Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 11-ноябры № 545
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-сентябрындагы № 523 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-сентябрындагы № 523 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын уставында:
- 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы Ишкананын ишине жалпы жетекчилик, координациялоо жана стратегиялык пландоо жүргүзөт.";
- 9-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9. Ишкана филиалдарга ээ жана филиалдарды, өкүлчүлүктөрдү түзүүгө, аларга белгиленген тартипте мүлктүн бир бөлүгүн өткөрүү жолу менен берүүгө укуктуу.";
- 13-пунктунун жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашкандан кийин жарандык мыйзамдарда белгиленген тартипте кредиттик келишимдерди түзүү аркылуу зайым каражаттарын тартуу;";
- 16-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"- Ишкана өзүнүн филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн иши үчүн толук жоопкерчилик тартат. Ишкананын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн тартипте милдеттүү мамлекеттик каттоодон өткөрүүгө тийиштүү.";
- 17-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- 22-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"22. Башкы директор мамлекеттик ишканалардын жетекчи кадрларынын резервинен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы сунуш кылган адамдардын ичинен мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси Ишкананын башкы директору менен үч жылдык мөөнөттөгү эмгек келишимин түзөт.
Ишкананын башкы директору төмөнкүдөй учурларда ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:
- мамлекеттик ишкананын жылдык финансылык-чарбалык иштеринин жыйынтыктары жөнүндө отчетту кароонун жыйынтыгы боюнча канааттандыраарлык эмес баа алса;
- ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрү аткарылбаса;
- эмгек келишими боюнча милдеттерин аткарбаганда же талаптагыдай эмес аткарганда;
- мамлекеттик ишкананын финансылык-чарбалык иштеринин көрсөткүчтөрүн начарлатууга алып келген квалификациялуу эмес аракеттери үчүн;
- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча.";
- 23-пунктунда:
бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашкандан кийин Ишкананын, анын ичинде филиалдарынын түзүмүн, штаттык ырааттамасын, ошондой эле филиалдар жөнүндө жоболорду бекитет;";
төмөнкүдөй мазмундагы он үчүнчү-он алтынчы абзацтар менен толукталсын:
"- Ишкана үч жылдык мезгилге иштелип чыгуучу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан бекитилүүчү Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планын ишке ашырууну камсыздайт;
- тармактык саясат маселелери боюнча ишкананын мамлекеттик башкаруу органынын чечимдерин аткарууну камсыздайт;
- мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга келерки жылга ишкананын бюджетинин долбоорун жана өткөн жылдын бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүүгө киргизет;";
- 24-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"24. Башкы директордун үч орун басары бар, алардын бири биринчи орун басары болуп саналат. Башкы директордун орун басарлары Ишкананын башкы директорунун сунушу боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
Төмөнкүлөр Ишкананын башкы директору, башкы директордун орун басарлары жана башкы бухгалтери боло алышпайт:
- чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, кош жарандуулукка болгон адамдар, ошондой эле чет мамлекетте жашап турууга уруксаты бар Кыргыз Республикасынын жарандары;
- жеке менчикке жана экономикалык ишти жүргүзүү тартибине каршы кылмыштары, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштары үчүн соттолгон, анын ичинде соттуулугу жоюлган адамдар;
- мурда канааттандыраарлык эмес иши үчүн уюмдун жетекчисинин ээлеген кызматынан бошотулган адамдар;
- мурда менчигинин түрүнө карабастан чарбалык субъектте жетекчилик кызматты ээлеген, аны банкроттуулукка алып келген адамдар;
- мамлекеттик административдик, атайын кызматтарды, саясий жана административдик муниципалдык кызматтарды ээлеген адамдар.
Ишкананын башкы директору, башкы директорунун орун басарлары жана башкы бухгалтери кызматта турган мезгилде жеке өздөрү же ишенимдүү адамдар аркылуу жеке ишкердик жүргүзүүгө, коммерциялык юридикалык жактарды алардын уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан башкарууга укуксуз.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 321-пункт менен толукталсын:
"321. Ишкана жылдык финансылык-чарбалык иштин жыйынтыктары боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эсебине таза пайданын өзү бекиткен бөлүгүн, бирок 50 пайыздан кем эмес өлчөмүн республикалык бюджетке кийин жиберүү менен отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө которуп берет.";
- 34-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"34. Ишкана стратегиялык өнүктүрүү планына жана анын негизинде иштелип чыгуучу жылдык бюджетке ылайык өз ишин жүргүзөт. Стратегиялык өнүктүрүү планы Ишкана тарабынан үч жылдык мезгилге иштелип чыгат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан бекитилет.
Ишкана бухгалтердик эсепти жана статистикалык отчеттуулукту Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзөт.
Ишкана жыл сайын 1-мартка чейинки мөөнөттө мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы менен макулдашылган Ишкананын келерки жылга карата бюджетинин долбоорун жана финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчетун, анын ичинде өткөн жыл үчүн Ишкананын бюджетинин аткарылышы тууралуу отчетун киргизет.
Ишкананын алдын ала бюджети 31-декабрга чейинки мөөнөттө мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылат.";
- Уставдын жогоруда аталган тиркемеси күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 27-ноябрындагы № 97 (3169) жарыяланды
Премьер-министр | С.Н. Жапаров |