Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 28-августу № 455
"Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы (макулдашуу боюнча) аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | К.А. Боронов |
Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы 2015-ж., № 1, 21-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-беренесинин 1-бөлүгүндөгү "Кыргыз банкы" деген сөздөр "Улуттук банк" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) 2-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) электрондук акчаны жайылтуу боюнча агент - юридикалык жак же жеке ишкер, электрондук акчаны накталай же накталай эмес акча каражаттарына тындырган (алмаштырган), Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык электрондук акчаны жайылткан Кыргыз Республикасынын резиденти;
2) электрондук акчанын акцептанты (акцептант) - юридикалык жак, ошондой эле электрондук акчанын банк-эмитенти же агент менен түзүлгөн келишимге ылайык электрондук акча менен операцияларды жасоону ырастоочу документтерди берүү менен товарларга же кызмат көрсөтүүлөргө төлөө үчүн электрондук акчаларды кабыл алган жеке ишкер;
3) накталай эмес эсептешүү - акча каражаттарынын кыймылы берилген төлөм документтерине ылайык төлөөчүнүн банктык эсебиндеги акча каражаттарын эсептен чыгаруу жана аларды алуучунун банктык эсебине чегерүү аркылуу накталай акчанын катышуусуз жүргүзүлүүчү акча жүгүртүү формасы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык электрондук акчаны колдонуу менен жүргүзүлгөн эсептешүүлөр. Эсептешүү төлөмдүн бүткөндүгү болуп саналат;
4) мамлекет ичиндеги төлөм - Кыргыз Республикасынын аймагында улуттук валютада, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында чыгарылган түрдүү төлөм системаларынын банктык төлөм карталарын жана электрондук акчаны колдонуу менен ишке ашырылган төлөм;
5) үй банкинги (home-banking) - "үйдө" аралыктан банктык тейлөөсү жана банктар тарабынан үй же кеңсе терминалдарын (персоналдык компьютер, стационардык телефон) банктын компьютердик тармагына туташтыруу аркылуу кардарларга (жеке жана юридикалык жашарга) чекене кызматтарды көрсөтүү ыкмасы;
6) интернет-банкинг - кардардын өзүнүн банктык эсептерин Интернет аркылуу аралыктан башкаруусу. Интернет-банкингди колдонуу менен төлөмдөр Интернет тармагынын жалпыга жеткиликтүү каналдарын колдонуу аркылуу жүргүзүлөт;
7) клиринг - төлөмдөрдү топтоо, иштеп чыгуу, ырастоо жана системанын катышуучуларынын өз ара милдеттенмелерин эсептөө процесси;
8) эл аралык электрондук акча - Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары чыгарылган өлкөнүн мыйзамдарынын алкагында Кыргыз Республикасынын резидент эместери тарабынан чыгарылган (эсепке алынган) электрондук акча, электрондук акча каражаттары, электрондук формадагы акчалай милдеттенмелер;
9) банктар аралык клирингдик система – эрежелердин, жол-жоболордун жана ыкмалардын жыйындысы, алардын жардамы менен клиринг системасынын катышуучулары маалыматтарды берет жана алмашат, клирингдик борбор аркылуу төлөмдөрдү же баалуу кагаздарды башка катышуучуларга которот. Система катышуучулардын эки тараптуу же көп тараптуу таза позицияларын аныктоого негизделиши мүмкүн;
10) мобилдүү банкинг - кардар уюлдук телефонунан банкка жиберген билдирүүлөрү аркылуу банктык эсепти аралыктан башкаруу;
11) төлөм системасынын оператору - төлөм системасынын тибине жана категориясына жараша Улуттук банктын лицензиясы/каттоосу бар, төлөм системасынын иштөөсүн камсыздоочу жана катышуучулар менен төлөм системасына катышуу жөнүндө келишим түзгөн юридикалык жак, ал келишимге ылайык төлөм системасынын оператору жана катышуучулары өз ишин ушул Мыйзамга жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык төлөм системасынын алкагында жүзөгө ашырууга милдеттенишет;
12) төлөм - накталай акча каражаттарын пайдалануу менен акчалай милдеттенмелерди аткаруу же болбосо төлөөчүнүн накталай эмес акча каражаттарын которуу процесси;
13) төлөм документи - юридикалык же жеке жактар тарабынан таризделген, анын негизинде төлөм жүргүзүлүүчү белгиленген формадагы документ;
14) банктык төлөм картасы (төлөм картасы) - товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө улуттук жана чет өлкө валюталарында накталай акча алууда, акчалай которууларды жүргүзүүдө, ошондой эле терминалдар, банкоматтар же башка түзүлүштөр (перифериялык түзүлүштөр) аркылуу электрондук акча формасындагы эсептешүүлөр үчүн колдонулуучу төлөм инструменти;
15) төлөм системасы - технологиялардын, жол-жоболордун, эрежелердин, төлөм инструменттеринин жана акча каражаттарын которуу системаларынын акча жүгүртүүнү камсыз кылуучу өз ара байланышкан системасы. Жүргүзүлгөн төлөмдөрдүн түрлөрүнө жараша төлөм системалары ири төлөмдөр системасына жана чекене төлөмдөр системасына бөлүнөт;
16) төлөм уюму - ушул Мыйзамда жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте түзүлгөн төлөм уюму менен товарларды жеткирүүчүлөрдүн/кызмат көрсөтүүчүлөрдүн ортосундагы келишимге, ошондой эле төлөм уюму менен банктын ортосундагы келишимге ылайык маалыматтык технологияларга, электрондук каражаттарга жана төлөмдөрдү жүргүзүү ыкмаларына негизделген төлөм системалары аркылуу өз ишинин натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү үчүнчү жактардын пайдасына кабыл алуу жана жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр жаатындагы иштерди жүзөгө ашырууга Улуттук банктын лицензиясы бар юридикалык жак;
17) акча которуулар системасы - төлөм системасынын оператору тарабынын бул акча каражаттары даректелүүчүлөргө төлөнө турган шартта калктан акча каражаттарын кабыл алуу боюнча төлөм системасынын тиби;
18) төлөм карталары менен эсептешүүлөр системасы - карталарды колдонуу менен накталай эмес эсептешүүлөрдү уюштуруу үчүн ченемдердин, эрежелердин, негиздөөлөрдүн жана программалык-техникалык каражаттардын жыйындысы;
19) электрондук акча - алдын ала төлөнгөн карталарды жана электрондук капчыкты кошкондо, программалык-техникалык түзүлүштө электрондук түрдө сакталган жана төлөм каражаты катары кабыл алынган акча наркы;
20) электрондук төлөм документи - электрондук формада түзүлгөн, эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу үчүн зарыл маалыматтарды камтыган жана электрондук кол тамга менен күбөлөндүрүлгөн төлөм документинин түрү;
21) процессинг - финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу жана төлөм системасынын катышуучуларына берүү боюнча өз ара байланышкан процесстерди өзүнө камтыган лицензиялануучу иш;
22) электрондук акчанын эмитенти (эмитент) - Улуттук банк, ошондой эле банк операцияларын жүргүзүү укугуна банктын лицензиясына уруксат берилген банк операцияларынын тизмегине ылайык электрондук акча чыгаруу укугуна ээ жана электрондук акчаны накталай кылууга берген кармоочуларга электрондук акчаны тындыруу боюнча шартсыз жана кайтарылгыс милдеттенмелерди өзүнө алган банк;
23) эл аралык электрондук акчанын эмитенти - Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары эл аралык электрондук акчаны чыгарууну (эсепке алууну) жүзөгө ашырган, ишин чыгарган өлкөнүн мыйзамдарына ылайык жүргүзгөн банк же юридикалык жак, Кыргыз Республикасынын резиденти эмес";
3) 3-беренесинде:
а) берененин бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "Кыргыз банкы" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "Улуттук банк" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 3-бөлүгүнүн 1-пунктунун экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Төлөм уюму менен товарларды жеткирүүчүлөрдүн/кызмат көрсөтүүлөрдүн ортосундагы агенттик келишимде төлөм уюму тарабынан товарларды жеткирүүчүлөргө/кызмат көрсөтүүлөргө накталай акча каражаттарын салуу, банктык эсептен которуу, камсыздандыруу депозитин жайгаштыруу, кайтарылгыс банктык гарантияны берүү аркылуу алдын-ала төлөмдү берүү шарттарында өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүү жана төлөм уюмунун товарларды жеткирүүчүлөрдүн/кызмат көрсөтүүчүлөрдүн алдындагы милдеттенмелерин аткаруу боюнча камсыздоо катары башка ыкмалар каралышы мүмкүн;";
в) 3-бөлүгүнүн 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) электрондук акчаны банк менен түзүлгөн агенттик келишимдин негизинде гана Кыргыз Республикасынын аймагында жайылтууну кошкондо банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн башка тизмесин. Мында келишимдин чегинде агенттер тарабынан милдсттенмслердин аткарылышы үчүн банк жоопкерчилик тартат.";
г) берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-бөлүк менен толукталсын:
"3-1. Төлөм системасынын оператору/төлөм уюму лицензияда көрсөтүлгөн иштердин түрлөрүн гана жүргүзүүгө, ошондой эле консультациялык/маалыматтык кызматтарды көрсөтүүгө жана төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо боюнча Улуттук банктын талаптарына ылайык анын негизги ишин коштоочу же анын негизги ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон башка ишти жүргүзүүгө укуктуу.
Төлөм уюму өз ишин төлөм системасынын операторунун иши менен гана айкалыштыра алат. Төлөм системасынын оператору өз ишин төлөм уюмунун иши менен гана айкалыштыра алат.
Лицензияланууга тийиш болгон ишти жүзөгө ашыруу үчүн лицензияны башка жакка берүүгө тыюу салынат.
Банк маалымат технологияларына, электрондук каражаттарга жана төлөмдөрдү жүргүзүү ыкмаларына негизделген төлөм системалары аркылуу өз ишинин натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү үчүнчү жактардын пайдасына кабыл алуу жана жүргүзүү кызматтарын көрсөтүү боюнча, ошондой эле лицензияда түздөн-түз көрсөтүү менен төлөм системасынын, ошол процессинг, клиринг борборунун катышуучуларына үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды (процессинг, клиринг) кабыл алуу, иштеп чыгуу жана берүү боюнча кызмат көрсөтүү боюнча операцияларды жүргүзүүгө укуктуу.";
4) 4-беренесинде:
а) берененин бүткүл тексти боюнча "Кыргыз банкынын" деген сөздөр "Улуттук банктын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 8-бөлүгүнүн биринчи абзацындагы "аткарбай коюуга укуктуу" деген сөздөр "аткаруудан баш тартат" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
в) 8-бөлүгүнүн 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5) эгерде кардар операцияларды жүргүзүү жана аны талаптагыдай текшерүү үчүн зарыл документтерди бербесе;";
г) 8-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 5-1-пункт менен толукталсын:
"5-1) эгерде кардар Террористтик же экстремисттик ишке жана массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышкандыгы жөнүндө маалыматтары бар жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын санкциялык тизмегинде же Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкандыгы жөнүндө маалыматы бар жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмегинде болсо;";
5) 5-беренесинин бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "Кыргыз банкы" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "Улуттук банк" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
6) 6-беренесинде:

б) 2-бөлүгүнүн биринчи сүйлөмү алып салынсын;
в) 5-бөлүгүнүн биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Электрондук акча тындыруу мүмкүнчүлүгүн берүү менен электрондук акчаны накталай же накталай эмес акча каражаттарынын ордуна берүү жолу менен эмитент (сатуу жана жайылтуу) тарабынан жайылтылат.";
г) 7-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмүндөгү "электрондук акча дистрибьютору" деген сөздөр "электрондук акчаны жайылтуу боюнча агент" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
д) 8-бөлүгүндөгү түрдүү жөндөмөдөгү "дистрибьютор" деген сөз тиешелүү жөндөмөдөгү "электрондук акчаны жайылтуу боюнча агент" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
7) 8-беренесинин бүткүл тексти боюнча "Кыргыз банкынын" деген сөздөр "Улуттук банктын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
8) 9-беренесинде:
а) 1-бөлүгүндөгү "Кыргыз банкы" деген сөздөр "Улуттук банк" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) берененин бүткүл тексти боюнча "санариптик" деген сөздөр алып салынсын;
9) 10-беренесиндеги "санариптик" деген сөз алып салынсын;
10) 13-беренесинде:

б) 5-бөлүгүндөгү "гана" деген сөз алып салынсын;
11) 15-беренесинин 6-бөлүгүндөгү "Кыргыз банкынын" деген сөздөр "Улуттук банктын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
12) 17-беренесинде:
а) берененин бүткүл текст боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "Кыргыз банкы" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "Улуттук банк" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 6-бөлүгүнүн биринчи сүйлөмүндөгү "мекемелеринин" деген сөз "уюмдардын" деген сөз менен алмаштырылсын;
13) 18 жана 19-беренелеринин бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "Кыргыз банкы" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "Улуттук банк" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
14) 20-беренесинде:

б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-бөлүк менен толукталсын:
"3-1. Түрдүү төлөм системаларынын банктык төлөм карталарын колдонуу менен улуттук валютада жүргүзүлгөн төлөмдөр боюнча финансылык маалыматтарды топтоо, иштеп чыгуу жана сактоо Кыргыз Республикасынын аймагында (мамлекет ичиндеги төлөмдөр) жүргүзүлөт. Мамлекет ичиндеги төлөмдөр боюнча клиринг улуттук төлөм системасынын оператору тарабынан жүргүзүлөт.";
15) 21-беренеси төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"4. Алуучу акча которууну жөнөтүүчү көрсөткөн банктык эсепке, банктык төлөм картасына же болбосо Кыргыз Республикасынын банкы чыгарган идентификацияланган электрондук капчыкка чегерүү аркылуу алууга укуктуу. Эл аралык жана локалдык акча которуулар системаларынын операторлору акча которууларды банктык эсепке, банктык төлөм картасына же болбосо идентификацияланган электрондук капчыкка чегерүүнү камсыз кылат.";
16) 23-беренесинин 1-бөлүгүндөгү "көрсөтүүчү финансы-кредиттик мекемелер" деген сөздөр "көрсөтүүчү финансылык-кредиттик уюмдар" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
17) 24-беренесинде:
а) 1 жана 6-бөлүктөрүндөгү түрдүү жөндөмөдөгү "Кыргыз банкы" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "Улуттук банк" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 2-бөлүгүнүн экинчи жана үчүнчү сүйлөмдөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эл аралык электрондук акча операторунун/эл аралык электрондук акча эмитентинин - Кыргыз Республикасынын резиденти эместин иши ушул Мыйзамга жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык Улуттук банкта каттоосу болгон учурда жүзөгө ашырылат. Улуттук банкта каттоосуз эл аралык электрондук акча системасынын операторунун/эл аралык электрондук акча системасынын эмитентинин ишине тыюу салынат.";
в) берене төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-бөлүк менен толукталсын:
"2-1. Улуттук банк же үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды (процессинг, клиринг) кабыл алуу, иштеп чыгуу жана ошол процессинг, клиринг борборунун төлөм системасынын катышуучуларына берүү боюнча кызмат көрсөтүүгө лицензиясы бар, улуттук системанын критерийлерине шайкеш келген жана төлөм системасынын иштөөсүн ушул Мыйзамга жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык келишин камсыз кылган башка юридикалык жак - Кыргыз Республикасынын резиденти улуттук төлөм системасынын оператору болуп саналат.";
г) 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Төлөм системасынын оператору катышуучулардын системага ачык жана тең укуктуу жеткиликтүүлүгүн камсыз кылган тарифтик саясатты иштеп чыгат. Төлөм системасынын алкагында кардарларга (колдонуучуларга) тиешелүү кызмат көрсөтүүлөр үчүн тарифтерди жана төлөмдөрдүн башка түрлөрүн кошкондо төлөм системасынын эрежелери ачык-айкын болууга тийиш. Төлөм системасынын эрежелерине жаңы тарифтерди киргизүү жана колдонуудагы тарифтердин өлчөмүн көбөйтүү каралган өзгөртүүлөрдү киргизүүдө төлөм системасынын оператору Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген мөөнөттө жана тартипте бул тууралуу Улуттук банкка, төлөм системасынын катышуучуларына жана колдонуучуларына маалымдайт.";
18) 6-главасынын аталышындагы "Кыргыз банкынын" деген сөздөр "Улуттук банктын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
19) 26-беренесинин аталышындагы жана берененин бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "Кыргыз банкы" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "Улуттук банк" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
20) 27-беренесинде:
а) берененин аталышындагы жана берененин бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "Кыргыз банкы" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "Улуттук банк" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Улуттук банк Улуттук банктын лицензиясына (уруксатына) ээ банктар жана башка финансылык-кредиттик уюмдар үчүн банктар аралык электрондук төлөм документтериндеги электрондук кол тамганын аныктыгын күбөлөндүрүү боюнча күбөлөндүрүүчү борбор болуп саналат.";
21) 28-беренесинде:
а) берененин аталышындагы "Кыргыз банкынын" деген сөздөр "Улуттук банктын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) беренедеги "Кыргыз банкы" деген сөздөр "Улуттук банк" деген сөздөр менен, "милдеттүү" деген сөз "укуктуу" деген сөз менен алмаштырылсын;
22) 29-беренесинин аталышындагы жана бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "Кыргыз банкы" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "Улуттук банк" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
23) 30-беренесинин бүткүл тексти боюнча "Кыргыз банкы" деген сөздөр "Улуттук банк" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
24) 31-беренесинде:

б) 6-бөлүгүнүн 2-пунктундагы "мекемелеринин" деген сөз "уюмдардын" деген сөз менен алмаштырылсын;
25) 31-1-беренесинде:

б) 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Улуттук банк тарабынан ушул берененин 1-бөлүгүндө баяндалган, төлөм системасынын иштөөсүнүн үзгүлтүккө учуроосуна алып келүүчү, ошондой эле төлөм системасынын катышуучусунун аларды колдонуучуларга көрсөткөн кызматтарына таасирин тийгизүүчү бузуулар аныкталган учурларда, Улуттук банк "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык эскертүү жиберет жана/же чараларды көрөт.";
в) 3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
26) 32-беренесинин бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "Кыргыз банкы" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "Улуттук банк" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты айдын ичинде өздөрүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ