Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 4 июну № 298
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, "Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, "Күрөө жөнүңдө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр |
К.А. Боронов |
|
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, "Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 1-бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж. № 6, 80-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 328-статьясынын 3-пунктунун үчүнчү абзацындагы "ыктыярдуу негизде" деген сөздөр алып салынсын;
2) 329-статьясынын 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Күрөө жөнүндө келишимге кыймылдуу мүлктүн кийинки күрөөсүнө тыюу салуучу же чектөөчү жоболорду киргизүүгө жол берилбейт.".
2-берене.
"Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж. № 6, 377-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-статьясында:
- жетинчи абзацындагы "ыктыярдуу" деген сөз алып салынсын;
- он биринчи абзацындагы "Күрөө каттоо кеңсеси" деген сөздөр "Кыймылдуу мүлккө талап укуктарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- он үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Арыз - кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди (келишим боюнча) аткаруу боюнча талап укуктары жөнүндө негизги маалыматты камтыган, кыймылдуу мүлккө карата талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде катталган, кыймылдуу мүлккө талап укуктарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга күрөө кармоочунун кагаз же электрондук түрдө берген кайрылуусу. Арыз кыймылдуу мүлккө талап укуктарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын күрөө кабарлоосуна тиешелүү жазууну киргизүү үчүн негиз болуп саналат.";
2) 9-статьясынын 3-пунктундагы "тыюу салууну алып койбостон," деген сөздөр алып салынсын;
3) 11-статьясынын 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Күрөө жөнүндө келишимге кыймылдуу мүлктүн кийинки күрөөсүнө тыюу салуучу же чектөөчү жоболорду киргизүүгө жол берилбейт.";
4) 17-статьясынын 3-пунктундагы "9" деген цифра "8" деген цифра менен алмаштырылсын;
5) 21-статьясында:
- 1-пунктунун биринчи абзацындагы "ыктыярдуу негизде" деген сөздөр алып салынсын;
- 3-пунктундагы "Күрөө каттоо кеңсеси" деген сөздөр "Кыймылдуу мүлккө талап укуктарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 4-пунктунда;
1-пунктчасындагы "Күрөө каттоо кеңсеси" деген сөздөр "Кыймылдуу мүлккө талап укуктарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2-пунктчасынын он экинчи жана жыйырма төртүнчү абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
- 5-пунктунун экинчи абзацындагы "Күрөөнү каттоо кеңсеси" деген сөздөр "Кыймылдуу мүлккө талап укуктарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
6) 21-1-статьясында:
- 4-пунктунун экинчи абзацындагы "Күрөө каттоо кеңсесинин" деген сөздөр "Кыймылдуу мүлккө талап укуктарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 5 жана 6-пункттарындагы "Күрөө каттоо кеңсеси" деген сөздөр "Кыймылдуу мүлккө талап укуктарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
7) 79-статьясынын 3-пунктунун 3-пунктчасындагы "Күрөө каттоо кеңсесинде" деген сөздөр "Кыймылдуу мүлккө талап укуктарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 4, 285-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 28-главасында:
главанын эскертүүсү төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"3. Ушул Кодекстин 216-1-беренесинде каралган бузуулар жөнүндө иштер юстиция органы тарабынан каралат.";
глава төмөнкүдөй мазмундагы 216-1-берене менен толукталсын:
"216-1-берене. Күрөө жөнүндө мыйзамдарды бузуу
Күрөөнү токтотуу жөнүндө күрөө кабарлоосуна жазууларды өз учурунда киргизбөө -
2-категориядагы айып пул салууга алып келет.".
4-берене.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президент |
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ