Сравнение редакций…
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 25-февралындагы № 113 токтомуна) |
Мамлекеттик санариптик платформа аркылуу санариптик формадагы кызмат көрсөтүүлөргө жана тейлөөлөргө суроо-талап берген колдонуучуларды техникалык колдоонун убактылуу тартиби
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Мамлекеттик санариптик платформа аркылуу санариптик формадагы кызмат көрсөтүүлөргө жана тейлөөлөргө суроо-талап берген колдонуучуларды техникалык колдоонун убактылуу тартиби (мындан ары - Тартип) кызмат көрсөтүүлөрдү жана тейлөөлөрдү пайдалануудагы проблемалар боюнча колдонуучулардын өтүнмөлөрүн иштеп чыгуунун эрежелерин, мындай кызматтарды көрсөтүүдө жана тейлөөдө маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн катышуучуларынын укуктарын жана милдеттерин, "Мамлекет платформа катары" пилоттук долбоорун ишке ашыруунун жүрүшүндө техникалык колдоо жол-жоболорун ишке ашырууну аныктайт.
2. Ушул Тартипте төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар пайдаланылат:
1) инцидент - кызмат көрсөтүүлөрдү жана тейлөөнү (кызмат көрсөтүүнүн/тейлөөнүн аталышы, мөөнөтү, сапаты) пайдалануудагы проблемалар менен байланышкан жана колдонуучу техникалык колдоо үчүн кайрылууда өтүнмөдө көрсөтүлгөн окуя (штаттан тышкаркы кырдаал);
2) өтүнмө - колдонуучунун инцидент жөнүндө кат жүзүндөгү, оозеки (телефон аркылуу), электрондук (техникалык каражаттардын - программалык тиркеменин, маалыматтык системанын, веб-сайттын, порталдын, социалдык тармактардагы баракчанын жардамы менен) кайрылуусу;
3) колдонуучуну идентификациялоочу маалымат - колдонуучунун аты-жөнү, жеке идентификациялык номери; колдонуучу атынан чыккан юридикалык жактын аталышы, салык төлөөчүнүн жеке номери, байланыш маалыматтары (телефон номери, e-mail);
4) таасир этүү убактысы - колдонуучунун кайрылуусун алгандан кайрылуу кабыл алынганга чейинки убакыттын мезгили (жумушчу саат менен) (электрондук почта аркылуу электрондук жооп жиберүү, телефон чалуу, СМС-билдирүү, жеке кабинетине кайрылуунун катталганы жөнүндө билдирүүнү жана катталган кайрылуунун номерин камтыган билдирүү аркылуу ырасталат). Кайрылуунун катталганы жөнүндө билдирүүдө кайрылуунун мазмуну боюнча маалыматка суроо-талап, консультациялар же сунуштар, ошондой ал болгон учурда даяр чечим камтылышы мүмкүн;
5) өтүнмөнү аткаруу убактысы - кайрылуу кабыл алынган учурдан тартып өтүнмө аткарылган жана/же жабылган учурга чейинки убакыт;
6) жумуш күн - жумуш убактысы, дем алыш жана майрам күндөрүнөн сырткары;
7) жумушчу саат - жумуш күндүн чегиндеги астрономиялык саат;
8) техникалык колдоонун катышуучулары - пилоттоштуруунун катышуучуларынын техникалык колдоо кызматтары (онлайн, мобилдик уюлдук байланыш операторлорун, коммерциялык банктарды, төлөм кызматтарын көрсөтүүчү жактарды кошкондо, колл-борборлор, тейлөө борборлору, тейлөө кеңселери, кардарларды колдоонун башка механизмдери), кызмат көрсөтүүчүлөрдү техникалык колдоо кызматтары (мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын бөлүмдөрү, мамлекеттик муниципалдык ишканалар, мекемелер, уюмдар), ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
9) колдонуучуларды техникалык колдоо системасы - ушул Тартипте көрсөтүлгөн иш-чаралардын комплексин ишке ашырган техникалык колдоонун катышуучуларынын кызматтарынын (бөлүмдөрүнүн), жыйындысы, алар аркылуу өтүнмөлөрдө көрсөтүлгөн санариптик кызмат көрсөтүүлөрдү жана тейлөөлөрдү пайдаланууда келип чыккан инциденттерди чечүүдө колдонуучуларга жардам көрсөтүлөт;
10) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - пилоттук долбоорду ишке ашырууга жооптуу Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги;
11) колдонуучуларды техникалык колдоо деңгээлдери (ТК 1, ТК 2, ТК 3) - түшкөн өтүнмөлөрдү кароону ирети менен аткарган техникалык колдоо линиялары;
12) эскалация - инцидентти чечүүнү жогорку деңгээлге (кийинки деңгээлге) өткөрүп берүү токтоосуз ишке ашырылат.
Ушул тартиптеги башка терминдер жана аныктамалар "Электрондук башкаруу жөнүндө", "Электрондук колтамга жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө", "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө", "Электр жана почта байланышы жөнүндө", "Жарнама жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө", "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, банк мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү Мамлекеттик санариптик платформа аркылуу санариптик формадагы кызматтарды көрсөтүүнүн жана тейлөөнүн убактылуу тартибинде, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында аныкталган мааниде пайдаланылат.

2. Техникалык колдоонун режими, деңгээлдери
3. Бардык деңгээлдеги техникалык колдоо жумуш учурунда ишке ашырылат. Өтүнмө аткарууга алынган убакыт техникалык колдоо деңгээлине карабастан 1 (бир) жумушчу саатты түзөт. Өтүнмөгө чара көрүү убактысы жумуш учурун гана камтыйт.
4. Техникалык колдоо деңгээлдеринин кызматкерлеринин байланыш маалыматтары (кызматтын аталышы, аты-жөнү, телефону, электрондук почта дареги) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет, ал аларды техникалык колдоонун жалпы системасынын кызматкерлерине жеткирет.
5. Техникалык колдоого катышуучулардын түздөн-түз жетекчилери техникалык колдоо системасын уюштурууга жооптуу болушат.
6. Бардык деңгээлдеги техникалык колдоонун иш убактысы жөнүндө маалымат колдонуучуларга аны техникалык колдоонун катышуучуларынын веб-сайттарына, социалдык тармактардагы баракчаларга жайгаштыруу жана/же пилоттоштуруунун катышуучуларынын жеке кабинеттери, программалык тиркемелери, маалыматтык системалары аркылуу маалымдалат.
7. Кайрылууларда колдонуучуну идентификациялоочу маалымат камтылууга тийиш. Кайрылуулар техникалык колдоо системасында катталууга тийиш. Колдонуучу кайрылууну иштеп чыгуу башталгандыгы жана аны аткаруунун болжолдуу мөөнөтү жөнүндө кабарлоону алат.
8. Стандарттуу, көп берилүүчү суроолорго жооптор ар кандай түрдө берилиши мүмкүн (эксплуатациялык документтердин тиешелүү барагына шилтеме, колдонуучунун колдонмосу, виртуалдык бот жана башка механизмдер).
9. Кайрылууларга жоопторду берүүдө негизги көрсөткүч проблеманы чечүү болууга тийиш (кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу, туура эмес тарифтөө себептерин жоюу ж.б.).
Эгер өтүнмөдө көрсөтүлгөн маселе техникалык колдоонун чегинен чыкса инцидентти чечүүгө мүмкүн эмес. Мындай өтүнмөлөр "Жарандардын кайрылууларын кароо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан аткарылат.
§ 1. Колдонуучуларды техникалык колдоонун биринчи деңгээли (ТК 1)
10. ТК 1 деңгээли бардык колдонуучулар үчүн жеткиликтүү.
11. ТК 1 пилоттоштуруунун катышуучуларынын техникалык колдоо кызматтары тарабынан ишке ашырылат (онлайн, мобилдик уюлдук байланыш операторлорун, коммерциялык банктарды, банк кызматтарын көрсөтүүчү жактардын, пилоттоштуруунун катышуучуларынын реестрине ылайык башка катышуучуларды кошкондо, колл-борборлор, тейлөө борборлору, тейлөө кеңселери, кардарларды колдоонун башка механизмдери).
12. ТК 1 чөйрөсүнө төмөнкү функциялар кирет:
1) өтүнмөнү аткарууга алуу жана ушул Тартипте белгиленген мөөнөттө инцидентке алгачкы чара көрүү;
2) программалык тиркемелерди (жалпы мүнөздөгү) пайдалануу маселелери боюнча колдонуучуларга консультация берүү, аларды орнотуу жана ишке киргизүү;
3) колдонуучуларды жекелештирүү, идентификациялоо (верификациялоо) маселелери боюнча консультация берүү (анын ичинен техникалык каражаттарды пайдалануу менен аралыктан);
4) кызмат көрсөтүүлөрдү жана тейлөөлөрдү пайдалануу, төлөмдөрдү төлөө маселелери боюнча консультация берүү;
5) жеке маалыматтарды электрондук документ формасында иштеп чыгууга макулдугун билдирүү ыкмасы (толтуруу, кол коюу) менен жеке маалыматтарды коргоо, иштеп чыгуу, пайдалануу маселелери боюнча консультация берүү;
6) өтүнмөнү жабуу же колдонуучуларды техникалык колдоонун экинчи деңгээлине (ТК 2) эскалациялоо.
13. ТК 1 деңгээлинде өтүнмө боюнча инцидентти чечүү убактысы 1 жумушчу сааттан ашпайт.
14. Эгер өтүнмөдө көрсөтүлгөн инцидент ТК 1 деңгээлинин чөйрөсүнө кирбесе өтүнмөнү иштеп чыгып жаткан тиешелүү кызматкер өтүнмөнү ТК 2 деңгээлге токтоосуз эскалациялоого (которууга) милдеттүү.
§ 2. Колдонуучуларды техникалык колдоонун экинчи деңгээли (ТК 2)
15. ТК 2 деңгээли техникалык колдоо кызматтары тарабынан ишке ашырылат жана кызмат көрсөтүүлөрдүн маалыматтык системаларынын операторлорунун (мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бөлүмдөрү, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, мекемелер, уюмдар) коштоосу менен ишке ашырылат.
16. ТК 1 деңгээлинен эскалацияланган өтүнмөлөрдөн сырткары, ТК 2 деңгээлиндеги өтүнмөлөрдү алуу булактары болуп ошондой эле ТК 2 деңгээлинин колдонуучуларын техникалык колдоо кызматтарынын колл-борборлору, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, кызмат көрсөтүүчүлөрдүн веб-сайттарына, социалдык тармактардагы баракчаларына онлайн кайрылуу, колдонуучулардын кат жүзүндөгү кайрылуулары, жарандарды жеке кабыл алууда алынган кайрылуулар саналат.
17. ТК 2 чөйрөсүнө төмөнкү функциялар кирет:
1) ТК 1 деңгээлинен эскалацияланган өтүнмөлөр боюнча инциденттерди чечүү;
2) кызматтарды көрсөтүүдө жана тейлөөдө келип чыгышы мүмкүн болуучу (мөөнөтү, стандарттары, сапаты) инциденттер (проблемалар) боюнча консультация берүү;
3) кызмат көрсөтүүлөр үчүн катачылык менен, туура эмес төлөнгөн төлөмдөрдү жана/же төлөнгөн, бирок пайдаланылбаган кызмат көрсөтүүлөр үчүн сумманы кайтаруу маселелери боюнча консультация берүү;
4) мамлекеттик санариптик платформанын (мындан ары - МСП) программалык камсыздоосунун, анын компоненттеринин ишиндеги үзгүлтүктөр, каталар боюнча консультация берүү;
5) өтүнмөнү жабуу же колдонуучуларды техникалык колдоонун үчүнчү деңгээлине (ТК 3) эскалациялоо.
18. Өтүнмөдө көрсөтүлгөн инцидентти чечүү убактысы маселенин татаалдыгына жана маселени компетенттүү бөлүмдөргө, же болбосо ТК 3 деңгээлге өткөрүп берүү зарылдыгына жараша болот, техникалык колдоонун ушул деңгээлиндеги өтүнмөнүн артыкчылыгына жараша төмөнкүлөрдү түзөт:
- кызмат көрсөтүүлөрдү жана тейлөөлөрдү пайдалануу, кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгү, мөөнөтү, стандарттары, сапаты маселелери боюнча - 1 (бир) жумушчу саатка чейин;
- МСПнын жана кызмат көрсөтүүчүлөрдүн маалыматтык системаларынын иштешинин маселелери боюнча, кызмат көрсөтүүлөр үчүн катачылык менен, туура эмес төлөнгөн төлөмдөрдү жана/же төлөнгөн, бирок пайдаланылбаган кызмат көрсөтүүлөр үчүн сумманы кайтаруу маселелери боюнча - 8 (сегиз) жумушчу саатка чейин;
- жалпы мүнөздөгү маселелер боюнча - 2 (эки) жумуш күн.
19. Эгер өтүнмөдө көрсөтүлгөн инцидент ТК 2 деңгээлиндеги чөйрөгө кирбесе жана/же 18-пунктта көрсөтүлгөн мөөнөттө чечилбесе, өтүнмөнү иштеп чыгып жаткан тиешелүү кызматкер өтүнмөнү ТК 3 деңгээлине токтоосуз эскалациялоого (которууга) милдеттүү.
§ 3. Колдонуучуларды техникалык колдоонун үчүнчү деңгээли (ТК 3)
20. ТК 3 деңгээли ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ишке ашырылат.
21. ТК 1 жана ТК 2 деңгээлдеринен эскалацияланган өтүнмөлөрдөн сырткары, ТК 3 деңгээлиндеги өтүнмөлөрдү алуу булактары болуп ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, кызмат көрсөтүүчүлөрдүн веб-сайттарына, социалдык тармактардагы баракчаларына онлайн кайрылуу, колдонуучулардын кат жүзүндөгү кайрылуулары, жарандарды жеке кабыл алууда алынган кайрылуулар саналат.
22. ТК 3 деңгээлинде төмөнкүдөй инциденттер чечилүүгө тийиш:
1) ТК 1 жана ТК 2 деңгээлинде чечилбеген өтүнмөлөр боюнча инциденттерди чечүү;
2) колдонуучулардын кызмат көрсөтүүлөргө жана тейлөөлөргө канааттануусу маселелери боюнча консультация берүү;
3) МСПны, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалыматтык системаларын колдоо жана өнүктүрүү, пилоттук режимде жаңы кызмат көрсөтүүлөрдү жана тейлөөлөрдү киргизүү (түзүү) маселелери.
23. Өтүнмөдө көрсөтүлгөн инцидентти чечүү мөөнөтү татаалдыгына жана мүнөзүнө жараша болот жана 2ден 7 жумуш күнгө чейин түзүшү мүмкүн.
24. Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын кызмат адамдарын мамлекеттик же муниципалдык кызматтарды көрсөтүүдө жол берилген бузуулар үчүн жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маселелер эмгек мыйзамдарында жана мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте каралат.
3. Корутунду жоболор
25. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бардык деңгээлдеги техникалык колдоо кызматтарынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу үчүн окутуу иш-чараларын үзгүлтүксүз өткөрөт, аларга зарыл болгон көмөктөрдү көрсөтөт, инциденттер, техникалык колдоонун сапаты жөнүндө маалыматты алат жана жалпылайт, ошондой эле колдонуучулардан техникалык колдоо кызматтарынын ишинин сапаты жөнүндө маселелер боюнча дооматтарды кабыл алат.
26. Ушул Тартиптин талаптарынын сакталышы үчүн техникалык колдоонун катышуучуларынын жетекчилери жоопкерчилик тартышат.
|
| Мамлекеттик санариптик платформа аркылуу санариптик формадагы кызмат көрсөтүүлөрдүн жана тейлөөлөрдүн убактылуу тартибине тиркеме |
Мамлекеттик сапариптик платформа аркылуу электрондук документ формасында түзүлгөн кызмат көрсөтүүнүн (маалым каттын) жыйынтыгынын баяндамасы жана формасы
1. Электрондук документ формасындагы кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы төмөнкүдөй түзүлүштү камтууга тийиш:
1) бланктын жогорку талаасынын борборунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү, "Кыргыз Республикасы", "Кыргызская Республика" деген жазуу;
2) кызмат көрсөтүүнүн/тейлөөнүн жыйынтыгынын (маалым каттын) аталышын;
3) Кыргыз Республикасынын жаранынын жеке идентификациялык номери (ЖИН);
4) колдонуучунун аты-жөнү;
5) кызмат көрсөтүүнүн/тейлөөнүн жыйынтыгынын (маалым каттын) мазмуну;
6) эскертүү: маалыматтар алынган датага карата алардын актуалдуулугу жөнүндө (кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгынын мазмунунун ылдый жагында);
7) маалыматтык системасынан тиешелүү маалыматтар (кызмат көрсөтүүнүн/тейлөөнүн жыйынтыгы) алынган мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын маалыматтары;
8) кызмат көрсөтүүнүн/тейлөөнүн жыйынтыгы түзүлгөн дата (мындай дата болуп маалыматтык системадан арыз ээсинин дарегине тиешелүү кабарлоо алынган дата саналат);
9) QR-Code, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (органдардын) электрондук колтамгасы (колтамгалары) жана тиешелүү мамлекеттик органдын маалыматтык системасында кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы жөнүндө жазууга шилтеме камтылган кызмат көрсөтүүнүн (маалым каттын) жыйынтыгынын аныктыгын ырастайт.
Эскертүү: кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгынын формасы (дизайны) анын түзүмүнө өзгөртүүлөрдү киргизбестен өзгөртүлүшү мүмкүн.
Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгынын формасы (маалым кат)
Графикалык көчүрмөсүн караңыз.
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-апрелиндеги № 238 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ