Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 23-марты № 182
"Кыргыз Республикасынын аскердик түзүм чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын аскердик түзүм чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Ушул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |
|
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын аскердик түзүм чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2019-ж., № 6, 341-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Мыйзамдын аталышындагы жана 1-беренесиндеги түрдүү жөндөмөдөгү "Ички аскерлер" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Ички коопсуздуктун аскер кызматы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) 2-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2-берене. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички коопсуздуктун аскер кызматы
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички коопсуздуктун аскер кызматы жарандардын өмүрүн, ден соолугун, укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын, коомду жана мамлекетти кылмыштуу жана башка укукка каршы кол салуулардан коргоо үчүн багытталган, ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскердик түзүмү (мындан ары - аскердик түзүм) болуп эсептелет.";
3) 3-5-беренелеринин аталышындагы жана бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "Ички аскерлер" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Аскердик түзүм" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
4) 6-беренесинде:
а) аталышындагы жана 2-бөлүгүндөгү түрдүү жөндөмөдөгү "Ички аскерлер" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Аскердик түзүм" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 1-бөлүгүндөгү "Ички аскерлер" жана "коргошот" деген сөздөр "Аскердик түзүм" жана "коргойт" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
5) 7-беренесинде:
а) аталышындагы 'Ички аскерлердин" деген сөздөр "Аскердик түзүмдүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
6) биринчи абзацындагы "Ички аскерлер өз компетенциясынын чегинде төмөнкү милдеттүүлүктөргө ээ" деген сөздөр "Аскердик түзүм өз компетенциясынын чегинде төмөнкүдөй милдеттерге ээ" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 8-беренесинде:
а) берененин аталышы жана биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8-берене. Аскердик түзүмдүн укуктары
Аскердик түзүм өз компетенциясынын чегинде төмөнкүлөргө укуктуу:";
б) 1, 6, 12, 15-пункттарындагы түрдүү жөндөмөдөгү "Ички аскерлер" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "аскердик түзүм" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
в) 7-пунктунун экинчи абзацындагы "Ички аскерлердин аскер кызматчылары" деген сөздөр "Аскердик түзүмдүн аскер кызматчылары" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
7) 9-беренесинин аталышындагы жана бүткүл тексти боюнча "Ички аскерлердин" деген сөздөр "Аскердик түзүмдүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
8) 2-главасынын аталышындагы "Ички аскерлердин" деген сөздөр "Аскердик түзүмдүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
9) 10-беренесинде:
а) аталышы жана 1-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10-берене. Аскердик түзүмдүн курамы
1. Аскердик түзүмдүн курамына төмөнкүлөр кирет:";
б) 1 жана 5-пункттарындагы "Ички аскерлердин" деген сөздөр "аскердик түзүмдүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
в) 2-бөлүгүндөгү "Ички аскерлердин командачылыгы жана аскердик бөлүктөрү" деген сөздөр "Аскердик түзүмдүн командачылыгы жана аскердик бөлүктөрү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
10) 11-беренесинде:
а) аталышындагы жана 1-бөлүгүндөгү түрдүү жөндөмөдөгү "Ички аскерлер" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Аскердик түзүм" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Аскердик түзүмгө түздөн-түз жетекчиликти аскердик түзүмдүн командачысы жүзөгө ашырат.".
11) 12-беренесинин бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "Ички аскерлер" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "аскердик түзүм" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
12) 13-беренесинде:
а) аталышындагы жана 2-бөлүгүндөгү "Ички аскерлердин" деген сөздөр "Аскердик түзүмдүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Аскердик түзүмдүн командачылыгы аскердик түзүмдүн башкаруу органы болуп саналат.";
13) 3-главасынын аталышындагы "Ички аскерлердин" деген сөздөр "Аскердик түзүмдүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
14) 14-беренесинин бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "Ички аскерлер" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "аскердик түзүм" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
15) 15-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүндөгү түрдүү жөндөмөдөгү "Ички аскерлер" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "аскердик түзүм" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
16) 16-беренесинин аталышындагы жана бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "Ички аскерлер" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Аскердик түзүм" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
17) 4-главасынын аталышындагы "Ички аскерлерде" деген сөздөр "Аскердик түзүмдө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
18) 17-беренесинде:
а) аталышындагы жана 1 жана 3 -бөлүктөрүндөгү "Ички аскерлердин" деген сөздөр "Аскердик түзүмдүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 2-бөлүгүндөгү "Ички аскерлерде" деген сөздөр "Аскердик түзүмдө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
19) 18-беренесинде:
а) аталышындагы жана 2-бөлүгүндөгү түрдүү жөндөмөдөгү "Ички аскерлер" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Аскердик түзүм" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Аскердик түзүм аскердик кызматты өтөө жөнүндө мыйзамдарга ылайык жарандарды аскердик кызматка чакыруунун, ошондой эле жарандардын контракт боюнча аскердик кызматка өз ыктыяры менен өтүүсүнүн негизинде аскер кызматчылары менен комплекттелет.",
в) 3-бөлүгүндөгү "Ички аскерлердин" деген сөздөр "Аскердик түзүмдүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
20) 19-беренесинде;
а) аталышындагы жана 1, 2, 5-бөлүктөрүндөгү "Ички аскерлердин" деген сөздөр "Аскердик түзүмдүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Аскердик түзүмгө жүктөлгөн милдеттерди аткарууда аскердик түзүмдүн аскер кызматчылары бийликтин өкүлдөрү болуп саналат жана мамлекеттин коргоосунда турушат.";
в) 4 жана 6-бөлүктөрүндөгү "Ички аскерлердин аскер кызматчыларынын" жана "Ички аскерлерге" деген сөздөр "Аскердик түзүмдүн аскер кызматчыларынын" жана "аскердик түзүмгө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
г) 7-бөлүгүндөгү "Ички аскерлердин" деген сөздөр "аскердик түзүмдүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
д) 8-бөлүгүндөгү "Ички аскерлерде" деген сөздөр "аскердик түзүмдө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
21) 20-беренесинде:
а) аталышындагы жана 1-бөлүгүндөгү "Ички аскерлердин" деген сөздөр "Аскердик түзүмдүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 2 жана 3-бөлүктөрүндөгү "Ички аскерлердин" деген сөздөр "аскердик түзүмдүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
22) 5-главасынын аталышындагы "Ички аскерлердин" деген сөздөр "Аскердик түзүмдүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
23) 21-беренесинде:
а) 1, 3, 5, 6-бөлүктөрүндөгү "Ички аскерлердин" деген сөздөр "Аскердик түзүмдүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 4-бөлүгүндөгү "Ички аскерлердин" деген сөздөр "аскердик түзүмдүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
24) 22 жана 24-беренелеринин аталышындагы жана бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "Ички аскерлер" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Аскердик түзүм" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
25) 23-беренесинде:
а) аталышындагы жана 1-бөлүгүндөгү "Ички аскерлерди" деген сөздөр "Аскердик түзүмдү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Аскердик түзүм курал-жарак, автомобиль, бронетанкалык жана башка аскер техникасы, материалдык каражаттар менен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин аскердик түзүмү үчүн белгиленген тартипте жана ченемдер боюнча камсыз кылынат.";
в) 3-бөлүгүндөгү "Ички аскерлер" деген сөздөр "аскердик түзүм" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене.
"Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 3, 76-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статьясындагы "Ички аскерлери" деген сөздөр "Ички коопсуздуктун аскер кызматы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) 5-1-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5-1-статья. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички коопсуздуктун аскер кызматына жетекчилик кылуу жана аны менен өз ара аракеттенүү
Ички иштер органдары өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички коопсуздуктун аскер кызматы менен өз ара аракетте аткарат.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички коопсуздуктун аскер кызматынын курамы жана ишин уюштуруу "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички коопсуздуктун аскер кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен аныкталат.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички коопсуздуктун аскер кызматына жетекчилик кылууну Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри, ал эми түздөн-түз башкарууну - командачы жүзөгө ашырат.
Облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын ички иштер башкармалыктарынын башчылары өз компетенциясынын чегинде ведомстволук аймакта жайгаштырылган, коомдук тартипти жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча милдеттерди аткарган Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички коопсуздуктун аскер кызматынын бөлүмдөрүнө жана бөлүктөрүнө карата улук ыкчам башчылар болуп саналышат.".
3-берене.
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 2, 116-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-беренесинин он экинчи абзацындагы "ички аскерлери" деген сөздөр "аскердик түзүмү" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4-берене.
"Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 12, 531-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
15-статьясында:
а) "ички аскерлерде," деген сөздөр алып салынсын;
б) "баңги заттарды контролдоо боюнча органынын" деген сөздөр алып салынсын.
5-берене.
"Кесиптик бирликтер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 12, 529-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
7-статьясындагы ", ички аскерлерде" деген сөздөр алып салынсын.
6-берене.
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 7, 316-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
22-беренесинде "Ички аскерлерде жана" деген сөздөр алып салынсын.
7-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|