Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 16-марты № 159
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик материалдык резерв маселеси боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу максатында, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин 3-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 7-июлундагы № 267/9 "Мамлекеттик сырды түзүүчү эң негизги маалыматтардын тизмегин жана жумуштарда, документтерде жана буюмдарда камтылган маалыматтардын категорияларынын жашыруундуулук даражасын белгилөөнүн жана маалыматтардын жашыруундуулук даражасын аныктоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген мамлекеттик сырды түзүүчү эң негизги маалыматтардын тизмегинде:
- 10-пунктундагы "дандын, ундун, акшактын жана жем-чөптүн" деген сөздөр "материалдык баалуулуктарынын азык-түлүк тобунун номенклатурасын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 1-июлундагы № 398 "Улуттук коргонууга, улуттук коопсуздукка, мамлекеттик сырды коргоого жана жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюуга байланыштуу товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуунун тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
2-пункту "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы," деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду," деген сөздөр менен толукталсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Улуттук коргонууга, улуттук коопсуздукка, мамлекеттик сырды коргоого жана жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюуга байланыштуу товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуунун тартибинде:
- 4-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан өткөрүлсүн:
мамлекеттик материалдык резервдин азык-түлүк тобунун товарларынын номенклатурасын түзүү, сактоо жана тейлөөгө байланыштуу материалдык баалуулуктарды сатып алуу;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген топтоо номенклатурасына жана көлөмүнө ылайык материалдык баалуулуктарды сатып алуу.";
- 5-пункту "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы," деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду," деген сөздөр менен толукталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жана агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 3-апрелиндеги № 32 (3104) жарыяланды
Премьер-министр | К.А. Боронов |
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 641 токтомунун негизинде
КҮЧҮН ЖОГОТТУ