Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 24-августу № 440
2019-жылдын 12-декабрында Абу-Даби шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы Туризм чөйрөсүндөгү кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумду бекитүү жөнүндө
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. 2019-жылдын 12-декабрында Абу-Даби шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы Туризм чөйрөсүндөгү кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум (мындан ары - Меморандум) бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги эмират тарапка жогоруда аталган Меморандумдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.
3. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жогоруда аталган Меморандумду ишке ашырууга жооптуу орган болуп аныкталсын.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | К.А. Боронов |