Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 1-октябры № 510
Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасын бекитүү жөнүндө
Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы № 221 Жарлыгы менен бекитилген 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруунун алкагында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасы (мындан ары - Программа) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Программанын жооптуу аткаруучулары болуп саналган министрликтер, административдик ведомстволор, мамлекеттик мекемелер жана уюмдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
1) Программаны милдеттүү түрдө аткаруу боюнча толук чараларды көрүшсүн;
2) квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5инен кечиктирбей Программаны ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияга берип турушсун.
3. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия (макулдашуу боюнча) ар бир жарым жылдыктан кийинки айдын 25инен кечиктирбей Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Программанын ишке ашырылышынын жыйынтыгы боюнча отчёт берип турсун.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 16-октябрындагы № 86 (3156) жарыяланды
Премьер-министр | К.А. Боронов |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 1-октябры № 510
Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасын бекитүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-февралындагы № 67 токтомунун редакциясына ылайык)
Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы № 221 Жарлыгы менен бекитилген 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруунун алкагында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Бекитилсин:
- Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасы (мындан ары - Программа) 1-тиркемеге ылайык;
- Программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын аткарылышына мониторинг жүргүзүү боюнча жумушчу топтун курамы 2-тиркемеге ылайык.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-февралындагы № 67 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Программанын жооптуу аткаруучулары болуп саналган министрликтер, административдик ведомстволор, мамлекеттик мекемелер жана уюмдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
1) Программаны милдеттүү түрдө аткаруу боюнча толук чараларды көрүшсүн;
2) квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5инен кечиктирбей Программаны ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссияга берип турушсун.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-февралындагы № 67 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия (макулдашуу боюнча) ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча, отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбестен Программаны ишке ашыруунун жыйынтыгы боюнча отчетту Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-февралындагы № 67 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-февралындагы № 67 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 16-октябрындагы № 86 жарыяланды
Премьер-министр | К.А. Боронов |
2-тиркеме |
Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын аткарылышына мониторинг жүргүзүү боюнча жумушчу топтун КУРАМЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-февралындагы № 67 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, жумушчу топтун жетекчиси (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары;
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиянын төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын генералдык директору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын директору;
"Кыргыз тили" коомдук бирикмесинин президенти (макулдашуу боюнча);
"Бакдөөлөт" коомдук фондунун президенти (макулдашуу боюнча).