Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 3-июну № 294
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн билим берүү чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Мамлекеттик жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы коллизияларды жана өксүктөрдү четтетүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 3-февралындагы № 53 "Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку жана орто билим берүүчү уюмдарынын иш-аракеттерин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актыларын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүүнүн билим берүүчү уюмдары жөнүндө жободо:
- 1.2-пунктунда:
үчүнчү абзацындагы "мамлекеттик аккредитациясына (аттестациясына)" деген сөздөр "аккредитациядан" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
бешинчи абзацындагы "мамлекеттик аккредитациядан (аттестациядан)" деген сөздөр "аккредитациядан" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 1.9-пунктунун алтынчы абзацындагы "мамлекеттик аккредитациядан (аттестациядан)" деген сөздөр "аккредитациядан" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 2.3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2.3. Мамлекеттик жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын уюштуруучулары болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы, министрликтер жана комитеттер эсептелет.";
- 2.6 жана 2.7-пункттарындагы "мамлекеттик аккредитациядан (аттестациядан)" деген сөздөр "аккредитациядан" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 2.8 жана 2.9-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2.8. Жождорду лицензиялаштыруу окуу-методикалык, материалдык-техникалык базанын жана билим берүү ишин жүргүзүү үчүн профессордук-окутуучулар курамынын болушун текшерүү максатында жүргүзүлөт, мезгил сайын жүргүзүлүп туруучу аккредитация (5 жылда бир жолудан ашык эмес) мамлекеттик үлгүдөгү билими жөнүндө документ берүүгө укук берет. Аккредитациядан өтпөй калган жождор билим жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү документтерди берүү укугунан ажыратылат.
2.9. Жождор менен программаларды лицензиялаштыруу жана аккредитациялоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен жождорду лицензиялаштыруу жана аккредитациялоо жөнүндөгү жоболор менен аныкталат.";
- 4.2-пунктундагы "мамлекеттик аккредитациялоонун (аттестациялоонун)" деген сөздөр "аккредитациялоонун" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 5.3-пунктундагы "мамлекеттик аттестация менен мамлекеттик аккредитациянын жыйынтыктары боюнча алынган сертификаттарга" деген сөздөр "жыйынтыгы боюнча алынган аккредитацияга" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
- мамлекеттик тилдеги текстинин 7.2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7.2. Административдик-чарбалык, инженердик-техникалык, окуу-көмөкчү, тейлөөчү жана башка персоналдын кызматына келишимдин (контракттын) негизинде дайындалат.
Илимий-педагогикалык курамдын кызмат орундарын ээлөө контракттык-конкурстук негизде жүргүзүлөт. Эмгек келишимин түзүүнүн (5 жылдык мөөнөткө чейин) алдында конкурстук тандоо өткөрүлөт. Конкурс өткөрүүнүн жана келишимдерди (контракттарды) түзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын эмгек жөнүндө мыйзамдарына ылайык аныкталат.
Жогорку окуу жайларынын окутуучулары менен башка кызматкерлерин ишке кабыл алуу жана бошотуу Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына же келишимде (контрактта) каралган шарттарга ылайык жүргүзүлөт.";
- 9.4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9.4. Окуу-методикалык, илимий-методикалык, илимий-техникалык жана башка кеңештер тибиндеги коомдук бирикмелер Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан бекитилүүчү алар жөнүндөгү жоболорго ылайык түзүлөт жана иштейт.
Ушул бирикмелердин сунуштамалары жождордун илимий кеңештеринин ишинде жана мамлекеттик башкаруу органдары тарабынан эске алынат.".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 119 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жөнүндө жободо:
- 11-пунктунда:
он төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилеринин сунуштамасы боюнча мамлекеттик жогорку окуу жайларынын окуу иштери боюнча проректорлорун дайындайт;";
- төмөнкүдөй мазмундагы он бешинчи абзац менен толукталсын.
"- көзөмөлчүлүк кеңешинин сунуштамасы боюнча Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин биринчи проректорун (ректордун биринчи орун басарын) дайындайт;".
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 19-июнундагы № 47 (3119) жарыяланды
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр |
К.А. Боронов |
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 329 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ