Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 10-сентябры № 478
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курулуш чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 3-мартындагы № 68 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин "Курулуш чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-февралындагы № 95 "Кыргыз Республикасында курулуш объекттеринин мүнөздөмөлөрүн классификациялоо жана курулуштун объекттерине, кыймылсыз мүлк объекттеринин реконструкциясына жана башка өзгөртүлүштөрүнө мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөл жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында курулуш объекттеринин мүнөздөмөлөрүн классификациялоо жана курулуштун объекттерине, кыймылсыз мүлк объекттеринин реконструкциясына жана башка өзгөртүлүштөрүнө мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөл жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жободо:
- 3-пунктундагы "курууга уруксат алуу" деген сөздөр "долбоордук-сметалык документтердин экспертизасынын оң корутундусу" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 49 "Кыймылсыз мүлккө укуктарды, укуктарга чектөөлөрдү жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыймылсыз мүлккө укуктарды, укуктарга чектөөлөрдү жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелеринде:
- 131-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же анын аймактык органынын жетекчиси бекиткен пайдаланууга берилүүчү курулуп бүткөн объекттин ылайыктыгын баалоо актысынын.";
- 138-пунктунун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же анын аймактык органынын жетекчиси бекиткен пайдаланууга берилүүчү курулуп бүткөн объекттин ылайыктыгын баалоо актысынын (объектини пайдаланууга кабыл алуу актысын бекитүү тууралуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын же башка органдын чечими талап кылынбайт), жекече турак жайдан тышкары. Жекече турак жайга укукту каттоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.";
- 139-пунктундагы "курулушка уруксат берүүнүн" деген сөздөр "шаар куруу жана архитектура боюнча аймактык орган менен макулдашылган долбоордук документтердин, долбоордук-сметалык документтердин экспертизасынын оң корутундусунун" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 158-пунктунда:
биринчи абзацындагы "пайдаланууга кабыл алуу актысын" деген сөздөр "архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же анын аймактык органынын жетекчиси бекиткен пайдаланууга берилүүчү курулуп бүткөн объекттин ылайыктыгын баалоо актысын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
экинчи абзацындагы "архитектура жана курулуш органдары тарабынан берилген багытын өзгөртүүгө же кайра пландоого уруксат кагазын" деген сөздөр "шаар куруу жана архитектура боюнча аймактык орган тарабынан берилген багытын өзгөртүү жана кайра пландоо мүмкүндүгү жөнүндө техникалык корутундусун" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 225-пунктунун биринчи абзацындагы "белгиленген уруксатсыз" деген сөздөр "шаар куруу жана архитектура боюнча аймактык орган тарабынан берилген багытын өзгөртүү жана кайра пландоо мүмкүндүгү жөнүндө техникалык корутундусуз" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 3-мартындагы № 68 токтомуна ылайык күчүн жоготту)4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 29-сентябрындагы № 81 (3153) жарыяланды
Премьер-министр | К.А. Боронов |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 10-сентябры № 478
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курулуш чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 3-мартындагы № 68 , КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-ноябрындагы № 733 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин "Курулуш чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-февралындагы № 95 "Кыргыз Республикасында курулуш объекттеринин мүнөздөмөлөрүн классификациялоо жана курулуштун объекттерине, кыймылсыз мүлк объекттеринин реконструкциясына жана башка өзгөртүлүштөрүнө мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөл жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында курулуш объекттеринин мүнөздөмөлөрүн классификациялоо жана курулуштун объекттерине, кыймылсыз мүлк объекттеринин реконструкциясына жана башка өзгөртүлүштөрүнө мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөл жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жободо:
- 3-пунктундагы "курууга уруксат алуу" деген сөздөр "долбоордук-сметалык документтердин экспертизасынын оң корутундусу" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-ноябрындагы № 733 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 3-мартындагы № 68 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 29-сентябрындагы № 81 (3153) жарыяланды
Премьер-министр | К.А. Боронов |