Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 20-февралы № 98
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча чек ара башкармалыгынын "Сузак" чек ара заставасына Бакиров Атабектин ысымын ыйгаруу жөнүндө
Жаш муундарга аскердик-патриоттук тарбия берүү, Бакиров Атабектин ысымын түбөлүккө калтыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча чек ара башкармалыгынын "Сузак" чек ара заставасына Бакиров Атабектин ысымы ыйгарылсын жана мындан ары "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча чек ара башкармалыгынын Бакиров Атабек атындагы "Сузак" чек ара заставасы" деп аталсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |