Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 6-июнундагы № 299 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 21-августу № 431
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-февралындагы № 56 "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында аппараттык-программалык комплексти колдонуу менен фиксацияланган Жолдо жүрүүнүн жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу үчүн өндүрүлгөн айыптардын суммаларын түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Саламаттык сактоо уюмдары үчүн медициналык тез жардам автомашиналарын сатып алуу менен байланышкан маселелерди ыкчам чечүү максатында, "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-февралындагы № 56 "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында аппараттык-программалык комплексти колдонуу менен фиксацияланган Жолдо жүрүүнүн жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу үчүн өндүрүлгөн айыптардын суммаларын түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында аппараттык-программалык комплексти колдонуу менен фиксацияланган Жолдо жүрүүнүн жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу үчүн өндүрүлгөн айыптардын суммаларын түзүү жана пайдалануу тартибинде:
10-пунктунун экинчи абзацындагы "Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна" деген сөздөр "Саламаттык сактоо министрлигине" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2020-жылдын 5-августунан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | К.А. Боронов |