Сравнение редакций…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 26-ноябрындагы № 579 токтомуна) |
Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүк жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 133 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү же консулдук мекемелери тарабынан Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүктү тариздөө, берүү, сактоо жана жок кылуу тартибин аныктайт.
2. Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүк Кыргыз Республикасынын жаранынын ким экендигин күбөлөндүрүүчү жана ага Кыргыз Республикасына кирүүгө укукту камсыз кылуучу убактылуу документ болуп саналат.
3. Ушул Жободо колдонулуучу терминдер:
1) Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүк - Кыргыз Республикасынын жаранынын ким экендигин күбөлөндүрүүчү жана ага Кыргыз Республикасына кирүүгө укукту камсыз кылуучу убактылуу өтүү документи (мындан ары - күбөлүк);
2) чет өлкөдөгү мекемелер - Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери;
3) консулдук кызмат - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын түзүмдүк бөлүмү;
4) чет өлкөдөгү мекеменин консулдук кызмат адамы - күбөлүктү тариздөө, сактоо, жок кылуу жана берүү үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу кызматкер;
5) арыз ээси - Кыргыз Республикасынын жараны;
6) паспорт - Кыргыз Республикасынын улуттук паспорту (Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспорту, 2004 жана 2017-жылдардагы үлгүдөгү ID-карта, дипломатиялык жана кызматтык паспорттор, 1994-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту);
7) автоматташтырылган маалыматтык система (мындан ары - АМС) - бул система аркылуу көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтар тууралуу маалыматты топтоо, сактоо, берүү жана иштетүү менен байланышкан ишти автоматташтырууга багытталган программалык-аппараттык каражаттардын жыйындысы;
8) "СВР" АМС - Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүктү тариздөө жөнүндө маалыматты сактоо, берүү жана иштетүү менен байланышкан ишти автоматташтырууга багытталган программалык-аппараттык каражаттардын жыйындысы;
9) күбөлүктү тариздөө жана берүү - Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелери тарабынан Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүктү "СВР" АМС аркылуу документтик тариздөө жана берүү, анын ичинде күбөлүктүн колдонуу мөөнөтүн узартуу жол-жоболорун жүзөгө ашырууга багытталган иш-аракеттер;
10) реадмиссия - чет мамлекеттен депортацияланууга тийиш болгон Кыргыз Республикасынын жарандарын жана/же чет өлкөлүктөрдү кайра өзүнүн аймагына кабыл алууга Кыргыз Республикасынын макулдугу;
11) депортация - Кыргыз Республикасынын жаранын чет мамлекеттен кайрадан Кыргыз Республикасына чыгаруу, мажбурлап кетирүү;
12) экстрадиция - Кыргыз Республикасынын суроо-талабы боюнча камалууга тийиш болгон адамды өткөрүп берүү же чет мамлекетте соттолгон Кыргыз Республикасынын жарандарын кийин жазаны Кыргыз Республикасында өтөөсү үчүн өткөрүп берүү.

4. Күбөлүк паспорт жоголгон учурда Кыргыз Республикасына кайтып келүү үчүн таризделет.
5. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн же консулдук мекемесинин чечими боюнча ушул Жобо ошондой эле төмөнкү учурларда колдонулат:
- өзүнүн паспортунун пайдаланууга жараксыздыгы аныкталган учурда (химиялык же механикалык зыянга учуроолор);
- анын колдонуу мөөнөтү бүткөндө (арыз ээси жаңы паспортту тариздөөнү күтө албаганда);
- паспорт жок болгон учурда (биринчи жолу алуу).
6. Күбөлүктү тариздөө үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган консулдук кызматтарды көрсөтүү тартибине ылайык каражаттар алынат.

7. Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүктү тариздөөнүн мөөнөтү ушул Жобонун 14-пунктунда каралган документтер кабыл алынган күндөн тартып 5 (беш) жумуш күндөн ашпайт.
Жарандын ким экендигин аныктоо үчүн кошумча убакыт талап кылынган өзгөчө учурларда чет өлкөдөгү мекеменин жетекчисинин чечими боюнча кайрылууну кароо мөөнөтү кошумча 10 (он) жумуш күндөн ашпаган мөөнөткө узартылышы мүмкүн.
8. Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүктүн колдонуу мөөнөтү 30 (отуз) календардык күндү түзөт.
Депортацияда, экстрадицияда, реадмиссияда күбөлүктүн жарактуу мөөнөтү 60 (алтымыш) календардык күндү түзөт.

9. Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүк чет өлкөдөгү мекеменин консулдук кызмат адамы тарабынан таризделет.
10. Бардык чет өлкөдөгү мекемелердин бланктарынын үлгүлөрү жана мөөрлөрүнүн оттисктери Кыргыз Республикасынын калкты каттоо, мамлекеттик чек араны кайтаруу, ички иштер жана улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарына, ошондой эле жаран жүргөн жана Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесин аккредитациялаган өлкөнүн ыйгарым укуктуу органдарына жиберилет.
11. Күбөлүк ушул Жободо каралган, жарандын ким экендиги жана Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгы тууралуу күмөн саноолорду жок кылган ал тууралуу зарыл болгон маалыматты алгандан кийин чет өлкөдөгү мекеменин консулдук кызмат адамы тарабынан таризделет.
2. Күбөлүктү тариздөөнүн жана берүүнүн тартиби
12. Күбөлүк ушул Жобонун 13-пунктунда каралган учурлардан тышкары, ушул Жободо каралган документтер берилгенден кийин жана арыз ээсинин жеке катышуусунда консулдук кызмат адамы тарабынан "СВР" АМС аркылуу таризделет жана берилет.
13. Жарандарга күбөлүк төмөнкү учурларда аралыктан (арыз ээсинин жеке катышуусуз) таризделиши жана берилиши мүмкүн:
- ата-энеси, камкорчусу же асырап алуучусу менен видео байланышуу аркылуу милдеттүү консулдук интервью алган учурда 16 жашка чыга элек арыз ээси ата-энесинин, камкорчусунун же асырап алуучусунун же болбосо мыйзамдуу өкүлдөрүнүн өтүнүч каты боюнча кайрылганда;
- арыз ээси жүргөн жана арыз ээсин Кыргыз Республикасына экстрадициялоо, депортациялоо же реадмиссиялоо боюнча аккредитациялаган өлкөнүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы кайрылганда;
- чет өлкөдөгү мекемеси жок же болбосо чет өлкөдөгү мекемеси арыз ээси жүргөн жерден алыс аралыкта жайгашкан өлкөдө жүргөн арыз ээси кайрылганда.
Күбөлүктү аралыктан тариздөөдө ушул Жобонун 14-пунктунда каралган документтер почта менен жөнөтүлөт, документтерди жөнөтүү боюнча чыгымдар арыз ээси же жаран жүргөн өлкөнүн ыйгарым укуктуу органы тарабынан төлөнөт.
14. Күбөлүктү тариздөө жана берүү үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги:
- арыз;
- электрондук-санариптик форматтагы фотосүрөт (3,5х4,5 см, ак фондо).
Мындан тышкары, учурга жараша төмөнкүлөр кошумча берилет:
а) паспорт жоголгондо:
- арыз ээсинин ким экендигин идентификациялоого жана Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгын ырастоого мүмкүндүк берүүчү документтер (жоголгон паспортунун көчүрмөсү, Кагазда же "Түндүк" мобилдик тиркемесинин жардамы менен санариптик форматта Кыргыз Республикасынын жаранынын өздүк күбөлүгү, Кыргыз Республикасынын айдоочулук күбөлүгү, туулгандыгы тууралуу күбөлүк, аскердик билет);
- паспортту жоготуунун бардык жагдайларын жана себептерин көрсөтүү менен жазуу жүзүндө түшүндүрмө;
б) паспорт жараксыз болгон учурда:
- жараксыз болгон паспорт (паспорттун фрагменттери);

в) паспорттун колдонуу мөөнөтү бүткөн учурда:
- колдонуу мөөнөтү бүткөн паспорт;
г) 18 жашка чыга элек арыз ээсине тариздөө учурунда:
- жеке катышуусуз күбөлүктү тариздөөнүн жүйөөлүү себебин көрсөтүү менен ата-энесинин, асырап алуучусунун же камкорчусунун арызы;
- арыз ээсинин туулгандыгы тууралуу күбөлүгү;
- ата-энесинин, асырап алуучусунун же камкорчусунун паспортторунун көчүрмөсү - Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде маалыматтар жок болгондо;
- арыз ээсинин паспортунун көчүрмөсү (бар болсо);
- асырап алуучусу же камкорчусу кайрылган учурда - бул арыз ээсине камкорчулук кылуу же аны асырап алуу тууралуу ыйгарым укуктуу органдардын чечими;
- жаран жүргөн өлкөнүн ыйгарым укуктуу органдары тарабынан күбөлөндүрүлгөн туулгандыгы тууралуу медициналык маалым кат (бир жашка чейинки балдарга);
д) арыз ээсин жүргөн өлкөсүнөн экстрадициялоодо, депортациялоодо же реадмиссиялоодо:
- арыз ээси жүргөн өлкөнүн ыйгарым укуктуу органынын күбөлүктү тариздөө тууралуу өтүнүчү менен каты;
- паспортунун көчүрмөсү.

15. Күбөлүктү тариздөөдө жана берүүдө чет өлкөдөгү мекеменин консулдук кызмат адамы "СВР" АМС аркылуу электрондук арызды толтурат, ал толтурулгандан жана текшерилгенден кийин басып чыгарылат жана арыз ээсинин (мыйзамдуу өкүлүнүн) жана чет өлкөдөгү мекеменин консулдук кызмат адамынын кол тамгалары менен күбөлөндүрүлөт.
Ушул Жобонун 13-пунктунда каралган учурларда күбөлүктү тариздөөдө арыз ээси же болбосо ата-энеси (камкорчулар/асырап алуучулар) ушул Жобонун 1 жана 2-тиркемелерине ылайык форма боюнча толтурулган анкета-арызды берет.
16. Чет өлкөдөгү мекеменин консулдук кызмат адамы тарабынан арыз ээсинин ким экендигин берилген документтердин негизинде идентификациялоо жол-жобосу АМСда камтылган маалыматтар аркылуу, анын ичинде "СВР" АМС аркылуу фото сүрөттү идентификациялоо жолу менен жүргүзүлөт.
17. Жаран тарабынан ушул Жобонун 14-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди берүү мүмкүн болбогон жана АМСда маалыматтар жок болгон учурда, чет өлкөдөгү мекеме жарандын ким экендигин текшерүү жана идентификациялоо үчүн Кыргыз Республикасынын калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына же анын аймактык ведомстволук бөлүмүнө тыюу салынбаган бардык байланыш каражаттары аркылуу (анын ичинде факс же электрондук почта аркылуу, сканерленген түрдө) тийиштүү суроо-талапты жөнөтөт.
18. Текшерүүнүн натыйжалары боюнча Кыргыз Республикасынын калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы же анын аймактык ведомстволук бөлүмдөрү суроо-талап түшкөн учурдан тартып 3 (үч) жумуш күндүн ичинде суроо-талаптын чыгыш номерине шилтеме менен чет өлкөдөгү мекемеге тыюу салынбаган бардык байланыш каражаттары аркылуу (анын ичинде факс же электрондук почта аркылуу, сканерленген түрдө) маалымат жөнөтөт.
19. Арыз ээсинин Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгын аныктоо тартиби Кыргыз Республикасынын жарандыгы маселелерин жөнгө салган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чет өлкөдөгү мекеменин консулдук кызмат адамы тарабынан жүргүзүлөт.
20. Арыз ээсинин ким экендигин ырастоочу документтер жок болгон учурда, анын Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгы паспортторунун көчүрмөлөрүн тиркөө менен Кыргыз Республикасынын экиден кем эмес жаранынын жазуу жүзүндөгү арызы боюнча сурамжылоо жолу менен аныкталат, алардын ким экендигин чет өлкөдөгү мекеменин консулдук кызмат адамы ошондой эле АМС аркылуу текшерет.
21. Кыргыз Республикасынын аймагында издөөдө жүргөн арыз ээсине күбөлүк берген учурда, чет өлкөдөгү мекеме бир күндүк мөөнөттө кийин Кыргыз Республикасынын тийиштүү укук коргоо органдарына кабарлоо үчүн бул факт тууралуу консулдук кызматка маалымдайт.
22. Күбөлүктү тариздөөдө АМСда анын негизинде күбөлүк таризделген арыз ээсинин жоголгон паспортун жараксыз деп таануу жөнүндө "Паспорт" белгиси коюлат.
23. Кыргыз Республикасына кайтып келгенден кийин, жаран Кыргыз Республикасынын калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына же анын аймактык ведомстволук бөлүмдөрүнө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте жаңы паспортту тариздөө үчүн кайрылат.
Күбөлүк Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун тариздөө үчүн негиз болуп саналбайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 133 токтомунун редакциясына ылайык)
24. Берилген күбөлүктөр боюнча отчёт Кыргыз Республикасынын тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан бекитилген форма боюнча "СВР" АМСда түзүлөт.
25. Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жооптуу кызматкерлерине бардык чет өлкөдөгү мекемелер тарабынан берилген күбөлүктөр жөнүндө, ошондой эле күбөлүктү тариздөөдөн баш тартылган арыз ээлери тууралуу маалыматтарды көрүү максатында "СВР" АМСке кирүүгө жеке ачкыч берилет.
26. Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы өзүнүн компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын издөөдө жүргөн жарандарынын тизмесин "СВР" АМСке жайгаштырат.
3. Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүктүн бланкын техникалык тариздөө
27. Чет өлкөдөгү мекеменин консулдук кызмат адамы арыз ээсинин жүзүн сүрөткө тартат же болбосо АМС аркылуу электрондук-санариптик фотосүрөттү иштеп чыгат.
Фотосүрөт жана берилген документтер боюнча арыз ээсин идентификациялоо жол-жобосунан өтүү мүмкүн болбогон учурда, бул маалыматтар күбөлүктү тариздөө үчүн баш тартылгандар катары "СВР" АМСда сакталат.
28. Чет өлкөдөгү мекеменин консулдук кызмат адамы "СВР" АМСда электрондук анкетаны толтурат жана ушул Жобонун 14-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин сканерленген көчүрмөлөрүн тиркейт.
Электрондук түрдөгү анкеталык маалыматтар толтурулгандан кийин анкета кагазга басып чыгарылууга тийиш.
Арыз ээси анкетада көрсөтүлгөн маалыматтардын тууралыгын жеке колун коюу аркылуу ырастайт.
Күбөлүк аралыктан таризделген учурда басып чыгарылган анкетага ушул Жобонун 13-пунктунун талаптарынын негизинде жарандын кол тамгасынын ордуна ушул Жобонун 1 жана 2-тиркемелерине ылайык форма боюнча кошумча арыз же жаран жүргөн жана чет өлкөдөгү мекемени аккредитациялаган өлкөнүн ыйгарым укуктуу органынын каты тиркелет жана мөөр менен күбөлөндүрүлөт.
29. Күбөлүктүн бланкы чет өлкөдөгү мекеменин консулдук кызмат адамы тарабынан "СВР" АМС аркылуу техникалык каражаттарды пайдалануу менен төмөнкүдөй тартипте толтурулат:
а) "Фамилиясы, аты" реквизитинде арыз ээсинин фамилиясы жана аты латын транслитерациясында көрсөтүлөт;
б) "Туулган күнү жана жери" реквизитинде арыз ээсинин туулган күнү, айы, жылы жана жери көрсөтүлөт (мисалы: "06.05.1967").
Даталарды көрсөтүү зарыл болгон реквизиттердеги күнү жана айы (туулган күнү, күбөлүктүн берилген күнү, колдонуу мөөнөтү бүткөн күн) араб цифралары менен эки орундуу номер менен таризделет (эгерде туулган айынын күнү же айы 1ден 9га чейинки санга барабар болсо, анда сандардын алдына нөл цифрасы коюлат (мисалы: "05"), "Датасы" реквизитиндеги жыл (туулган күнү, күбөлүктүн берилген күнү, колдонуу мөөнөтү бүткөн күн) араб сандары менен төрт орундуу сан түрүндө көрсөтүлөт (мисалы: "1998");
в) "Туулган жери" реквизитинде арыз ээси туулган мамлекеттин аталышы латын транслитерациясында көрсөтүлөт;
г) "Берилген күнү" реквизитинде күбөлүктүн берилген күнү, айы жана жылы көрсөтүлөт (мисалы: "01.01.2020");
д) "Чейин жарактуу" реквизитинде күбөлүктүн колдонуу мөөнөтү бүткөн күн, ай жана жыл көрсөтүлөт (мисалы: "15.01.2020");
е) бланктын төмөн жагында күбөлүктү берген чет өлкөдөгү мекеменин аталышынын коду көрсөтүлөт (мисалы: "901022").

4. Күбөлүктүн бланктарын эсепке алуу жана сактоо
30. Күбөлүктөрдүн бланктары сериясы жана номери боюнча электрондук форматта, анын ичинде чет өлкөдөгү мекеменин консулдук кызмат адамы тарабынан көрсөтүлгөн маалыматтарды тийиштүү АМСке киргизүү аркылуу, ошондой эле атайын журналда милдеттүү түрдө катталат.
31. Күбөлүктөрдүн бланктары атайын жабдылган жайда, мөөр басылган, күйбөй турган сейфтерде сакталат.
32. Кыргыз Республикасынын тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тийиштүү ички актынын негизинде берилген жана колдонулган күбөлүктөр боюнча отчёттуулуктун формасын аныктайт.
33. Чет өлкөдөгү мекемелер тарабынан колдонулуучу күбөлүктөрдүн бланктарын алуу, сактоо, эсептен чыгаруу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым өткөрүлүп берилген ченем жаратуучу ыйгарым укуктарынын алкагында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан бекитилет.

5. Кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
34. Чет өлкөдөгү мекеменин жеке кирүү ачкычына ээ болгон консулдук кызмат адамы "СВР" АМС аркылуу күбөлүктү тариздейт жана аны Кыргыз Республикасынын тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен Кыргыз Республикасынын калкты каттоо чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу органынын ортосунда түзүлгөн "СВР" АМС колдонуу менен ведомстволор аралык маалымат алмашуу жөнүндө макулдашууга ылайык колдонот.
Күбөлүктү тариздөөдө, берүүдө, сактоодо, жок кылууда ушул Жобонун талаптарын бузган Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө мыйзамдарында каралган тартипте жоопкерчилик тартышат.
35. Күбөлүктүн бланкы так отчёттуулук документи болуп саналат жана тийиштүү техникалык коргоочу касиеттерге ээ.
6. Эл аралык келишимдерди колдонуу
36. Эгерде Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде ушул Жободо камтылгандан башка эрежелер каралса, анда эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат.
|
| Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүк жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Форма
|
| Чет өлкөдөгү мекеменин аталышы |
|
| ______________________________________ |
|
| Кыргыз Республикасынын жараны (ата-эне/камкорчу) |

Балага Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүктү жеке катышуусуз берүү жөнүндө АРЫЗ
Кыргыз Республикасынын паспорту жоголгондугуна/жараксыз болгондугуна, колдонуу
мөөнөтү бүткөндүгүнө, жоктугуна (керектүүсүнүн алдын сызуу керек) байланыштуу
менин жашы жете элек балама Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүктү
жеке катышуусуз тариздөөнү өтүнөм, же болбосо: __________________________________
Баланын фамилиясы, аты, атасынын аты: __________________________________________
Туулган күнү жана жери: _________________________________________________________
Жүргөн өлкөдөгү жашаган жери: ___________________________________________________
Идентификациялык жеке номери (ИЖН):____________________________________________
Туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн номери, берилген күнү жана
жери: __________________________________________________________________________
Паспорттун номери, берилген күнү: ________________________________________________
Ата-энесинин/камкорчунун маалыматтары:
Фамилиясы, аты, атасынын аты: __________________________________________________
Паспорттун номери, берилген күнү:________________________________________________
Идентификациялык жеке номери (ИЖН): ___________________________________________
Кыргыз Республикасындагы туруктуу жашаган жери:_________________________________
Муну менен Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүктү колдонуу эрежелери
жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту жокко чыгарылгандыгы
жөнүндө эскертилгендигин билдирем
(паспорттун номери жана сериясы) _________________________________________________
Арыз ээсинин колу: _______________________________________________________________
Датасы: "___" ___________________ 20__-жыл
Кабыл алынды:
_________________________________________________________________________________
(Чет өлкөдөгү мекеменин консулдук кызмат адамынын аты-жөнү, кызмат орду)

(Күбөлүк берилген күн жана күбөлүктүн номери)
|
| Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүк жөнүндө жобого 2-тиркеме |

| Кыргыз Республикасынын жараны |

Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүктү жеке катышуусуз берүү жөнүндө АРЫЗ
Кыргыз Республикасынын паспорту жоголгондугуна/жараксыз болгондугуна, колдонуу мөөнөтү
бүткөндүгүнө (керектүүсүнүн алдын сызуу керек) байланыштуу, ошондой эле мен жүргөн
өлкөдө Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесинин жоктугуна байланыштуу
Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүктү жеке катышуусуз тариздөөнү өтүнөм.
Фамилиясы, аты, атасынын аты: ________________________________________________________
Туулган күнү жана жери: _______________________________________________________________
Жүргөн өлкөдө жашаган жери :__________________________________________________________
Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган дареги:________________________________________
Идентификациялык жеке номери (ИЖН):__________________________________________________
Паспорттун номери, берилген күнү жана жери______________________________________________
Муну менен Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүктү колдонуу эрежелери жөнүндө
жана жоголгон/жараксыз болгон Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту жокко
чыгарылгандыгы жөнүндө эскертилгендигин билдирем
(паспорттун номери жана сериясы) _______________________________________________________
Арыз ээсинин колу _____________________________________________________________________

_______________________________________________________________________________________
(Чет өлкөдөгү мекеменин консулдук кызмат адамынын аты-жөнү, кызмат орду)
_______________________________________________________________________________________
(Күбөлүк берилген күн жана күбөлүктүн номери)
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 26-ноябрындагы № 579 токтомуна) |
Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүк жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 133, 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү же консулдук мекемелери тарабынан Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүктү тариздөө, берүү, сактоо жана жок кылуу тартибин аныктайт.
2. Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүк Кыргыз Республикасынын жаранынын ким экендигин күбөлөндүрүүчү жана ага Кыргыз Республикасына кирүүгө укукту камсыз кылуучу убактылуу документ болуп саналат.
3. Ушул Жободо колдонулуучу терминдер:
1) Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүк - Кыргыз Республикасынын жаранынын ким экендигин күбөлөндүрүүчү жана ага Кыргыз Республикасына кирүүгө укукту камсыз кылуучу убактылуу өтүү документи (мындан ары - күбөлүк);
2) чет өлкөдөгү мекемелер - Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери;
3) консулдук кызмат - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын түзүмдүк бөлүмү;
4) чет өлкөдөгү мекеменин консулдук кызмат адамы - күбөлүктү тариздөө, сактоо, жок кылуу жана берүү үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу кызматкер;
5) арыз ээси - Кыргыз Республикасынын жараны;
6) паспорт - Кыргыз Республикасынын улуттук паспорту (Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспорту, 2004 жана 2017-жылдардагы үлгүдөгү ID-карта, дипломатиялык жана кызматтык паспорттор, 1994-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту);
7) автоматташтырылган маалыматтык система (мындан ары - АМС) - бул система аркылуу көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтар тууралуу маалыматты топтоо, сактоо, берүү жана иштетүү менен байланышкан ишти автоматташтырууга багытталган программалык-аппараттык каражаттардын жыйындысы;
8) "СВР" АМС - Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүктү тариздөө жөнүндө маалыматты сактоо, берүү жана иштетүү менен байланышкан ишти автоматташтырууга багытталган программалык-аппараттык каражаттардын жыйындысы;
9) күбөлүктү тариздөө жана берүү - Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелери тарабынан Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүктү "СВР" АМС аркылуу документтик тариздөө жана берүү, анын ичинде күбөлүктүн колдонуу мөөнөтүн узартуу жол-жоболорун жүзөгө ашырууга багытталган иш-аракеттер;
10) реадмиссия - чет мамлекеттен депортацияланууга тийиш болгон Кыргыз Республикасынын жарандарын жана/же чет өлкөлүктөрдү кайра өзүнүн аймагына кабыл алууга Кыргыз Республикасынын макулдугу;
11) депортация - Кыргыз Республикасынын жаранын чет мамлекеттен кайрадан Кыргыз Республикасына чыгаруу, мажбурлап кетирүү;
12) экстрадиция - Кыргыз Республикасынын суроо-талабы боюнча камалууга тийиш болгон адамды өткөрүп берүү же чет мамлекетте соттолгон Кыргыз Республикасынын жарандарын кийин жазаны Кыргыз Республикасында өтөөсү үчүн өткөрүп берүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 133 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Күбөлүк паспорт жоголгон учурда Кыргыз Республикасына кайтып келүү үчүн таризделет.
5. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн же консулдук мекемесинин чечими боюнча ушул Жобо ошондой эле төмөнкү учурларда колдонулат:
- өзүнүн паспортунун пайдаланууга жараксыздыгы аныкталган учурда (химиялык же механикалык зыянга учуроолор);
- анын колдонуу мөөнөтү бүткөндө (арыз ээси жаңы паспортту тариздөөнү күтө албаганда);
- паспорт жок болгон учурда (биринчи жолу алуу).
6. Күбөлүктү тариздөө үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган консулдук кызматтарды көрсөтүү тартибине ылайык каражаттар алынат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 133 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүктү тариздөөнүн мөөнөтү ушул Жобонун 14-пунктунда каралган документтер кабыл алынган күндөн тартып 5 (беш) жумуш күндөн ашпайт.
Жарандын ким экендигин аныктоо үчүн кошумча убакыт талап кылынган өзгөчө учурларда чет өлкөдөгү мекеменин жетекчисинин чечими боюнча кайрылууну кароо мөөнөтү кошумча 10 (он) жумуш күндөн ашпаган мөөнөткө узартылышы мүмкүн.
8. Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүктүн колдонуу мөөнөтү 30 (отуз) календардык күндү түзөт.
Депортацияда, экстрадицияда, реадмиссияда күбөлүктүн жарактуу мөөнөтү 60 (алтымыш) календардык күндү түзөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 133 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүк чет өлкөдөгү мекеменин консулдук кызмат адамы тарабынан таризделет.
10. Бардык чет өлкөдөгү мекемелердин бланктарынын үлгүлөрү жана мөөрлөрүнүн оттисктери Кыргыз Республикасынын калкты каттоо, мамлекеттик чек араны кайтаруу, ички иштер жана улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарына, ошондой эле жаран жүргөн жана Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесин аккредитациялаган өлкөнүн ыйгарым укуктуу органдарына жиберилет.
11. Күбөлүк ушул Жободо каралган, жарандын ким экендиги жана Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгы тууралуу күмөн саноолорду жок кылган ал тууралуу зарыл болгон маалыматты алгандан кийин чет өлкөдөгү мекеменин консулдук кызмат адамы тарабынан таризделет.
2. Күбөлүктү тариздөөнүн жана берүүнүн тартиби
12. Күбөлүк ушул Жобонун 13-пунктунда каралган учурлардан тышкары, ушул Жободо каралган документтер берилгенден кийин жана арыз ээсинин жеке катышуусунда консулдук кызмат адамы тарабынан "СВР" АМС аркылуу таризделет жана берилет.
13. Жарандарга күбөлүк төмөнкү учурларда аралыктан (арыз ээсинин жеке катышуусуз) таризделиши жана берилиши мүмкүн:
- ата-энеси, камкорчусу же асырап алуучусу менен видео байланышуу аркылуу милдеттүү консулдук интервью алган учурда 16 жашка чыга элек арыз ээси ата-энесинин, камкорчусунун же асырап алуучусунун же болбосо мыйзамдуу өкүлдөрүнүн өтүнүч каты боюнча кайрылганда;
- арыз ээси жүргөн жана арыз ээсин Кыргыз Республикасына экстрадициялоо, депортациялоо же реадмиссиялоо боюнча аккредитациялаган өлкөнүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы кайрылганда;
- чет өлкөдөгү мекемеси жок же болбосо чет өлкөдөгү мекемеси арыз ээси жүргөн жерден алыс аралыкта жайгашкан өлкөдө жүргөн арыз ээси кайрылганда.
Күбөлүктү аралыктан тариздөөдө ушул Жобонун 14-пунктунда каралган документтер почта менен жөнөтүлөт, документтерди жөнөтүү боюнча чыгымдар арыз ээси же жаран жүргөн өлкөнүн ыйгарым укуктуу органы тарабынан төлөнөт.
14. Күбөлүктү тариздөө жана берүү үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги:
- арыз;
- электрондук-санариптик форматтагы фотосүрөт (3,5х4,5 см, ак фондо).
Мындан тышкары, учурга жараша төмөнкүлөр кошумча берилет:
а) паспорт жоголгондо:
- арыз ээсинин ким экендигин идентификациялоого жана Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгын ырастоого мүмкүндүк берүүчү документтер (жоголгон паспортунун көчүрмөсү, Кагазда же "Түндүк" мобилдик тиркемесинин жардамы менен санариптик форматта Кыргыз Республикасынын жаранынын өздүк күбөлүгү, Кыргыз Республикасынын айдоочулук күбөлүгү, туулгандыгы тууралуу күбөлүк, аскердик билет);
- паспортту жоготуунун бардык жагдайларын жана себептерин көрсөтүү менен жазуу жүзүндө түшүндүрмө;
б) паспорт жараксыз болгон учурда:
- жараксыз болгон паспорт (паспорттун фрагменттери);
- арыз ээсинин ким экендигин идентификациялоого жана Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгын ырастоого мүмкүндүк берүүчү документтер (жоголгон паспортунун көчүрмөсү, Кагазда же "Түндүк" мобилдик тиркемесинин жардамы менен санариптик форматта Кыргыз Республикасынын жаранынын өздүк күбөлүгү, Кыргыз Республикасынын айдоочулук күбөлүгү, туулгандыгы тууралуу күбөлүк, аскердик билет);
в) паспорттун колдонуу мөөнөтү бүткөн учурда:
- колдонуу мөөнөтү бүткөн паспорт;
г) 18 жашка чыга элек арыз ээсине тариздөө учурунда:
- жеке катышуусуз күбөлүктү тариздөөнүн жүйөөлүү себебин көрсөтүү менен ата-энесинин, асырап алуучусунун же камкорчусунун арызы;
- арыз ээсинин туулгандыгы тууралуу күбөлүгү;
- ата-энесинин, асырап алуучусунун же камкорчусунун паспортторунун көчүрмөсү - Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде маалыматтар жок болгондо;
- арыз ээсинин паспортунун көчүрмөсү (бар болсо);
- асырап алуучусу же камкорчусу кайрылган учурда - бул арыз ээсине камкорчулук кылуу же аны асырап алуу тууралуу ыйгарым укуктуу органдардын чечими;
- жаран жүргөн өлкөнүн ыйгарым укуктуу органдары тарабынан күбөлөндүрүлгөн туулгандыгы тууралуу медициналык маалым кат (бир жашка чейинки балдарга);
д) арыз ээсин жүргөн өлкөсүнөн экстрадициялоодо, депортациялоодо же реадмиссиялоодо:
- арыз ээси жүргөн өлкөнүн ыйгарым укуктуу органынын күбөлүктү тариздөө тууралуу өтүнүчү менен каты;
- паспортунун көчүрмөсү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 133 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Күбөлүктү тариздөөдө жана берүүдө чет өлкөдөгү мекеменин консулдук кызмат адамы "СВР" АМС аркылуу электрондук арызды толтурат, ал толтурулгандан жана текшерилгенден кийин басып чыгарылат жана арыз ээсинин (мыйзамдуу өкүлүнүн) жана чет өлкөдөгү мекеменин консулдук кызмат адамынын кол тамгалары менен күбөлөндүрүлөт.
Ушул Жобонун 13-пунктунда каралган учурларда күбөлүктү тариздөөдө арыз ээси же болбосо ата-энеси (камкорчулар/асырап алуучулар) ушул Жобонун 1 жана 2-тиркемелерине ылайык форма боюнча толтурулган анкета-арызды берет.
16. Чет өлкөдөгү мекеменин консулдук кызмат адамы тарабынан арыз ээсинин ким экендигин берилген документтердин негизинде идентификациялоо жол-жобосу АМСда камтылган маалыматтар аркылуу, анын ичинде "СВР" АМС аркылуу фото сүрөттү идентификациялоо жолу менен жүргүзүлөт.
17. Жаран тарабынан ушул Жобонун 14-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди берүү мүмкүн болбогон жана АМСда маалыматтар жок болгон учурда, чет өлкөдөгү мекеме жарандын ким экендигин текшерүү жана идентификациялоо үчүн Кыргыз Республикасынын калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына же анын аймактык бөлүмүнө тыюу салынбаган бардык байланыш каражаттары аркылуу (анын ичинде факс же электрондук почта аркылуу, сканерленген түрдө) тийиштүү суроо-талапты жөнөтөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Текшерүүнүн натыйжалары боюнча Кыргыз Республикасынын калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы же анын аймактык бөлүмдөрү суроо-талап түшкөн учурдан тартып 3 (үч) жумуш күндүн ичинде суроо-талаптын чыгыш номерине шилтеме менен чет өлкөдөгү мекемеге тыюу салынбаган бардык байланыш каражаттары аркылуу (анын ичинде факс же электрондук почта аркылуу, сканерленген түрдө) маалымат жөнөтөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомунун редакциясына ылайык)
19. Арыз ээсинин Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгын аныктоо тартиби Кыргыз Республикасынын жарандыгы маселелерин жөнгө салган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чет өлкөдөгү мекеменин консулдук кызмат адамы тарабынан жүргүзүлөт.
20. Арыз ээсинин ким экендигин ырастоочу документтер жок болгон учурда, анын Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгы паспортторунун көчүрмөлөрүн тиркөө менен Кыргыз Республикасынын экиден кем эмес жаранынын жазуу жүзүндөгү арызы боюнча сурамжылоо жолу менен аныкталат, алардын ким экендигин чет өлкөдөгү мекеменин консулдук кызмат адамы ошондой эле АМС аркылуу текшерет.
21. Кыргыз Республикасынын аймагында издөөдө жүргөн арыз ээсине күбөлүк берген учурда, чет өлкөдөгү мекеме бир күндүк мөөнөттө кийин Кыргыз Республикасынын тийиштүү укук коргоо органдарына кабарлоо үчүн бул факт тууралуу консулдук кызматка маалымдайт.
22. Күбөлүктү тариздөөдө АМСда анын негизинде күбөлүк таризделген арыз ээсинин жоголгон паспортун жараксыз деп таануу жөнүндө "Паспорт" белгиси коюлат.
23. Кыргыз Республикасына кайтып келгенден кийин, жаран Кыргыз Республикасынын калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына же анын аймактык бөлүмдөрүнө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте жаңы паспортту тариздөө үчүн кайрылат.
Күбөлүк Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун тариздөө үчүн негиз болуп саналбайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 133 , 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомдорунун редакцияларына ылайык)