Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 20-февралы № 96
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-декабрындагы № 319 "Кыргыз Республикасынын мыйзамдан келип чыгуучу актыларын укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, антикоррупциялык экспертизадан өткөрүү тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Иштелип чыккан ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун сапатын жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-мартындагы № 141 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги № 2377-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-2023-жылдарга планынын 117.3-пунктун эске алып, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-декабрындагы № 319 "Кыргыз Республикасынын мыйзамдан келип чыгуучу актыларын укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, антикоррупциялык экспертизадан өткөрүү тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мыйзамдан келип чыгуучу актыларын укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, антикоррупциялык экспертизадан өткөрүү тартиби жөнүндө нускамада:
- 18-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"18. Антикоррупциялык экспертиза
Антикоррупциялык экспертиза долбоордогу коррупциялык факторлорду аныктоо, алардын коррупциялык даражасын баалоо жана аларды жоюуга же чектөөгө багытталган сунуштарды иштеп чыгуу максатында жүргүзүлөт.
Антикоррупциялык экспертизанын милдеттери:
- долбоордогу коррупциялык укук бузууларды жасоого мүмкүндүк түзүүчү коррупциялык факторлорду аныктоо;
- коррупциялык укук бузуу мүмкүндүгү боюнча долбоорду кабыл алуунун кесепеттерин жалпы баалоо;
- ченемдик укуктук актыларды колдонуу процессиндеги коррупциялык мүнөздөгү тобокелдиктердин келип чыгуу мүмкүндүгүн болжолдоо;
- долбоордо аныкталган коррупциялык факторлорду жоюуга багытталган сунуштарды иштеп чыгуу жана чараларды керүү.
Антикоррупциялык экспертиза Кыргыз Республикасынын Конституциясына, "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, башка ченемдик укуктук актыларга жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык жүргүзүлөт.
Долбоорлорго антикоррупциялык экспертиза төмөнкү этаптардан турган жол-жоболорду камтыйт:
- даярдык көрүү этабы;
- антикоррупциялык талдоо;
- атайын-укуктук талдоо;
- корутундуну даярдоо жана тариздөө.
Даярдык көрүү этабы төмөнкүлөрдөн турат:
- долбоордун жөнгө салуучу предметин аныктоо;
- долбоорду антикоррупциялык баалоонун зарылдыгын жана аны деталдаштыруу даражасын аныктоо;
- долбоордун чечүүгө багытталган маселесин жана ушул маселени укуктук жөнгө салуунун зарылдыгын аныктоо;
- учурдагы кырдаалды, ошондой эле коррупцияга каршы күрөшүү жаатындагы Кыргыз Республикасынын программалык жана стратегиялык документтеринин артыкчылыктарын алып караганда долбоордун негиздүүлүгүн баалоо.
Антикоррупциялык талдоо долбоордун коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарга шайкеш экендигине жүргүзүлөт жана баалоону камтыйт, анын максаты төмөнкүлөр болуп саналат:
- толук тизмегин белгилебестен жана органдын же кызмат адамынын административдик кароосун чектебестен мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, кызмат адамдарынын ыйгарым укуктарын "укуктуу" формуласы боюнча аныктоо.
Мисал: Эмгек стажын белгилөө боюнча комиссия өзгөчө учурларда көп жылдык кызматына үстөк акы эсептөө үчүн кесиби боюнча иштеген мезгилин иш стажына киргизүү жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу. |
;
- административдик жол-жоболордун жоктугу же толук эместиги - мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары тарабынан белгилүү аракеттерди жүргүзүү тартибинин жоктугу жана (же) чечим кабыл алуу тартибинин жоктугу.
Мисал: Талапкерди кадрлардын ички резервине киргизүү тартибин мамлекеттик органдар өзүнүн ыктыяры боюнча аныктайт. |
;
- кызмат адамынын кеңири дискрециялык ыйгарым укугунун болушу - чечим кабыл алууга же аракеттерди жасоого мөөнөттөрдүн, шарттардын же негиздердин жоктугу же белгисиздиги, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, кызмат адамдарынын ыйгарым укуктарынын кайталанышы.
Мисал: Ачык тоорукка, аукционго, конкурска катышууга жана лицензия берүүгө төмөнкү учурларда баш тартылышы мүмкүн: - арыздын жана ага тиркелген документтердин туура эмес таризделиши; - ушул Жобонун 13-пунктуна ылайык талап кылынган бардык документтер берилбесе же аларда көрсөтүлгөн маалыматтар туура эмес болсо. Аталган сын пикирлерди жоюуда арыз каралат жана конкурстарга, ачык тооруктарга, аукциондорго катышуу же баш тартуу жөнүндө чечим комиссиянын кароосу боюнча кабыл алынат. |
;
- мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары үчүн тыюу салуулардын жана чектөөлөрдүн жоктугу.
Мисал: Резервдеги адам кадрлардын ички резервинин курамынын мөөнөтү аяктаганга чейин төмөнкү учурда чыгарылат: - жеке арызы берилгенде; - соттун айыптоо өкүмү менен кызматкер катарында иштөөгө же мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардагы белгилүү кызматтарды ээлөөгө тыюу салынганда; - соттун мыйзамдуу күчүнө кирген айыптоо өкүмүнө ылайык кызматкерге иштеген кызматын токтотуу жөнүндө жаза дайындалганда. Эскертүү: Бул мисал мамлекетгик жарандык жана муниципалдык кызматкерлерге тыюулардын жана чектөөлөрдүн бар экендигин көрсөтүп турат. |
;
- белгиленген тыюу салууларды жана чектөөлөрдү сактабагандыгы үчүн кызмат адамдарынын так жоопкерчилигинин жоктугу.
Мисал: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик администрацияларынын жетекчилери балдарды асырап алуу маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактабагандыгы үчүн административдик жоопкерчилик тартышат. Эскертүү: Жогоруда аталган бузуу боюнча административдик жоопкерчиликти белгилөөчү тиешелүү ченемдик укуктук акты жок болгон учурда сунушталып жаткан жобо потенциалдуу коррупциялык болуп саналат. |
;
административдик тоскоолдуктардын - жарандарга жана юридикалык жактарга карата белгисиз, аткарууга оор жана (же) түйшүктүү, анын натыйжасында коррупциялык шарттарды пайда кылуучу талаптардын болушу.
Мисал: Адвокаттык ишти жүргүзүү укугуна лицензия алуу үчүн төмөнкү документтер берилет: 1) белгиленген формадагы арыз; 2) ким экендигин күбөлөндүргөн документ; 3) жогорку юридикалык билимин ырастаган дипломдун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү; 4) бир жылдан кем эмес юридикалык стажын ырастаган эмгек китепчесинин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү; 5) никеси тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү (эгер никеде турса); 6) балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүнүн көчүрмөлөрү (балдары болсо). |
;
Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана мыйзамдарында каралбаган учурларда жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин чектөөчү тыюулар жана чектөөлөр, анын ичинде:
а) арыз ээсинин так регламенттелген укуктарынын жоктугуна долбоордун жоболорун баалоо;
б) лингвистикалык коррупциянын болушуна долбоордун жоболорун баалоо;
в) долбоордогу мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына белгиленген компетенциядан келип чыкпоочу мыйзам актыларын кабыл алууга мүмкүндүк берген жоболордун болушун талдоо.
Мисал: Лицензия алуу үчүн арыз ээси лицензиарга төмөнкүлөрдү тапшырат: 1) ушул Жобонун 1 жана 2-тиркемелерине ылайык форма боюнча лицензия берүү жөнүндө арыз; 2) арызды кароо жана лицензия берүү үчүн акы төлөнгөндүгүн ырастоочу документ; 3) мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү: - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин органдарында - юридикалык жактар үчүн; - мамлекеттик статистика органдарында - жеке жактар үчүн; - тиешелүү мамлекетте - Кыргыз Республикасында юридикалык жак же жеке ишкер катары катталбаган чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактар үчүн; 4) арыз ээсине салык төлөөчүнүн жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүнүн идентификациялык салык номери ыйгарылгандыгын ырастаган документтин көчүрмөсү. Зарыл учурда лицензиар арыз ээсинен жогоруда аталган тизмеде каралбаган кошумча документтерди талап кылууга укуктуу. |
;
- бир нече субъект талапкер болгон укуктарды берүүдө конкурстук же аукциондук жол-жоболордун жоктугу;
- мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, кызмат адамдарына карата маалыматты пайдалануу жана ачуу жол-жоболорунун, коомдук контролдоо механизмдеринин жоктугу.
Мисал: Мамлекеттик мүлккө ижара келишимин түзүү укугуна аукцион өткөрүү жөнүндө маалыматтык билдирүү аукцион өткөрүлгөн күнгө чейин 30 күндөн кечиктирбей аукциондун уюштуруучу белгилеген жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат. Маалыматтык билдирүү формасында милдеттүү жарыялоого тийиш болгон маалыматтардын толук тизмесин мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекитет. Аукциондун катышуучулары ижара объекти жөнүндө башка маалыматтар менен маалыматтык билдирүүдө көрсөтүлгөн жерде таанышууга укуктуу. |
;
- мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, кызмат адамдарында "кызыкчылыктардын кагылышуусу" жана аларды жоюу боюнча жол-жоболордун жоктугу.
Мисал: Кызматкерге карата тартиптик жазаны колдонуу жөнүндө мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими ошол мамлекеттик органда даттанылышы мүмкүн. Эскертүү: - Бул учурда тартиптик жазаны колдонуу жөнүндө чечимди кызматкер "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 35-беренесинде белгиленген тартипте даттана алат. 1. Тартиптик жазаны колдонуу жөнүндө чечимди кызматкер ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, ал эми ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен макул болбогон учурда - сотто, чечим менен таанышкан күндөн тартып эки айдын ичинде даттана алат. 2. Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын тартиптик жазаны колдонуу жөнүндө чечиминин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү кызматкерге чечим кабыл алынган күндөн тартып 3 жумуш күндүн ичинде берилет. |
;
- мамлекеттик (муниципалдык) кызматкерге колдонулуучу жобону өзү тандоого мүмкүндүк берген ар түрдүү укуктук актылардын ортосундагы коллизиялардын - карама-каршылыктардын болушун талдоо;
- мыйзам актыларын кабыл алуу жол-жоболорунун бузулушу;
- кызыкчылыктар балансынын бузулушу - бир топтун (топтордун) кызыкчылыктарына зыян келтирүү менен башка (бир нече) топтун кызыкчылыктарына артыкчылык берүү.
Атайын-укуктук талдоо төмөнкүлөрдөн турат:
- долбоордун жоболорунун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын коррупцияга каршы багытталган ченемдерине шайкештигин баалоо;
- долбоордун жоболорунун Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине, ошондой эле коррупцияга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине шайкештигин баалоо;
- долбоорго тиешелүү болгон чөйрөдөгү ченемдик жөнгө салуунун абалын баалоо;
- тиешелүү чөйрөдөгү мыйзамдардын системасында долбоордун потенциалдуу ордун аныктоо.
Долбоордун Кыргыз Республикасынын Конституциясына шайкештигин баалоодо эксперт төмөнкүлөрдү эске алуусу керек:
- органдардын жана кызмат адамдарынын компетенциясын жана ыйгарым укуктарын чектөө боюнча ченемдерди;
- органдар жана кызмат адамдары үчүн белгиленген тыюу салууларды жана чектөөлөрдү;
- органдар жана кызмат адамдары үчүн жоопкерчилик жөнүндө принциптерди жана жоболорду;
- мамлекеттик органдардын ачыктыгы жана айкындуулугу жөнүндө принциптерди;
- жарандардын укуктарын коргоо боюнча жоболорду, ашыкча талаптарды (административдик тоскоолдуктарды) түзүүгө тыюу салууларды.
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Конституциясы: 3-берене. Кыргыз Республикасында мамлекеттик бийлик: 1) бүткүл эл тарабынан шайланган Жогорку Кеңеш жана Президент өкүл болгон жана камсыз кылган элдик бийликтин үстөмдүгүнүн; 2) мамлекеттик бийликти бөлүштүрүүнүн; 3) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын эл алдындагы жоопкерчилигинин жана ачыктыгынын, өз ыйгарым укуктарын элдин кызыкчылыгында жүзөгө ашыруусунун; 4) мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш милдеттери менен ыйгарым укуктарын так ажыратуунун принциптерине негизденет. 52-берене. 5. Башка жарандыгы бар Кыргыз Республикасынын жарандары саясий мамлекеттик кызматты жана соттордун кызмат ордун ээлөөгө укуксуз. Мындай чектөө башка мамлекеттик кызматтар үчүн да мыйзам менен белгилениши мүмкүн. 95-берене. 1. Кыргыз Республикасынын бардык сотторунун судьялары жүрүм-туруму кынтыксыз болуп турганда кызмат орундарын ээлеп турат жана өз ыйгарым укуктарын сактап калат. Судьялардын жүрүм-турумунун кынтыксыздыгынын талаптарын бузуу конституциялык мыйзам менен аныкталган тартипте судьяларды жоопкерчиликке тартуу үчүн негиз болуп эсептелет. 33-берене. 3. Ар ким мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын, мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары катышкан юридикалык жактардын, ошондой эле республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден каржыланган уюмдардын иштери тууралуу маалыматтарды алууга укуктуу. 16-берене. 2. Кыргыз Республикасы өз аймагынын чегинде, өзүнүн юрисдикциясында турган бардык адамдардын укуктары менен эркиндиктерин урматтайт жана камсыз кылат. Эч ким жынысы, расасы, тили, майыптуулугу, этноско таандыктыгы, туткан дини, курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлары боюнча кодулоого алынышы мүмкүн эмес. |
Долбоордун Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине, ошондой эле коррупцияга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине шайкештигин баалоодо эксперт долбоордун коррупцияга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерге шайкеш экендигин аныктоосу зарыл.
Антикоррупциялык экспертизаны өткөрүүдө долбоордун ар бир ченемине же жобосуна, ошондой эле долбоордун жоболорунун аталган чөйрөдөгү ченемдик укуктук актыларга дал келүү деңгээлине талдоо жүргүзүлөт.
Эксперттик корутундуну даярдоо жана тариздөө.".
2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги:
1) ушул токтомду жетекчиликке жана аткарууга алсын;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдан келип чыгуучу актыларын укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, антикоррупциялык экспертизадан өткөрүү тартиби жөнүндө нускаманы колдонуу боюнча аткаруу бийлигинин органдарынын юридикалык кызматтары үчүн окутуу иштерин уюштуруу чараларын көрсүн.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 17-мартындагы № 28 (3100) жарыяланды
Премьер-министр | К.А. Боронов |