Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 19-октябрындагы № 553
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 4-июну № 300
2019-жылдын 6-ноябрында Москва шаарында кол коюлган, 2009-жылдын 11-декабрындагы Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин салык органдарынын ортосундагы кыйыр салыктардын төлөнгөн суммалары жөнүндө электрондук түрдө маалымат алмашуу тууралуу протоколго өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколду бекитүү тууралуу
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. 2019-жылдын 6-ноябрында Москва шаарында кол коюлган, 2009-жылдын 11-декабрындагы Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин салык органдарынын ортосундагы кыйыр салыктардын төлөнгөн суммалары жөнүндө электрондук түрдө маалымат алмашуу тууралуу протоколго өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протокол бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Евразия экономикалык комиссиясына аталган Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 26-июнундагы № 49 жарыяланды
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр |
К.А. Боронов |