Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-декабры № 718
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жогорку жана орто кесиптик билим берүү чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 355 токтомунун редакциясына ылайык)
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, орто кесиптик жана жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарттарын өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 355 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-августундагы № 496 "Кыргыз Республикасында жогорку кесиптик билим берүүнүн эки деңгээлдүү түзүмүн белгилөө жөнүндө" токтомуна 2-тиркемеге ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-мартындагы № 160 "Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүү уюмдарынын ишин жөнгө салуучу актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуна 3-тиркемеге ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги алты айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
М.Д. Абдылгазиев |
| 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-майындагы № 256 "Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алууну жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө" токтомуна киргизилүүчү өзгөртүүлөр
Жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына кабыл алуу тартибинде:
- 1.5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1.5. Жождорго тездетилген программалар боюнча окутууга ар түрдүү деңгээлдердеги жогорку кесиптик билими жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү диплому бар адамдар кабыл алынат. Жождорго тийиштүү адистиктерге тездетилген программалар боюнча окутууга тийиштүү профилдеги орто кесиптик билими жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү диплому бар адамдар кабыл алынат. Орто кесиптик билимдин профили жогорку кесиптик билимдин профилине шайкештиги жож тарабынан өз алдынча аныкталат.";
- 1.6-пунктундагы "тийиштүү багыт боюнча" жана "жакын адистик боюнча" деген сөздөр алып салынсын;
- 2.7-пунктундагы "Экинчи жана кийинки курстарга" деген сөздөр "Тездетилген программалар боюнча окутууга" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 5.11-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5.11. Жожго тездетилген программа боюнча окутууга кабыл алуу жогорку же орто кесиптик билим алууда өтүлгөн айрым сабактарды окутуунун жана башка окутуу иш-чараларынын натыйжаларын кайрадан аттестациялоонун (кайра зачет тапшыруунун) негизинде ишке ашырылат. Окутуунун натыйжаларын кайрадан аттестациялоо (кайра зачет тапшыруу) жож тарабынан өз алдынча жүргүзүлөт. Мында тездетилген программаларды ишке ашырууда окутуунун мөөнөтү башка билим берүү программасы боюнча орто кесиптик билим жана (же) жогорку билим алууда студент өздөштүргөн (өткөн) айрым Дисциплиналар (модулдар) жана (же) айрым практикалар боюнча окутуунун натыйжаларын толук же жарым-жартылай кайрадан аттестациялоонун (кайра зачет тапшыруунун) жыйынтыгы менен аныкталат.".
|
| 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-августундагы № 496 "Кыргыз Республикасында жогорку кесиптик билим берүүнүн эки деңгээлдүү түзүмүн белгилөө жөнүндө" токтомуна киргизилүүчү өзгөртүүлөр
1) Жогоруда аталган токтомдун 2-пунктунун бешинчи жана алтынчы абзацтарындагы "академиялык даражасын" деген сөздөр "квалификациясын" деген сөз менен алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын "бакалаврды" даярдоо багыты боюнча макетинде:
- 1.1-пунктунда:
биринчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
экинчи абзацындагы "уюштуруучулук-укуктук формаларына" деген сөздөр "менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 1.2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1.2. Ушул Жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартында "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасы тарабынан белгиленген тартипте кабыл алынган жогорку кесиптик билим берүү жаатындагы эл аралык документтерге ылайык терминдер жана аныктамалар пайдаланылат:
- негизги билим берүү программасы - максаттарды, күтүлүүчү натыйжаларды, даярдоонун тийиштүү багыты боюнча билим берүү процессин ишке ашыруунун мазмунун жана уюштурулушун регламенттөөчү окуу-методикалык документтердин жыйындысы;
- даярдоонун багыты - ар түрдүү профилдеги, фундаменталдуу жалпы даярдоо негизиндеги интеграцияланган жогорку кесиптик билимдүү кадрларды (адистерди, бакалаврларды жана магистрлерди) даярдоо үчүн билим берүү программаларынын жыйындысы;
- профиль - негизги билим берүү программасынын конкреттүү бир түргө багытталышы жана (же) кесиптик иш объекти;
- компетенция - окуучунун аныкталган бир чөйрөдө майнаптуу жана жемиштүү иштөөсү үчүн зарыл болгон билими жагынан даярдоого карата алдын ала коюлган социалдык талап (ченем);
- бакалавр - магистратурага кирүүгө жана кесиптик иш менен алектенүүгө укук берген жогорку кесиптик билимдин квалификациялык деңгээли;
- магистр - аспирантурага жана (же) базалык докторантурага (PhD/профили боюнча) жана кесиптик иш менен алектенүүгө укук берген жогорку кесиптик билимдин квалификациялык деңгээли;
- кредит (зачеттук бирдик) - негизги кесиптик билим берүү программасынын эмгек сыйымдуулугунун шарттуу өлчөмү;
- окутуунун натыйжалары - негизги билим берүү программасы/модулу боюнча окуунун натыйжасында ээ болгон компетенциялар;
- жалпы илимий компетенциялар - кесиптик иштин бардык түрлөрү (же көпчүлүгү) үчүн жалпы болуп саналган мүнөздөмөлөрдү билдирет: окуу, талдоо жана синтез кылуу ж.б. жөндөмдүүлүк;
- инструменттик компетенция - когнитивдик жөндөмдү, идеяларды жана ойлорду түшүнүү жана пайдалана билүү жөндөмдөрүн камтыйт; методологиялык жөндөм, айлана-чөйрөнү түшүнүү жана башкаруу, убакытты уюштуруу, окуунун стратегияларын түзүү, чечимдерди кабыл алуу жана проблемаларды чече билүү жөндөмү; технологиялык жөндөм, техниканы пайдалана билүүгө, компьютерди билүүгө жана маалыматтык башкарууга байланышкан жөндөмдөр; лингвистикалык жөндөмдөр, коммуникациялык компетенция;
- социалдык-инсандык жана жалпы маданий компетенциялар - ой-сезимдерин жана мамилесин билдирүүгө, сын көз менен ой жүгүртүүгө жана өзүнө баа бере билүүгө байланышкан жеке сапаттар, ошондой эле социалдык өз ара байланыш жана кызматташуу процесстерине, топтор менен иштеше билүүгө, социалдык жана этикалык милдеттенмелерди кабыл алууга байланышкан жөндөмдөр;
- кесиптик стандарт - кесиптик иштин конкреттүү түрүнүн чегинде анын мазмунуна жана сапатына карата талаптарды белгилөөчү, кызматкер кайсы иште болсо да, кайсыл уюмда болсо да өзүнүн ордун татыктуу ээлеши үчүн кызматкерде болушу милдеттүү болгон квалификациянын сапаттык деңгээлин баяндаган негиз түзүүчү документ.";
- 2.1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2.1. Ушул Жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарты
____________________________________________
(тизме боюнча коду - багыттын толук аталышы)
бакалаврларды даярдоо багыты боюнча негизги билим берүү программаларын ишке ашыруудагы милдеттүү ченемдердин, эрежелердин жана талаптардын жыйындысын туюндурат жана окутуу, уюштуруу-методикалык документтерди иштеп чыгуу Кыргыз Республикасынын аймагында бакалаврларды даярдоонун тийиштүү багыты боюнча лицензиясы бар менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына карабастан бардык жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын (мындан ары - жождор) жогорку кесиптик билим берүүнүн негизги билим берүү программаларын өздөштүрүү сапатын баалоо үчүн негиз болуп эсептелет.";
- 2.2-пунктунда:
сегизинчи абзацындагы "аттестацияны, аккредитацияны жана" деген сөздөр алып салынсын;
төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:
"- билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоочу агенттиктер.";
- 2.3.1-пунктундагы "академиялык даражасын" деген сөздөр "квалификациясын" деген сөз менен алмаштырылсын;
3-главасынын биринчи абзацындагы "академиялык даража же" деген сөздөр алып салынсын;
- 3.1-пунктунда:
төртүнчү жана бешинчи абзацтарындагы "академиялык даражасын" деген сөздөр "квалификациясын" деген сөз менен алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"Бакалаврларды даярдоо багытынын алкагында ЖКББ НББП профилдери жож тарабынан квалификациянын (эгер болсо) тармактык/сектордук алкактарынын негизинде аныкталат.";
- 3.2 жана 3.3-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3.2. (Окуунун ченемдик мөөнөттөрү, ЖКББ НББП өздөштүрүүнүн кредиттердеги жалпы эмгек сыйымдуулугу көрсөтүлөт).
Жалпы орто билимдин базасында күндүзгү окутуу формасында бакалаврларды
____________________________________________________________
(тизме боюнча код - багыттын толук аталышы)
даярдоо боюнча ЖКББ НББП өздөштүрүүнүн ченемдик мөөнөтү 4 жылдан кем эмес убакытты түзөт.
Окутуунун күндүзгү-сырткы (кечки) жана сырткы формалары боюнча, ошондой эле окутуунун ар кандай формалары айкалыштырылган учурларда бакалаврларды даярдоо боюнча ЖКББ НББП өздөштүрүү мөөнөттөрү жож тарабынан күндүзгү окутуу формасында белгиленген ченемдик мөөнөткө карата алты айдан бир жылга чейин көбөйтүлөт.
Тийиштүү профилдеги орто кесиптик билими же жогорку кесиптик билими бар адамдарга бакалаврларды даярдоо боюнча ЖКББ НББП тездетилген программасы боюнча өздөштүрүүгө укук берилет. Тездетилген программаларды ишке ашырууда окуунун мөөнөтү студент билим берүүнүн башка программасы боюнча орто кесиптик билимди жана (же) жогорку билимди алып жаткан учурда айрым Дисциплиналар (модулдар) жана (же) айрым практикалар боюнча окутуунун натыйжалары боюнча толук же жарым-жартылай кайра аттестациялоонун (кайра зачет тапшыруунун) жыйынтыгы менен аныкталат.
Орто кесиптик билим берүү профилинин жогорку кесиптик билим берүү профилине шайкештиги жож тарабынан өз алдынча аныкталат.
Күндүзгү окутуу формасында орто кесиптик билимдин базасында бакалаврларды даярдоо боюнча ЖКББ НББП өздөштүрүү мөөнөтү тездетилген программаларды ишке ашыруунун алкагында 3 жылдан кем эмес убакытты түзөт.
Билим алуунун формасына карабастан жеке окуу планы боюнча окутууда окуунун мөөнөтүн жож өз алдынча аныктайт.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды жеке окуу планы боюнча окутууда жож мөөнөттүү билим алуунун тийиштүү формасы боюнча аныкталган убакытка салыштырмалуу узартууга укуктуу.
Бакалаврларды жана магистрлерди даярдоо багыты боюнча ЖКББ НББП өздөштүрүүнүн башка ченемдик мөөнөттөрүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.
3.3. Бакалаврларды даярдоонун ЖКББ НББП өздөштүрүүнүн жалпы эмгек сыйымдуулугу 240тан кем эмес кредитке барабар.
Күндүзгү окуу формасы боюнча окуу жылындагы ЖКББ НББПнын эмгек сыйымдуулугу 60тан кем эмес кредитке барабар.
Бир окуу семестринин эмгек сыйымдуулугу 30дан кем эмес кредитке барабар (окуу процесси эки семестрлик болуп курулган учурда).
Бир кредит студенттин окуу ишинин 30 саатына эквиваленттүү (анын ичинде анын аудиториялык, өз алдынча иштери жана аттестациянын бардык түрлөрү).
Күндүзгү-сырттан (кечки) жана сырттан окуу формалары боюнча НББПнын, ошондой эле окутуунун ар түрдүү формалары айкалышкан учурдагы эмгек сыйымдуулугу окуу жылында 48ден кем эмес кредитти түзөт.";
- 3.5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3.5. Бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик иш чөйрөсү.
Бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик иш чөйрөсү даярдоо багыты боюнча төмөнкүлөрдү камтыйт:
______________________________________________________________________
(Кесиптик стандартты жана квалификациянын (эгер болсо) тармактык/сектордук алкактарын эске алуу менен бакалаврлар даярдалуучу кесиптик иш чөйрөсү тизмеленет).
Бүтүрүүчүлөрдүн билиминин жана алынган компетенцияларынын деңгээли кызматкердин квалификациясынын талаптарына ылайык келген шартта алар кесиптик иштин башка тармактарында жана (же) чөйрөлөрүндө кесиптик ишти жүзөгө ашыра алат.";
- 3.7-пунктунун экинчи абзацы "иш берүүчүлөр менен бирдикте" деген сөздөрдөн кийин "тийиштүү кесиптик стандарттын (эгер болсо) негизинде же" деген сөздөр менен толукталсын;
- 3.8-пунктундагы эскертүү "кесиптик иштин тийиштүү тармагындагы" деген сөздөрдөн кийин "жана кесиптик стандарттын (эгер болсо)" деген сөздөр менен толукталсын;
- 4.1.1-пунктунда:
биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4.1.1. Жождор даярдоонун багыты боюнча НББПны өз алдынча иштеп чыгышат. НББП Кыргыз Республикасынын даярдоо багыттары боюнча тийиштүү мамлекеттик билим берүү стандартынын негизинде иштелип чыгат жана жождун окумуштуулар кеңеши тарабынан бекитилет.";
экинчи абзацындагы "жыл сайын" деген сөздөр "5 жылда бир жолудан кем эмес" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 4.1.2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4.1.2. Студенттерди жана бүтүрүүчүлөрдү даярдоонун сапатын баалоо алардын учурдагы, орто аралык жана жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясын камтышы керек. Баалоочу каражаттардын базасы жож тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет.
Студенттерди жана бүтүрүүчүлөрдү аттестациялоого, бүтүрүүчү квалификациялык иштердин мазмунуна, көлөмүнө жана түзүмүнө коюлуучу талаптар жождун бүтүрүүчүлөрүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоо жөнүндө жобону эске алуу менен аныкталат.";
- 4.1.4-пунктундагы "ар бир ДЦнын вариативдүү бөлүгүнүн үчтөн биринен кем эмес көлөмүн" деген сөздөр алып салынсын;
- 4.3-пунктунда:
экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жумасына аудиториялык сабактардын күндүзгү окуу формасындагы көлөмү ЖКББнын деңгээлин жана даярдоонун багытынын спецификасын эсепке алуу менен мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык аныкталат жана ар бир окуу дисциплинасын үйрөнүүгө бөлүнгөн жалпы көлөмдөн 35тен кем эмес пайызды түзөт.";
төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Окуу сабагы боюнча өз алдынча иштөөгө бөлүнүүчү сааттарга ошол дисциплина (модуль) боюнча экзаменге даярданууга каралган убакыт кирет.";
- 5.1 жана 5.2-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5.1. Бакалаврды даярдоонун НББПсын өздөштүрүүнүн натыйжаларына коюлуучу талаптар.
Даярдоонун ___________________________________________________ багыты боюнча бүтүрүүчү НББПнын максаттарына жана ушул ЖКББнын мамлекеттик билим берүү стандартынын 3.4 жана 3.8-пункттарында көрсөтүлгөн кесиптик иштин милдеттерине ылайык төмөндөгү компетенцияларга ээ болушу керек:
а) универсалдык:
- жалпы илимий (ЖИК);
(жалпы илимий компетенциялардын тизмеги келтирилет);
- инструменталдык (ИК):
(конкреттүү компетенциялардын тизмеги келтирилет);
- социалдык-инсандык жана жалпы маданий (СИЖМК):
(гуманитардык, социалдык жана экономикалык дисциплиналарды үйрөнүүнүн натыйжалары, ошондой эле окуп жаткандарга жождун социалдык-тарбиялык ишинин таасир этүүсүнүн натыйжалары болуп саналган компетенциялардын тизмеги келтирилет);
б) кесиптик (КК):
(3.7-пунктунда көрсөтүлгөн иштин түрлөрү боюнча компетенциялар көрсөтүлөт).
Компетенциялардын тизмеги улуттук квалификациянын алкагынын, квалификациянын жана кесиптик стандарттын (эгер болсо) тармактык/сектордук алкактарынын негизинде аныкталат.
5.2. Бакалаврларды даярдоонун НББПнын түзүмүнө талаптар.
Бакалаврларды даярдоонун НББПнын түзүмү төмөнкүдөй блокторду камтыйт:
1-блок "Дисциплиналар (модулдар)";
2-блок "Практика";
3-блок "Мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестация".
Бакалаврларды даярдоодогу НББПнын түзүмү | Бакалаврларды даярдоодогу НББПнын жана анын блокторунун кредиттердеги көлөмү | |
1-блок | I. Гуманитардык, социалдык жана экономикалык цикл II. Математикалык жана табигый илимий цикл III. Кесиптик цикл | 165-215 |
2-блок | Практика | 15-60 |
3-блок | Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация | 10-15 |
Бакалаврларды даярдоодогу ЖКББ НББПнын көлөмү | 240 | |
Жож мамлекеттик билим берүү стандартынын талаптарына ылайык бакалаврды даярдоодогу НББПны иштеп чыгат жана улуттук квалификациянын алкактарына ылайык окутуунун натыйжаларына жетүүгө жоопкерчилик тартат.
Дисциплиналардын (модулдардын) топтомун жана алардын бакалаврды даярдоодогу НББПнын ар бир блогуна тиешелүү эмгек сыйымдуулугун жож улуттук квалификациянын алкактарында каралган окутуунун натыйжаларынын жыйындысы түрүндө аны өздөштүрүүнүн талаптарын эске алуу менен ушул блок үчүн белгиленген көлөмдө өз алдынча аныктайт.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 5.2.1-5.2.5-пункттар менен толукталсын:
"5.2.1. Бакалаврды даярдоодогу НББП төмөнкүлөрдү ишке ашырууну камсыздашы керек:
- гуманитардык, социалдык жана экономикалык циклдин милдеттүү дисциплиналарын, алардын тизмеги эмгек сыйымдуулугу Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат. Аталган дисциплиналардын мазмуну жана ишке ашыруу тартиби бакалаврды даярдоонун тиешелүү багыты боюнча ЖКББ мамлекеттик билим берүү стандарты менен белгиленет;
- кеминде 360 саат көлөмүндө дене тарбия жана спорт боюнча дисциплиналарды, алар өздөштүрүү үчүн милдеттүү болуп саналат, бирок кредиттерге которулбайт жана бакалаврды даярдоодогу НББПнын көлөмүнө киргизилбейт.
5.2.2. "Практика" 2-блогу окуу практикасын (таанышуучу, технологиялык, илимий-изилдөө иштери) жана өндүрүш практикасын (долбоордук, эксплуатациялык, педагогикалык, илимий-изилдөө иштери) камтыйт.
Жож бир же бир нече типтеги практиканы тандоого укуктуу, ошондой эле белгиленген кредиттердин чегинде кошумча типтеги практиканы белгилей алат.
5.2.3. "Мамлекеттик аттестация" 3-блогу мамлекеттик экзаменди тапшырууга даярдыкты жана тапшырууну, бүтүрүүчү квалификациялык ишти аткарууну жана аны жактоону (эгерде жож бүтүрүүчү квалификациялык ишти жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациянын курамына киргизген болсо) камтыйт.
5.2.4. Бакалаврды даярдоодогу НББПнын алкагында милдеттүү жана элективдүү бөлүк болот.
Бакалаврды даярдоодогу НББПнын милдеттүү бөлүгүнө улуттук квалификациянын алкактарынын деңгээлдерин эске алуу менен жалпы илимий, универсалдуу, социалдык-инсандык жана жалпы маданий жана кесиптик компетенциялардын калыптанышын камсыз кылуучу дисциплиналар жана практикалар кирет.
Мамлекеттик аттестациянын көлөмүн эске албаганда милдеттүү бөлүктүн көлөмү бакалаврды даярдоодогу НББПнын жалпы көлөмүнөн 50 пайыздан ашпоого тийиш.
Бакалаврды даярдоодогу НББПнын элективдүү бөлүгүндө студенттер тиешелүү багыт боюнча дисциплиналарды тандай алышат, ошондой эле башка багыттагы бакалаврларды даярдоодогу НББПнын дисциплиналарын тандоого жол берилет.
5.2.5. Жож ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга (алардын арызы боюнча) ден соолугунун абалы боюнча окууга каршы көрсөтмөлөр каралган НББПдан тышкары, бакалаврды даярдоодогу НББП боюнча окууга мүмкүнчүлүк берүүгө тийиш, анда алардын психофизикалык өнүгүүсүнүн өзгөчөлүгү, жеке мүмкүнчүлүктөрү эске алынат жана зарыл болгон учурда аталган адамдардын өнүгүүсүнүн бузулушун түзөтүүнү жана социалдык көнүгүүсүн камсыз кылат.";
- 5.3.1-пунктунда:
расмий тилдеги текстинин экинчи жана үчүнчү абзацтарындагы ", как правило," деген сөздөр алып салынсын;
төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Илимдин кандидаты же доктору деген окумуштуулук даражасы бар окутуучулар берген сабактардын, окуган лекциялардын үлүшү жалпы сабактардын санынан _____ пайызын түзүшү керек.";
- 5.3.2-пунктунун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 5.3.3-пунктунун экинчи абзацынын экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"(Бакалаврларды даярдоодогу НББПны ишке ашырууга мүмкүндүк берүүчү зарыл болгон материалдык-техникалык камсыздоонун төмөнкүдөй тизмеси көрсөтүлөт:
- окуу кабинеттерин, компьютердик класстарды, практикалык жана лабораториялык сабактарды өткөрүү үчүн объекттерди жабдууга талаптар;
- полигондор, технологиялык лабораториялар, студиялар;
- маалыматтык жана телекоммуникациялык технологияларга жана тиешелүү технологиялык каражаттарга талаптар;
- зарылдыгына жараша ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү окуп жаткандардын билим алышы үчүн атайын шарттар;
- бакалаврларды даярдоодогу ишке ашырылып жаткан НББПнын өзгөчөлүгүн эске алуу менен башка талаптар).";
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын "магистрди" даярдоо багыты боюнча макетинде:
- 1.1-пунктунда:
биринчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
экинчи абзацындагы "уюштуруучулук-укуктук формаларына" деген сөздөр "менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 1.2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1.2. Ушул Жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартында "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасы тарабынан белгиленген тартипте кабыл алынган жогорку кесиптик билим берүү жаатындагы эл аралык документтерге ылайык терминдер жана аныктамалар пайдаланылат:
- негизги билим берүү программасы - максаттарды, күтүлүүчү натыйжаларды, даярдоонун тийиштүү багыты боюнча билим берүү процессин ишке ашыруунун мазмунун жана уюштурулушун регламенттөөчү окуу-методикалык документтердин жыйындысы;
- даярдоонун багыты - ар түрдүү профилдеги, фундаменталдуу жалпы даярдоо негизиндеги интеграцияланган жогорку кесиптик билимдүү кадрларды (адистерди, бакалаврларды жана магистрлерди) даярдоо үчүн билим берүү программаларынын жыйындысы;
- профиль - негизги билим берүү программасынын конкреттүү бир түргө багытталышы жана (же) кесиптик иш объекти;
- компетенция - окуучунун аныкталган бир чөйрөдө майнаптуу жана жемиштүү иштөөсү үчүн зарыл болгон билими жагынан даярдоого карата алдын ала коюлган социалдык талап (ченем);
- бакалавр - магистратурага кирүүгө жана кесиптик иш менен алектенүүгө укук берген жогорку кесиптик билимдин квалификациялык деңгээли;
- магистр - аспирантурага жана (же) базалык докторантурага (PhD/профили боюнча) жана кесиптик иш менен алектенүүгө укук берген жогорку кесиптик билимдин квалификациялык деңгээли;
- кредит (зачеттук бирдик) - негизги кесиптик билим берүү программасынын эмгек сыйымдуулугунун шарттуу өлчөмү;
- окутуунун натыйжалары - негизги билим берүү программасы/модулу боюнча окуунун натыйжасында ээ болгон компетенциялар;
- теңдөөчү курстар - тиешелүү багыт (адистик) боюнча базалык билими жок студент-магистрант тарабынан биринчи окуу жылында базалык кесиптик билим алуу жана багыттар боюнча магистрлерди даярдоонун негизги билим берүүчү программаларын өздөштүрүүгө талап кылынган компетенцияларга ээ болуу үчүн өздөштүрүлүүчү дисциплина;
- жалпы илимий компетенциялар - кесиптик иштин бардык түрлөрү (же көпчүлүгү) үчүн жалпы болуп саналган мүнөздөмөлөрдү билдирет: окуу, талдоо жана синтез кылуу ж.б. жөндөмдүүлүк;
- инструменттик компетенция - когнитивдик жөндөмдү, идеяларды жана ойлорду түшүнүү жана пайдалана билүү жөндөмдөрүн камтыйт; методологиялык жөндөм, айлана-чөйрөнү түшүнүү жана башкаруу, убакытты уюштуруу, окуунун стратегияларын түзүү, чечимдерди кабыл алуу жана проблемаларды чече билүү жөндөмү; технологиялык жөндөм, техниканы пайдалана билүүгө, компьютерди билүүгө жана маалыматтык башкарууга байланышкан жөндөмдөр; лингвистикалык жөндөмдөр, коммуникациялык компетенция;
- социалдык-инсандык жана жалпы маданий компетенциялар - ой-сезимдерин жана мамилесин билдирүүгө, сын көз менен ой жүгүртүүгө жана өзүнө баа бере билүүгө байланышкан жеке сапаттар, ошондой эле социалдык өз ара байланыш жана кызматташуу процесстерине, топтор менен иштеше билүүгө, социалдык жана этикалык милдеттенмелерди кабыл алууга байланышкан жөндөмдөр;
- кесиптик стандарт - кесиптик иштин конкреттүү түрүнүн чегинде анын мазмунуна жана сапатына карата талаптарды белгилөөчү, кызматкер кайсы иште болсо да, кайсыл уюмда болсо да өзүнүн ордун татыктуу ээлеши үчүн кызматкерде болушу милдеттүү болгон квалификациянын сапаттык деңгээлин баяндаган негиз түзүүчү документ.";
- 2.1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2.1. Ушул Жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарты
______________________________________________
(тизме боюнча коду - багыттын толук аталышы)
магистрлерди даярдоо багыты боюнча негизги билим берүү программаларын ишке ашыруудагы милдеттүү ченемдердин, эрежелердин жана талаптардын жыйындысын туюндурат жана окутуу, уюштуруу-методикалык документтерди иштеп чыгуу Кыргыз Республикасынын аймагында магистрлерди даярдоонун тийиштүү багыты боюнча лицензиясы бар менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына карабастан бардык жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын (мындан ары - жождор) жогорку кесиптик билим берүүнүн негизги билим берүү программаларын өздөштүрүү сапатын баалоо үчүн негиз болуп эсептелет.";
- 2.2-пунктунда:
сегизинчи абзацындагы "аттестацияны, аккредитацияны жана" деген сөздөр алып салынсын;
төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:
"- билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоочу агенттиктер.";
- 2.3.1-пунктунда:
"тийиштүү багыт боюнча" жана "өз адистиги боюнча" деген сөздөр алып салынсын;
"академиялык даражасын" деген сөздөр "квалификациясын" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 2.3.2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2.3.2. Абитуриенттин "бакалавр" квалификациясы ыйгарылган жогорку кесиптик билими же "адис" квалификациясы ыйгарылган жогорку кесиптик билими тууралуу мамлекеттик үлгүдөгү документи болушу керек.";
- 3-главасынын биринчи абзацындагы "академиялык даража же" деген сөздөр алып салынсын;
- 3.1-пунктунда:
төртүнчү жана бешинчи абзацтарындагы "академиялык даражасы" деген сөздөр "квалификациясы" деген сөз менен алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"Магистрлерди даярдоо багытынын алкагында ЖКББ НББП профилдери жож тарабынан квалификациянын (эгер болсо) тармактык/сектордук алкактарынын негизинде аныкталат.";
- 3.2 жана 3.3-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3.2. (Окуунун ченемдик мөөнөттөрү, ЖКББ НББП өздөштүрүүнүн кредиттердеги жалпы эмгек сыйымдуулугу көрсөтүлөт).
Жалпы орто же кесиптик орто билимдин базасында күндүзгү окутуу формасында багыттар боюнча магистрлерди
___________________________________________________________
(тизме боюнча код - багыттын толук аталышы)
даярдоо боюнча ЖКББ НББП өздөштүрүүнүн ченемдик мөөнөтү 6 жылдан кем эмес убакытты түзөт, "бакалавр" академиялык даражасы ыйгарылган жогорку кесиптик билим берүү базасында - 2 жылдан кем эмес убакытты түзөт.
Окутуунун күндүзгү-сырткы (кечки) жана сырткы формалары боюнча, ошондой эле окутуунун ар кандай формалары айкалыштырылган учурларда "бакалавр" академиялык даражасы ыйгарылган жогорку кесиптик билим берүү базасында магистрлерди даярдоо боюнча ЖКББ НББП өздөштүрүү мөөнөттөрү жож тарабынан күндүзгү окутуу формасында белгиленген ченемдик мөөнөткө карата жарым жылга чейин көбөйтүлөт.
"Адис" квалификациясын ыйгаруу менен толук жогорку кесиптик билим берүү базасында магистрлерди даярдоо боюнча ЖКББ НББП өздөштүрүү мөөнөттөрү бир жылдан кем эмес убакытты түзөт.
Бакалаврларды даярдоонун ар башка багыттары жана адистиктери боюнча жогорку кесиптик билими бар абитуриенттер үчүн билим берүү программасын өздөштүрүү мөөнөтү тиешелүү багыттагы магистрлерди даярдоо боюнча ЖКББ НББПнын базалык кесиптик билимдерин жана компетенцияларын түзүүчү теңдөөчү курстарды өздөштүрүүнүн эсебинен көбөйтүлөт.
Билим алуунун формасына карабастан жеке окуу планы боюнча окутууда окуунун мөөнөтүн жож өз алдынча аныктайт.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды жеке окуу планы боюнча окутууда жож мөөнөттүү билим алуунун тийиштүү формасы боюнча аныкталган убакытка салыштырмалуу узартууга укуктуу.
Магистрлерди даярдоо багыты боюнча ЖКББ НББП өздөштүрүүнүн башка ченемдик мөөнөттөрүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.
3.3. Жалпы орто же орто кесиптик билимдин базасында күндүзгү окуу формасында магистрлерди даярдоодогу НББПны өздөштүрүүнүн жалпы эмгек сыйымдуулугу 360тан кем эмес кредитти түзөт жана "бакалавр" квалификациясын ыйгаруу менен тастыкталган жогорку кесиптик билимдин базасында 120дан кем эмес кредитти түзөт.
Күндүзгү окуу формасы боюнча окуу жылындагы ЖКББ НББПнын эмгек сыйымдуулугу 60тан кем эмес кредитке барабар.
Бир окуу семестринин эмгек сыйымдуулугу 30дан кем эмес кредитке барабар (окуу процесси эки семестрлик болуп курулган учурда).
Бир кредит студенттин окуу ишинин 30 саатына эквиваленттүү (анын ичинде анын аудиториялык, өз алдынча иштери жана аттестациянын бардык түрлөрү).
Күндүзгү-сырттан (кечки) жана сырттан окуу формалары боюнча НББПнын, ошондой эле окутуунун ар түрдүү формалары айкалышкан учурдагы эмгек сыйымдуулугу окуу жылында 48ден кем эмес кредитти түзөт.";
- 3.5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3.5. Бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик иш чөйрөсү.
Бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик иш чөйрөсү даярдоо багыты боюнча төмөнкүлөрдү камтыйт:
_______________________________________________________________________
(Кесиптик стандартты жана квалификациянын (эгер болсо) тармактык/сектордук алкактарын эске алуу менен магистрлер даярдалуучу кесиптик иш чөйрөсү тизмеленет).
Бүтүрүүчүлөрдүн билиминин жана алынган компетенцияларынын деңгээли кызматкердин квалификациясынын талаптарына ылайык келген шартта алар кесиптик иштин башка тармактарында жана (же) чөйрөлөрүндө кесиптик ишти жүзөгө ашыра алат.";
- 3.7-пунктунун экинчи абзацы "иш берүүчүлөр менен бирдикте" деген сөздөрдөн кийин "тийиштүү кесиптик стандарттын (эгер болсо) негизинде же" деген сөздөр менен толукталсын;
- 3.8-пунктундагы эскертүү "кесиптик иштин тийиштүү аймагындагы" деген сөздөрдөн кийин "жана кесиптик стандарттын (эгер болсо)" деген сөздөр менен толукталсын;
- 4.1.1-пунктунда:
биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4.1.1. Жождор даярдоонун багыты боюнча НББПны өз алдынча иштеп чыгышат. НББП Кыргыз Республикасынын даярдоо багыттары боюнча тийиштүү мамлекеттик билим берүү стандартынын негизинде иштелип чыгат жана жождун окумуштуулар кеңеши тарабынан бекитилет.";
экинчи абзацындагы "жыл сайын" деген сөздөр "5 жылда бир жолудан кем эмес" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 4.1.2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4.1.2. Студенттерди жана бүтүрүүчүлөрдү даярдоонун сапатын баалоо алардын учурдагы, орто аралык жана жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясын камтышы керек. Баалоочу каражаттардын базасы жож тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет.
Студенттерди жана бүтүрүүчүлөрдү аттестациялоого, бүтүрүүчү квалификациялык иштердин мазмунуна, көлөмүнө жана түзүмүнө коюлуучу талаптар жождун бүтүрүүчүлөрүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоо жөнүндө жобону эске алуу менен аныкталат.";
- 4.1.4-пунктундагы "ар бир ДЦнын вариативдүү бөлүгүнүн үчтөн биринен кем эмес көлөмүн" деген сөздөр алып салынсын;
4.3-пунктунда:
биринчи абзацындагы "(кредиттин (зачеттук бирдиктин) 1,5)" деген сөздөр алып салынсын;
экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жумасына аудиториялык сабактардын күндүзгү окуу формасындагы көлөмү ЖКББнын деңгээлин жана даярдоонун багытынын спецификасын эсепке алуу менен мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык аныкталат жана ар бир окуу дисциплинасын үйрөнүүгө бөлүнгөн жалпы көлөмдөн 35тен кем эмес пайызды түзөт.";
- 5.1 жана 5.2-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5.1. Магистрлерди даярдоо боюнча НББПны өздөштүрүүнүн натыйжаларына коюлуучу талаптар.
Даярдоонун _______________________________________ багыты боюнча бүтүрүүчү НББПнын максаттарына жана ушул ЖКББнын мамлекеттик билим берүү стандартынын 3.4 жана 3.8-пункттарында көрсөтүлгөн кесиптик иштин милдеттерине ылайык төмөндөгү компетенцияларга ээ болушу керек:
а) универсалдык:
- жалпы илимий (ЖИК):
(жалпы илимий компетенциялардын тизмеги келтирилет);
- инструменталдык (ИК):
(конкреттүү компетенциялардын тизмеги келтирилет);
- социалдык-инсандык жана жалпы маданий (СИЖМК):
(гуманитардык, социалдык жана экономикалык дисциплиналарды үйрөнүүнүн натыйжалары, ошондой эле окуп жаткандарга жождун социалдык-тарбиялык ишинин таасир этүүсүнүн натыйжалары болуп саналган компетенциялардын тизмеги келтирилет);
б) кесиптик (КК):
(3.7-пунктунда көрсөтүлгөн иштин түрлөрү боюнча компетенциялар көрсөтүлөт).
Компетенциялардын тизмеги улуттук квалификациянын алкагынын, квалификациянын жана кесиптик стандарттын (эгер болсо) тармактык/сектордук алкактарынын негизинде аныкталат.
5.2. Магистрлерди даярдоонун НББПнын түзүмүнө талаптар.
Магистрлерди даярдоонун НББПнын түзүмү төмөнкүдөй блокторду камтыйт:
1-блок "Дисциплиналар (модулдар)";
2-блок "Практика";
3-блок "Мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестация".
Магистрлерди даярдоодогу НББПнын түзүмү | Магистрлерди даярдоодогу НББПнын жана анын блокторунун кредиттердеги көлөмү | |
1-блок | Дисциплиналар (модулдар) | 60-90 |
2-блок | Практика | 20-40 |
3-блок | Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация | 10-20 |
Магистрлерди даярдоодогу ЖКББ НББПнын көлөмү | 120 | |
Жож мамлекеттик билим берүү стандартынын талаптарына ылайык магистрлерди даярдоодогу НББПны иштеп чыгат жана улуттук квалификациянын алкактарына ылайык окутуунун натыйжаларына жетүүгө жоопкерчилик тартат.
Дисциплиналардын (модулдардын) топтомун жана алардын магистрлерди даярдоодогу НББПнын ар бир блогуна тиешелүү эмгек сыйымдуулугун жож улуттук квалификациянын алкактарында каралган окутуунун натыйжаларынын жыйындысы түрүндө аны өздөштүрүүнүн талаптарын эске алуу менен ушул блок үчүн белгиленген көлөмдө өз алдынча аныктайт.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 5.2.1-5.2.4-пункттар менен толукталсын:
"5.2.1. "Практика" 2-блогу окуу практикасын (тааныштыруу, технологиялык, илимий-изилдөө иштери) жана өндүрүштүк (долбоордук, эксплуатациялык, педагогикалык, илимий-изилдөө иштери) практиканы камтыйт.
Жож бир же бир нече типтеги практиканы тандоого укуктуу, ошондой эле белгиленген кредиттердин чегинде кошумча типтеги практиканы белгилей алышат.
5.2.2. "Мамлекеттик аттестация" 3-блогу мамлекеттик экзаменди тапшырууга даярдыкты жана тапшырууну, бүтүрүүчү квалификациялык ишти аткарууну жана аны жактоону (жож бүтүрүүчү квалификациялык ишти жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациянын курамына киргизген учурда) камтыйт.
5.2.3. Магистрлерди даярдоодогу НББПнын алкагында милдеттүү жана элективдүү бөлүк болот.
Магистрлерди даярдоодогу НББПнын милдеттүү бөлүгүнө жалпы илимий, универсалдуу, социалдык-инсандык жана жалпы маданий жана кесиптик компетенциялардын калыптанышын камсыз кылуучу дисциплиналар жана практикалар кирет.
Мамлекеттик аттестациянын көлөмүн эске албаганда милдеттүү бөлүктүн көлөмү магистрлерди даярдоодогу НББПнын жалпы көлөмүнүн 50%нан ашпоого тийиш.
Магистрлерди даярдоодогу НББПнын элективдүү бөлүгүндө студенттер тиешелүү багыт боюнча дисциплиналарды тандай алышат, ошондой эле башка багыттагы магистрлерди даярдоодогу НББПнын дисциплиналарын тандоого жол берилет.
5.2.4. ЖОЖдор ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга (алардын арызы боюнча) магистрлерди даярдоодогу НББП боюнча окууга мүмкүнчүлүк берүүгө тийиш, анда алардын психофизикалык өнүгүүсүнүн өзгөчөлүгү, жеке мүмкүнчүлүктөрү эске алынат жана зарыл болгон учурда аталган адамдардын өнүгүүсүнүн бузулушун түзөтүүнү жана социалдык көнүгүүсүн камсыз кылат.";
- 5.3.1-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Магистрлерди даярдоонун негизги билим берүү программасын ишке ашыруу квалификациялуу педагогикалык кадрлар менен камсыз кылынышы керек, мында илимдин кандидаты же доктору окумуштуулук даражасы бар окутуучулар тарабынан берилген дисциплиналардын, лекциялардын үлүшү дисциплиналардын жалпы санынын _____ пайызын түзүшү керек.";
- 5.3.3-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"(Магистрлерди даярдоодогу НББПга төмөнкүлөрдү ишке ашырууга мүмкүндүк берүүчү зарыл болгон материалдык-техникалык камсыздоонун тизмеси көрсөтүлөт:
- практикалык жана лабораториялык сабактарды өткөрүү үчүн окуу кабинеттерин, компьютердик класстарды, объекттерди жабдууга талаптар;
- полигондор, технологиялык лабораториялар, студиялар;
- маалыматтык жана телекоммуникациялык технологияларга жана тиешелүү технологиялык каражаттарга талаптар;
- зарыл болгон учурда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү окуп жаткандардын билим алышы үчүн атайын шарттар;
- магистрлерди даярдоодогу ишке ашырылып жаткан НББПнын өзгөчөлүгүн эске алуу менен башка талаптар).";
4) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын _________________ адистиги боюнча макетинде:
- 1.1-пунктунда:
биринчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
экинчи абзацындагы "уюштуруучулук-укуктук формаларына" деген сөздөр "менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 1.2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1.2. Ушул Жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартында "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасы тарабынан белгиленген тартипте кабыл алынган жогорку кесиптик билим берүү жаатындагы эл аралык документтерге ылайык терминдер жана аныктамалар пайдаланылат:
- негизги билим берүү программасы - максаттарды, күтүлүүчү натыйжаларды, даярдоонун тийиштүү багыты боюнча билим берүү процессин ишке ашыруунун мазмунун жана уюштурулушун регламенттөөчү окуу-методикалык документтердин жыйындысы;
- даярдоонун багыты - ар түрдүү профилдеги, фундаменталдуу жалпы даярдоо негизиндеги интеграцияланган жогорку кесиптик билимдүү кадрларды (адистерди, бакалаврларды жана магистрлерди) даярдоо үчүн билим берүү программаларынын жыйындысы;
- профиль - негизги билим берүү программасынын конкреттүү бир түргө багытталышы жана (же) кесиптик иш объекти;
- компетенция - окуучунун аныкталган бир чөйрөдө майнаптуу жана жемиштүү иштөөсү үчүн зарыл болгон билими жагынан даярдоого карата алдын ала коюлган социалдык талап (ченем);
- кредит (зачеттук бирдик) - негизги кесиптик билим берүү программасынын эмгек сыйымдуулугунун шарттуу өлчөмү;
- окутуунун натыйжалары - негизги билим берүү программасы/модулу боюнча окуунун натыйжасында ээ болгон компетенциялар;
- жалпы илимий компетенциялар - кесиптик иштин бардык түрлөрү (же көпчүлүгү) үчүн жалпы болуп саналган мүнөздөмөлөрдү билдирет: окуу, талдоо жана синтез кылуу ж.б. жөндөмдүүлүк;
- инструменттик компетенция - когнитивдик жөндөмдү, идеяларды жана ойлорду түшүнүү жана пайдалана билүү жөндөмдөрүн камтыйт; методологиялык жөндөм, айлана-чөйрөнү түшүнүү жана башкаруу, убакытты уюштуруу, окуунун стратегияларын түзүү, чечимдерди кабыл алуу жана проблемаларды чече билүү жөндөмү; технологиялык жөндөм, техниканы пайдалана билүүгө, компьютерди билүүгө жана маалыматтык башкарууга байланышкан жөндөмдөр; лингвистикалык жөндөмдөр, коммуникациялык компетенция;
- социалдык-инсандык жана жалпы маданий компетенциялар - ой-сезимдерин жана мамилесин билдирүүгө, сын кез менен ой жүгүртүүгө жана өзүнө баа бере билүүгө байланышкан жеке сапаттар, ошондой эле социалдык өз ара байланыш жана кызматташуу процесстерине, топтор менен иштеше билүүгө, социалдык жана этикалык милдеттенмелерди кабыл алууга байланышкан жөндөмдөр;
- кесиптик стандарт - кесиптик иштин конкреттүү түрүнүн чегинде анын мазмунуна жана сапатына карата талаптарды белгилөөчү, кызматкер кайсы иште болсо да, кайсыл уюмда болсо да өзүнүн ордун татыктуу ээлеши үчүн кызматкерде болушу милдеттүү болгон квалификациянын сапаттык деңгээлин баяндаган негиз түзүүчү документ.";
- 2.1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2.1. Ушул Жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарты
_________________________________________
(тизме боюнча коду - багыттын толук аталышы)
адистиги боюнча негизги билим берүү программаларын ишке ашыруудагы милдеттүү ченемдердин, эрежелердин жана талаптардын жыйындысын туюндурат жана окутуу, уюштуруу-методикалык документтерди иштеп чыгуу Кыргыз Республикасынын аймагында тийиштүү адистик боюнча лицензиясы бар менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына карабастан бардык жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын (мындан ары - жождор) жогорку кесиптик билим берүүнүн негизги билим берүү программаларын өздөштүрүү сапатын баалоо үчүн негиз болуп эсептелет.";
- 2.2-пунктунда:
жетинчи абзацындагы "аттестацияны, аккредитацияны жана" деген сөздөр алып салынсын;
төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:
"- билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоочу агенттиктер.";
3.1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Адистиктин алкагында ЖКББ НББП профилдери жож тарабынан квалификациянын (эгер болсо) тармактык/сектордук алкактарынын негизинде аныкталат.";
- 3.2 жана 3.3-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3.2. (Окуунун ченемдик мөөнөттөрү, ЖКББ НББП өздөштүрүүнүн кредиттердеги жалпы эмгек сыйымдуулугу көрсөтүлөт).
Жалпы орто же кесиптик орто билимдин базасында күндүзгү окутуу формасында
______________________________________________
(тизме боюнча код - багыттын толук аталышы)
адистиги боюнча ЖКББ НББП өздөштүрүүнүн ченемдик мөөнөтү 5 жылдан кем эмес убакытты түзөт.
Окутуунун күндүзгү-сырткы (кечки) жана сырткы формалары боюнча, ошондой эле окутуунун ар кандай формалары айкалыштырылган учурларда адистик боюнча ЖКББ НББП өздөштүрүү мөөнөттөрү жож тарабынан күндүзгү окутуу формасында белгиленген ченемдик мөөнөткө карата алты айдан бир жылга чейин көбөйтүлөт.
Тиешелүү профилдеги кесиптик орто билими же жогорку кесиптик билими бар адамдарга адистик боюнча тездетилген программалар менен ЖКББ НББПны өздөштүрүүгө укук берилет. Тездетилген программаларды ишке ашырууда окуу мөөнөтү башка билим берүү программасы боюнча кесиптик орто билим жана (же) жогорку билим алууда студент өздөштүргөн (өткөн) өзүнчө дисциплиналар (модулдар) жана (же) өзүнчө практикалар боюнча окутуунун натыйжаларын толук же жарым-жартылай кайра аттестациялоонун (кайра зачет тапшыруунун) жыйынтыгы менен аныкталат.
Орто кесиптик билим берүү профилинин жогорку кесиптик билим берүү профилине шайкештиги жож тарабынан өз алдынча аныкталат.
Орто кесиптик билим берүү базасында адистик боюнча ЖКББ НББП өздөштүрүү мөөнөттөрү күндүзгү окутуу формасында тездетилген программаларды ишке ашыруунун алкагында 5 жылдан кем эмес убакытты түзөт.
Билим алуунун формасына карабастан жеке окуу планы боюнча окутууда окуунун мөөнөтүн жож өз алдынча аныктайт.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды жеке окуу планы боюнча окутууда жож мөөнөттүү билим алуунун тийиштүү формасы боюнча аныкталган убакытка салыштырмалуу узартууга укуктуу.
Адистик боюнча ЖКББ НББП өздөштүрүүнүн башка ченемдик мөөнөттөрүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.
3.3. Жалпы орто же орто кесиптик билимдин базасында күндүзгү окуу формасында адистик боюнча НББПны өздөштүрүүнүн жалпы эмгек сыйымдуулугу 300дөн кем эмес кредитти түзөт.
Күндүзгү окуу формасы боюнча окуу жылындагы ЖКББ НББПнын эмгек сыйымдуулугу 60тан кем эмес кредитке барабар.
Бир окуу семестринин эмгек сыйымдуулугу 30дан кем эмес кредитке барабар (окуу процесси эки семестрлик болуп курулган учурда).
Бир кредит студенттин окуу ишинин 30 саатына эквиваленттүү (анын ичинде анын аудиториялык, өз алдынча иштери жана аттестациянын бардык түрлөрү).
Күндүзгү-сырттан (кечки) жана сырттан окуу формалары боюнча НББПнын, ошондой эле окутуунун ар түрдүү формалары айкалышкан учурдагы эмгек сыйымдуулугу окуу жылында 48ден кем эмес кредитти түзөт.";
- 3.5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3.5. Бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик иш чөйрөсү.
Бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик иш чөйрөсү адистиги боюнча төмөнкүлөрдү камтыйт:
____________________________________________________________
(кесиптик стандартты жана квалификациянын (эгер болсо) тармактык/сектордук алкактарын эске алуу менен адистер даярдалуучу кесиптик иш чөйрөсү тизмеленет).
Бүтүрүүчүлөрдүн билиминин жана алынган компетенцияларынын деңгээли кызматкердин квалификациясынын талаптарына ылайык келген шартта алар кесиптик иштин башка тармактарында жана (же) чөйрөлөрүндө кесиптик ишти жүзөгө ашыра алат.";
- 3.7-пунктунун экинчи абзацы "иш берүүчүлөр менен бирдикте" деген сөздөрдөн кийин "тийиштүү кесиптик стандарттын (эгер болсо) негизинде же" деген сөздөр менен толукталсын;
- 3.8-пунктундагы эскертүү "кесиптик иштин тийиштүү тармагындагы" деген сөздөрдөн кийин "жана кесиптик стандарттын (эгер болсо)" деген сөздөр менен толукталсын;
- 4.1.1-пунктунда:
биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4.1.1. Жождор адистик боюнча НББПны өз алдынча иштеп чыгышат. НББП Кыргыз Республикасынын адистик боюнча тийиштүү мамлекеттик билим берүү стандартынын негизинде иштелип чыгат жана жождун окумуштуулар кеңеши тарабынан бекитилет.";
экинчи абзацындагы "жыл сайын" деген сөздөр "5 жылда бир жолудан кем эмес" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 4.1.2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4.1.2. Студенттерди жана бүтүрүүчүлөрдү даярдоонун сапатын баалоо алардын учурдагы, орто аралык жана жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясын камтышы керек. Баалоочу каражаттардын базасы жож тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет.
Студенттерди жана бүтүрүүчүлөрдү аттестациялоого, бүтүрүүчү квалификациялык иштердин мазмунуна, көлөмүнө жана түзүмүнө коюлуучу талаптар жождун бүтүрүүчүлөрүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоо жөнүндө жобону эске алуу менен аныкталат.";
- 4.1.4-пунктундагы "ар бир ДЦнын вариативдүү бөлүгүнүн үчтөн биринен кем эмес көлөмүн" деген сөздөр алып салынсын;
- 4.3-пунктунда:
экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Күндүзгү окуу формасында жумасына аудиториялык сабактардын көлөмү ЖКББнын деңгээлин жана даярдоонун багытынын өзгөчөлүгүн эске алып мамлекеттик билим берүү стандарты менен аныкталат жана ар бир окуу дисциплинасын үйрөнүүгө бөлүнгөн жалпы көлөмдүн кеминде 50 пайызын түзөт.";
төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Окуу дисциплинасы боюнча өз алдынча иштөөгө бөлүнгөн сааттарга ушул окуу дисциплинасы (модуль) боюнча экзаменге даярданууга каралган убакыт кошулат.";
- 5.1 жана 5.2-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5.1. Адистик боюнча НББПны өздөштүрүүнүн натыйжаларына коюлуучу талаптар.
_______________________________________________________ адистиги боюнча бүтүрүүчү НББПнын максаттарына жана ушул ЖКББнын мамлекеттик билим берүү стандартынын 3.4 жана 3.8-пункттарында көрсөтүлгөн кесиптик иштин милдеттерине ылайык "адис" квалификациясын ыйгаруу менен төмөндөгү компетенцияларга ээ болушу керек:
а) универсалдык:
- жалпы илимий (ЖИК):
(жалпы илимий компетенциялардын тизмеги келтирилет);
- инструменталдык (ИК):
(конкреттүү компетенциялардын тизмеги келтирилет);
- социалдык-инсандык жана жалпы маданий (СИЖМК):
(гуманитардык, социалдык жана экономикалык дисциплиналарды үйрөнүүнүн натыйжалары, ошондой эле окуп жаткандарга жождун социалдык-тарбиялык ишинин таасир этүүсүнүн натыйжалары болуп саналган компетенциялардын тизмеги келтирилет);
б) кесиптик (КК):
(3.7-пунктунда көрсөтүлгөн иштин түрлөрү боюнча компетенциялар көрсөтүлөт).
Компетенциялардын тизмеги улуттук квалификациянын алкагынын, квалификациянын жана кесиптик стандарттын (эгер болсо) тармактык/сектордук алкактарынын негизинде аныкталат.
5.2. Адистик боюнча НББПнын түзүмүнө талаптар.
Адистик боюнча НББПнын түзүмү төмөнкүдөй блокторду камтыйт:
1-блок "Дисциплиналар (модулдар)";
2-блок "Практика";
3-блок "Мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестация".
Адистик боюнча НББПнын түзүмү | Адистик боюнча НББПнын жана анын блокторунун кредиттердеги көлөмү | |
1-блок | I. Гуманитардык, социалдык жана экономикалык цикл II. Математикалык жана табигый илимий цикл III. Кесиптик цикл | 185-260 |
2-блок | Практика | 25-90 |
3-блок | Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация | 10-25 |
Адистик боюнча НББПнын көлөмү | 300 | |
Жож мамлекеттик билим берүү стандартынын талаптарына ылайык адистик боюнча НББПны иштеп чыгат жана улуттук квалификациянын алкактарына ылайык окутуунун натыйжаларына жетүүгө жоопкерчилик тартат.
Дисциплиналардын (модулдардын) топтомун жана алардын адистик НББПнын ар бир блогуна тиешелүү эмгек сыйымдуулугун жож улуттук квалификациянын алкактарында каралган окутуунун натыйжаларынын жыйындысы түрүндө аны өздөштүрүүнүн талаптарын эске алуу менен ушул блок үчүн белгиленген көлөмдө өз алдынча аныктайт.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 5.2.1-5.2.5-пункттар менен толукталсын:
"5.2.1. Адистик НББП төмөнкүлөрдү ишке ашырууну камсыздашы керек:
- гуманитардык, социалдык жана экономикалык циклдин милдеттүү дисциплиналарын, алардын тизмеги эмгек сыйымдуулугу Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат. Аталган дисциплиналардын мазмуну жана ишке ашыруу тартиби тиешелүү адистик боюнча ЖКББ мамлекеттик билим берүү стандарты менен белгиленет;
- кеминде 360 саат көлөмүндө дене тарбия жана спорт боюнча дисциплиналарды, алар өздөштүрүү үчүн милдеттүү болуп саналат, бирок кредиттерге которулбайт жана адистик боюнча НББПнын көлөмүнө киргизилбейт.
5.2.2. "Практика" 2-блогу окуу практикасын (таанышуучу, технологиялык, илимий-изилдөө иштери) жана өндүрүш практикасын (долбоордук, эксплуатациялык, педагогикалык, илимий-изилдөө иштери) камтыйт.
Жож бир же бир нече типтеги практиканы тандоого укуктуу, ошондой эле белгиленген кредиттердин чегинде кошумча типтеги практиканы белгилей алат.
5.2.3. "Мамлекеттик аттестация" 3-блогу мамлекеттик экзаменди тапшырууга даярдыкты жана тапшырууну, бүтүрүүчү квалификациялык ишти аткарууну жана аны жактоону (эгерде жож бүтүрүүчү квалификациялык ишти жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациянын курамына киргизген болсо) камтыйт.
5.2.4. Адистик боюнча НББПнын алкагында милдеттүү жана элективдүү бөлүк болот.
Адистик боюнча НББПнын милдеттүү бөлүгүнө улуттук квалификациянын алкактарынын деңгээлдерин эске алуу менен жалпы илимий, универсалдуу, социалдык-инсандык жана жалпы маданий жана кесиптик компетенциялардын калыптанышын камсыз кылуучу дисциплиналар жана практикалар кирет.
Мамлекеттик аттестациянын көлөмүн эске албаганда милдеттүү бөлүктүн көлөмү адистик боюнча НББПнын жалпы көлөмүнөн 50 пайыздан ашпоого тийиш.
Адистик боюнча НББПнын элективдүү бөлүгүндө студенттер тиешелүү багыт боюнча дисциплиналарды тандай алышат, ошондой эле башка адистик боюнча НББПнын дисциплиналарын тандоого жол берилет.
5.2.5. Жож ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга (алардын арызы боюнча) ден соолугунун абалы боюнча окууга каршы көрсөтмөлөр каралган НББПдан тышкары, адистерди даярдоонун негизги билим берүү программасы боюнча окууга мүмкүнчүлүк берүүгө тийиш, анда алардын психофизикалык өнүгүүсүнүн өзгөчөлүгү, жеке мүмкүнчүлүктөрү эске алынат жана зарыл болгон учурда аталган адамдардын өнүгүүсүнүн бузулушун түзөтүүнү жана социалдык көнүгүүсүн камсыз кылат.";
- 5.3.1-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Адистерди даярдоонун негизги билим берүү программасын ишке ашыруу окуткан дисциплинанын профилине ылайык базалык билими бар, илимий жана (же) илимий-методикалык иш менен системалык түрдө алектенген педагогикалык кадрлар тарабынан камсыз кылынышы керек, мында илимдин кандидаты же доктору окумуштуулук даражасы бар окутуучулар тарабынан берилген дисциплиналардын, лекциялардын үлүшү дисциплиналардын жалпы санынын ______ пайызын түзүшү керек.";
- 5.3.2-пунктунун бешинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 5.3.3-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"(Адистик боюнча НББПны ишке ашырууга мүмкүндүк берүүчү зарыл болгон материалдык-техникалык камсыздоонун төмөнкүдөй тизмеси көрсөтүлөт:
- окуу кабинеттерин, компьютердик класстарды, практикалык жана лабораториялык сабактарды өткөрүү үчүн объекттерди жабдууга талаптар;
- полигондор, технологиялык лабораториялар, студиялар;
- маалыматтык жана телекоммуникациялык технологияларга жана тиешелүү технологиялык каражаттарга талаптар;
- зарылдыгына жараша ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү окуп жаткандардын билим алышы үчүн атайын шарттар;
- адистик боюнча ишке ашырылып жаткан НББПнын өзгөчөлүгүн эске алуу менен башка талаптар).";
5) аталган токтом менен бекитилген Бүтүрүүчүгө "бакалавр" академиялык даражасын ыйгаруу менен ырасталган жогорку кесиптик билим берүүнүн даярдоо багыттарынын тизмегинде:
- Тизмектин аталышындагы "академиялык даражасын" деген сөздөр "квалификациясын" деген сөз менен алмаштырылсын;
- "Академиялык даражанын аталышы" графасындагы "Академиялык даражанын аталышы" деген сөздөр "Квалификациянын аталышы" деген сөздөр менен алмаштырылсын";
- "Гуманитардык илимдер" бөлүмүндө:
"Компьютердик лингвистика" позициясы алып салынсын;
"Дене тарбия" деген сөздөр "Дене тарбия жана спорт" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
төмөнкүдөй позиция менен толукталсын:
"
532500 | Ден соолугунда мандеми бар адамдар үчүн дене тарбия (адаптивдүү дене тарбия) | Бакалавр |
";
- "Социалдык илимдер" бөлүмүнүн расмий тилдеги текстиндеги "541000" деген цифралар "540100" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- "Экономика жана башкаруу" бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы позиция менен толукталсын:
"
581100 | Товар таануу | Бакалавр |
";
- "Айыл чарбасы" бөлүмүндө:
бөлүмдүн аталышындагы "чарбасы" деген сөз "чарба жана айыл чарба илимдери" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
"Ветеринария" деген сөз "Ветеринардык-санитардык экспертиза" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
"Балык чарба" позициясы алып салынсын;
төмөнкүдөй мазмундагы позициялар менен толукталсын:
"
610800 | Балык уулоо жана аквакультура | Бакалавр |
610900 | Айыл чарба илимдери | Бакалавр |
611000 | Бак өстүрүүчүлүк | Бакалавр |
611100 | Жайыттарды башкаруу | Бакалавр |
";
- "Транспорттук техника жана технология" бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы позициялар менен толукталсын:
"
670400 | Транспорттук-технологиялык машиналар жана аба транспортунун системалары | Бакалавр |
670500 | Транспорттук-технологиялык машиналарды, аба транспортунун комплекстерин жана системаларын эксплуатациялоо | Бакалавр |
670600 | Аба транспортундагы транспорттук процесстердин технологиясы | Бакалавр |
670700 | Учуучу аппараттарды жана кыймылдаткычтарды техникалык эксплуатациялоо | Бакалавр |
670800 | Авиациялык электр системаларын жана пилотаждык-навигациялык комплекстерди техникалык эксплуатациялоо | Бакалавр |
";
- "Автоматташтыруу жана башкаруу" бөлүмүндө:
"Сапатты башкаруу" деген сөздөрдөн кийин "(тармактар боюнча)" деген сөздөр менен толукталсын;
"Стандартташтыруу, сертификатташтыруу жана метрология" деген сөздөр "Стандартташтыруу жана метрология (тармактар боюнча)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- "Эсептөө техникасы жана информациялык технологиялар" деген бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы позиция менен толукталсын:
"
710600 | Компьютердик лингвистика | Бакалавр |
";
- "Архитектура жана курулуш" бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы позиция менен толукталсын:
"
750600 | Гидротехникалык курулуш | Бакалавр |
";
- Тизмек төмөнкүдөй мазмундагы эскертүү менен толукталсын:
"Эскертүү.
1. Бүтүрүүчүгө "бакалавр" академиялык даражасын ыйгаруу менен ырасталган жогорку кесиптик билим берүүнүн даярдоо багыттарынын тизмегине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча сунуштар билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилет. Сунуштарга негиз катары төмөнкү материалдар тиркелет:
- даярдоо багытынын илимий жана практикалык маанилүүлүгүн негиздөө;
- даярдоо багытынын айырмалоочу белгилери;
- жаңы даярдоо багытынын өнүгүү келечектери жана эмгек рыногунда болжолдонгон керектөөсү;
- мамлекеттик билим берүү стандартынын жана болжолдуу окуу планынын долбоорлору;
- Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүүсүнүн тиешелүү окуу-методикалык бирикмесинин корутундусу.
2. Негиздемеде сунушталган даярдоо багытын колдонуудагы даярдоо багыттарынын алкагында ишке ашыруу мүмкүн эместигинин себептери көрсөтүлөт.";
6) аталган токтом менен бекитилген Бүтүрүүчүгө "магистр" академиялык даражасын ыйгаруу менен ырасталган жогорку кесиптик билим берүүнүн даярдоо багыттарынын тизмегинде:

"Дене тарбия маданияты" деген сөздөр "Дене тарбия жана спорт" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
мамлекеттик тилдеги текстиндеги "Спорттун, ден-соолуктун туризми жана рекреация" позициясы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
532100 | Рекреация жана спорттук-ден соолукту чыңдоочу туризм | Магистр |

532200 | Укук коргоо иши | Магистр |
532500 | Ден соолугунда мандеми бар адамдар үчүн дене тарбия (адаптивдүү дене тарбия) | Магистр |
";
- "Экономика жана башкаруу" бөлүмүндө:
"Персоналдарды башкаруу" деген сөздөр "Ишкердик администрациялоо (тармактар боюнча)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

581100 | Товар таануу | Магистр |
581200 | Адам ресурстарын башкаруу | Магистр |
";
- "Айыл чарбасы" бөлүмүндө:
бөлүмдүн аталышындагы "чарбасы" деген сөздөр "чарба жана айыл чарба илимдери" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

610800 | Балык уулоо жана аквакультура | Магистр |
610900 | Айыл чарба илимдери | Магистр |
611000 | Бак өстүрүүчүлүк | Магистр |
611100 | Жайыттарды башкаруу | Магистр |

670400 | Транспорттук-технологиялык машиналар жана аба транспортунун системалары | Магистр |
670500 | Транспорттук-технологиялык машиналарды, аба транспортунун комплекстерин жана системаларын эксплуатациялоо | Магистр |
670600 | Аба транспортундагы транспорттук процесстердин технологиясы | Магистр |
670700 | Учуучу аппараттарды жана кыймылдаткычтарды техникалык эксплуатациялоо | Магистр |
670800 | Авиациялык электр системаларын жана пилотаждык-навигациялык комплекстерди техникалык эксплуатациялоо | Магистр |

710600 | Компьютердик лингвистика | Магистр |

750600 | Гидротехникалык курулуш | Магистр |

1. Бүтүрүүчүгө "магистр" академиялык даражасын ыйгаруу менен ырасталган жогорку кесиптик билим берүүнүн даярдоо багыттарынын тизмегине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча сунуштар билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилет. Сунуштарга негиз катары төмөнкү материалдар тиркелет:

7) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Бүтүрүүчүгө "адис" квалификациясын ыйгаруу менен ырасталган жогорку кесиптик билим берүүнүн адистиктеринин тизмегинде:
- төмөнкүдөй мазмундагы бөлүмдөр жана позициялар менен толукталсын:
"
520000 | Дисциплина аралык адистиктер | |
520001 | Тармактык экономика | Инженер-экономист |
650000 | Материал таануу, металлургия жана машина куруу | |
650001 | Түстүү металлдардын металлургиясы | Инженер-металлург |
670000 | Транспорттук техника жана технологиялар | |
670001 | Темир жолдорунун кыймылдуу курамы | Жол каттамдарынын инженери |
";
- "Геодезия жана жерге жайгаштыруу" бөлүмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
620000 | Геодезия жана жерге жайгаштыруу | |
620001 | Колдонмо геодезия | Кен инженери |
";
- "Геология, чалгындоо жана кендерди иштетүү" бөлүмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
630000 | Геология, чалгындоо жана кендерди иштетүү | |
630001 | Колдонмо геология | Кен инженер-геологу |
630002 | Геологиялык чалгындоонун технологиясы | Кен инженер-геологу |
630003 | Кен иши | Кен инженери |
630004 | Кен же мунай газ өндүрүшүндөгү физикалык процесстер | Кен инженери |
";
- "Архитектура жана курулуш" бөлүмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
750000 | Архитектура жана курулуш | |
750001 | Темир жолдорду, көпүрөлөрдү жана транспорттук тоннелдерди куруу жана эксплуатациялоо | Жол каттамдарынын инженери |

1. Бүтүрүүчүгө "адис" квалификациясын ыйгаруу менен ырасталган жогорку кесиптик билим берүүнүн адистиктеринин тизмегине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча сунуштар билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилет. Сунуштарга негиз катары төмөнкү материалдар тиркелет:
- адистиктин илимий жана практикалык маанилүүлүгүн негиздөө;
- адистиктин айырмалоочу белгилери;
- жаңы адистиктин өнүгүү келечектери жана эмгек рыногунда болжолдонгон керектөөсү;

2. Негиздемеде сунушталган адистикти колдонуудагы адистиктердин алкагында ишке ашыруу мүмкүн эместигинин себептери көрсөтүлөт.".
|
| 3-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-мартындагы № 160 "Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүү уюмдарынын ишин жөнгө салуучу актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуна киргизилүүчү өзгөртүүлөр
1) Жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүүсүнүн адистиктеринин тизмесинде:
- "040000. Социология жана социалдык иш" бөлүмүндөгү "Физикалык терапия", "Социалдык кызматты башкаруу", "Социалдык иштеги супервизия" позициялары алып салынсын;
- "060000. Саламаттык сактоо жана медициналык илимдер" бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы позиция менен толукталсын:
"
060113 | Физикалык терапия | Физикалык терапевттин жардамчысы | 1 жыл 10 ай | 2 жыл 10 ай | Жол берилбейт | Жол берилбейт | Жол берилбейт |
";
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын макетинде:
- 2-пунктунда:
бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"компетенция - окуучунун аныкталган бир чөйрөдө майнаптуу жана жемиштүү иштөөсү үчүн зарыл болгон билими жагынан даярдоого карата алдын ала коюлган социалдык талап (ченем);";
алтынчы абзацындагы "(зачеттук бирдик)" деген сөздөр алып салынсын;
сегизинчи абзацындагы "уюштуруу-укуктук формасына" деген сөздөр "менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:
"- кесиптик стандарт - кесиптик иштин конкреттүү түрүнүн чегинде анын мазмунуна жана сапатына карата талаптарды белгилөөчү, кызматкер кайсы иште болсо да, кайсыл уюмда болсо да өзүнүн ордун татыктуу ээлеши үчүн кызматкерде болушу милдеттүү болгон квалификациянын сапаттык деңгээлин баяндаган негиз түзүүчү документ.";
- 3-пунктундагы "лицензиясы жана аккредитациясы бар, уюштуруу-укуктук формасына" деген сөздөр "тиешелүү адистик боюнча лицензиясы жана аккредитациясы бар, менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 4-пункту төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:
"- билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоочу агенттиктер.";
- 10-пунктунда:
биринчи абзацындагы "жана аралыктан билим берүү технологиялары пайдаланылган" деген сөздөр алып салынсын;
төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Орто кесиптик билим берүүнүн программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюму кайра аттестациялоонун (кайра зачет тапшыруунун) жыйынтыгы менен башка адистик боюнча жогорку кесиптик билим же орто кесиптик билим алууда студент өздөштүргөн (өткөн) өзүнчө дисциплиналар (модулдар) жана (же) өзүнчө практикалар боюнча окутуунун натыйжаларын толук же жарым-жартылай кайра кабыл алышы мүмкүн.";
- 11-пунктунда:
пункттун бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "(зачеттук бирдик)" деген сөздөр алып салынсын;
үчүнчү абзацындагы "жана аралыктан билим берүү технологиялары пайдаланылган" деген сөздөр алып салынсын;
- 12-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"______________________________________________ адистиги боюнча орто кесиптик билим берүүнүн негизги кесиптик билим берүү программасынын окутуу жаатындагы максаты болуп төмөнкүлөр саналат: (орто кесиптик билим берүүнүн негизги кесиптик билим берүү программасынын окутуу жаатындагы максаттары камтылат).";
- 13-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13. _______________________________________________________________________ адистигин
(улуттук квалификациянын алкагына, тармактык/сектордук квалификациянын алкагына ылайык бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик ишинин тармактары тизмеленет)
бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик ишинин тармагы ____________________________________________________
__________________________________________________________________________________ камтыйт.
(кесиптик стандартка (эгер болсо) ылайык кесиптик иштин түрлөрү көрсөтүлөт)";
- 15-пункту "кызыкдар болгон иш берүүчүлөр менен бирдикте" деген сөздөрдөн кийин "улуттук квалификациянын алкагына жана кесиптик стандартка (эгер болсо) ылайык" деген сөздөр менен толукталсын;
- 16-пунктунун биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Бүтүрүүчү даяр болууга тийиш кесиптик иштин милдеттеринин тизмеси кесиптик иштин жана кесиптик стандарттын (эгер болсо) тийиштүү тармагынын квалификациялык талаптарынан алынуусу керек.";
- 17-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- тездетилген программалар боюнча тиешелүү профилдеги жогорку кесиптик билим берүүнүн негизги билим берүү программасын өздөштүрүүгө.";
- 18-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"18. Кесиптик орто билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдары адистик боюнча негизги кесиптик билим берүү программасын өз алдынча иштеп чыгышат. Негизги кесиптик билим берүү программасы адистик боюнча тийиштүү Мамлекеттик билим берүү стандартынын, улуттук квалификациянын алкагынын, квалификациянын жана кесиптик стандарттын (эгер болсо) тармактык/сектордук алкактарынын негизинде иштелип чыгат.
Орто кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдары илимдин, маданияттын, экономиканын, техниканын, технологиянын жана социалдык чөйрөнүн өнүгүүсүн эске алуу менен билим берүү сапатынын кепилдигин камсыз кылуу боюнча төмөнкүлөр менен туюндурулган сунуштарга ылайык негизги кесиптик билим берүү программасын 5 жылда бир жолудан кем эмес жаңылап турууга милдеттүү:
- бүтүрүүчүлөрдү даярдоонун сапатын камсыз кылуу боюнча стратегияларды иштеп чыгуу;
- билим берүү программаларына мониторинг жүргүзүү, мезгил-мезгили менен рецензиялоо;
- так макулдашылган критерийлердин негизинде студенттердин билимдеринин жана ыктарынын, бүтүрүүчүлөрдүн компетенцияларынын деңгээлин баалоонун объективдүү жол-жоболорун иштеп чыгуу;
- окутуучулук курамдын сапатын жана компетенттүүлүгүн камсыз кылуу;
- бардык ишке ашырылуучу билим берүү программаларын жетиштүү ресурстар менен камсыз кылуу, аларды натыйжалуу колдонууну, анын ичинде окуп жаткандарды сурамжылоо аркылуу контролдоо;
- өзүнүн ишин (стратегиясын) баалоо жана башка билим берүү уюмдары менен салыштыруу үчүн макулдашылган критерийлер боюнча өзүн-өзү туруктуу негизде текшерип туруу;
- коомчулукка өзүнүн ишинин натыйжалары, пландары, инновациялары жөнүндө маалымдоо.";
- 19-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте жүргүзүлөт.";
- 20-пунктунун биринчи абзацындагы "социалдык-инсандык" деген сөздөр "жалпы" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 21-пунктундагы "сабактардын ар бир циклинин вариативдүү бөлүгүнүн үчтөн биринен кем эмес көлөмдө" деген сөздөр алып салынсын;
- 26-пунктунда:
экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Күндүзгү окуу формасындагы бир жумалык аудиториялык сабактардын көлөмү адистиктин өзгөчөлүгүн эске алуу менен Мамлекеттик билим берүү стандарты менен аныкталат жана ар бир окуу дисциплинасын үйрөнүүгө бөлүнгөн жалпы көлөмдүн 35тен кем эмес пайызын түзөт.";
төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Окуу дисциплинасы боюнча өз алдынча иштөөгө бөлүнүүчү сааттарга ошол окуу дисциплинасы (модулу) боюнча экзаменге даярданууга каралган убакыт киргизилет.";
- 31 жана 32-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"31. Кесиптик орто билим берүүнүн негизги кесиптик программасына төмөнкүдөй блоктор жана окуу циклдери кирет:
1-блок "Дисциплиналар (модулдар)":
1) жалпы гуманитардык цикл;
2) математикалык жана табигый илим цикли;
3) кесиптик цикл;
4) дене тарбия
2-блок "Практика";
3-блок "Мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестация".
Орто кесиптик окуу жайы мамлекеттик билим берүү стандартынын талаптарына ылайык негизги билим берүү программасын иштеп чыгат жана улуттук квалификациянын алкактарына ылайык окутуунун натыйжаларына жетүүгө жоопкерчилик тартат.
Дисциплиналардын (модулдардын) топтомун жана алардын негизги билим берүү программасынын ар бир блогуна тиешелүү эмгек сыйымдуулугун орто кесиптик окуу жайы улуттук квалификациянын алкактарында каралган окутуунун натыйжаларынын жыйындысы түрүндө аны өздөштүрүүнүн талаптарын эске алуу менен ушул блок үчүн белгиленген көлөмдө өз алдынча аныктайт.
Негизги кесиптик билим берүү программасы жалпы гуманитардык циклдин билим берүү дисциплиналарын ишке ашырууну камсыз кылуусу керек, алардын тизмеси жана эмгек сыйымдуулугу Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан аныкталат. Аталган дисциплиналардын мазмуну жана ишке ашыруу тартиби тиешелүү адистик боюнча орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарты менен белгиленет.
Орто кесиптик билим берүүнүн негизги кесиптик билим берүү программасы ушул Макетке тиркелген түзүмгө ылайык иштелип чыгат.
32. Сабактардын ар бир цикли базалык (милдеттүү) жана элективдүү бөлүккө ээ болушу керек. Элективдүү бөлүк базалык бөлүктүн сабактарынын мазмуну менен аныкталуучу студенттердин билимдерин, ыктарын жана көндүмдөрүн кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө мүмкүндүк бериши керек. Элективдүү бөлүк орто кесиптик окуу жайы тарабынан ишке ашырылуучу кесиптик билим берүү программасынын өзгөчөлүктөрүнө жараша белгиленет.
Мамлекеттик аттестациянын көлөмүн эске албастан милдеттүү бөлүктүн көлөмү негизги билим берүү программасынын жалпы көлөмүнүн 50дөн ашпаган пайызын түзүүгө тийиш.
Орто кесиптик окуу жайы ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга (алардын арызы боюнча) алардын психофизикалык өнүгүүсүнүн өзгөчөлүктөрүн, жеке мүмкүнчүлүктөрүн эске алуучу жана зарыл болгон учурда аталган адамдардын өнүгүүсүнүн бузулушун оңдоону жана социалдык адаптациялоону камсыздоочу негизги билим берүү программасы боюнча окуу мүмкүндүгүн берүүсү тийиш.";
- 33-пункту төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Кесиптик циклдин окутуучуларынын сапаттык курамын баалоодо стажы 10 жылдан ашкан өндүрүшчүлөр эсепке алынат.";
- 35-пункту "студиялар ж.б.у.с." деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле окутуунун техникалык каражаттары менен жабдууга коюлуучу ченемдик талаптар - студент/компьютер, студент/жабдык катышын сактоо ж.б." деген сөздөр менен толукталсын;
- 36-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"36. Бүтүрүүчү квалификациялык иштердин мазмунуна, көлөмүнө жана түзүмүнө коюлуучу талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктай турган орто кесиптик билим берүү уюмунун бүтүрүүчүлөрүн мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациялоонун тартибин эске алуу менен орто кесиптик окуу жайы тарабынан аныкталат.";
- жогоруда аталган Макеттин тиркемеси ушул тиркеменин тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
|
| Тиркеме |
|
| "Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын макетине тиркеме |
Кесиптик орто билим берүүнүн негизги кесиптик билим берүү программасынын ТҮЗҮМҮ
Кесиптик орто билим берүүнүн негизги кесиптик билим берүү программасынын түзүмү | Негизги кесиптик билим берүү программасынын жана анын окуу циклдеринин кредиттердеги көлөмү | |||||
| 1 жыл 10 ай | 2 жыл бай | 2 жыл 10 ай | 3 жыл 6 ай | 3 жыл 10 ай | |
1-блок | I. Жалпы гуманитардык цикл II. Математикалык жана табигый илимий цикл III. Кесиптик цикл | 70-100(*) | 90-130 | 110-155(*) | 130-158 | 150-215(*) |
Дене тарбия (көрсөтүлгөн семестрлерде жумасына 2 сааттан) | 3-5-семестрлер | 3-семестрлер | 3-6-семестрлер | 3-7-семестрлер | 3-7-семестрлер | |
2-блок | Практика | 15-40(**) | 15-50 | 20-60(**) | 20-70(**) | 20-80(**) |
3-блок | Мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестация | 5-10 | 5-10 | 5-10 | 5-10 | 5-10 |
Кесиптик орто билим берүүнүн негизги кесиптик билим берүү программасынын көлөмү | 120 | 150 | 180 | 210 | 240 | |
Эскертүү:
(*) маданият жана искусство чөйрөсүндөгү билим берүү уюмдары үчүн "Кесиптик цикл" окуу циклинде кошумча 210 академиялык саат каралсын (7 кредит).
(**) маданият жана искусство чөйрөсүндөгү билим берүү уюмдары үчүн "Практика" окуу циклинде 1200 академиялык саат каралсын (40 кредит).".
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-декабры № 718
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жогорку жана орто кесиптик билим берүү чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 355, 2024-жылдын 8-июлундагы № 371 токтомунун редакциясына ылайык)
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, орто кесиптик жана жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарттарын өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 355 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-августундагы № 496 "Кыргыз Республикасында жогорку кесиптик билим берүүнүн эки деңгээлдүү түзүмүн белгилөө жөнүндө" токтомуна 2-тиркемеге ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-мартындагы № 160 "Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүү уюмдарынын ишин жөнгө салуучу актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуна 3-тиркемеге ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги алты айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
М.Д. Абдылгазиев |
|
| 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-майындагы № 256 "Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алууну жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө" токтомуна киргизилүүчү өзгөртүүлөр
Жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына кабыл алуу тартибинде:
- 1.5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1.5. Жождорго тездетилген программалар боюнча окутууга ар түрдүү деңгээлдердеги жогорку кесиптик билими жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү диплому бар адамдар кабыл алынат. Жождорго тийиштүү адистиктерге тездетилген программалар боюнча окутууга тийиштүү профилдеги орто кесиптик билими жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү диплому бар адамдар кабыл алынат. Орто кесиптик билимдин профили жогорку кесиптик билимдин профилине шайкештиги жож тарабынан өз алдынча аныкталат.";
- 1.6-пунктундагы "тийиштүү багыт боюнча" жана "жакын адистик боюнча" деген сөздөр алып салынсын;
- 2.7-пунктундагы "Экинчи жана кийинки курстарга" деген сөздөр "Тездетилген программалар боюнча окутууга" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 5.11-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5.11. Жожго тездетилген программа боюнча окутууга кабыл алуу жогорку же орто кесиптик билим алууда өтүлгөн айрым сабактарды окутуунун жана башка окутуу иш-чараларынын натыйжаларын кайрадан аттестациялоонун (кайра зачет тапшыруунун) негизинде ишке ашырылат. Окутуунун натыйжаларын кайрадан аттестациялоо (кайра зачет тапшыруу) жож тарабынан өз алдынча жүргүзүлөт. Мында тездетилген программаларды ишке ашырууда окутуунун мөөнөтү башка билим берүү программасы боюнча орто кесиптик билим жана (же) жогорку билим алууда студент өздөштүргөн (өткөн) айрым Дисциплиналар (модулдар) жана (же) айрым практикалар боюнча окутуунун натыйжаларын толук же жарым-жартылай кайрадан аттестациялоонун (кайра зачет тапшыруунун) жыйынтыгы менен аныкталат.".
|
| 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-августундагы № 496 "Кыргыз Республикасында жогорку кесиптик билим берүүнүн эки деңгээлдүү түзүмүн белгилөө жөнүндө" токтомуна киргизилүүчү өзгөртүүлөр
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-июлундагы № 371 токтомунун редакциясына ылайык)
1) Жогоруда аталган токтомдун 2-пунктунун бешинчи жана алтынчы абзацтарындагы "академиялык даражасын" деген сөздөр "квалификациясын" деген сөз менен алмаштырылсын;
2) (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-июлундагы № 371 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3) (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-июлундагы № 371 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4) (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-июлундагы № 371 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5) аталган токтом менен бекитилген Бүтүрүүчүгө "бакалавр" академиялык даражасын ыйгаруу менен ырасталган жогорку кесиптик билим берүүнүн даярдоо багыттарынын тизмегинде:
- Тизмектин аталышындагы "академиялык даражасын" деген сөздөр "квалификациясын" деген сөз менен алмаштырылсын;
- "Академиялык даражанын аталышы" графасындагы "Академиялык даражанын аталышы" деген сөздөр "Квалификациянын аталышы" деген сөздөр менен алмаштырылсын";
- "Гуманитардык илимдер" бөлүмүндө:
"Компьютердик лингвистика" позициясы алып салынсын;
"Дене тарбия" деген сөздөр "Дене тарбия жана спорт" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
төмөнкүдөй позиция менен толукталсын:
"
532500 | Ден соолугунда мандеми бар адамдар үчүн дене тарбия (адаптивдүү дене тарбия) | Бакалавр |
";
- "Социалдык илимдер" бөлүмүнүн расмий тилдеги текстиндеги "541000" деген цифралар "540100" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- "Экономика жана башкаруу" бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы позиция менен толукталсын:
"
581100 | Товар таануу | Бакалавр |
";
- "Айыл чарбасы" бөлүмүндө:
бөлүмдүн аталышындагы "чарбасы" деген сөз "чарба жана айыл чарба илимдери" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
"Ветеринария" деген сөз "Ветеринардык-санитардык экспертиза" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
"Балык чарба" позициясы алып салынсын;
төмөнкүдөй мазмундагы позициялар менен толукталсын:
"
610800 | Балык уулоо жана аквакультура | Бакалавр |
610900 | Айыл чарба илимдери | Бакалавр |
611000 | Бак өстүрүүчүлүк | Бакалавр |
611100 | Жайыттарды башкаруу | Бакалавр |
";
- "Транспорттук техника жана технология" бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы позициялар менен толукталсын:
"
670400 | Транспорттук-технологиялык машиналар жана аба транспортунун системалары | Бакалавр |
670500 | Транспорттук-технологиялык машиналарды, аба транспортунун комплекстерин жана системаларын эксплуатациялоо | Бакалавр |
670600 | Аба транспортундагы транспорттук процесстердин технологиясы | Бакалавр |
670700 | Учуучу аппараттарды жана кыймылдаткычтарды техникалык эксплуатациялоо | Бакалавр |
670800 | Авиациялык электр системаларын жана пилотаждык-навигациялык комплекстерди техникалык эксплуатациялоо | Бакалавр |
";
- "Автоматташтыруу жана башкаруу" бөлүмүндө:
"Сапатты башкаруу" деген сөздөрдөн кийин "(тармактар боюнча)" деген сөздөр менен толукталсын;
"Стандартташтыруу, сертификатташтыруу жана метрология" деген сөздөр "Стандартташтыруу жана метрология (тармактар боюнча)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- "Эсептөө техникасы жана информациялык технологиялар" деген бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы позиция менен толукталсын:
"
710600 | Компьютердик лингвистика | Бакалавр |
";
- "Архитектура жана курулуш" бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы позиция менен толукталсын:
"
750600 | Гидротехникалык курулуш | Бакалавр |
";
- Тизмек төмөнкүдөй мазмундагы эскертүү менен толукталсын:
"Эскертүү.
1. Бүтүрүүчүгө "бакалавр" академиялык даражасын ыйгаруу менен ырасталган жогорку кесиптик билим берүүнүн даярдоо багыттарынын тизмегине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча сунуштар билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилет. Сунуштарга негиз катары төмөнкү материалдар тиркелет:
- даярдоо багытынын илимий жана практикалык маанилүүлүгүн негиздөө;
- даярдоо багытынын айырмалоочу белгилери;
- жаңы даярдоо багытынын өнүгүү келечектери жана эмгек рыногунда болжолдонгон керектөөсү;
- мамлекеттик билим берүү стандартынын жана болжолдуу окуу планынын долбоорлору;
- Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүүсүнүн тиешелүү окуу-методикалык бирикмесинин корутундусу.
2. Негиздемеде сунушталган даярдоо багытын колдонуудагы даярдоо багыттарынын алкагында ишке ашыруу мүмкүн эместигинин себептери көрсөтүлөт.";
6) аталган токтом менен бекитилген Бүтүрүүчүгө "магистр" академиялык даражасын ыйгаруу менен ырасталган жогорку кесиптик билим берүүнүн даярдоо багыттарынын тизмегинде:
- Тизмектин аталышындагы "академиялык даражасын" деген сөздөр "квалификациясын" деген сөз менен алмаштырылсын;
- "Академиялык даражанын аталышы" графасындагы "Академиялык даражанын аталышы" деген сөздөр "Квалификациянын аталышы" деген сөздөр менен алмаштырылсын";
- "Гуманитардык илимдер" бөлүмүндө:
"Компьютердик лингвистика" позициясы алып салынсын;
"Дене тарбия маданияты" деген сөздөр "Дене тарбия жана спорт" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
мамлекеттик тилдеги текстиндеги "Спорттун, ден-соолуктун туризми жана рекреация" позициясы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
532100 | Рекреация жана спорттук-ден соолукту чыңдоочу туризм | Магистр |
";
төмөнкүдөй мазмундагы позициялар менен толукталсын:
"
532200 | Укук коргоо иши | Магистр |
532500 | Ден соолугунда мандеми бар адамдар үчүн дене тарбия (адаптивдүү дене тарбия) | Магистр |
";
- "Экономика жана башкаруу" бөлүмүндө:
"Персоналдарды башкаруу" деген сөздөр "Ишкердик администрациялоо (тармактар боюнча)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы позициялар менен толукталсын:
"
581100 | Товар таануу | Магистр |
581200 | Адам ресурстарын башкаруу | Магистр |
";
- "Айыл чарбасы" бөлүмүндө:
бөлүмдүн аталышындагы "чарбасы" деген сөздөр "чарба жана айыл чарба илимдери" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
"Ветеринария" деген сөз "Ветеринардык-санитардык экспертиза" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
"Балык чарба" позициясы алып салынсын;
төмөнкүдөй мазмундагы позициялар менен толукталсын:
"
610800 | Балык уулоо жана аквакультура | Магистр |
610900 | Айыл чарба илимдери | Магистр |
611000 | Бак өстүрүүчүлүк | Магистр |
611100 | Жайыттарды башкаруу | Магистр |
";
- "Транспорттук техника жана технология" бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы позициялар менен толукталсын:
"
670400 | Транспорттук-технологиялык машиналар жана аба транспортунун системалары | Магистр |
670500 | Транспорттук-технологиялык машиналарды, аба транспортунун комплекстерин жана системаларын эксплуатациялоо | Магистр |
670600 | Аба транспортундагы транспорттук процесстердин технологиясы | Магистр |
670700 | Учуучу аппараттарды жана кыймылдаткычтарды техникалык эксплуатациялоо | Магистр |
670800 | Авиациялык электр системаларын жана пилотаждык-навигациялык комплекстерди техникалык эксплуатациялоо | Магистр |
";
- "Автоматташтыруу жана башкаруу" бөлүмүндө:
"Сапатты башкаруу" деген сөздөрдөн кийин "(тармактар боюнча)" деген сөздөр менен толукталсын;
"Стандартташтыруу, сертификатташтыруу жана метрология" деген сөздөр "Стандартташтыруу жана метрология (тармактар боюнча)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- "Эсептөө техникасы жана информациялык технологиялар" деген бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы позиция менен толукталсын:
"
710600 | Компьютердик лингвистика | Магистр |
";
- "Архитектура жана курулуш" бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы позиция менен толукталсын:
"
750600 | Гидротехникалык курулуш | Магистр |
";
- Тизмек төмөнкүдөй мазмундагы эскертүү менен толукталсын:
"Эскертүү.
1. Бүтүрүүчүгө "магистр" академиялык даражасын ыйгаруу менен ырасталган жогорку кесиптик билим берүүнүн даярдоо багыттарынын тизмегине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча сунуштар билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилет. Сунуштарга негиз катары төмөнкү материалдар тиркелет:
- даярдоо багытынын илимий жана практикалык маанилүүлүгүн негиздөө;
- даярдоо багытынын айырмалоочу белгилери;
- жаңы даярдоо багытынын өнүгүү келечектери жана эмгек рыногунда болжолдонгон керектөөсү;
- мамлекеттик билим берүү стандартынын жана болжолдуу окуу планынын долбоорлору;
- Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүүсүнүн тиешелүү окуу-методикалык бирикмесинин корутундусу.
2. Негиздемеде сунушталган даярдоо багытын колдонуудагы даярдоо багыттарынын алкагында ишке ашыруу мүмкүн эместигинин себептери көрсөтүлөт.";
7) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Бүтүрүүчүгө "адис" квалификациясын ыйгаруу менен ырасталган жогорку кесиптик билим берүүнүн адистиктеринин тизмегинде:
- төмөнкүдөй мазмундагы бөлүмдөр жана позициялар менен толукталсын:
"
520000 | Дисциплина аралык адистиктер | |
520001 | Тармактык экономика | Инженер-экономист |
650000 | Материал таануу, металлургия жана машина куруу | |
650001 | Түстүү металлдардын металлургиясы | Инженер-металлург |
670000 | Транспорттук техника жана технологиялар | |
670001 | Темир жолдорунун кыймылдуу курамы | Жол каттамдарынын инженери |
";
- "Геодезия жана жерге жайгаштыруу" бөлүмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
620000 | Геодезия жана жерге жайгаштыруу | |
620001 | Колдонмо геодезия | Кен инженери |
";
- "Геология, чалгындоо жана кендерди иштетүү" бөлүмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
630000 | Геология, чалгындоо жана кендерди иштетүү | |
630001 | Колдонмо геология | Кен инженер-геологу |
630002 | Геологиялык чалгындоонун технологиясы | Кен инженер-геологу |
630003 | Кен иши | Кен инженери |
630004 | Кен же мунай газ өндүрүшүндөгү физикалык процесстер | Кен инженери |
";
- "Архитектура жана курулуш" бөлүмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
750000 | Архитектура жана курулуш | |
750001 | Темир жолдорду, көпүрөлөрдү жана транспорттук тоннелдерди куруу жана эксплуатациялоо | Жол каттамдарынын инженери |
";
- Тизмек төмөнкүдөй мазмундагы эскертүү менен толукталсын:
"Эскертүү.
1. Бүтүрүүчүгө "адис" квалификациясын ыйгаруу менен ырасталган жогорку кесиптик билим берүүнүн адистиктеринин тизмегине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча сунуштар билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилет. Сунуштарга негиз катары төмөнкү материалдар тиркелет:
- адистиктин илимий жана практикалык маанилүүлүгүн негиздөө;
- адистиктин айырмалоочу белгилери;
- жаңы адистиктин өнүгүү келечектери жана эмгек рыногунда болжолдонгон керектөөсү;
- мамлекеттик билим берүү стандартынын жана болжолдуу окуу планынын долбоорлору;
- Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүүсүнүн тиешелүү окуу-методикалык бирикмесинин корутундусу.
2. Негиздемеде сунушталган адистикти колдонуудагы адистиктердин алкагында ишке ашыруу мүмкүн эместигинин себептери көрсөтүлөт.".
|
| 3-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-мартындагы № 160 "Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүү уюмдарынын ишин жөнгө салуучу актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуна киргизилүүчү өзгөртүүлөр
1) Жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүүсүнүн адистиктеринин тизмесинде:
- "040000. Социология жана социалдык иш" бөлүмүндөгү "Физикалык терапия", "Социалдык кызматты башкаруу", "Социалдык иштеги супервизия" позициялары алып салынсын;
- "060000. Саламаттык сактоо жана медициналык илимдер" бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы позиция менен толукталсын:
"
060113 | Физикалык терапия | Физикалык терапевттин жардамчысы | 1 жыл 10 ай | 2 жыл 10 ай | Жол берилбейт | Жол берилбейт | Жол берилбейт |
2) (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-июлундагы № 371 токтомунун редакциясына ылайык)