Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-майындагы № 241 токтомунун редакциясына ылайык)
2020-жылдын 1-декабры № 587
Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-декабрындагы № 593 "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын алкагында адвокат тарабынан көрсөтүлгөн квалификациялуу юридикалык жардамга акы төлөөнүн тартибин жана адвокаттар тарабынан көрсөтүлгөн квалификациялуу юридикалык жардамга акы төлөөнүн тарифтерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын алкагында адвокат тарабынан көрсөтүлгөн квалификациялуу юридикалык жардамга акы төлөөнүн тартибинде:
- 11-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11. Адвокатты командировкага жөнөтүү координатордун чечиминин негизинде жана командировка күбөлүгүн берүү менен жүргүзүлөт. Адвокат координаторго командировкага жөнөтүү жөнүндө жүйөлүү арызы менен кайрылат.
Эгерде белгилүү административдик-аймактык бирдиктин аймагында мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын тутумунун адвокаты жок болсо, координатор адвокатты бир административдик-аймактык бирдиктен башкасына командировкага жөнөтүү жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.
Командировка менен байланышкан адвокаттын чыгымдарын төлөө тууралуу чечим адвокат тастыктоочу документтерди тапшыргандан кийин, координатор тарабынан үч жумуш күндүн ичинде кабыл алынат.";
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын алкагында адвокаттар тарабынан көрсөтүлгөн квалификациялуу юридикалык жардамга акы төлөөнүн тарифтеринде:
- 1-пунктунун 1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) квалификациялуу юридикалык жардам үчүн кайрылган адамдын статусу жана/же кирешеси тастыктала электе жарандык/административдик иш боюнча квалификациялуу юридикалык жардамды көрсөтүү (иштин материалдары менен таанышуу, суроо-каттарын жиберүү, арыз берүүчү менен маектешүү, консультациялар) - 10 (он) эсептик көрсөткүч;";
- 2-пункту:
"жазык иштери" деген сөздөрдөн кийин "жана жоруктар жөнүндө иштери" деген сөздөр менен толукталсын;
3-5-пунктчалары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) соттордо бөгөт коюу чарасын колдонууда, жазык өндүрүшүн жүргүзгөн мамлекеттик органдардын жана кызмат адамдарынын чечимдерине, аракеттерине (аракетсиздигине) даттанууда квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү - 5 (беш) эсептик көрсөткүч;
4) квалификациялуу юридикалык жардам үчүн кайрылган адамдын статусу жана/же кирешеси тастыктала электе жазык иши, жоруктар жөнүндө иши боюнча квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү - 10 (он) эсептик көрсөткүч;
5) жазык иштери жана жоруктар жөнүндө иштери боюнча сотко чейинки өндүрүштө квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү - 30 (отуз) эсептик көрсөткүч, жазык иши эки айдан көп, жоруктар жөнүндө иштер 20 күндөн көп каралган учурда, иштин узактыгын жана татаалдыгын эске алып, ар бир кийинки ай үчүн - 10 (он) эсептик көрсөткүч;";
6-пунктчасы "эки айдап көп" деген сөздөрдөн кийин ", жоруктар жөнүндө иштер 15 күндөн көп" деген сөздөр менен толукталсын;
7-пунктчасындагы "кассациялык" деген сөз алып салынсын, "жазык иши" деген сөздөрдөн кийин ", жоруктар жөнүндө иштер" деген сөздөр менен толукталсын;
8-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8) кассациялык инстанция баскычында квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүдө - 30 (отуз) эсептик көрсөткүч;";
- 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 11-пунктча менен толукталсын:
"11) жаңы же кайра ачылган жагдайлар боюнча иштерди кайра козгоо баскычында квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү - 15 (он беш) эсептик көрсөткүч.".
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-майындагы № 241 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Ушул токтом расмий жарыялангам күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 5-январындагы № 1 (3180) жарыяланды0
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр |
А.Э. Новиков |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-майындагы № 241, 2023-жылдын 4-августундагы № 387 токтомдорунун редакцияарына ылайык)
2020-жылдын 1-декабры № 587
Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-августундагы № 387 токтомуна ылайык күчүн жоготту)