Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-июнундагы № 343 токтомуна) |
Эсеп-фактураны электрондук документ түрүндө түзүүнүн жана жүгүртүүнүн тартиби
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 4-октябрындагы №197 токтомуна ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип электрондук документ түрүндөгү эсеп-фактуралардын маалыматтык системасынын катышуучуларына карата колдонулат жана эсеп-фактураны электрондук документ түрүндө жүгүртүүдө (мындан ары - тариздөө/алуу), анын ичинде кошумча (мындан ары - түзөтүлүүчү), электрондук кол тамганы колдонуу менен электрондук өз ара аракеттенүүнүн катышуучуларынын (мындан ары - электрондук документ жүгүртүүнүн катышуучулары) ортосунда документ жүгүртүүнүн жол-жоболорун белгилейт.
2. Ушул Тартипте төмөнкүдөй түшүнүктөр жана аныктамалар колдонулат:
1) виртуалдык кампа - товарларды жана электрондук документтерди эсепке алууга мүмкүндүк берген Кыргыз Республикасынын салыктык башкаруусунун маалыматтык системасынын компоненти;
2) электрондук документтер түрүндөгү эсеп-фактуралардын маалыматтык системасы - салык кызматынын органдары тарабынан колдонулуучу Кыргыз Республикасынын салыктык башкаруусунун маалыматтык системасынын модулу (мындан ары - ЭЭФ МС);
3) салык төлөөчү - Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык жагдайлар болгон учурда салыктарды төлөө жана эсеп-фактураны тариздөө милдети жүктөлгөн субъект;
4) эсеп-фактуранын номери - Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык ЭЭФ МСте түзүлүүчү эсеп-фактуранын уникалдуу генерацияланган номери;
5) салык төлөөчүнүн профили - электрондук документ жүгүртүүгө катышуу үчүн ЭЭФ МСтеги электрондук сервис;
6) эсеп-фактура - товарды сатууда, жумуштарды аткарууда жана кызматтарды көрсөтүүдө салык төлөөчү тарабынан салык мыйзамдарына ылайык электрондук документ же кагаз жүзүндөгү документ түрүндө таризделүүчү салыктык документ;
7) ЭЭФ МС катышуучусунун эсептик системасы - алгачкы эсепке алуу документтеринин маалыматын, бухгалтердик эсепке алуу регистрлерин, салык салынуучу объекттер жана/же салык салууга байланыштуу объекттер жөнүндө маалыматты камтыган, салыктык милдеттерди аткаруу максатында жүргүзүлүүчү бухгалтердик жана салыктык эсепке алуу системасы;
8) салык төлөөчүнүн электрондук кол тамгасы (мындан ары - ЭК) -электрондук башкаруу жана электрондук кол тамга жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аккредитацияланган күбөлөндүрүүчү борбор тарабынан берилген электрондук кол тамга;
9) электрондук документ жүгүртүү - эсеп-фактураларды тариздөө/алуу, ошондой эле ЭЭФ МСте эсеп-фактураларга номерлерди ыйгаруу;
10) Excel жана xml форматы - Microsoft Office Excel электрондук таблицалары менен иштөө үчүн программалык камсыздоо файлдарынын форматы.
3. Ушул Тартипте колдонулуучу терминдер жана аныктамалар ушул Тартипте аныкталган мааниде чечмеленет. Ушул Тартиптеги терминдердин жана аныктамалардын чечмелениши болбогон учурда, терминдер жана аныктамалар Кыргыз Республикасынын тийиштүү мыйзамдарында жана/же Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары - ЕАЭБ) укугунда аныкталган мааниде чечмеленет.
4. Электрондук документ жүгүртүүнүн катышуучулары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) салык төлөөчү - ушул Тартипке ылайык ЭЭФ МСте катталган жеткирүүчү жана сатып алуучу;
2) салык кызматынын органдары.
5. ЭЭФ МС эсеп-фактураларды жүгүртүүдө (тариздөөдө/алууда) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген доонун эскирүү мөөнөтүндө маалыматтын сакталышын камсыз кылат.
6. Эсеп-фактуранын түрлөрү:
1) "электрондук документ түрүндөгү эсеп-фактура" (мындан ары - ЭЭФ) ЭЭФ МСте таризделген электрондук салыктык документ;
2) "кагаз жүзүндөгү эсеп-фактура" (мындан ары - кагаз жүзүндөгү ЭЭФ) - салык кызматынын органдары ыйгарган белгиленген реквизиттерди, номерди камтуучу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарына шайкеш келген кагаз жүзүндөгү салыктык документ.
2-глава. Электрондук документ жүгүртүүнүн катышуучусун - салык төлөөчүнү каттоо жана аны жокко чыгаруу
7. ЭЭФ МСте электрондук документ жүгүртүүнүн катышуучусу катары катталган салык төлөөчү ЭЭФ МСте ЭЭФти тариздейт/алат жана ЭЭФ ыйгарылган номерлерин колдонот.
8. Электрондук кол тамганы текшерүү ачкычынын квалификацияланган сертификаты Кыргыз Республикасынын электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү жана электрондук кол тамга жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте аккредитацияланган күбөлөндүрүүчү борбор тарабынан берилет.
9. Салык төлөөчү - электрондук документ жүгүртүүнүн катышуучусу (мындан ары - салык төлөөчү):
1) электрондук башкаруу жана электрондук кол тамга жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык электрондук кол тамганы алат;
2) ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык форма боюнча ЭЭФ МСке салык төлөөчүнү каттоого/кайра каттоого арызды салыктык катталган жери боюнча салык органына берет;
3) салык төлөөчүнүн профилине уруксат алат.
10. Эгерде салык төлөөчүдө кошумча нарк салыгы (мындан ары - КНС) боюнча каттоо жокко чыгарылса же ал акыркы 12 (он эки) айдын ичинде товарларды импортко жана/же экспортко жөнөтпөсө жана/же байкоого алына турган товарларды жүгүртпөсө, анда мындай салык төлөөчү ушул тартиптин 1-тиркемесине ылайык форма боюнча электрондук кол тамга коюлган салык төлөөчүнүн ЭЭФ МСте каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө тиешелүү арызды салык төлөөчүнүн профили аркылуу жөнөтүүгө укуктуу.
11. Салык органы:
1) ушул Тартиптин 9-пунктунун 2-пунктчасында көрсөтүлгөн арыз келип түшкөндөн кийинки күндөн тартып бир жумуш күндөн кечиктирбей салык төлөөчүнү ЭЭФ МСке каттайт/кайра каттайт.
2) ушул Тартиптин 10-пунктунда көрсөтүлгөн арыз келип түшкөндөн кийинки күндөн тартып беш жумуш күндөн кечиктирбей салык төлөөчүнүн ЭЭФ МСтеги каттоосун жокко чыгарат.
3-глава. Эсеп-фактураны электрондук документ түрүндө тариздөө жана колдонуу
§ 1. ЭЭФ МСте ЭЭФти тариздөө/алуу (колдонуу) жол-жоболору
12. ЭЭФ МСте ЭЭФти тариздөө/алуу виртуалдык кампанын жардамы менен төмөнкүлөр аркылуу жүзөгө ашырылат:
1) ЭЭФ МСте ЭЭФти бир жолу тариздөөнү/алууну же ЭЭФти пакеттик жүктөөнү/түшүрүүнү реалдуу режимде жүзөгө ашырууга мүмкүндүк берген салык төлөөчүнүн профили;
2) салык төлөөчүнүн эсептик системаларына салык төлөөчүнүн профилинде каралган бардык операцияларды ЭЭФ МСте аткарууга мүмкүндүк берген тышкы программалык интерфейс.
13. ЭЭФ МС колдонуучунун колдонмосу жана ЭЭФти пакеттик жүктөөнүн/жүктөп берүүнүн форматтары ыйгарым укуктуу салык органынын расмий сайтында жайгаштырылууга тийиш.
14. ЭЭФтин оригиналы, башкача айтканда, түп нускасы болуп салык төлөөчүнүн электрондук кол тамгасы коюлган ЭЭФ МСте камтылган электрондук документ эсептелет.
15. ЭЭФ таризделген дата болуп ЭЭФ МС аркылуу жеткирүүчүдөн сатып алуучуга ЭЭФ келип түшкөн дата эсептелет.
Эгер ЭЭФ МСте генерацияланган номер жана электрондук кол тамга камтылса, ЭЭФ таризделген болуп эсептелет.
16. Сатып алуучу ЭЭФти алган дата болуп ЭЭФ МС аркылуу сатып алуучуга жеткирүүчү тарабынан ЭЭФ тариздеген дата эсептелет.
Эгерде сатып алуучунун профилине сатуучунун ЭЭФ МСте генерацияланган номери жана электрондук кол тамгасы камтылган ЭЭФ келип түшсө, ЭЭФ алынды деп эсептелет.
17. Сатып алуучу ЭЭФ алууда:
1) ЭЭФ алганын ырастайт;
2) ЭЭФ алуудан баш тартат.
Сатып алуучу ЭЭФти алуудан баш тарткан учурда, мындай ЭЭФ жокко чыгарылды деп эсептелет.
18. Ушул тартиптин 17-пунктунда каралган сатып алуучунун жана жеткирүүчүнүн иш-аракеттери сатып алуучу таризделген ЭЭФти алган күндөн тартып он календардык күндүн ичинде ишке ашырылат.
19. Эгерде сатып алуучу ушул Тартиптин 18-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде ЭЭФти алгандыгын ырастабаса же ЭЭФти алуудан баш тартпаса, ЭЭФ алынды деп эсептелет.
20. Жеткирүүчү мурда таризделген жана сатып алуучу тарабынан кабыл алынбаган ЭЭФти, ал таризделген күндөн тартып он календардык күндүн ичинде кайра чакыртып алууга укуктуу.
Жеткирүүчү мурда таризделген, анын ичинде түзөтүлүүчү ЭЭФти кайра чакыртып алган учурда, мындай ЭЭФ жокко чыгарылды деп эсептелет.
21. ЭЭФти чакыртып алуу ал таризделген күндөн тартып он календардык күн өткөндөн кийин мүмкүн эмес.
22. Жеткирүүчү сатып алуучуга ЭЭФти тариздөөдө:
1) ушул Тартипке ылайык ЭЭФти түзөт;
2) ЭЭФ МС аркылуу сатып алуучуга ЭЭФти жиберет.
23. КНС боюнча ошол өткөн салыктык мезгилде ишке ашырылган жеткирүүлөргө эсеп-фактура ушул Тартиптин 24-пунктун кошпогондо, КНС боюнча өткөн салыктык мезгилдин акыркы күнүнөн кийинки он жумуш күндөн кечиктирбей таризделет.
Мисалы: салык төлөөчү 31-майда товарды жеткирген же кызматтарды көрсөткөн. Ал эсеп-фактурада жеткирүүнүн иш жүзүндөгү датасын - 31-май деп көрсөтүү менен ошол жеткирүү боюнча эсеп-фактураны июндун онунчу жумуш күнүнүн ичинде тариздөөгө укуктуу.
24. КНС боюнча ошол өткөн салыктык мезгилде калкка берилген жылуулук энергиясын, электр энергиясын, жаратылыш газын, берүүгө электр энергетика рыногунда электр энергиясын жоготууларынын баланстарын жана эсептерин берүү боюнча кызматтарды көрсөтүүгө, ошондой эле электр байланыш, суу менен жабдуу жана канализация кызматтарын көрсөтүүгө эсеп-фактура КНС боюнча өткөн салыктык мезгилдин акыркы күнүнөн кийинки айдын 25инен кечиктирбей таризделет.
Мисалы: Салык салынуучу субъект 31-майда жылуулук энергиясын, электр энергиясын, ошондой эле электр байланышы, суу менен жабдуу жана канализация кызматтарын көрсөткөн. Ал кызмат көрсөтүүнүн иш жүзүндөгү датасын эсеп-фактурада - 31-май деп көрсөтүү менен ошол кызмат көрсөтүү боюнча эсеп-фактураны 25-июнга чейин тариздейт.
241. Ушул Тартиптин 23 жана 24-пункттарында каралган мөөнөттөр 2020-жылдын 1-августунан тартып 31-декабрына чейинки мезгилге эсеп-фактураларды тариздөөгө жайылтылбайт.
Мындай учурда салык төлөөчү 2020-жылдын 1-июлунан тартып 30-ноябрына чейинки мезгилде жүзөгө ашырылган жеткирүүлөргө эсеп-фактураны 2020-жылдын 31-декабрына чейин тариздөөгө укуктуу.
§ 2. ЭЭФ МСте катталган жеткирүүчү тарабынан ЭЭФ МСте катталбаган сатып алуучуга ЭЭФтин таризделиши
25. Эгерде сатып алуучу ЭЭФ МСте ЭЭФ электрондук документ жүгүртүүнүн катышуучусу катары катталбаса, жеткирүүчү:
1) электрондук кол тамганы колдонуу менен ЭЭФ МСте ЭЭФти тариздейт;
2) ЭЭФ МСтен каттоо номери менен таризделген ЭЭФти басып чыгарат;
3) ушул пунктка ылайык таризделген ЭЭФтин басып чыгарылган нускасын сатып алуучуга берет.
4-глава. Тышкы факторлор боюнча ЭЭФ МС ишинде бузулууларда жана ал жеткис күчтүн жагдайлары келип чыкканда кагаз жүзүндөгү ЭЭФти жүгүртүүнүн өзгөчөлүктөрү
26. ЭЭФ кагаз жүзүндө төмөнкү мезгилде таризделиши мүмкүн:
1) тышкы факторлор боюнча ЭЭФ МС ишиндеги бузулууларда;
2) ал жеткис күчтүн жагдайлары келип чыкканда, башкача айтканда алдын алууга же болтурбоого мүмкүн болбогон, же болбосо алдын алууга мүмкүн, бирок болтурбоого мүмкүн болбогон жер титирөө, суу каптоо сыяктуу табигый кырсыктардын же башка жагдайлардын натыйжасында келип чыккан өзгөчө жана болтурбоого мүмкүн эмес жагдайлар келип чыкканда. Аталган жагдайлар атайын далилдөө каражаттарына муктаж эмес жалпыга белгилүү фактылар, жалпыга маалымдоо каражаттарындагы басылмалар же башка ыкмалар менен белгиленет.
27. Тышкы факторлор боюнча ЭЭФ МС ишинде бузулуулар болгон учурда, тийиштүү маалымат ыйгарым укуктуу салык органынын расмий сайтына жайгаштырылат.
28. Ал жеткис күчтүн жагдайлары келип чыкканда же тышкы факторлор боюнча ЭЭФ МС ишинде бузулуулар болгон учурда, салык төлөөчү:
1) ЭЭФти кагаз жүзүндө тариздөө зарылдыгы келип чыкканда салыктык катталган жери боюнча салык органына берилүүчү, ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык форма боюнча кагаз жүзүндөгү эсеп-фактуралардын номерлерин алууга салык төлөөчүнүн арызында ал жеткис күчтүн жагдайлары келип чыккан датаны көрсөтөт;
2) салыктык катталган жери боюнча салык органына кагаз жүзүндөгү ЭЭФтин экинчи нускасын берет;
3) эгерде ал КНС боюнча катталбаса, кагаз жүзүндөгү ЭЭФ таризделген айдан кийинки айдын 25инен кийинки күндөн кечиктирбей, Excel форматында электрондук түрдөгү ЭЭФти милдеттүү түрдө берүү менен ушул Тартиптин 3-тиркемесине ылайык кагаз жүзүндөгү эсеп-фактуралардын колдонулбаган номерлеринин калдыгын жана таризделген ЭЭФтин реестрин тиркөө менен.
29. Салык органы ушул Тартиптин 28-пунктунда көрсөтүлгөн документтер келип түшкөн күндөн тартып эки жумуш күндүн ичинде ЭЭФтин колдонулбаган номерлеринин калдыктарын ал жеткис күчтүн жагдайлары токтогондо же тышкы факторлор боюнча ЭЭФ МС ишиндеги бузулуулар оңдолгон учурдан тартып жараксыз деп тааныйт.
30. Кагаз жүзүндөгү ЭЭФтин номерлерин алуу, тариздөө, колдонуу жана номерлерин жараксыз деп таануу ушул Тартиптин 5-главасына ылайык ишке ашырылат.
5-глава. Тышкы факторлор боюнча ЭЭФ МС ишиндеги бузулууларда жана ал жеткис күчтүн жагдайлары келип чыкканда салык төлөөчү кагаз жүзүндөгү ЭЭФтин номерлерин алышы, тариздеши жана колдонушу
31. Ушул Тартиптин 4-главасында аталган учурларда, жеткирүүчү:
1) салыктык катталган жери боюнча салык органына ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык форма боюнча кагаз жүзүндөгү эсеп-фактуралардын номерлерин алууга салык төлөөчүнүн арызын (мындан ары - номерлерди алууга арыз) берет;
2) кагаз жүзүндөгү ЭЭФти үч нускада тариздейт:
биринчи нусканы сатып алуучуга берет;
экинчи нусканы салыктык катталган жери боюнча салык органына берет:
- эгерде ал КНС төлөөчү катары катталган болсо, салыктык мезгил үчүн КНС боюнча отчет менен бирге;
- кагаз жүзүндөгү ЭЭФ, эгерде ал КНС боюнча катталбаса, таризделген айдан кийинки айдын 25инен кийинки күндөн кечиктирбей, Excel форматында электрондук алып жүрүүчүдөгү ЭЭФти милдеттүү түрдө берүү менен, ушул Тартиптин 3-тиркемесине ылайык кагаз жүзүндөгү эсеп-фактуралардын колдонулбаган номерлеринин калдыгы жана таризделген ЭЭФ реестрин тиркөө менен бирге;
үчүнчү нусканы өзүндө сактайт.
32. Кагаз жүзүндөгү ЭЭФ эсеп-фактураларды тариздөөнүн жана колдонуунун тартибине ылайык толтурулат.
33. Номерлерин алууга арызды салык төлөөчү же анын жазуу жүзүндөгү буйругуна ылайык дайындалган ыйгарым укуктуу адамы тарабынан салыктык катталган жери боюнча салык органына кагаз жүзүндө, өзү барып берет.
Ыйгарым укуктуу адамды дайындоо жөнүндө жазуу жүзүндөгү буйруктун түп нускасы салык төлөөчү тарабынан ошол адам дайындалган күндөн тартып он жумуш күндүн ичинде салыктык катталган жери боюнча салык органына берилет.
34. Номер алууга арыз бирдей маалыматтар менен эки нускада толтурулат.
Номер алууга арыздын формасындагы бош жерлер сызып өчүрүүсүз, булгабай жана оңдоолору жок толтурулушу керек.
35. Номер алууга арыздын биринчи нускасы салык органында анын катталгандыгы (келип түшкөн датасы жана убактысы) жөнүндө белги менен, ошондой эле ушул арызды кабыл алган салык органынын кызматкеринин маалыматтары менен салык төлөөчүгө кайтарылат.
Номер алууга арыздын экинчи нускасы салык органында калат, анын негизинде ушул Тартипке ылайык салык органы тарабынан тийиштүү чечим кабыл алынат.
36. Салык төлөөчүнүн салыктык катталган жери боюнча салык органынын кагаз жүзүндөгү ЭЭФине номер берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим ыйгарым укуктуу салык органы белгилеген форма боюнча кабыл алынат жана төмөнкүдөй тапшырылат:
1) учурдагы жумуш күндүн аягына чейин, эгерде номер алууга арыз салык төлөөчү тарабынан саат 12ге чейин берилсе;
2) эгерде номер алууга арыз салык төлөөчү тарабынан саат 12ден кийин берилсе, кийинки жумуш күнү саат 12ге чейин.
37. Салык төлөөчү номер алууга арыз берген күндөн тартып он календардык күндөн ашпаган мөөнөттө өзү келип, ыйгарым укуктуу адамынын ким экендигин ырастоочу документинин түп нускасын көрсөтүү менен кагаз жүзүндөгү ЭЭФке номер берүү жөнүндө чечимди же ЭЭФке номер берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимди кабыл алат.
38. Эгерде салык төлөөчү ушул Тартиптин 37-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөттө келбесе, салык органы ыйгарым укуктуу салык органы белгиленген форма боюнча кагаз жүзүндөгү ЭЭФке номер берүү жөнүндө чечимин жокко чыгаруу тууралуу чечимди кабыл алат.
39. Кагаз жүзүндөгү ЭЭФке номер берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим, ушундай чечим кабыл алынган күндөн тартып он календардык күн өткөндөн кийин иш жүзүндө жайгашкан жери же юридикалык дареги боюнча почта аркылуу заказ кат менен жиберилет.
40. Кагаз жүзүндөгү ЭЭФке номер берүү жөнүндө мурда кабыл алынган чечимди жокко чыгаруу тууралуу чечим иш жүзүндө жайгашкан жеринин дареги же юридикалык дареги боюнча почта аркылуу заказ кат менен жиберилет.
41. Эгерде салык төлөөчүдө календардык айдын ичинде кагаз жүзүндөгү ЭЭФ номерине кошумча муктаждык пайда болсо, салык төлөөчү салыктык катталган жери боюнча салык органына төмөнкүлөрдү берет:
1) кагаз жүзүндөгү эсеп-фактурага номер алууга салык төлөөчүнүн арызын;
2) Excel форматында кагаз жана электрондук түрдө таризделген ЭЭФтин экинчи нускаларын;
3) ушул Тартиптин 3-тиркемесине ылайык форма боюнча учурдагы календардык айда кагаз жүзүндөгү эсеп-фактуралардын колдонулбай калган номерлеринин калдыктарын жана таризделген ЭЭФ реестрин.
42. Салык органы ушул Тартипке ылайык салык төлөөчүнүн номер алууга берген арызынын негизинде кагаз жүзүндөгү ЭЭФке номерлердин билдирилген санын ыйгарат:
1) кагаз жүзүндөгү ЭЭФке мурда берилген пайдаланылбаган номерлерди эске алуу менен орточо айлык үч эсе муктаждыгынан ашпаган өлчөмдө;
2) салык отчетун келген мөөнөтү боюнча берген шартта.
43. Салык органы тарабынан кагаз жүзүндөгү ЭЭФке номер берүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп төмөнкүлөр саналат:
1) отчетту берүү мөөнөтү келген учурда мурунку салыктык отчет мезгили үчүн отчеттун берилбеши;
2) салык органынын тиешелүү чечимин алууга ыйгарым укуктуу адам жөнүндө салык төлөөчүнүн жазуу жүзүндөгү буйругунун түп нускасынын жоктугу;
3) ушул Тартипте каралган документтердин берилбеши;
4) салык төлөөчүнүн башкаруу органдарынын кызмат адамдары төмөнкүдөй субъекттердин уюштуруучулары болуп саналган же уюштурган, ошол субъекттерге жетекчилик кылган же мурда жетектеген, өз ара көз каранды субъекттин аныктамасына туура келген бир же бир нече катышуучулар жөнүндө маалыматтын болушу:
ошол субъекттердин ишинде жалган бүтүмдөрдү түзүүдө, жеткирүүнү көздөбөгөн түрлөр үчүн таризделген эсеп-фактуралар, анын ичинде ЭЭФ аныкталганда;
ошол субъекттерге карата салыктык укук бузуу фактылары боюнча кылмыш иши козголгон учурда.
44. Кагаз жүзүндөгү ЭЭФке мурда берилген номерлерди салык органы тарабынан жараксыз деп таануу ушул Тартиптин 4-тиркемесине ылайык форма боюнча кагаз жүзүндөгү эсеп-фактуралардын номерлерин жараксыз деп таануу жөнүндө арызды төмөнкүлөр берген учурда жүргүзүлөт:
1) уюм жоюлганда же жеке ишкер экономикалык ишин токтоткон учурда;
2) салык салынган субъект КНС төлөөчү катары өзүнүн каттоосун жокко чыгарган учурда;
3) атайын администратор салык төлөөчүнү банкрот деп тааныган учурда, анын ичинде КНС төлөөчү катары каттоону жокко чыгаруу жөнүндө арызды.
45. Кагаз жүзүндөгү ЭЭФтин колдонулбаган номерлерин жараксыз деп таануу жөнүндө чечимди кагаз жүзүндөгү эсеп-фактуралардын колдонулбаган номерлеринин калдыгынын жана таризделген ЭЭФ реестринин, ошондой эле салык төлөөчү берген тиешелүү салыктык мезгил үчүн КНС боюнча салык отчетторунун негизинде салык органы кабыл алат.
46. Салык төлөөчү төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
1) кагаз жүзүндөгү ЭЭФке алынган номерлерди өсүү тартибинде катар номери боюнча гана пайдаланууну;
2) күн сайын, жумуш күндүн аягында кагаз жүзүндө таризделген ЭЭФтин реквизиттерин салык төлөөчү тарабынан бекитилген салык саясатына ылайык жеткирүүлөрдү жана сатып алууларды эсепке алуу боюнча атайын регистрлерге киргизүүнү. Жеткирүүлөрдү жана сатып алууларды эсепке алуу боюнча атайын регистрлер кагаз жүзүндөгү ЭЭФтин бекитилген формасынын бардык реквизиттерин камтууга тийиш. Жеткирүүлөрдү жана сатып алууларды эсепке алуу боюнча көрсөтүлгөн атайын регистрге киргизилген суммалар салык отчетунда камтылган суммаларга шайкеш келиши керек;
3) бардык жүргүзүлгөн операцияларга кагаз жүзүндөгү таризделген ЭЭФти сактоону.
47. Салык төлөөчү кагаз жүзүндөгү ЭЭФке алынган номерлерди башка субъектке берүүгө укугу жок.
Салык органы тарабынан бир салык төлөөчүгө кагаз жүзүндөгү ЭЭФке берилген номери башка салык төлөөчү тарабынан таризделген ушундай номери менен кагаз жүзүндөгү ЭЭФ башка салык төлөөчү тарабынан колдонулган фактысы аныкталган учурда, алар жараксыз деп таанылат жана мындай ЭЭФ боюнча КНСтин суммасы чегерилүүгө тийиш эмес, ал эми товардык-материалдык баалуулуктарды сатып алуу боюнча чыгымдар эсептен чыгарылбайт.
Мындай фактылар боюнча материалдар тиешелүү чараларды көрүү үчүн экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча тиешелүү ыйгарым укуктуу органга жана маалымат катары ыйгарым укуктуу салык органына жиберилет.
48. Кагаз жүзүндөгү ЭЭФке салык органы тарабынан берилген номерлерди колдонуу боюнча иштерди уюштуруу үчүн мыйзамда белгиленген тартипте жооптуу болуп ушул Тартиптин 33 жана 49-пункттарында аталган жетекчи, башкы бухгалтер жана салык төлөөчүнүн ыйгарым укуктуу адамы эсептелет.
49. Кыргыз Республикасынын жарандыгы бар жеке жак болуп эсептелген салык төлөөчүнүн ыйгарым укуктуу адамы төмөнкүлөргө жооптуу:
1) ушул Тартипте каралган арыздарды салык органына берүүгө;
2) салык органынын тиешелүү чечимин алууга;
3) кагаз жүзүндөгү ЭЭФти тариздөөгө, колдонууга жана сактоого.
50. Контрагенттердин бири (жеткирүүчү же сатып алуучу) кагаз жүзүндөгү таризделген ЭЭФти бузуп же жоготуп алган учурда, башка контрагент биринчи контрагентке кагаз жүзүндөгү таризделген ЭЭФтин кол коюлуп жана мөөр менен күбөлөндүрүлгөн, сакталып калган түп нускасынын көчүрмөсүн бериши мүмкүн.
6-глава. Эсеп-фактураларды жүгүртүүнүн өзгөчөлүктөрү
51. Эсеп-фактурага оңдоп-түзөтүлүүчү ЭЭФ, анын ичинде ЭЭФ МСте камтылбаган, кагаз жүзүндө жазып берилген эсеп-фактурасы жана аны көчүрүү учурунда пайда болбогон электрондук түрдө тариздөө боюнча милдет ушул Тартиптин 3, 4 жана 5-главаларына ылайык жеткирүүчү тарабынан таризделет.
52. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде белгиленген мөөнөттө КНС боюнча отчет берилүүчү айдан кийинки айдын 15ине чейин КНС боюнча отчет берилбесе жана/же эсеп-фактураларды тариздөөнүн жана колдонуунун белгиленген тартибин, ошондой эле ушул Тартипти бузуу менен берилсе, салык төлөөчү тарабынан таризделген эсеп-фактураларды жараксыз деп таануу жөнүндө чечим салык органы тарабынан кабыл алынат.
Эсеп-фактураларды жараксыз деп таануу жөнүндө чечимдин формасы ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилет.
53. Жараксыз деп таанылган эсеп-фактуранын номерлери ушул Тартипке ылайык салык төлөөчү тарабынан пайдаланылбайт.
54. Жараксыз деп таанылган эсеп-фактура боюнча сатып алынган материалдык ресурстар үчүн КНСтин суммасы жана салык салынуучу жеткирүүнүн наркы оңдоп-түзөтүлүүгө тийиш эмес.
|
| Эсеп-фактураны электрондук документ түрүндө түзүүнүн жана жүгүртүүнүн тартибине 1-тиркеме |
ESF STI-001
ЭЭФ Мсте салык төлөөчүнү каттоо/кайра каттоо же каттоону жокко чыгарууга арыз
|
| Эсеп-фактураны электрондук документ түрүндө түзүүнүн жана жүгүртүүнүн тартибине 2-тиркеме |
ESF STI-002
Кагаз жүзүндөгү Эсеп-фактуралардын номерлерин алууга салык төлөөчүнүн арызы
|
| Эсеп-фактураны электрондук документ түрүндө түзүүнүн жана жүгүртүүнүн тартибине 3-тиркеме |
ESF STI-003
Таризделген ЭЭФ жана кагаз жүзүндөгү эсеп-фактуралардын колдонулбаган номерлеринин калдыктарынын РЕЕСТРИ
|
| Эсеп-фактураны электрондук документ түрүндө түзүүнүн жана жүгүртүүнүн тартибине 4-тиркеме |
ESF STI-004
Кагаз жүзүндөгү эсеп-фактуралардын номерлерин жараксыз деп таануу тууралуу АРЫЗ