Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 17-февралы № 86
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Москва районундагы Биринчи май айыл аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу жөнүндө
Өнөр жай объекттерин жайгаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4 жана 20-беренелерине, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Чүй облусунун Москва райондук мамлекеттик администрациясынын 2019-жылдын 26-июлундагы № 182-б буйругун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2019-жылдын 13-августундагы № АН-05-683 корутундусун көңүлгө алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Битум" жоопкерчилиги чектелген коомунун жеке менчигинде турган, Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Москва районундагы Биринчи май айыл аймагында (№ 48 контур) жайгашкан 2,4 га курулуш алдындагы жерлер мунай базасын куруу максатында "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Москва райондук мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 28-февралындагы № 23 жарыяланды
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |