Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 17-февралы № 87
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Араван районундагы Алля Анаров айыл аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу жөнүндө
Ош облусунун Араван районундагы Алля Анаров айыл аймагынын жашоочуларын жеке турак үйлөрдү куруу үчүн жер участоктору менен камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4 жана 20-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы № 03/1524 буйругун, Ош облусунун Араван райондук мамлекеттик администрациясынын 2019-жылдын 30-октябрындагы № 75 токтомун көңүлгө алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Араван районундагы Алля Анаров айыл аймагынын № 10 (8,24 га), № 20 (1,89 га), № 35 (5,48 га), № 36 (0,90 га), № 56 (1,25 га), № 57 (3,14 га), № 58 (2,25 га), № 352 (10,61 га), № 366 (6,22 га), № 380 (6,71 га), № 474 (0,53 га), № 481-(0,47 га), № 479 (0,40 га), № 479 (0,59 га), № 1236 (7,78 га) жана № 1239 (1,42 га) контурларында жайгашкан 57,88 га жайыт жерлери жеке турак үйлөрдү куруу үчүн "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Араван райондук мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну.
3. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Араван районундагы Алля Анаров айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органына төмөнкүлөр сунушталсын:
- кайтарылуучу зонанын долбооруна ылайык археологиялык эстелик ("Сасык-Үңкүр" тургун жайы) ээлеген жер участогун пайдаланууга жана жер казуу, курулуш, чарбалык жана башка иштердин бардык түрлөрүн жүргүзүүгө тыюу салуу менен музейлештирүүгө бөлүп берүү;
- археологиялык эстеликти ("Сасык-Үңкүр" тургун жайы) жана ага жанаша аймакты сактоо режимин камсыздоо;
- жогоруда аталган археологиялык эстеликтин аймагында ташты (мрамор) казып алууга тыюу салуу боюнча тиешелүү чараларды көрүү.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 28-февралындагы № 23 жарыяланды
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |