Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 28-августу № 454
Кыргыз Республикасынын Пробация органынын кызматкеринин күнүн белгилөө жөнүндө
Пробация институтун колдоо жана андан ары өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. 1-сентябрь - Кыргыз Республикасынын Пробация органынын кызматкеринин жыл сайын белгиленүүчү кесиптик күнү болуп белгиленсин.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 11-сентябрындагы № 76 (3040) жарыяланды
Премьер-министр | К.А. Боронов |