Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 17-марты № 160
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 771 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат (тынчтык жана согуш убагында) каралган мамлекеттик органдарында медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында медициналык күбөлөндүрүүнүн маселелерин тартипке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 771 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат (тынчтык жана согуш убагында) каралган мамлекеттик органдарында медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат (тынчтык жана согуш убагында) каралган мамлекеттик органдарында медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө жободо:
-16-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"16. Контракт боюнча аскердик кызматка өтүп жаткан, мыйзам менен аскердик кызмат каралган улуттук коопсуздук мамлекеттик органында аскер кызматын өтөп жаткандарды, алардын үй-бүлө мүчөлөрүн, офицердик наамы бар жана көрсөтүлгөн органда запаста турган жарандарды жана тиешелүү окуу жайларына тапшырып жаткан жарандарга медициналык күбөлөндүрүүнү уюштуруу жана өткөрүү тартиби ушул пунктта көрсөтүлгөн орган тарабынан аныкталат.";
жогоруда аталган Жобонун 2-тиркемесинде:
- 12-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
12 | Өсүүдөгү психофизикалык инфантилизм |
|
|
|
|
|
|
| а) Дененин массасы 45 кг кем, бою 150 см жапыз | Тынчтык убакта аскердик кызматка жараксыз, согуш убакта жарактуулугу чектелүү | Жараксыз | Жараксыз | Жараксыз | Жараксыз | Жараксыз |
| б) Эркектер үчүн бою 160 см жапыз жана аялдар үчүн 158 см жапыз (аскердик ЖОЖго өтүүчү талапкерлер, эркектер үчүн 157 см жапыз, 18 жашка чыга элек кыздар үчүн 155 см жапыз) тамактануусунун жетишпестиги (ДСИ-18,5 кем) жана тамактануусунун аздыгы (ДСИ-18,5-19,5) | Ден соолугунун абалы боюнча мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу | Жараксыз | - | - | - | - |
".
жогоруда аталган Жобонун 3-тиркемесинде:
- 12-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12. Күбөлөндүрүүчүнүн дене түзүлүшүнүн өнүгүү деңгээли жөнүндө корутунду булчуң системасынын өнүгүү даражасына, бойго жана дененин салмагына, көкүрөктүн айланасына баа берүүнүн негизинде жекече гана берилет. Булчуң системасынын өрчүүсүнө баа берүүдө тери алдындагы -май клеткаларынын чогулуу деңгээли, ошондой эле рельефтүү эмес булчуңдары менен бою узун адамдардын скелеттик булчуңунун өзгөчөлүгү эске алынат.
Булчуң системасынын начар өрчүүсү булчуңдун былбырап калышы, контурлардын рельефинин жоктугу жана булчуң массасынын жетишпестиги, акырек жана далынын чыгышы, көкүрөк клеткасынын өсүүсүнүн кечигиши, далынын төмөнкү бурчтарынын таралуусу (канат сымал далылар) менен мүнөздөлөт.
Чектөө даражасынын таблицасынын (4-тиркеме) талаптарына ылайык денесинин жакшы өрчүүсү менен, жакшы тамактанган, дене түзүлүшү пропорциялуу аскерге чакырылуучулар аскердик кызматка жарактуу деп таанылып, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө жана башка аскердик түзүлүштөрүнө, аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарга дайындалышат.
Чакырылуучулардын денесинин жалпы өрчүүсүнүн деңгээли нормадагы жана тамактануунун бузулуусундагы бойдун жана дене салмагынын катышы (28-тиркеме) таблицасы боюнча аныкталат. Чакырылуучуларга тамактануусунун жетишпестигинде (ДСИ-18,5 аз) же тамактануусунун аздыгында (ДСИ 18,5-19,4), бою 160 см төмөн болсо, дарылануудан жана текшерилүүдөн өтүү үчүн, милдеттүү түрдө эндокринологдун кароосунан өтүү менен 6 айга аскерге чакыруу мөөнөтү жылдырылат.
Аскерге чакыруу мөөнөтүн 6 айга жылдыргандан кийин, келээрки чакырылууга чейин бою 160 см (150 см жогору) жетпесе, чакырылуучулар аскердик кызматка 5-даражадагы чектелүү менен жарактуу болуп таанылат.
Эгер аскерге чакыруу мөөнөтүн 6 айга жылдыргандан кийин жана чакырылуучунун ден соолугун текшерүү актысынын (11-тиркеме) жыйынтыгында дене массасынын ылдыйлашына алып келген оорулары аныкталбаса, чакырылуучулар тамактануусунун жетишпестигинен улам (ДСИ 18,5 аз) аскердик кызматка 5-даражадагы чектелүү менен жарактуу, ал эми тамактануусунун аздыгы менен (ДСИ 18,5-19,4) аскердик кызматка 4-даражадагы чектелүү менен жарактуу болуп таанылат.
Тамактануусунун аздыгы же жетишпестиги менен шартталган оорулар аныкталса, чакырылуучулар оорулардын жүгүртмөсүнүн тийиштүү пункттары боюнча күбөлөндүрүлөт.
Медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөн жарандар Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн бирикмелерине, бөлүктөрүнө жана мекемелерине контракт боюнча аскердик кызматка чакырууда бойлору эркектер үчүн 160 см кем эмес жана аялдар үчүн 158 см кем эмес болсо аскердик кызматка жарактуу болуп таанылат.
Аскердик жогорку окуу жайларга тапшырган талапкерлердин бойлору эркектер үчүн 157 см кем эмес жана аялдар үчүн 155 см кем эмес болсо, күбөлөндүрүү убагында 18 жашка толо элек жана аларда ушуларга алып келген оорулар аныкталбаса, аскердик кызматка жарактуу болуп таанылат.".
жогоруда аталган Жобонун 4-тиркемесинде:
- пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
5 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Күзөт жана конвой менен коштоо департаментинин бөлүкчөлөрү | 3 |
";
- төмөнкүдөй мазмундагы 5.1-пункт менен толукталсын:
"
5.1 | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ички коопсуздук аскер кызматынын бөлүкчөлөрү | 3 |
";
- 14-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
14 | Курулуш бөлүктөрү, мекемелер, мобилизациялык резервдин жыйындары | 5 |
";
- эскертүүдөгү 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Бойлору төмөнкүдөй жарандар аскер кызматына чакырылууга тийиш:
- 170 см кем эмес жана 185 см жогору эмес (атайын дайындалыштагы бөлүктөр);
- эркектер 160 см кем эмес жана аялдар 158 см кем эмес (эркектер 157 см кем эмес жана аялдар 155 см кем эмес, күбөлөндүрүү убагында 18 жашка толо элек (аскердик окуу жайлары);
- 175 см чоң эмес (танктардын жана танктар менен сүйрөткүчтөрдүн базасындагы инженердик машиналардын экипаждары).
Бийик тоолуу райондордо кызмат өтөө жана бөлүктөрдү комплекттөө үчүн 3-даражадан төмөн эмес чектелүүсү бар адамдар жиберилет.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | М.Д. Абдылгазиев |