Загрузка документа…
| КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 09-мартындагы № 81 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ |
Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-октябрындагы № 506 токтомуна) |
Евразия экономикалык комиссиясынын департаменттеринде кызмат адамынын бош кызмат ордун ээлөөгө конкурска катышуу үчүн Кыргыз Республикасынан талапкерлерди ички квалификациялык тандоону өткөрүү тартиби жөнүндө жобо
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Евразия экономикалык комиссиясынын департаменттеринде кызмат адамынын бош кызмат ордун ээлөөгө конкурска катышуу үчүн Кыргыз Республикасынан талапкерлерди ички квалификациялык тандоону өткөрүү тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Евразия экономикалык комиссиясынын департаменттеринде кызмат адамынын бош кызмат ордун ээлөөдө конкурска катышуу үчүн Кыргыз Республикасынан талапкерлерди квалификациялык тандоону өткөрүүнүн тартибин жана шарттарын аныктайт.
2. Ушул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр пайдаланылат:
1) квалификациялык тандоо - бул ЕЭКтин Кеңешинин 2014-жылдын 12-ноябрындагы № 99 чечими менен бекитилген, Евразия экономикалык комиссиясынын (мындан ары - ЕЭК) департаменттеринде кызмат адамынын бош кызмат ордун ээлөөгө талапкерлерди тандоо боюнча конкурстук комиссия жөнүндө жобого ылайык Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы тарабынан жарыяланган конкурска катышуу үчүн Кыргыз Республикасынан потенциалдуу талапкерлерди баалоо жана тандоо жол-жобосу;
2) кызмат адамдары - Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин ЕЭК департаменттеринин директорлорунун жана ЕЭК департаменттеринин директорлорунун орун басарларынын, ошондой эле Евразия экономикалык бирлигинин Сотунун катчылыгынын жетекчисинин, Евразия экономикалык бирлигинин Сотунун катчылыгынын жетекчисинин орун басарларынын кызмат орундарына дайындалган жарандары;
3) квалификациялык тандоонун катышуучусу (мындан ары - катышуучу) - ЕЭК департаменттеринде кызмат адамынын бош кызмат ордун ээлөөгө Кыргыз Республикасынан конкурска катышуу үчүн квалификациялык тандоого катышууга арыз берген жана ага катышууга жол берилген адам.
3. Квалификациялык тандоону өткөрүүнүн максаты болуп ЕЭКтин департаменттеринде кызмат адамынын бош кызмат ордун ээлөөгө конкурска катышуу үчүн Кыргыз Республикасынан кыйла даярдалган талапкерлерди тандоо саналат.
4. Кыргыз Республикасынын төмөнкүдөй талаптарга жооп берген жарандары конкурска катышууга укуктуу:
1) башка мамлекеттин жарандыгы жок;
2) тийиштүү багыттагы жогорку билими бар, мамлекеттик жана расмий тилдерди билген;
3) ЕЭКтин кызмат адамынын кызматтык милдеттерине ылайык келүүчү багыты же чектеш багыттары боюнча мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат орундарында жалпы 7 жылдан кем эмес иш стажы бар же ЕЭКтин багыты же чектеш багыттары боюнча түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башкы же улук кызмат орундарындагы иш стажы жалпысынан 5 жылдан кем эмес болгон;
4) ЕЭКтин департаменттеринде кызмат адамынын бош кызмат ордун ээлөөгө талапкерлерге коюлуучу ЕЭК тарабынан белгиленген квалификациялык талаптарга (2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 1-тиркемесине ылайык) шайкеш келген.
Талапкерлерге алардын кызматтык милдеттери менен шартталган кошумча талаптар коюлушу мүмкүн, алар ЕЭК Коллегиясынын төрагасынын конкурс өткөрүү жөнүндө тиешелүү буйругунда көрсөтүлөт.
2. Квалификациялык тандоону өткөрүү тартиби жана шарттары
5. ЕЭК департаменттеринде кызмат адамынын бош кызмат ордун ээлөөгө конкурска катышуу үчүн талапкерлерди квалификациялык тандоо өткөрүү боюнча Евразия экономикалык бирлигинин иши боюнча маселелерди тейлеген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмү (мындан ары - түзүмдүк бөлүм) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий сайтына кулактандыруу жарыялайт.
6. Бош кызмат ордун ээлөөгө конкурска катышуу үчүн талапкерлерди квалификациялык тандоо өткөрүү жөнүндө кулактандырууда төмөнкүдөй маалыматтар камтылууга тийиш:
1) бош кызмат ордунун аталышы;
2) бош кызмат ордун ээлөөчү талапкерлерге коюлуучу квалификациялык талаптар;
3) бул кызмат орду боюнча функциялык милдеттер;
4) квалификациялык тандоого катышуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги;
5) документтерди кабыл алуу убактысы жана орду.
7. Документтер квалификациялык тандоо өткөрүү жөнүндө кулактандыруу жайгаштырылган күндөн тартып 10 (он) жумуш күндүн ичинде кабыл алынат.
8. Түзүмдүк бөлүм:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий сайтына квалификациялык тандоо өткөрүү жөнүндө кулактандырууну жарыялайт;
2) бош кызмат ордун ээлөөгө талапкер жарандардан документтерди кабыл алат;
3) бош кызмат ордун ээлөөгө талапкер жарандарга квалификациялык тандоо жана конкурс өткөрүүнүн шарттары жөнүндө маалымат берет;
4) Комиссиянын мүчөлөрү үчүн документтерди иштеп чыгат жана даярдайт;
5) катышуучулардын тизмесин түзөт;
6) квалификациялык тандоону өткөрүү орду, күнү жана убактысы жөнүндө катышуучуларга кабарлайт (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын расмий сайтына кулактандыруу жарыялоо жана/же телефон байланышы боюнча кабарлоо жолу менен).
9. Квалификациялык тандоонун катышуучуларын квалификациялык тандоону талапкерлерди квалификациялык тандоо боюнча комиссия (мындан ары - Комиссия) ишке ашырат.
10. Комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын, экономика чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлдөрү кирет.
Комиссиянын курамы Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйругу менен бекитилет.
Иштин адистештирилген түрлөрүндө атайын кесиптик билимди текшерүү үчүн Комиссия тарабынан тиешелүү тармактык мамлекеттик органдардын жана сот тармактарынын эксперттери, адистери тартылышы мүмкүн. Комиссия тарабынан талапкерлерди тандоодо эксперттердин, адистердин тыянагы эске алынышы мүмкүн.
11. Квалификациялык тандоо үч этапта өтөт:
1) документтерди кабыл алуу жана карап чыгуу;
2) жалпы жана кесиптик билимдерин текшерүү (берилген тема боюнча жазуу иштерин (эссе) жазуу);
3) аңгемелешүү.
12. Квалификациялык тандоону өткөрүүдө Комиссия төмөнкүлөрдү аткарат:
1) катышуучулар берген документтерди карап чыгат жана аларды тандоого киргизүү жөнүндө чечим кабыл алат;
2) жазуу ишин (эссе) жазуу үчүн темаларды аныктайт;
3) аңгемелешүү этабы үчүн суроолорду аныктайт;
4) катышуучулар менен аңгемелешүү өткөрөт;
5) тандап алынган талапкерди же талапкерлерди Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрине - ЕЭК Кеңешинин мүчөсүнө сунуштоо жөнүндө чечим кабыл алат.
13. Жаран төмөнкүдөй учурларда квалификациялык тандоого катышууга киргизилбейт:
1) соттун чечими менен ишке жараксыз деп табылса;
2) мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими менен белгилүү бир мөөнөттүн ичинде мамлекеттик (муниципалдык) кызматтын мамлекеттик (муниципалдык) кызмат ордун ээлөө укугунан ажыратылса;
3) жарандын ЕЭК Коллегиясынын мүчөсү менен жакын туугандыгы (ата-энеси, жубайы, балдары, багып алган балдары, бир ата-энеден ага-инилер жана эже-сиңдилер, чоң атасы, чоң энеси, неберелери) болсо, эгерде анын алдыдагы кызматы бири-бирине түздөн-түз баш ийүүчүлүк же бири-бирин контролдоочулук менен байланышса (талапкер анкетада ЕЭК Коллегиясынын мүчөсү менен туугандык мамилеси бар же жок экендигин көрсөтөт);
4) бош кызмат ордун ээлөө үчүн зарыл болгон, белгиленген квалификациялык талаптарга шайкеш келбесе;
5) керектүү документтерди тапшырбаса;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте соттолгондугу алып салынбаган жана жоюлбаган болсо.
14. Эгерде ЕЭК департаменттеринде кызмат адамынын бош кызмат ордун ээлөөгө бир гана талапкер болгон учурда да квалификациялык тандоо өткөрүлөт.
15. Комиссиянын жыйынына катышууга объективдүү мүмкүндүк болбогон учурда Комиссиянын мүчөсү Комиссиянын жыйынына катышууга мүмкүн болбогондугунун себебин негиздөө менен Комиссиянын төрагасына жыйын өткөрүлгөнгө чейин 2 жумуш күндөн кечиктирбестен жазуу жүзүндө кайрылат.
Комиссиянын мүчөсүнүн жыйынга катышууга объективдүү мүмкүн болбогон учурларына төмөнкүлөр кирет:
1) Комиссия мүчөсүнүн өргүүсү;
2) Комиссия мүчөсүнүн иш сапары;
3) Комиссия мүчөсүнүн убактылуу ишке жарамсыздыгы;
4) Комиссия мүчөсүнүн жыйынга катышуусуна тоскоол болгон жагдайы катары Комиссиянын төрагасы тарабынан таанылган башка жагдайлар.
Комиссиянын жыйынына катышууга объективдүү мүмкүн болбогон учурда Комиссиянын мүчөсү өз ыйгарым укуктарын төмөнкүдөй тартипте өткөрүп берүүгө укуктуу:
1) тышкы иштер жана экономика чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ичинен Комиссия мүчөлөрү өздөрүнүн ыйгарым укуктарын ЕАЭБдин алкагында өз ара аракеттенүүгө жооптуу, тышкы иштер жана экономика чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчисине өткөрүп бере алышат;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн аппараттарынын өкүлдөрүнүн ичинен Комиссия мүчөлөрү өздөрүнүн ыйгарым укуктарын Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн аппараттарынын башка компетенттүү адамына өткөрүп бере алышат.
Добуш берүү укугу Комиссиянын бир мүчөсү тарабынан Комиссиянын башка туруктуу мүчөсүнө өткөрүп берилиши мүмкүн. Комиссия мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын берүү Комиссиянын төрагасына тиешелүү мамлекеттик органдын персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлгөн, жазуу жүзүндөгү кайрылуусу аркылуу жүзөгө ашырылат.
Комиссиянын төрагасынын жыйынга катышууга объективдүү мүмкүндүгү болбогон учурда анын добуш берүү укугу Кыргыз Республикасынын экономика чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлгөн ишеним катты тариздөө аркылуу Комиссиянын башка туруктуу мүчөсүнө берилиши мүмкүн.
16. Комиссиянын ишин уюштуруучулук камсыздоо түзүмдүк бөлүмгө жүктөлөт.
Комиссиянын катчысы түзүмдүк бөлүмдүн кызматкерлеринин ичинен дайындалат.
17. Квалификациялык тандоого катышуу үчүн зарыл болгон документтердин пакетинде төмөнкүлөр камтылат:
1) талапкер талапкерлигин көрсөтүп жаткан бош кызмат ордунун аталышын көрсөтүү менен расмий тилде түзүлгөн, талапкердин аты-жөнүн толук камтыган жеке арыз;
2) ЕЭКтин расмий сайтында жарыяланган анкетанын формасында камтылган, талап кылынган форматтагы 2 сүрөт тиркелген анкета. Анкетага талапкер ЕЭКте иштөөгө кабыл алууга тоскоол болуучу ага карата маалыматтар менен фактылардын жоктугу, ал тапшырган документтердин жана маалыматтардын анык экендиги, документтерде туура маалымат камтылгандыгы жөнүндө маалыматтарды көрсөтөт;
3) Кыргыз Республикасынын жаранынын ким экендигин күбөлөндүргөн паспорттун же башка документтердин көчүрмөсү (тиешелүү документтин түп нускасын квалификациялык тандоого келгенде өзү көрсөтөт);
4) керектүү кесиптик билимин, иш стажын жана квалификациясын ырастаган документтердин көчүрмөлөрү (нотариалдык же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматтары тарабынан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими тууралуу, квалификациясын жогорулатуу, илимий даража жана илимий наам берүү жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү);
5) акыркы иштеген жеринен сунуштама кат;
6) соттуулугу жоктугу жөнүндө маалым кат.
Ушул пунктта аталган бардык документтер расмий тилде берилет.
Жалган документтерди же атайылап жалган маалыматтарды берген адам Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
18. Комиссия документтерди кабыл алуу аяктагандан кийин беш жумуш күндүн ичинде документтерди карап чыгат.
19. Конкурска катышууга байланышкан чыгымдарды (конкурс өтүүчү жерге баруу жана кайра келүү, турак жайды ижарага алуу, жашап туруу, байланыш каражаттарынын кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалануу) жарандар өз каражаттарынын эсебинен төлөшөт.
20. Комиссия берилген документтерди изилдөөнүн негизинде ЕЭКтин кызмат адамынын тиешелүү бош кызмат ордуна карата белгиленген квалификациялык талаптарга документтердин ылайык келиши жана квалификациялык тандоонун кийинки этабына өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алат.
3. Талапкерлердин жалпы жана кесиптик билимдерин, жөндөмүн жана көндүмдөрүн текшерүү
21. Талапкерлердин жалпы жана кесиптик билимин, жөндөмүн жана көндүмдөрүн текшерүү берилген темаларга жазуу иштери (эссе) жана оозеки аңгемелешүү түрүндө жүргүзүлөт.
22. Эссенин форматы жана темалары Комиссия тарабынан аныкталат.
Мында эссенин темалары төмөнкүдөй мазмундагы үч маселеден турушу керек:
1) катышуучулар бош кызмат ордуна талапкер болушкан ЕЭК департаментинин иш багыты боюнча маселе;
2) ЕАЭБдеги интеграциялык процесстердин келечегинин жалпы өңүтү;
3) евразиялык интеграция маселелеринде Кыргыз Республикасынын проблемаларын көрө билүү жана аларды чечүү жолдору.
23. Жазуу иштери катышуучулардын берилген темалар боюнча билимдерин, аларды ачып берүүсү жана темаларда көрсөтүлгөн проблемаларды чечүүнүн жаңы жолдорун сунуштоосу боюнча бааланат.
24. Баалоо ар бир маселе боюнча 10 баллдык системада жүргүзүлөт. Эссе жазууда 50 пайыздан кем эмес балл алган талапкерлер аңгемелешүү этабына киргизилет.
25. Катышуучулардын жазуу жүзүндөгү иштерин (эсселерин) баалоонун жыйынтыгы боюнча Комиссия аларды квалификациялык тандоонун кийинки этабына киргизүү жөнүндө чечим кабыл алат.
4. Талапкерлер менен аңгемелешүү
26. Аңгемелешүүнүн жүрүшүндө катышуучуларга төмөнкүдөй багыттар боюнча суроолор берилет:
1) ишинин багыты боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүү;
2) ишинин багыты боюнча ЕАЭБдин укугун билүү;
3) тиешелүү багыттагы практикалык көндүмдөрдү аныктоо;
4) талапкердин кесиптик маанилүү жеке сапаттарын аныктоо.
5. Талапкерди же талапкерлерди ЕЭК Кеңешинин мүчөсүнө сунуштоо жөнүндө Комиссиянын чечим кабыл алуусу
27. Комиссия талапкерди ЕЭК Кеңешинин мүчөсүнө сунуштоо үчүн чечим кабыл алат же болбосо анын талапкерлигин четке кагат.
Комиссиянын ар бир мүчөсү аңгемелешүүгө киргизилген талапкерди сунуштоо жөнүндө маселе боюнча "макул" же "каршы" гана добуш берет.
Эгерде Комиссия тарабынан аңгемелешүүгө киргизилген талапкерди сунуш кылбоо чечими кабыл алынса, Комиссиянын төрагасы кайрадан квалификациялык тандоо өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алат.
Комиссиянын чечими анын жыйынга катышкан мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен, ошондой эле ушул Жободо белгиленген тартипте ордун башка адамдар ээлеген мүчөлөрүнүн добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең болуп калган учурда төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болуп саналат.
28. Талапкерлерди кароонун жүрүшүндө, алардын жыйынтыгы бирдей болсо, ЕАЭБ алкагында өз ара аракеттенүүгө жооптуу болгон Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын түзүмдүк бөлүмүндө эки жылдан кем эмес иш стажы бар талапкерге артыкчылык берилет.
29. Квалификациялык тандоону өткөрүүнүн жыйынтыгы боюнча Комиссиянын чечими талапкердин катышуусуз кабыл алынат, жыйынтыгы катышуучуга түздөн-түз ал аяктагандан кийин жарыяланат.
30. Квалификациялык тандоонун жыйынтыгы протокол менен таризделет, ага Комиссиянын төрагасы, катчысы жана анын жыйынына катышкан мүчөлөрү кол коюшат.
6. Корутунду жоболор
31. Квалификациялык тандоонун бардык материалдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында архив иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөткө чейин сакталат.