Сравнение редакций…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 25-декабрындагы № 627 токтомуна) |
"Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасынын уставы
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Устав "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасынын ишин регламенттейт.
"Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасы (мындан ары - Ишкана) мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн, мамлекеттик мүлктү чарбалык жүргүзүү укугуна негизделген өз алдынча юридикалык жак болуп саналат.
2. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин актыларын жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. Ишкананын уюштуруу документи болуп Устав эсептелет. Ишкананын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтү саналат.
4. Ишкананын башкаруу органдары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү - мамлекеттик ишкананын мүлкүнүн менчик ээсинин укугун жүзөгө ашыруучу мамлекеттик ишкананын уюштуруучусу;
- мамлекеттик башкаруу органы - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги (мындан ары - Министрлик), тейленген тармактык маселелери боюнча Ишкананын ишине жалпы жетекчиликти, координациялоону жана стратегиялык пландоону жүргүзөт;
- мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд (мындан ары - Фонд), Ишкананын финансылык-чарбалык ишин жана ага бекитилген мамлекеттик мүлктүн натыйжалуу пайдаланылышын контролдойт;
- аткаруу органы (жетекчи) - Ишкананын директору же башкы директору, Ишкананын учурдагы ишин башкарат (мындан ары - директор).
Ушул Устав менен Ишкананын бир башкаруу органынын өзгөчө компетенциясына киргизилген маселелер, башка башкаруу органынын компетенциясына өткөрүлүп берилиши мүмкүн эмес.
Ушул пункттун экинчи жана үчүнчү абзацтарында аныкталган башкаруу органдары алардын укуктук статусун регламенттөөчү ченемдик укуктук актыларда жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-сентябрындагы № 468 токтому менен бекитилген Мамлекеттик ишканалар жөнүндө жободо (мындан ары - Жобо) белгиленген компетенцияларынын чегинде укуктарга ээ болот жана милдеттерди аткарат.
5. Ишкана төмөнкүдөй фирмалык аталышка ээ:
- мамлекеттик тилде: "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасы";
- расмий тилде: "Государственное предприятие "Карабалтинский спиртовый завод".
Кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "КСЗ" МИ;
- расмий тилде: ГП "КСЗ".
6. Ишкананын мүлкү жана кирешеси мамлекеттик менчик болуп саналат. Ишкана толук чарбалык эсеп жүргүзүү жана өзүн-өзү каржылоо принциптеринде иштейт, чарбалык келишимдерди түзүүгө, бүтүмдөрдү жасоого, мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарга ээ болууга жана Ишкананын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган милдеттерди аткарууга, сот органдарында доогер жана жоопкер болууга укуктуу.
7. Ишкана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын банктарында алыш-бериш жана башка эсептерди, анын ичинде валюталык эсептерди ачууга, экспорттук операцияларды жүргүзүүгө жана кызматтарды көрсөтүүгө укуктуу.
8. Ишкана өзүнүн мамлекеттик жана расмий тилдердеги аталышы менен мөөргө, штамптарга, белгиленген үлгүдөгү бланктарга жана башка атрибуттарга ээ.
9. Мамлекеттин милдеттенмелери боюнча кепилдикти (гарантияны) өзүнө алган учурларды кошпогондо, Ишкана Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Ишкананын кирешесинин бөлүгүн алууга укуктуу.
11. Юридикалык дареги: 724410, Кыргыз Республикасы, Чүй облусу, Жайыл району, Кара-Балта шаары, Кожомбердиев көчөсү, 88а.
12. Ишинин негизги түрү: этил спиртин өндүрүү.
2. Ишкананын максаты, милдеттери жана функциялары
13. Ишкананын ишинин негизги максаты өндүрүштүк, техникалык, медициналык, ветеринардык жана башка максаттарда колдонулуучу этил спиртин өндүрүү жана аны менен менчигинин түрүнө карабастан Кыргыз Республикасынын аймагындагы бардык уюмдарды жана ишканаларды камсыз кылуу болуп саналат.
14. Ишкананын негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- ушул Уставда көрсөтүлгөн максаттарга жетүү жана функцияларды аткаруу;
- тийиштүү лицензиясы бар алкоголдук продукция өндүргөн ишканаларды этил спирти менен камсыздоо, ошондой эле фармацевттик өнөр жайдын, саламаттык сактоонун ишканаларын жана Кыргыз Республикасынын аймагындагы башка агайын керектөөчүлөрдү жабдуу;
- экспорттоого этил спиртин өндүрүү;
- айыл чарба ишканалары өндүргөн сырьёлорду (крахмалды жана кантты камтыган) кайра иштетүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана алардын экономикалык потенциалын өнүктүрүүнү камсыздоо;
- спиртти өндүрүү боюнча өндүрүштүк кубаттуулукту натыйжалуу колдонуунун натыйжасында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетине салыктардын жана башка төлөмдөрдүн түшүүсүн жогорулатуу;
- этил спиртин өндүрүүнүн технологиясын өркүндөтүү жана анын сапатын жакшыртуу.
15. Ишкананын негизги функциялары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- сырьёнун (крахмалды жана кантты камтыган) бардык түрлөрүнөн этил спиртин өндүрүү жана сатуу;
- алкоголдук продукцияны өндүрүү жана сатуу;
- биоэтанолду өндүрүү жана сатуу;
- этил спиртин камтыган дары препараттарын өндүрүү жана сатуу;
- Ишкананын жумушчуларын окутууну, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну уюштуруу;
- чарба жүргүзүү укугунда бекитилген мүлктү сактоону жана багыты боюнча пайдаланууну камсыздоо;
- өндүрүштү өнүктүрүү максатында инвестицияларды тартуу жана инновациялык ишти жүргүзүү.
3. Ишкананын укуктары жана милдеттери
16. Ишкана ушул Уставда аныкталган милдеттерди жана функцияларды ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
- мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү зарыл болгон сатып алууларды жүргүзүүгө;
- рыноктук конъюнктурага жараша коммерциялык уюмдар үчүн товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын өз алдынча аныктоого;
- кеңеш берүүчү, жумушчу, аналитикалык жана изилдечү топторду түзүүгө;
- өзүнүн функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн эл аралык финансылык жана башка уюмдардын гранттарын жана каражаттарын тартууга;
- обочолонгон мүлккө ээ болууга, өзүнүн атынан мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды, материалдык жана материалдык эмес активдерди алууга жана милдеттерди аткарууга, соттордо доогер жана жоопкер болууга;
- юридикалык жана жеке жактар менен келишимдерди түзүүгө;
- эмгек келишимдеринин, мөөнөттүү эмгек келишимдеринин, башка жарандык-укуктук келишимдердин негизинде жеке жактарды белгиленген тартипте Ишканадагы иштерди аткарууга тартууга;
- Ишкананын кызматкерлерин командировкаларга, анын ичинде зарыл болгон учурларда конференцияларга, көргөзмөлөргө катышуу үчүн чет өлкөгө жиберүүгө;
- эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү, кызматташтыкты жүзөгө ашырууга;
- зарыл болгон учурларда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын аймагында Ишкананын ишин жүргүзүү үчүн керектүү филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү түзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-июнундагы № 374 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө жобого ылайык, менчик ээсинин макулдугу менен келишимдик негизде чарба жүргүзүү укугунда ага тиешелүү болгон жабдууну, транспорт каражаттарын жана башка мүлктү юридикалык жана жеке жактарга ижарага берүүгө;
- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын ченемдери, ички тартибинин эрежелери жана жамааттык келишим менен жөнгө салынуучу Ишкананын жумушчуларынын иштөө жана эс алуу режимин, аларды социалдык жактан камсыздоо тартибин, социалдык камсыздандыруунун түрлөрүн аныктоого;
- Ишкананын белгиленген максаттарына жана милдеттерине ылайык ишин камсыз кылуу үчүн башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
17. Ишкана ушул Уставда аныкталган максаттарына жетүү жана милдеттерди, функцияларды аткаруу үчүн төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Ишкана иштерди аткарган жана кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен түзүлгөн келишимдер боюнча келишимдик милдеттенмелерин так аткарууга;
- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык Ишкананын жеке каражаттарынын эсебинен Ишкананын кызматкерлерине аткарган иштери үчүн ай сайын акы төлөөнү камсыздоого;
- Ишкананын жумушчулары үчүн эмгектин коопсуз шарттарын камсыз кылууга жана алардын ден соолугуна, эмгекке жарамдуулугуна келтирилген зыян үчүн Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартууга;
- Ишкананын жумушчуларын социалдык, медициналык жана милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрү менен камсыздоого;
- тийиштүү ыйгарым укуктуу органдарга Ишкананын финансылык-чарбалык жана өндүрүштүк ишинин жыйынтыктары тууралуу отчётторду өз убагында берүүгө, салыктарды жана бардык милдеттүү төлөмдөрдү Кыргыз Республикасынын бюджеттик жана салык мыйзамдарында, Ишкананын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында аныкталган тартипте жана өлчөмдөрдө төлөөгө;
- Ишкананын чарба жүргүзүүсүндөгү мамлекеттик мүлктү натыйжалуу башкарууга, аны пайдалануудан жана өндүрүштүк иштен киреше табууга;
- Ишкананын чарба жүргүзүүсүндөгү мамлекеттик мүлктү сактоону камсыздоо боюнча чараларды көрүүгө.
18. Ишкананын жумушчулары мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырларды, анын ичинде Ишканада ишин токтоткондон кийин мамлекеттик сырлар жана жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мезгил ичинде сактоого, кызматтык милдеттерин аткарууда алган жарандардын жеке жашоосуна, намысына жана кадыр-баркына тийиштүү маалыматтарды сактоого милдеттүү.
4. Ишкананы башкаруу
19. Ишкананы Ишкананын директору башкарат.
20. Директор Ишкананын жетекчиси болуп саналат. Директор Фонддун Министрлик менен макулдашылган сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
21. Директор Фонддун жетекчиси менен үч жылдык мөөнөткө эмгек келишимин түзөт.
Директор эмгек келишимин түзгөндөн кийин кызматтык милдеттерин аткарууга киришет.
22. Директор төмөнкү учурларда ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:
- Ишкананын ишине канааттандырарлык эмес баа алганда жана Ишкананын жылдык финансылык-чарбалык ишинин натыйжалары тууралуу отчётту кароонун жыйынтыктары боюнча;
- Ишкананын өндүрүштүк ишинин негизги пландуу көрсөткүчтөрү аткарылбаган учурда;
- эмгек келишими боюнча милдеттери аткарылбаган же талаптагыдай эмес аткарган учурда;
- Ишкананын финансылык-чарбалык ишинин көрсөткүчтөрүнүн начарлашына алып келген квалификациясыз иш-аракеттер болгондо;
- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча.
23. Ишкананын директорунун компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
- Ишкананын учурдагы финансылык-чарбалык ишин башкаруу;
- Ишкананын Өндүрүштү өнүктүрүү планын жүзөгө ашыруу;
- алдыдагы жылга Ишкананын Өндүрүштү өнүктүрүү планынын жана бюджетинин долбоорун, анын өткөн жылдагы аткарылышы жөнүндө отчётту Фонддун бекитүүсүнө киргизүү;
- Ишкананын финансылык-чарбалык иши жана Өндүрүштү өнүктүрүү планынын аткарылышы жөнүндө кварталдык жана жылдык отчётторду даярдоо жана берүү;
- тармактык саясат маселелери боюнча Министрликтин чечимдерин аткарууну уюштуруу;
- Фонд менен макулдашуу боюнча Ишкананын уюштуруу түзүмүн жана штаттык ырааттамасын бекитүү;
- жумушчуларды жалдоо жана иштен бошотуу шарттарын, анын ичинде эмгек акы төлөө фондун бекитүү;
- жумушчулардын ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;
- Ишкананын уюштуруу-тескөө документтерин кабыл алуу;
- бухгалтердик жана статистикалык эсепти жүргүзүүнү уюштуруу;
- ушул Уставга ылайык башка маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу.
24. Ишкананын директору төмөнкүлөргө укуктуу:
- Министрликке жана Фондго алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуштар жана сунуштамалар менен кайрылууга;
- Ишкананын максаттарына жана милдеттерине, Уставга жана өндүрүштү өнүктүрүү планына ылайык жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ушул Уставда каралган тартипте Ишкананын мүлкүн тескөөгө;
- Ишкананын максаттарын жана милдеттерин жүзөгө ашыруунун алкагында мамлекеттик органдардан, ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан зарыл болгон маалыматты суроого жана алууга;
- мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка укуктарга.
25. Ишкананын директору төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Министрликтин, Фонддун суроосу боюнча отчётторду, Ишкананын финансылык-чарбалык иши жөнүндө маалыматты, финансылык (бухгалтердик) отчёттук документтерди, ошондой эле финансылык-чарбалык ишти жана өндүрүштү өнүктүрүү планын талдоо үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды, сунуштамаларды жана түшүндүрмөлөрдү берүүгө;
- чечим кабыл алууну талап кылган маселелерди Министрликтин кароосуна киргизүүгө, ошондой эле Ишкананын кайсы гана болбосун иш чөйрөсүнө байланышкан бардык зарыл болгон маалыматтар жана документтер менен камсыз кылууга;
- Ишкананын жумушчуларынын эмгегин коргоону камсыздоого;
- укук коргоо органдарына ага белгилүү болгон Ишкананын жумушчулары тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу фактылары тууралуу маалымдоого;
- коммерциялык же мыйзам менен корголгон башка сыр болуп саналган Ишкананын иши жөнүндө маалыматтарды үчүнчү жактарга ачыкка чыгарбоого;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроосу боюнча Ишкананын иши жөнүндө маалыматты белгиленген тартипте берүүгө.
Ишкананын директору мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка милдеттерди да аткарат.
26. Директордун чечимдери буйруктар формасында кабыл алынат.
27. Ишкананын директору:
- Ишкананын атынан ишеним катсыз иш жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, ишканаларында жана мекемелеринде Ишкананын кызыкчылыктарын коргойт;
- Ишкананын жумушчуларын жумушка кабыл алат жана бошотот;
- Ишкананын жумушчуларына карата тартиптик жазаны жана сыйлоо чараларын колдонот;
- компетенциясынын чегинде Ишкананын бардык жумушчулары аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат, алардын аткарылышын контролдойт;
- Ишкананын кызматкерлерине ишеним каттарды берет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Ишкананын Уставында каралган ыйгарым укуктарынын чегинде Ишкананын финансы каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин тескейт;
- Ишкананын финансылык (бухгалтердик) отчётторунун абалы, финансы каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин максаттуу пайдалануу, өндүрүштө коопсуздук техникасын сактоо, ошондой эле жүктөлгөн функциялык милдеттерин талаптагыдай аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
Ишкананын директору коюлган милдеттерди талаптагыдай аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
28. Ишканада директордун эки орун басарынын кызмат орду каралган. Ишкананын директорунун орун басарлары Фонд тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
29. Ишкананын директорунун орун басарлары Фонддун жетекчиси менен эмгек келишимин түзүшөт.
30. Ишкананын директору кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда, бош кызмат ордун ээлөөгө чейин анын милдеттерин аткаруу орун басарларынын бирине жүктөлөт.
31. Ишкананын башкы бухгалтери Ишкананын директору тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат, директорго түздөн-түз баш иет, жоопкерчилик тартат жана ишканалардын жана башка уюмдардын башкы бухгалтерлери үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген укуктарды колдонот.
32. Фонд белгиленген тартипте Ишканада ички аудит кызматын түзүү жөнүндө чечим кабыл алууга, ошондой эле мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка укуктарга ээ.
33. Ишкананын түзүмү жана штаттык ырааттамасы Фонд менен макулдашуу боюнча Ишкананын директору тарабынан бекитилет. Ишкананын директору Ишкананын жумушчуларын сыйлоо тартибин аныктайт.
34. Ишкананын башка уюмдар, жалданган жумушчулар жана чарба ишинин бардык чөйрөсүндөгү жарандар менен мамилелери келишимдин негизинде түзүлөт.
5. Ишкананын жетекчилик курамы
35. Мамлекеттик ишкананын жетекчилик курамына төмөнкүлөр кирет:
- директор, директордун орун басарлары;
- башкы бухгалтер.
36. Ишкананын жетекчилик курамы өзүнүн укуктарын жүзөгө ашырууда жана милдеттерин аткарууда Ишкананын уставдык максаттарына жана милдеттерине ылайык мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн аракеттенүүгө тийиш.
Жетекчилик курам мамлекеттик, коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сыр болуп саналган Ишкананын иши жөнүндө маалыматтын купуялуулугун сактоого милдеттүү.
37. Ишкананын жетекчилик курамына төмөнкүлөр кирбейт:
- чет элдик жарандар, жарандыгы жок адамдар, кош жарандыгы бар адамдар, ошондой эле чет мамлекетте жашап туруу укугу бар Кыргыз Республикасынын жарандары;
- менчикке жана экономикалык ишти жүргүзүү тартибине каршы кылмыштар, коррупциялык же мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы башка кылмыштар үчүн соттуулугу бар, анын ичинде соттуулугу жоюлган адамдар;
- канааттандыраарлык эмес иши үчүн Ишкананын жетекчиси кызмат ордунан мурда бошотулган адамдар;
- мурда менчигинин түрүнө карабастан чарба субъектисинде аны банкроттукка алып келген жетекчилик кызмат орундарын ээлеген адамдар;
- мамлекеттик, административдик, саясий, атайын кызмат ордун, саясий жана административдик муниципалдык кызмат ордун ээлеген адамдар.
Ишкананын жетекчилик курамына кирген адамдар кызмат ордунда турган мезгилде бир эле убакта жеке өзү же ишенимдүү адамдары аркылуу ишкердик жүргүзүүгө, алардын уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан коммерциялык юридикалык жактарды башкарууга катышууга укугу жок.
6. Эсепке алуу, пландоо, отчеттуулук
38. Ишкана өз ишин өз алдынча иштелип чыккан жылдык иш пландын негизинде жүргүзөт.
Ишкананын перспективдүү, жылдык жана күндөлүк иш пландары Министрлик тарабынан бекитилет.
39. Ишкананын иш пландарынын негизин Ишкананын жеткирип берүүчүлөр, ижарага берүүчүлөр жана керектөөчүлөр менен мамилесин жөнгө салуучу узак мөөнөттүү жана башка келишимдер түзөт.
40. Ишкана келишимдин предметин, милдеттенмелерди жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына каршы келбеген чарбалык өз ара мамилелердин бардык башка шарттарын эркин тандайт.
41. Ишкана бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бухгалтердик эсеп жүргүзөт жана финансылык отчётторду түзөт. Ишкананын финансылык отчёттору кварталдык негизде жана ар бир финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча түзүлүүгө тийиш.
42. Ишкананын директору квартал сайын, отчёттук мезгилден кийинки экинчи айдын 25ине чейин Министрликке жана Фондго бюджеттин аткарылышы жана финансылык-чарбалык иштин жыйынтыктары жөнүндө отчётторду берет.
43. Ишкана Стратегиялык өнүктүрүү планына ылайык финансылык-чарбалык ишти жүргүзөт.
Ишкананын өндүрүшүн Стратегиялык өнүктүрүү планы Ишкана тарабынан үч жылдык мезгилге иштелип чыгат жана Министрлик тарабынан бекитилет.
44. Ишкананын Стратегиялык өнүктүрүү планында төмөнкүлөр камтылууга тийиш:
- Ишкананын максаттары жана ишинин негизги багыттары;
- тармакты жана рынокту сыпаттоо, Ишкана өндүргөн товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн мүнөздөмөсү;
- Ишкана өндүргөн товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн рыногунда мамлекеттин катышуусунун зарылдыгын негиздөө;
- Ишкананын финансылык жана мүлктүк абалын баалоо;
- товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүү планы;
- уюштуруу планы;
- финансылык план;
- тобокелдиктерди талдоо.
45. Жыл сайын 1-мартка чейинки мөөнөттө, Ишкананын директору Фондго Министрлик менен макулдашылган Ишкананын алдыдагы жылга бюджетинин долбоорун жана өткөн жылдагы финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыктары, анын ичинде өткөн жылдагы Ишкананын бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчётту берет.
46. Ишкана тиешелүү мамлекеттик органдарга салык салуу, экономикалык маалыматтарды топтоонун жана иштетүүнүн жалпы мамлекеттик системасын жүргүзүүнү уюштуруу үчүн маалыматты берет.
47. Кыргыз Республикасынын маалыматка жетүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте маалыматтарды берүүдөн баш тартуу, толук эмес маалыматты берүү же аны бурмалоо, ошондой эле отчётторду бурмалоо үчүн Ишкананын директору Кыргыз Республикасынын бузуу жөнүндө мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартат.
48. Ишкананын ишин текшерүү Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдары тарабынан белгиленген тартипте алардын компетенцияларынын чегинде жүргүзүлөт.
7. Ишкананын мүлкү жана финансы каражаты
49. Ишкана мамлекеттик мүлктү чарбалык башкаруу укугуна негизделген жана ага бекитилген мүлккө карата менчик укугуна ээ эмес. Мүлктү колдонуунун негизи болуп кыймылсыз мүлк объекттерин, негизги каражаттарды жана мамлекеттик менчик болуп саналган, Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган эрежелерди жана жол-жоболорду сактоо менен Ишкананын балансына өткөрүлүп берилген башка мүлктү чарбалык жүргүзүү укугу эсептелет.
50. Ишкананын мүлкүн негизги фонддор жана жүгүртүү каражаттары, ошондой эле наркы Ишкананын өз алдынча балансында чагылдырылуучу башка баалуулуктар түзөт.
51. Ишкананын мүлкүн түзүү булактары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- чарба жүргүзүү укугунда Ишканага бекитилип берилген мүлк;
- ага бекитилип берилген мамлекеттик мүлктү пайдалануунун натыйжасында алынган же сатып алынган мүлк, анын ичинде кирешелер, түшүмдөр жана продукциялар;
- чарбалык ишинин натыйжасында алынган кирешелер;
- гранттар, банктардын жана башка кредиторлордун кредиттери;
- юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган бардык башка булактар.
52. Донорлордун, спонсорлордун жана жеке финансылык-чарбалык иштин кирешелеринин же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен Ишкана тарабынан кайрадан түзүлгөн, алынган же сатып алынган мүлк мамлекеттин менчиги болуп саналат. Ишкана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте Ишкананын уставдык максаттарына жана ишинин предметине ылайык мүлккө ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө (ижара) укугун ишке ашырат.
Ишкана Фонддун макулдугусуз чарба жүргүзүү укугунда ага тиешелүү болгон кыймылсыз мүлктү сатууга, аны ижарага берүүгө, күрөөгө коюуга, чарбалык коомдордун жана шериктештиктердин уставдык капиталына салым (пай) катары киргизүүгө же ал мүлктү башка ыкма менен тескөөгө укуксуз.
53. Ишкананын мүлкүн ажыратууга, ошондой эле аны чарбалык шериктештиктердин жана коомдордун уставдык капиталына салым катары киргизүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
54. Ишкана өзүнүн мүлкүн инвентаризациялоону жүргүзүүгө жана инвентаризациялоонун натыйжаларын Фонд белгилеген мөөнөттө жана тартипте Фондго берүүгө милдеттүү.
55. Мүлктү пайдалануунун натыйжасында, ошондой эле финансылык-чарбалык ишинин жылдык жыйынтыгы боюнча алынган Ишкананын таза кирешеси, бирок 50 пайыздан кем эмеси, кийин отчеттук мезгилден кийинки айдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө мамлекеттик бюджетке жөнөтүү менен Фонддун эсебине которулат.
56. Ишкананын кирешеси төмөнкүлөргө колдонулушу мүмкүн:
- Ишкананын финансылык-чарбалык ишин өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө;
- Ишкананын жумушчуларына материалдык дем берүүгө, окутууга жана квалификациясын жогорулатууга;
- кредиттик карызды төлөө.
8. Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу
57. Ишкана бириктирүү, кошуу, бөлүү, ажыратуу же кайра түзүү формасында кайра уюштурулат.
Ишкананы бириктирүү, кошуу, бөлүү же ажыратуу формасында кайра уюштуруу жөнүндө чечим Министрликтин же Фонддун сунушу боюнча, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынат.
58. Ишкана мамлекеттик мекемеге же чарбалык коомго кайра түзүлүшү мүмкүн.
59. Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте ачык акционердик коомго же акциясынын (үлүшүнүн) жүз пайызы мамлекеттин менчигинде турган (акционерлештирүү) жоопкерчилиги чектелген коомго кайра түзүлөт.
Ишкананы кайра уюштуруунун натыйжасында түзүлгөн чарбалык коом анын бардык укуктары жана милдеттенмелер боюнча, анын ичинде эмгектик мамилелер жаатында укук улантуучусу болуп саналат.
60. Ишкана төмөнкү учурларда жоюлат:
1) Министрликтин же Фонддун демилгеси боюнча;
2) соттун чечиминин негизинде.
61. Ишкананы жоюу үчүн Фонддун чечими менен жоюлуп жаткан Ишкананын, Министрликтин, Фонддун жана зарыл болгон учурда башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн арасынан жоюу комиссиясы түзүлөт. Жоюу комиссиясына жоюлуп жаткан Ишкананын жетекчиси башчылык кылат.
Жоюу комиссиясы дайындалган учурдан тартып Ишкананын ишин башкаруу жана анын мүлкүн тескөө боюнча ыйгарым укукка ээ болот.
Эгерде чарба жүргүзүү укугуна негизделген жоюлуп жаткан Ишкананын мүлкүнүн наркы кредиторлордун талаптарын канааттандыруу үчүн жетишсиз болсо, ал Кыргыз Республикасынын банкроттук жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте гана жоюлушу мүмкүн.
62. Ишкананын иш процессинде пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 323 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ