эмес толук жыйнап, жууп тазалоону камсыздоо; - каалганын туткаларын, орундуктарды жана кармоочторду ар бир сапар аяктагандан кийин дезинфекциялык каражаттар менен сүртүүнү камсыздоо |
6. Калкты турмуш-тиричилик жактан тейлөө чөйрөсүндөгү объектилерге (чач тарачтар, сулуулук салондору, косметикалык кызмат көрсөткөн СПА-борборлор) коюлуучу талаптар | |
Талаптар | Калкты турмуш-тиричилик жактан тейлөө чөйрөсүндөгү объекттерде (чач тарачтар, сулуулук салондору, косметикалык кызмат көрсөткөн СПА-борборлор) талаптарды аткаруунун шарттары |
Кызматкерлерди ташуу | - автотранспорт каражаттарында кызматкерлерди жумуш орундарына алып келүү жана үйлөрүнө жеткирүү отурган орундуктардын санына жараша гана болууга тийиш; - кызматкерлерди ташууда алардын бет каптары же респираторлору, колдор үчүн антисептиктери, кол каптары болушу керек |
"Кирүү фильтрин" уюштуруу | - кызматкерлердин дене табын өлчөө үчүн жооптуу адамды аныктоо; - жооптуу адамдын кире бериште кызматкерлердин дене табын контактсыз термометр же контакттуу ыкма менен текшерүүсү; - респиратордук симптомдордун үй-бүлө мүчөлөрүндө бар же жоктугу жөнүндө кызматкерлерден сурап билүү (анкета түзүү), кызматкерлерди текшерүү (жөтөл, дене табынын көтөрүлүшү, алсыроо, баш оору ж.б); - дене табы көтөрүлгөн же катуу кармаган респиратордук вирустук инфекциянын белгилери менен жумуш орундарында болуудан милдеттүү түрдө четтетүү; - келүүчүлөрдүн кирүүсүн алдын ала жазылуу боюнча же бет каптар, респираторлор болгондо гана камсыздоо |
Дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу менен нымдап тазалоону үзгүлтүксүз жүргүзүү | - дезинфекциялоочу каражаттар менен 5 күндөн кем эмес убакытка жеткендей кылып камсыздоо; - дезинфекциянын режимин күчөтүү, анын ичинде зарыл болгон концентрациядагы каражаттарды пайдалануу жөнүндө жыйнап тазалоо үчүн жооптуу адам тарабынан инструктаж өткөрүү; - бөлмөлөрдү жууп-тазалоочу каражаттарды колдонуу менен бир күндө үч жолудан кем эмес нымдап тазалоо. Иштин башында жана акырында - дезинфекциялык каражаттарды пайдалануу; - ар бир үч күн сайын баштан аякка чейин жыйнап тазалоо өткөрүлөт, мында дубалдар, пол, плинтустар, каалгалар жана жабдуулар дезинфекциялоочу эритме менен жуулат; - имараттын кире беришинде дезинфекция каражаттарына чыланган килемче салынат |
Инструменттерди дезинфекциялоо режимдери | Чач кыркуу үчүн тарактар, кайчылар (жууп-тазалоочу каражат менен агын сууга алдын ала жуулат, андан соң дезинфекциялоочу эритмеге салынат), дезинфекциялоочу каражатка чыланат (1% хлораминге 30 мүнөт), (0,2% гиплохлоридкальцийге 30 мүнөт), (1% лизоформинге 60 мүнөт, 2% - 15 мүнөт). Маникюр, педикюр үчүн инструменттер дезинфекциялоочу эритмеге чыланат: 2,5% лизоформинге 60 мүнөт, 3% - 30 мүнөт. Мүмкүнчүлүккө жараша бир жолу колдонуучу инструменттер колдонулат |
Кийим-кечеге карата талаптар | Кардарларды тейлөө үчүн бир жолу колдонулуучу шапочка, шейшептер, салфеткалар сунушталат. Бир жолу колдонулуучу кийим-кеченин запасы ар бир адам үчүн жекече колдонууну камсыздаган өлчөмдө болушу керек. Көп жолу колдонуучу сүлгүлөрдү, шейшептерди, салфеткаларды колдонгон учурда жууп-тазалоону автомат жуучу машиналар менен жабдылган атайын жайда, жууп-тазалоонун агымдуу технологиялык процессин сактоо менен жүргүзүлөт |
Жеке гигиенанын эрежелерин сактоо үчүн шарттарды түзүү | - объектке кирүүдө санитайзерлерди орнотуу; - колду жуунун эрежелери тууралуу нускамаларды илип коюу; - өздүк гигиенанын каражаттары менен (суюк самын, сүлгү, дезинфекциялык эритмелер менен салфеткалар, антисептиктер) кызматкерлерди камсыз кылуу; - кызматкерлердин өздүк коргонуусу (бет каптар (респираторлор), кол каптар, ар бир кардардан кийин кол каптарды, бет каптарды ар бир эки саат сайын алмаштыруу; - атайын кийимдер, белдемчилер, халаттар менен (минимум 2-3 комплект) камсыз кылуу; - үстүңкү (жеке) кийим жана атайын кийим үчүн гардеробдун, жеке шкафтардын болушу |
Бир жолку бет каптарды колдонуу | - дезинфекциялык эритме, спирти бар антисептик менен колду жуу же колду тазалоо; - бет кап менен мурунду жана оозду жабуу, адамдын жүзү менен бет каптын ортосундагы жылчыкты этият жабуу жана кысып коюу; - пайдаланып жаткан учурда бет капка тийбөө. Пайдаланылган бет капка тийгенден кийин, мисалы, аны чечүүдө колду жууш керек. - бет кап нымдашып же кир болуп калса, жаңы таза жана кургак бет капты кийүү зарыл; - бир жолку бет каптарды кайра колдонууга тыюу салынат. Ар бир колдонуудан кийин аларды ыргытып жиберүү же утилдештирүү керек; - колдонулган медициналык бет каптар менен кол каптарды өзүнчө пакетке чогултуу зарыл, аны бекем жаап, андан сон таштанды салган чакага ыргытуу керек |
Микроклиматтын көрсөткүчтөрүн камсыздоо | Микроклиматтын параметрлерин так сактоо: - бөлмөдөгү температура - 22-24 ºС; - жабдуу үстүнүн температурасы 21-25 ºС; - абанын салыштырмалуу нымдуулугу 40-60%; - абанын кыймылынын ылдамдыгы 0,1 м/сек; - вентиляциялык система жок болгон учурда бөлмөнү күнүнө 5 ирет 15 мүнөттөн желдетүүнү камсыздоо зарыл; - абаны зыянсыздандыруу үчүн бактерициддик лампаларды (абанын рециркуляторлорун) пайдаланууну сунуштоо |
Аралыкты сактоо, адамдардын массалык топтолуусуна жол бербөө | - келүүчүлөрдү алдын ала жазылуу боюнча гана кабыл алууну камсыздоо; - кызматкерлердин, келүүчүлөрдүн ортосундагы 1,5-2 метр аралыкты сактоону камсыздоо жана контролдоо, кезекти түзбөө, холлдо адамдардын топтолуусуна жол бербөө; - ашканада кызматкерлердин тамактануу графигин түзүү; - ашкана жок болсо - жумуш орундарында тамактанууга тыюу салуу, тамактануу үчүн кол жууган раковинасы бар атайын бөлмө же имараттын бир бөлүгүн бөлүп берүү |
Тобокелдүү топтогу адамдардын арасында ооруларга жол бербөө | - тобокелдүү топтогу кызматкерлерге (60 жаштан ашкан адамдарга, кош бойлууларга, онкологиялык бейтаптарга, дем алуу органдарынын өнөкөт оорусу бар пациенттерге) эпидемиологиялык кырдаалдын оңолушуна чейин жумушка келбөөнү сунуштоо |
Санитардык агартуу ишин жүргүзүү | - каронавирустук инфекциянын жуктуруп албоо максатында профилактикалык иш-чараларды аткаруу жөнүндө, анын ичинде жеке жана коомдук гигиенанын эрежелерин: иш күндүн ичинде, дааратканага баргандан кийин колду самын менен дайыма жууп же антисептик менен тазалоо режимин сактоо жөнүндө калкты үн чыгарып маалымдоону камсыздоо; - каронавирустук инфекциянын алдын алуу чаралары тууралуу плакаттарды илүү; - маалымдама кызматтарынын "түз байланыш" телефондорунун номерлерин илүү |
7. Мончолорго коюлуучу талаптар | |
Талаптар | Мончолорго карата талаптарды аткаруунун шарттары |
Дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу менен үзгүлтүксүз нымдап тазалоо | - дезинфекциялоочу каражаттар менен 5 күндөн кем эмес убакытка жеткендей кылып камсыздоо; - жумуш баштоонун алдында бардык бөлмөлөрдү дезинфекциялоо; - бардык бөлмөлөрдү күн сайын атайын жуучу, тазалоочу жана дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуп нымдуу тазалоо; - ар бир эки күндө дубалдарды, полдорду, эшиктерди, плинтустарды, эмеректерди жана жабдууларды дезинфекциялоочу эритмелер менен жууп тазалап, баштан аякка чейин жыйноо |
Кирди жуунун талаптары | Мончого, мончо менен ден соолукту чыңдоочу комплекстерге жана сауналарга келүүчүлөр үчүн колдонулбаган шейшептер жана сүлгүлөр таңгактап берилет |
Жеке гигиенанын эрежелерин сактоо үчүн шарттарды түзүү | - объекттин кире беришинде санитайзерлерди орнотуу; - колду жуунун эрежелери жөнүндө нускаманы илип коюу; - кызматкерлерди жеке гигиена каражаттары менен камсыз кылуу (суюк самын, сүлгү, дезинфекциялоочу эритмелер жана салфеткалар, антисептиктер); - кызматкерлердин жеке коргонуу каражаттарын (бет каптарды (респираторлорду) кол каптарды) кийип жүрүүсү, ар бир кардардан кийин кол капты, 2 саат сайын бет капты алмаштыруу; - атайын кийим, белдемчилер, халаттар менен камсыз кылуу (кеминде 2-3 комплект); - гардеробдун, сырткы (жеке) кийимдин жана атайын кийимдердин жекече шкафтарынын болушу |
Бир жолку бет капты колдонуу | - колду жууп же дезинфекциялоочу, спирт камтыган антисептик менен тазалоо; - адамдын жүзү менен бет каптын ортосундагы жылчыкты азайтуу үчүн мурунду жана оозду бет кап менен этият жабуу жана аны кысып коюу; - колдонуу учурунда бет капты кармагылай бербөө. Колдонулган бет капка тийгенден кийин, мисалы, аны чечкенде колду жууш керек; - бет кап нымдашып же кир болуп калса, жаңы таза жана кургак бет капты кийүү зарыл; - бир жолку бет каптарды кайталап колдонууга тыюу салуу. Аларды ар бир колдонуудан кийин ыргытуу керек жана алып салгандан кийин дароо утилдештирүү керек; - колдонулган медициналык бет кап менен кол каптарды өзүнчө пакетке салып, бекем жаап, таштанды чакасына салуу керек |
Микроклиматтын көрсөткүчтөрү менен камсыздоо | Микроклиматтын параметрлерин так сактоо керек. Мончонун, мончо жана ден соолукту чыңдоочу комплекстердин бөлмөлөрүндө орус мончосу үчүн оптималдуу температура - 60-70 ºС, абанын нымдуулугу - 90%, түрк мончосу үчүн - 50 ºС жогору эмес, нымдуулугу - 100 %, финн мончосу -70-110 ºС, абанын нымдуулугу - 10-15%. Самындап жуунуучу жайда абанын температурасы +25 ºС төмөн эмес, чечинүүчү жайда +25 ºСтен + 28 ºСке чейин, кызматтык-тиричилик жайларда +18 ºСтен +20 ºСке чейин болушу керек. Самынданып жуунуучу жана душ жайларында абанын салыштырма нымдуулугу - 95%, кургак аба-буу жайларында - 30%, ваннасы бар чечинип-кийинүүчү жайларда, бассейнде - 70%, кызматтык-тиричилик жайларда - 60%, - абаны зыянсыздандыруу үчүн бактерициддик лампаларды колдонууну сунуштоо (аба рециркуляторлору) |
Аралыкты сактоо, элдин массалык топтолуусунун алдын алуу | - келүүчүлөрдүн ортосунда 1,5-2 м аралыктын сакталышын камсыз кылуу, кезек түзбөө, холлдо адамдардын топтолушуна жол бербөө |
8. Соода объекттерине коюлуучу талаптар (соода борборлору, базарлар ж.б.) | |
Талаптар | Соода объекттеринде (соода борборлорунда, базарларда ж.б.) талаптарды аткаруунун шарттары |
"Кирүү фильтрин" уюштуруу | - кызматкерлердин дене табын өлчөө үчүн жооптуу адамды аныктоо; - жооптуу адамдын кызматкерлердин дене табын контактсыз термометр же контакттуу ыкма менен текшерүүсү (көчмө термометрлер); - кызматкерлерден үй-бүлө мүчөлөрүндө респиратордук белгилердин болушун же жок экендигин сурамжылоо, кызматкерлерди кароо (жөтөл, дене табынын көтөрүлүшү, алсыздык, баш оору ж.б); - дене табы жогору болгон жана инфекциялык оорунун белгилери бар адамдарды жумуш ордунан милдеттүү түрдө четтетүү; - келгендердин бет кап же респираторлор болгондо гана кирүүсү |
Дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу менен дайыма жууп-тазалап туруу | - 5-15 күндөн аз эмес убакытка эсептелген дезинфекциялоочу каражаттардын запасын камсыздоо; - тазалоо үчүн жооптуу адамга ишканаларды дезинфекциялоо режимин күчөтүү, анын ичинде зарыл концентрациядагы каражаттарды колдонуу тууралуу инструктаж өтүү; - дезинфекциялоочу каражаттардын жардамы менен өндүрүш жайларын, ашкана жабдууларын, инвентарларын күн сайын тазалоону жана жууп турууну камсыз кылуу, анын ичинде каалганын туткаларын, столдордун буттарын, стулдардын жөлөнгүчтөрүн, жарыкты күйгүзүп-өчүргүчтөрдү, даараткана бөлмөлөрүнүн каалгасынын туткаларын, кол жуучу раковиналарды, суу агуучу бактарды ж.б. суткасына 2 ден кем эмес жолу сүрүп туруу. Ачык асман алдындагы базарларда жабдууларды жана жумуш ордун күнүнө 1 жолудан кем эмес тазалоо жана дезинфекциялоо |
Идишти жуунун эрежелери | Кызматкерлерди тамактандырууну уюштуруучу ири соода ишканаларында: - мүмкүн болушунча бир жолу колдонулуучу идиштерди пайдалануу; - көп жолу колдонулуучу идиштерди пайдаланууда - аны дезинфекциялоочу каражаттар менен тазалоону камсыздоо; - идиштерди жууп-тазалоо боюнча нускамаларды илүү |
Өздүк гигиена эрежелерин сактоо үчүн шарттарды түзүү | - соода залдарына, санитардык түйүндөргө кирүүчү жерлерге санитайзерлерди орнотуу; - колду жуунун эрежелери жөнүндө нускаманы илүү; - өздүк гигиена каражаттары (суюк самын, сүлгү, дезинфекциялоочу эритмелер жана майлыктар, антисептиктер) менен камсыздоо; - нөөмөттө кеминде эки жолу жана айрылып калган учурда алмаштырылууга тийиш бир жолку кол каптарды колдонуу (сатуучулар, кассирлер жана тамак-аш менен түз байланышта болгон башка кызматкерлер); - бакалея жана нан азыктары бөлүмдөрүндө кагаз майлыктарын колдонуу сунуштоо; - атайын кийим менен камсыз кылуу (минималдуу 2-3 комплект); - кийим чечүүчү бөлмөдө сырткы (жеке) кийим жана атайын кийим үчүн жекече шкафтардын болушу; - колдонулган бет каптарды, кол каптарды утилдештирүү үчүн шарттарды камсыз кылуу; - колдонулган медициналык бет каптарды жана кол каптарды өзүнчө баштыкка чогултуп, жылчыксыз жабып жана таштанды челекке ыргытуу зарыл |
Бир жолку бет каптарды колдонуу | - жүзүңүз менен бет каптын ортосунда ачык жер болбогудай кылып, мурдуңузду жана оозуңузду бет кап менен тыкан жабуу керек; - бет капты колдонуу убагында аны кармабаңыз. Колдонулган бет капты кармагандан кийин, мисалы чечкенден кийин колду жуу зарыл; - бет кап нымдашып же булганып калса таза жана кургак бет капты кийүү зарыл; - бир жолку бет каптарды экинчи ирет колдонбоңуз. Аларды ар бир колдонуудан соң ыргытып, чечкенден кийин дароо утилдештирүү керек |
Абаны алмаштырып турууну камсыздоо | - жайдын ичинде нормалдуу аба алмашууну камсыздоо; - кирүү-чыгуу желдетүү системасынын иштөөсүн камсыздоо (бар болсо); - желдетүү системасы жок болсо, жайды бир күндө 4-5 жолу 15 минуттан желдетүүнү камсыздоо |
Аралыкты сактоо, элдин массалык топтолуусунун алдын алуу | 1,5-2 м аралыкты сактоону камсыздоо жана контролдоо, ошондой эле 2-3 адамдан ашпаган аянтты эске алуу менен соода дүкөндөрүнө келүүчүлөрдүн кезек-кезеги менен кирүүсүн камсыздоо; - кассага келүүчүлөрдүн ортосунда 1,5-2 м аралыктын сакталышын камсыз кылуу жана контролдоо (полго аралык үчүн белгилерди орнотуу); - кызматкерлер үчүн ашканада тамактануу графигин түзүү; - ашкана жок болсо - жумуш ордунда тамактанууга тыюу салуу, тамактануу үчүн колду жууш үчүн раковина менен жабдылган атайын бөлүнгөн бөлмөнү же жайдын бөлүгүн бөлүү |
Тамак-аш азыктарын ташуучу автотранспортторду дезинфекциялоо | - азык-түлүктөрдү ар бир ташып келүүдөн кийин транспорт каражатын жана ташуу үчүн пайдаланылган лотокторду, идиштерди, ящиктерди ж.б. дезинфекциялоо |
Санитардык-маалымдоо иштерин жүргүзүү | - коронавирустук инфекциянын алдын алуу чаралары жөнүндө плакаттарды илүү; - сурап-билүү кызматтарынын "ыкчам линияларынын" телефон номерлерин илүү; - коронавирустук инфекциянын алдын алуу боюнча плакаттарды илип коюу; - базарларда үндү күчөткүчтөр аркылуу коронавирустук инфекциянын алдын алуу чаралары жөнүндө санитардык-маалымдоо иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүү |
9. Жалпы билим берүү мектептерине карата талаптар | |
Талаптар | Жалпы билим берүү мектептеринде талаптарды аткаруунун шарттары |
"Кирүү фильтрин" уюштуруу | - кызматкерлердин дене табын өлчөө үчүн жооптуу адамды аныктоо, медпункттар бар жерлерде врачтык кароону уюштуруу; - кирүү убагында жооптуу адамдын мектептин кызматкерлеринин дене табын контактсыз термометр менен өлчөөсү; - мектептин кызматкерлеринин үй-бүлө мүчөлөрүндө респиратордук белгилердин болушун же жок экендигин сурамжылоо, мектептин кызматкерлерин кароо (жөтөл, дене табынын көтөрүлүшү, алсыздык, баш оору ж.б.); - дене табы жогору болгон жана курч респиратордук оорунун белгилери бар адамдарды жумуш ордунан милдеттүү түрдө четтетүү; - окуучулардын жана окутуучу курамдын бет кап же респираторлор менен гана кирүүсүн камсыздоо |
Өздүк гигиена эрежелерин сактоо үчүн шарттарды түзүү | - билим берүү мекемесинин кире беришине санитайзерлерди орнотуу (ар бир кирүүчүнүн колун тазалоону контролдоо боюнча жооптуу адамды аныктоо менен); - колду жуунун эрежелери жөнүндө нускаманы илүү; - кызматкерлерди өздүк гигиена каражаттары (суюк самын, сүлгү, дезинфекциялоочу эритмелер жана майлыктар, антисептиктер) менен камсыздоо |
Бир жолку бет каптарды колдонуу | - жүзүңүз менен бет каптын ортосунда ачык жер болбогудай кылып, мурдуңузду жана оозуңузду бет кап менен тыкан жабыңыз; - бет капты колдонуу убагында аны кармабаңыз. Колдонулган бет капты кармагандан кийин, мисалы чечкенден кийин колуңузду жууңуз; - бет кап нымдашып же булганып калса таза жана кургак бет капты кийүү зарыл; - бир жолку бет каптарды экинчи ирет колдонууга тыюу салуу. Аларды ар бир колдонуудан соң ыргытуу керек жана чечкенден кийин дароо утилдештирүү зарыл; - колдонулган медициналык бет капты жана кол капты өзүнчө баштыкка жыйнап, жылчыксыз кылып жаап, таштанды салуучу чакага таштоо керек |
Аралыкты сактоо, көп адамдардын топтолуусунун алдын алуу | - окуучулардын, кызматкерлердин ортосунда 1,5-2 м аралыкты сактоону контролдоону камсыз кылуу, жыштыкка жол бербөө; - аудиторияларда окуу столдорун, парталарды 1,5-2 м аралыкта жайгаштыруу (окуучуларды шахмат тартибинде отургузуу мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда); - окутуучунун-экзаменатордун столуна колду тазалоо үчүн спрей-антисептикти коюу |
Дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу менен дайыма жууп-тазалап туруу | - дезинфекциялоочу каражаттардын запасын камсыздоо; - жууп-тазалоо үчүн жооптуу адамга ишканаларды дезинфекциялоо режимин күчөтүү, анын ичинде зарыл болгон концентрациядагы каражаттарды колдонуу тууралуу жетекчилик көрсөтүү; - күн сайын жана ар бир сменадан кийин аудиторияларды, коридорлорду дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу менен жууп-тазалоону камсыздоо, анын ичинде каалганын туткаларын, столдун кармагычтарын, отургучтардын жөлөнгүчтөрүн, жарыкты өчүрүп, күйгүзгүчтөрдү, оргтехникаларды, телефондорду ж.б. сүртүү; - жуунуучу жайларды, ажатканаларды, дааратканаларды дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу менен, кол жуучу раковиналарды, суу агуучу бактарды ж.б.у.с. сүртүү менен күн сайын тазалап туруу |
Абаны алмаштырып турууну камсыз кылуу | - бөлмөдө нормалдуу аба алмашууну камсыздоо; - кирүү-чыгуу вентиляция системасынын иштөөсүн камсыз кылуу (бар болсо); - бөлмөнү ар бир сменадан кийин жана тыныгууларда дайыма желдетип туруу (күнүнө 15 минутадан 4-5 жолудан кем эмес); - жалпы республикалык тестирлөө (ЖРТ) өтүүчү жайларга абаны тазалоочу приборлорду кошумча орнотууну караштыруу |
Маалыматтык-окутуу иштери | - коронавирустук инфекциянын алдын алуу чаралары тууралуу жетекчилик көрсөтүү: өздүк гигиенаны, колдун гигиенасын, бет кап режимин сактоо, бет каптарды, салфеткаларды колдонуу жана утилдештирүү, ошондой эле жөтөлүү этикетин сактоо; - коронавирустук инфекциянын алдын алуу жөнүндө маалыматтык-окутуу материалдарын илүү (плакаттар, дубал гезиттер ж.б.у.с.); - "тынымсыз байланыш линияларынын", маалымат кызматтарынын, үй-бүлөлүк медицина борборлорунун, үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунун ыкчам штабдарынын телефон номерлерин илүү |
10. Жогорку, орто окуу жайларына талаптар | |
Талаптар | Жогорку, орто окуу жайларында талаптарды аткаруу шарттары |
"Кирүү фильтрин" уюштуруу | - кызматкерлердин дене табын өлчөө үчүн жооптуу адамды аныктоо, медпункттар бар жайларда врачтык кароону уюштуруу; - кире бериште жооптуу адамдын кызматкерлердин дене табын контактсыз термометр менен өлчөөсү; - кызматкерлерден үй-бүлө мүчөлөрүндө респиратордук белгилердин болушун же жок экендигин сурамжылоо, кызматкерлерди кароо (жөтөл, жогорку температура, алсыздык, баш оору ж.б.); - дене табы жогору болгон жана оор респиратордук оорулардын белгилери бар адамдарды жумуш ордунан милдеттүү түрдө четтетүү; - студенттердин жана окутуучу курамдын бет кап жана респираторлор болгондо гана кирүүсүн камсыздоо |
Өздүк гигиена эрежелерин сактоо үчүн шарттарды түзүү | - билим берүү мекемелеринин кире беришине санитайзерлерди орнотуу (ар бир кирген адамдын колун тазалоосун контролдоо боюнча жооптуу адамды аныктоо менен); - колду жуунун эрежелери тууралуу колдонмону илүү; - кызматкерлерди өздүк гигиена каражаттары (суюк самын, сүлгү, дезинфекциялоочу эритмелер жана салфеткалар, тери антисептиктери) менен камсыз кылуу |
Бир жолку бет каптарды колдонуу | - жүз менен бет каптын ортосунда ачык жер болбогудай кылып мурунду жана оозду бет кап менен тыкан жабуу; - бет капты колдонуу убагында аны кармаганга жол бербөө. Колдонулган бет капты кармагандан кийин, мисалы чечкенден кийин колду жуу керек; - бет кап нымдашып же булганып калса таза жана кургак бет капты кийүү зарыл; - бир жолку бет каптарды экинчи ирет колдонууга тыюу салуу. Аларды ар бир колдонуудан соң ыргытуу керек жана чечкенден кийин дароо утилдештирүү зарыл; - колдонулган медициналык бет капты жана кол капты өзүнчө баштыкка жыйнап, жылчыксыз кылып жаап, таштанды салуучу идишке таштоо керек; - колду спирт камтылган каражат менен тазалоо же самындап жуу |
Аралыкты сактоо, көп адамдардын топтолуусунун алдын алуу | - студенттердин, кызматкерлердин ортосунда 1,5-2 м аралыкты сактоону контролдоону камсыз кылуу, жыштыкка жол бербөө; - аудиторияларда окуу столдорун, парталарды 1,5-2 м аралыкта жайгаштыруу (окуучуларды шахмат тартибинде отургузуу мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда); - окутуучунун-экзаменатордун столуна колду тазалоо үчүн спрей-антисептикти коюу |
Дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу менен дайыма жууп-тазалап туруу | - дезинфекциялоочу каражаттардын запасын камсыздоо; - жууп-тазалоо үчүн жооптуу адамга имараттарды дезинфекциялоо режимин күчөтүү, анын ичинде зарыл болгон концентрациядагы каражаттарды колдонуу тууралуу жетекчилик көрсөтүү; - күн сайын жана ар бир сменадан кийин аудиторияларды, коридорлорду дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу менен жууп-тазалоону камсыздоо, анын ичинде каалганын туткаларын, столдун кармагычтарын, отургучтардын жөлөнгүчтөрүн, жарыкты өчүрүп, күйгүзгүчтөрдү, оргтехникаларды, телефондорду ж.б. сүртүү; - жуунуучу жайларды, ажатканаларды, дааратканаларды дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу менен, кол жуучу раковиналарды, суу агуучу бактарды сүртүү менен күн сайын тазалап туруу |
Абаны алмаштырып турууну камсыз кылуу | - бөлмөдө нормалдуу аба алмашууну камсыздоо; - кирүү-чыгуу вентиляция системасынын иштөөсүн камсыз кылуу (бар болсо); - бөлмөнү ар бир сменадан кийин жана тыныгууларда дайыма желдетип туруу (күнүнө 15 минутадан 4-5 жолудан кем эмес); - экзамен өтүүчү жайларга абаны тазалоочу приборлорду кошумча орнотууну караштыруу |
Маалыматтык-окутуу иштери | - коронавирустук инфекциянын алдын алуу чаралары тууралуу жетекчилик көрсөтүү: өздүк гигиенаны, колдун гигиенасын, бет кап режимин сактоо, бет каптарды, салфеткаларды колдонуу жана утилдештирүү, ошондой эле жөтөлүү этикетин сактоо; - коронавирустук инфекциянын алдын алуу жөнүндө маалыматтык-окутуу материалдарын илүү (плакаттар, дубал гезиттер ж.б.у.с.); - "тынымсыз байланыш линияларынын", маалымат кызматтарынын, үй-бүлөлүк медицина борборлорунун, үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунун ыкчам штабдарынын телефон номерлерин илүү |