Сравнение редакций…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 25-февралындагы № 113 токтомуна) |
Мамлекеттик санариптик платформа аркылуу санариптик формадагы кызмат көрсөтүүлөрдүн жана тейлөөлөрдүн убактылуу тартиби
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Мамлекеттик санариптик платформа аркылуу санариптик формадагы кызмат көрсөтүүлөрдүн жана тейлөөлөрдүн убактылуу тартиби (мындан ары - Убактылуу тартип) жеке жана юридикалык жактарга "Мамлекет платформа катары" пилоттук долбоорун ишке ашыруунун алкагында кызматтарды көрсөтүүнүн жана тейлөөлөрдүн инновациялык ыкмаларынын тартибин аныктайт.
2. Пилоттук долбоордун алкагында санариптик формадагы кызмат көрсөтүүлөр жана тейлөөлөр ушул Убактылуу тартипте белгиленген шарттарда, пилоттоштуруунун катышуучуларынын реестринде көрсөтүлгөн пилоттоштуруунун катышуучуларынын маалыматтык системалары жана программалык тиркемелери (мобилдик же интернет-тиркемени, жеке кабинетти, мобилдик же интернет-банкингди кошкондо) аркылуу колдонуучулардын жетүү каражаттарын пайдалануу менен көрсөтүлөт.
3. Ушул Убактылуу тартипте төмөнкүдөй түшүнүктөр жана аныктамалар колдонулат:
1) мамлекеттик санариптик платформа (МСП) - бирдиктүү көп каналдуу интерактивдүү санариптик платформа, ал пилоттоштуруунун катышуучуларынын, колдонуучулардын жана кызмат көрсөтүүчүлөрдүн алгоритмдештирилген өз ара мамилелерин колдоочу, аларды интеграцияланган кызмат көрсөтүүлөр жана тейлөөлөр менен камсыздоочу, жаңы катышуучуларды кошуу (ачык пайдалануу) үчүн мүмкүндүк берүүчү программалык-аппараттык чөйрөнү (маалыматтык система) билдирет;
2) пилоттоштуруунун катышуучулары - тиешелүү лицензиясы бар мобилдик уюлдук байланыш операторлору, коммерциялык банктар, банктык эмес финансы-кредиттик уюмдар жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы көзөмөлдөгөн башка юридикалык жактар (төлөм кызматтарын көрсөтүүчү жактар), ошондой эле пилоттоштуруунун катышуучуларынын реестринде көрсөтүлгөн юридикалык жактар;
3) колдонуучу - коммерциялык банктын, банктык эмес финансы-кредиттик уюмдун жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы көзөмөлдөгөн башка юридикалык жактардын кардары же мобилдик уюлдук байланыш операторунун абоненти болгон жана пилоттоштуруунун катышуучуларынын тиешелүү программалык тиркемеси, маалыматтык системасы аркылуу МСП жардамы менен санариптик формадагы кызмат көрсөтүүнү жана тейлөөнү пайдаланууга суроо-талап берген жеке же юридикалык жак;
4) тейлөө - кызматтарды электрондук түрдө көрсөтүү ыкмасы, анын ичинде мамлекеттик же муниципалдык кызматтарды автоматташтырылган ыкмада көрсөтүү жана функцияларды МСП аркылуу ишке ашыруу максатында.
Тейлөөлөр супертейлөө мүнөзүнө ээ боло алат - комплекстүү кызматтарды көрсөтүү, анын ичинде колдонуучунун бир суроо-талабы боюнча автоматташтырылган ыкма менен түзүлгөн комплекстүү жооп берүү;
5) кызмат көрсөтүүчүлөр - "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасына туташтырылган тиешелүү маалыматтык системанын менчик ээсинин (ээлик кылуучунун) ыйгарым укуктарын аткарышкан жана пилоттук долбоордун алкагында колдонуучуларга МСП аркылуу кызматтарды көрсөтүшкөн жана тейлешкен мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик жана/же муниципалдык мекемелер жана ишканалар;
6) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - пилоттук долбоорду ишке ашырууга жооптуу Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги;
7) "Мамлекет платформа катары" пилоттук долбоору - жеке жана юридикалык жактарга "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу жаппы көп каналдуу интерактивдүү санариптик платформанын жардамы менен санариптик формадагы кызматтарды көрсөтүүнүн жана тейлөөлөрдүн инновациялык ыкмаларын ишке киргизүү боюнча пилоттук долбоор;
8) пилоттоштуруунун катышуучуларынын реестри (Реестр) - маалыматтык чакан система, ал аркылуу пилоттоштуруунун катышуучулары, алардын маалыматтык системалары, программалык тиркемелери, пилоттук долбоордун алкагында кызматтарды көрсөтүүчүлөр тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтар/тейлөөлөр жөнүндө маалыматтарды топтоо, эсепке алуу жана берүү ишке ашырылат.
Реестрди жүргүзүү тартибин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктайт;
9) кызмат көрсөтүү - МСП аркылуу санариптик (электрондук) формада көрсөтүлүүчү мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат көрсөтүү;
10) кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы - колдонуучу тарабынан пилоттоштуруунун катышуучусунун тиешелүү программалык тиркемеси, маалыматтык системасы аркылуу суралган жана белгиленген формага ылайык бардык реквизиттерди камтыган, колдонуучунун тиешелүү жетүү түзүлүшүндө кароо, сактоо жана/же басып чыгаруу үчүн электрондук эсептөө машиналарын колдонуу менен адамдын кабыл алуусу үчүн жарактуу түрдө МСПда түзүлгөн электрондук документ (маалым кат);
Электрондук документ формасындагы кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы "Электрондук колтамга жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык кагаз жүзүндөгү документ менен бирдей деп таанылат.
МСП аркылуу электрондук документ формасында түзүлгөн кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгынын (маалым каттын) формасы жана баяндалышы ушул Убактылуу тартиптин тиркемесинде берилген;
11) жетүү түзүлүшү - колдонуучунун пилоттоштуруунун катышуучуларынын ар кандай программалык тиркемелери, маалыматтык системалары (мобилдик же интернет-тиркеме, жеке кабинет, мобилдик же интернет-банкинг) аркылуу кызмат көрсөтүүлөрдү жана тейлөөлөрдү пайдалануусун, анын ичинде электрондук акчаны, банктык эсептерди жана банктык төлөм карталарын пайдалануу менен төлөмдөрдү ишке ашыруу мүмкүндүгүн камсыз кылган сырткы жабдуу (электр байланыш тармагына туташтырылган техникалык каражат же түзүлүш - жеке компьютер, планшет компьютер, мобилдик телефон же башка түзүлүш);
12) идентификацияланган колдонуучу - пилоттоштуруунун катышуусунан Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту жана/же ким экендигин ырастаган жарактуу документи (чет элдик жарандар жана/же Кыргыз Республикасында убактылуу же туруктуу жашап туруу укугун алышкан адамдар үчүн), анын ичинде улуттук паспорттордун мамлекеттик реестрин пайдалануу менен ким экендигин аныктоонун милдеттүү жол-жоболорунан өткөн колдонуучу;
13) булуттуу күчөтүлгөн электрондук колтамга - бул пайдалануучу тарапка өзүнүн ким экендигин ырастоо жана операцияны ыңгайлуу ыкма, анын ичинде мобилдик тиркемелер аркылуу аткаруу зарылдыгын гана калтыруу менен бардык эсептөөчү операциялар электрондук колтамганы пайдаланып тышкы сервиске (булут) көчүрүлүүчү технологиянын жардамы менен ишке ашырылган, юридикалык мааниге ээ электрондук колтамга;
14) виртуалдык бот - бул тапшырылган алгоритм боюнча иштөөчү программа, ал эң көп берилүүчү суроолорго жооп берүү аркылуу колдонуучу менен диалог жүргүзөт.
Ушул Убактылуу тартиптеги башка терминдер жана аныктамалар "Электрондук башкаруу жөнүндө", "Электрондук колтамга жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө", "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө", "Электр жана почта байланышы жөнүндө", "Жарнама жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө", "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, банк мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында аныкталган мааниде пайдаланылат.

2. Кызмат көрсөтүүлөрдүн жана тейлөөлөрдүн шарттары жана тартиби
4. Пилоттук долбоордун алкагында жеткиликтүү болгон кызмат көрсөтүүлөрдүн жана тейлөөлөрдүн тизмеси жана аларды пайдалануу шарттары Реестрде көрсөтүлөт.
Пилоттук долбоордун алкагында көрсөтүлүүчү кызматтар жана тейлөөлөр эки түргө бөлүнөт:
- идентификацияланган колдонуучуларга гана көрсөтүлүүчү кызматтар жана тейлөөлөр. Мында пилоттоштуруунун катышуучулары колдонуучуга "идентификацияланган колдонуучу" статусун алуу зарылдыгы жөнүндө маалыматты жеткирүүгө милдеттүү;
- "идентификацияланган колдонуучу" статусун алууну талап кылбаган кызмат көрсөтүүлөр жана тейлөөлөр (колдонуучулардын бардыгына жеткиликтүү).
5. Пилоттук долбоордун алкагында пилоттоштуруунун катышуучуларынын программалык тиркемелери же маалыматтык системалары аркылуу жеке мүнөздөгү маалыматтарды камтыган кызмат көрсөтүүлөрдү жана тейлөөлөрдү пайдаланууну каалаган идентификацияланбаган колдонуучулар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 токтому менен бекитилген Кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобого, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 97 токтому менен бекитилген Көчмө радиотелефон байланыш кызматын көрсөтүү эрежелерине ылайык жекелештирүү жол-жобосунан өтүүгө милдеттүү.
6. Пилоттоштуруунун катышуучуларынын маалыматтык системаларын жана тиркемелерин МСП аркылуу кызматтарды көрсөтүүчүлөрдүн кызмат көрсөтүүлөрүнө жана тейлөөлөрүнө, маалымат (маалыматтарды, электрондук документтерди) алмашууга туташуу үчүн, анын ичинде колдонуучунун маалыматтарын тиешелүү кызмат көрсөтүүчүлөрдүн маалыматтык ресурстарында камтылган анын жеке маалыматтары менен салыштыруу максатында пилоттоштуруунун катышуучулары жана кызмат көрсөтүүчүлөр "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасына туташуу жөнүндө макулдашууга кол коюшат.
Пилоттук долбоордун алкагында пилоттоштуруунун катышуучулары менен кызмат көрсөтүүчүлөрдүн ортосунда макулдашууларга кол коюу талап кылынбайт.
7. Кызмат көрсөтүүчүлөр пилоттук долбоордун алкагында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен зарыл болгон коопсуздук чараларын сактоо жана жеке мүнөздөгү маалыматтардын сакталышын камсыздоо менен, соңку алуучуларга тейлөөлөрдү жана кызматтарды көрсөтүү процессинде пилоттоштуруунун катышуучуларына белгилүү болгон маалыматтарды жеке максаттарда пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө шарттарды киргизүү аркылуу алардын маалыматтык системаларына жетүү шарттары жөнүндө макулдашууга кол коюуга укуктуу.
8. Пилоттоштуруунун катышуучулары кызмат көрсөтүүчүлөрдүн тейлөөлөрү жана кызмат көрсөтүүлөрү жөнүндө маалыматтарды ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен зарыл болгон коопсуздук чараларын сактоо жана жеке мүнөздөгү маалыматтардын сакталышын камсыздоо менен, соңку алуучуларга тейлөөлөрдү жана кызматтарды көрсөтүү процессинде пилоттоштуруунун катышуучуларына белгилүү болгон маалыматтарды жеке максаттарда пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө шарттарды киргизүү аркылуу маалыматтык системаларга жетүү шарттары жөнүндө макулдашуунун негизинде алышат.
9. Кызмат көрсөтүүлөрдүн жана тейлөөлөрдүн толуктугун, жеткиликтүүлүгүн жана үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу милдети кызмат көрсөтүүлөргө (маалыматтын ээси) жүктөлөт.
10. Пилоттоштуруунун катышуучулары төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 759 токтому менен бекитилген Жеке маалыматтар субъектисинин жеке маалыматтарын чогултууга жана иштетүүгө анын макулдугун алуу тартибинде, алардын жеке маалыматтарын үчүнчү тарапка берүү жөнүндө жеке маалыматтар субъектилерине билдирүү тартибинде жана формасында белгиленген форма жана жол-жобо боюнча кызматтарды көрсөтүү жана тейлөө максаттары үчүн колдонуучунун жеке маалыматтарын топтоого жана иштеп чыгууга анын макулдугун алуу (анын ичинде маалыматтык өз ара аракеттенүү аркылуу аралыктан) мүмкүндүгүн ишке ашырууга.
Пилоттоштуруунун катышуучусунун тиркемеси (маалыматтык системасы) аркылуу кызмат көрсөтүүнү/тейлөөнү пайдалануу үчүн кайрылган колдонуучунун мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуу максатында анын жеке маалыматтарын электрондук документ түрүндө топтоого жана иштеп чыгууга макулдугуна төмөнкүдөй ыкмалардын бири менен кол коюлат:
- ар кандай технологиялык чечимдердин жардамы менен ишке ашырылган, пилоттоштуруунун катышуучуларынын маалыматтык системаларына шайкеш келген күчөтүлгөн электрондук колтамга менен;
- "Электрондук колтамга жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жөнөкөй электрондук колтамганы пайдалануу боюнча талаптарын канааттандырган колдонуучунун жетүү түзүлүшүн пайдалануу жолу менен жөнөкөй электрондук колтамга менен;
2) колдонуучунун жеке маалыматтарын электрондук документ формасында иштеп чыгууга макулдугун алуу фактысынын сакталышын, бүтүндүгүн камсыздоого;
3) тиешелүү кызмат көрсөтүүчүнүн маалыматтык системасынан кызмат көрсөтүүгө/тейлөөгө суроо-талап берүүдө - арыз ээсинин жеке маалыматтарын электрондук документ формасында иштеп чыгууга макулдугун алуу фактысы жөнүндө маалыматты берүүнү камсыздоого;
4) маалыматты коргоо боюнча уюштуруучулук жана техникалык чараларды, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 760 токтому менен бекитилген Жеке маалыматтарды маалымат тутумдарында иштетүү учурунда аткарылышы жеке маалыматтардын корголушун белгиленген деңгээлде камсыз кылуучу, жеке маалыматтардын коопсуздугун камсыз кылууга жана коргоого талаптарды сактоону камсыз кылууга;
5) туруктуу негизде төмөнкүлөрдү камсыз кылууга:
- милдеттүү түрдө жекелештирүү, идентификациялоо жана верификациялоо талап кылынган кызмат көрсөтүүлөргө жана тейлөөлөргө жекелештирилген, идентификацияланган жана верификацияланган гана колдонуучулардын жетүүсүн, ошондой эле программалык деңгээлде суралган кызмат көрсөтүүлөрдү башка жактардын пайдалануу мүмкүндүгүн жокко чыгарууну;
- милдеттүү түрдө жекелештирүү, идентификациялоо жана верификациялоо талап кылынбаган кызмат көрсөтүүлөргө жана тейлөөлөргө бардык соңку колдонуучулардын жетүүсүн;
6) жайылтууга түздөн-түз тыюу салынган же "Жарнама жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жол берилбеген жарнаманы кызмат көрсөтүүлөрдүн жана тейлөөлөрдүн максаттуу баракчаларында, тиркемелерде жана маалыматтык системаларда жайгаштырууга толук тыюу салууну камсыз кылууга;
7) өз маалыматтык системаларынын жана тиркемелеринин туруктуу ишке жөндөмдүүлүгүн колдоону, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 762 "Мамлекеттик маалыматтык системалар базасында камтылган маалыматты коргоо талаптарын бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык маалыматты коргоону жана коопсуздук деңгээлин камсыз кылууга.
11. Пилоттоштуруунун катышуучулары пилоттук долбоордун алкагында кызмат көрсөтүүчүлөрдөн алынган маалыматтарды (документтерди, жеке мүнөздөгү маалыматтарды) өз маалыматтык системаларында сактоого укугу жок.
12. Материалдык сактагычтагы жана кызмат көрсөтүүчүлөрдүн маалыматтык системаларындагы маалыматтардын негизинде МСП аркылуу түзүлгөн электрондук документтеги маалыматтар дал келбеген учурда, тиешелүү маалыматтарды алуучу (колдонуучу) электрондук документтеги маалыматтардын толуктугун, аныктыгын жана актуалдуулугун ырастоодо, зарыл болгон өзгөртүүлөрдү киргизүүдө тиешелүү маалыматтык системанын ээсине (маалыматтын ээсине) кайрылат.
13. Кызмат көрсөтүүлөр жана тейлөөлөр үчүн МСП аркылуу акы төлөө (эгерде акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүү болсо) зарыл болгон учурда колдонуучу пилоттоштуруунун катышуучуларынын программалык тиркемелери, маалыматтык системалары аркылуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү жаатындагы мыйзамдарында белгиленген өлчөмдө акы төлөйт.
Жыйынтыгында автоматтык түрдө төлөнгөндүгү жөнүндө тиешелүү электрондук чек түзүлөт.
Кызмат көрсөтүүлөр жана тейлөөлөр үчүн акы төлөнгөндүгү жөнүндө маалымат автоматтык түрдө электрондук төлөмдөрдүн маалыматтык системасына жөнөтүлөт.
Электрондук төлөмдөрдүн мамлекеттик системасынын иш тартиби, жеке жана юридикалык жактар тарабынан мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөр, республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин пайдасына башка төлөмдөр төлөнгөндүгү жөнүндө пилоттоштуруунун катышуучуларынын ортосунда маалымат алмашуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-октябрындагы № 709 токтому менен бекитилген "Электрондук төлөмдөрдүн мамлекеттик системасы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен регламенттелген.
14. МСП аркылуу мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнүн узактыгы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары менен аныкталат.
15. МСП аркылуу муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн узактыгы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 9-февралындагы № 91 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестрине кирген муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары менен аныкталат.
3. Корутунду жоболор
16. Кызматтарды көрсөтүү процессинде электрондук формада берилген маалымат (анын ичинде жеке маалыматтар) пилоттоштуруунун катышуучулары жана кызмат көрсөтүүчүлөр тарабынан санкцияланбаган жетүүдөн, жок кылуудан, бурмалоодон, бөгөт коюудан, ачыкка чыгып кетүүдөн жана жеке максатта пайдалануудан, ошондой эле ушул Убактылуу тартипке каршы келген максаттарда пайдалануудан корголууга тийиш.
17. Колдонуучунун кызмат көрсөтүүнү пайдаланууга суроо-талабын кароо милдети жүктөлгөн мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, алардын кызмат адамдары МСП аркылуу көрсөтүлүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүдөн негизсиз баш тарткандыгы жана сапатсыз көрсөткөндүгү үчүн "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык тартиптик жоопкерчилик тартышат.
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-апрелиндеги № 238 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ