Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 10-сентябры № 477
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 224 "Юридикалык жана жеке жактардын жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнө, мумие камтыган минералдык сырьего жана козу карындарга келтирген зыяны үчүн айыптын өлчөмүн эсептөөнүн таксаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объектилерин коргоону күчөтүү, жаратылышты пайдаланууну жүзөгө ашырууда белгиленген тартипти сактабагандыгы үчүн жоопкерчиликти жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 224 "Юридикалык жана жеке жактардын жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнө, мумие камтыган минералдык сырьего жана козу карындарга келтирген зыяны үчүн айыптын өлчөмүн эсептөөнүн таксаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогорудагы аталган токтом менен бекитилген Юридикалык жана жеке жактар дарактарды жана бадалдарды мыйзамсыз кыюу жана бузуу, шамалдан жыгылган жана бороон кулаткан жыгачтарды уруксатсыз алуу (уурдоо) менен келтирген зыяны үчүн айыптын өлчөмүн эсептөөнүн таксасында:
- "Эреже бузуунун түрү" графасынын 12-сабындагы "30" деген цифра "32" деген цифрага алмаштырылсын;
- эскертүү төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:
"6. Өзгөчө баалуу жыгачтардын түрлөрүн мыйзамсыз кыюу, өсүүсү токтоп калчу даражага чейин зыян келтирүү үч эсеге көбөйтүлгөн такса менен эсептелет.".
2) Мамлекеттик токой фондунун жерлеринде юридикалык жана жеке жактардын уруксатсыз чөп чабуу, мал жаюу, бал челектерди жайгаштыруу менен келтирген зыян үчүн айыпты эсептөөнүн таксасы, ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 25-сентябрындагы № 80 (3152) жарыяланды
Премьер-министр | К.А. Боронов |
|
| Тиркеме |
"Юридикалык жана жеке жактардын уруксатсыз чөп чабуу, мал жаюу, бал челектерди жайгаштыруу менен келтирген зыян үчүн айыпты эсептөөнүн ТАКСАСЫ
№ | Эреже бузуунун түрү | Айыптын өлчөмү (сом менен) | |
1 | Чөптү уруксатсыз чабуу: | 1) чабынды жерлерге бөлүнгөн участоктордо: | Чабылган чөптү алып коюу менен уруксатсыз чабылган ар бир гектар үчүн: |
айдалган чөп (1 гектарына 30 ц) | чөптүн беш эсе баасы (5х30хЦ сом) | ||
табигый, жакшыртылган (1 гектарына 20 ц) | чөптүн беш эсе баасы (5х20хЦ сом) | ||
табигый, жакшыртылган эмес (1 гектарына 12 ц) | чөптүн үч эсе баасы (3х12хЦ сом) | ||
2) чөп чабуу үчүн арналбаган аянттарда | 72хЦ сом | ||
3) мамлекеттик жаратылыш коруктарынын, мамлекеттик заказниктердин, мамлекеттик жаратылыш парктарынын аймактарында жана башка өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлеринде | Ушул пунктун 1 жана 2-пунктчаларында каралган зыяндын үч эсе өлчөмүндө | ||
2 | Малды уруксатсыз жайгандык (1 баш мал үчүн): | 1) жайыт участоктордо: |
|
эки жаштан өткөн бодо мал жана жылкылар | 105 | ||
бодо малдын жана жылкынын эки жашка чейинки төлү, майда жандык (эчкилерден сырткары) | 35 | ||
майда жандык - эчкилер | 250 | ||
2) токой фондунун мал жаюу үчүн арналбаган аянттарында | Ушул пункттун 1-пунктчасында каралган зыяндын үч эсе өлчөмүндө | ||
3) коруктардын, заказниктердин, жаратылыш парктарынын жерлеринде, шаарлардын жашыл бак-дарактуу аймактарында | Ушул эле пункттун 1-пунктчасында каралган зыяндын беш эсе өлчөмүндө | ||
4) эчкилерди кайра дагы жайганда | Ушул пункттун 1-пунктчасында каралган зыяндын беш эсе өлчөмүндө | ||
3 | Бал челектерди уруксатсыз жайгаштыруу |
| Бал челек ээлеген аянтка жер салыгынын 5 эсе өлчөмүндө |
Эскертүү:
1. 1 га жерден канча чөп алынаары эске алынат:
- айдалган чөп - 30 центнер;
- табигый жакшыртылган - 20 центнер;
- табигый, жакшыртылган эмес - 12 центнер.
2. "Ц" деп ушул аймакта колдонулган чекене (рыноктук) баа боюнча чөптүн 1 центнеринин баасы алынат.
3. Эгерде уруксатсыз чөп чабуу же өз эркинче мал жаюу менен токой өсүмдүктөрүнө, табигый жаш чырпыктарга жана уругунан өсүп чыккан өсүмдүктөргө зыян келтирилсе, айыптын өлчөмү ушул такса боюнча дарактарды жана бадалдарды мыйзамсыз кыюу жана бузуу, шамалдан жыгылган жана бороон кулаткан жыгачтарды уруксатсыз алуу (уурдоо) менен келтирген зыяны үчүн айыптын өлчөмү менен кошо эсептелет.
4. Чабылган чөптү алып коюу мүмкүн болбогон учурда чөптү уруксатсыз чабуу менен келтирилген зыян үчүн айып чабылган чөптүн рыноктук баасына көбөйтүлөт.".